Руханий тарбия таңууланбай, астейдил жүргүзүлөт

(1-маек) Ырлары мурдагы советтик элдин бир катар тилдерине, ошондой эле англис, француз, испан тилдерине которулуп келген акындарыбыздын бири КР Эл акыны (2007-ж.) жана «Даңк» медалы менен сыйланган (2004-ж.) ардактуу аксакалыбыз, о.э. бөбөктөрүбүздүн “Байчечекей” журналынын баш редактору, балдар акыны Токтосун Самудинов менен болгон маегибиздин биринчи бөлүгүн сунуштайбыз… – Коомду эс-акылга, аң-сезимге чакырып турар өтө сейрек адамдар болот. Тилекке каршы, учурда биз так ошондой касиеттеги адамдарга чукак болуп турганыбызда, Сиздин аксакалдык кебиңизди элге жеткиргибиз бар… Ушул тапта, ушул күндө тилиңизди кычыштырып турган […]

Алыкулдун ачыкка чыкпаган армандуу сүйүүсү

<<<<<< Башы Экөөбүздүн сүйүүбүз – кыял эмес – Сиз Алыкулду акыркы сапарына узатканга чейин эң жакын курбусу катары дагы көптөрдү билерсиз. Алыкул өзүнүн айыкпас оорулуу экенин сезип жүрүп, туяксыз өтөрүнө кейиди беле? – Кантип кейибейт, адам баласы да. Калп айткан менен болобу, Алыкул экөөбүз эки-үч сапар түнөп калып жүрдүк. Бир сапар байкуш катуу боздоп: “Аттиң, Жамийла, кеч калган экемин” деди. Байкушумду ал күнү катуу аядым. Бир туруп: “Акынга акын туш болсо – бала болбойт. Касмаалы менен Н.Жетикашкаеванын тагдырларын карачы”, — […]

Турусбек Мадылбай: Башка элдин Чыңгыз-ханын талашып эмне кылабыз?

Белгилүү жазуучу, профессионал котормочу, дүйнөнүн бир нече тилин билген Турусбек Мадылбай агабыз менен болгон чыгармачылык алакабыз эки жылдан бери үзүлүп калгансыды эле, бирок анын жүйөлүү себеби бар экен. Байланышыбыз кайрадан уланып, окурмандарыбызга минтип маегин сунуштап отурбуз… – Турусбек байке, Сиз менен учур адабияты туурасында кеп кургум бар. Сиздин баамыңызда; азыркы адабий көч ордунан козголор түрү барбы? Канткенде өрнөктүү адабияттын базары кайнайт деп ойлойсуз? – Көч бара-бара оңолот дейт эмеспи, биздин адабият дагы оңолоруна ишенем. Биз советтик доордон базардык коомго жаңыдан […]

Архивде калган асылдын эскерүүсү

Адам баласында тагдыр ар түркүн түзүлөт белем. Ошондой эле адамдын адамдарга  кылган жакшылыгы менен жамандыгы да миң түркүн. Ошондуктан жашоо-тирлик, турмуш деген ар кимде ар кандайча да бөтөнчө ой жүгүртүүгө түртөт шекилдүү. Бүгүн калем алып  бир чети эскерип, экинчиден, жөн эле эскербей, ал адамдын элине калтырып кеткен мурастарын сөз кылуу аны тааныган, көп жыл жакшы ниетте болгон биздей замандаштар үчүн моюндагы милдети десе да болот. Сарман Асанбеков агабызды калемдешимдин газетага чыккан макаласын же ырын качан окуганым эсимде жок. Бирок жакшы […]

Аалы Молдоканов: Юпитердеги жыл санак боюнча Ыр-Акем 100дө

Ага-ини+достор = Рамис Рыскулов менен Аалы Молдокановдун маеги бул. Ыракебизди (Р.Рыскулов) азыркы жаштар билбеши мүмкүн. Тааныбайт чыгар. Бу эмне болгон маек-дүкөн деши мүмкүн кээси. Ал эми Ыракени билгендер – түшүнөт. Илгиртпейт. Ал кишинин сүйлөө манерасын, жүрүм-турумун айрымдар түшүнөбү-жокпу… деп турбуз. Аалыкебиз да (Молдоканов) Ыраке кандай төгүлсө, оозеки кебин дал ошондой кагазга түшүргөн экен. Ошонусу жакты. Бали! Шон үчүн окурман журтуна түшүндүрүп кетер жагдайды эске алып, маектеги стилистикалык өзгөчөлүктөрдү эч өзгөртүүсүз жарыялоону эп көрдүк. Ансыз өйдө-ылдый ой жүгүрткөн Ыракенин кулк-мүнөзү ачылбайт. […]

Басмачы Жумадин Кадыров: «китепке суроо-талап жогорулап баратат» дейт

“Улуу тоолор” басмаканасынын негиздөөчүсү, жазуучу Жумадин Кадыров менен китепкөй темасындагы маек… — Жумадин мырза, адегенде сиз түптөгөн басмакана тууралуу окурмандарга маалымат берсеӊиз? — 1997-2014-жылдары биздин басмакана “Бийиктик” деген ат менен иштеп турду. Ал жылдары биз басмакананын ишин үйрөндүк, тажрыйба топтодук, байланыштар түзүп,  абдан көп авторлор менен иштедик. Кыйналдык, дүркүрөп өскөн, ишибиз артка кеткен учурлар болду дегендей. Ошентип, бул багытта  аздыр-көптүр өз ордубузду таба алдык. 2014-жылы басмакананын атын “Улуу тоолор” деп атадык.  Негизи мына ушул “Улуу тоолор” деген ат менен: кыргыз, […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Азыркылар өлүмдү кайдан билишет!

Жазуучу-окумуштуу Бейшебай Усубалиев менен болгон бул маек мындан тогуз жыл мурда жазылган. “Аргумент” аттуу гезитке басылып чыгып, кийин ал гезит түп орду менен жарык көрбөй калды көрүнөт. Ал эми жазуучу менен болгон бул маек эскирбептир. Кайра окуса болчудай… — Бейшебай байке, сиз менен баягы эле экөөбүздүн ортобуздагы көнүмүш адат болуп калган адабияттын тегерегинде сөз кылганы келдим. — Келсең-кел, силер, гезитчилер, саясат, анан артисттер жөнүндө жаза берип, ал биз, окурмандар, силердин коёндой опокшош макала, баяндарыңарды окуй берип, чарчадык көрүнөт. Кызык, жылдардын […]

Төкмө манасчы Рысбай Исаков – сөз издеген дербиш

Заманыбыздын орошон таланты Рысбай менен болгон бул маекке он жыл болуп калган экен. Жеке архивимде бекинип жатыптыр, кайрадан көз жүгүртсөм, маани-маңызы бардай… Көрсө “Кыргыз маданият борбору” (02.04.2009) сайтына да жарыялаган экемин, эми кайталагандан келме бузулмакпы деп, “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн да жарыялап коюуну эп көрдүм… – «Манасты» кыргыз рухунун туу чокусу санагандар бар, биздин этностун энциклопедиясы деп жүргөндөр андан көп. Бирок мен да өзүмдү канчалык китепкөй санабайын «Манастын» үч томдугун далай жолу чыгынсам да аягына чейин окуп чыга албагандардын биримин. […]

Абдиламит Матисаков: «Ак журтчу аман — журт аман»

(Адабий ажар) Жусубалиев жөнүндө «жүргөнү кызык, жазганы андан кызык» деп жүрүшөт окурмандары… Ал мага мындай элестейт (көп укканыман эмес, көп көргөнүмөн…). …Таң сүрүлүп, жер жээгине жакындаган агыш шоолага чайынып, терезе түбүндө түпкүчтөй ийилген Кубат аке кечээтен берки термелеген табылгасын дептерине (эки тыйындык дептерди тең белинен бөлүп, жартысына жазат) сөөмөйдөй кембагал калеми менен күн чыкканча кажынганы кажынган… Оо, арбыганда да кандай арбыйт!.. Желбегейленген бейкасам чапаны шыргыйдай боюнан паска качып, бир жактан түн оодарган бактектер терезе кашегин чокуп, бечара «ашынасынан» сүйүнчү сурайт. […]

Видео: Акын жана техника заманы

Кыргыз эл акыны, Б.Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени (2010-ж.); Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын; II даражадагы «Манас» орденинин (2015-ж.); КМШ Мамлекеттеринин Парламенттер Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык адабий сыйлыктарынын лауреаты Шайлообек Дүйшеев менен маек…

Эсенбай Нурушевдин «Айтматологиясы»

Жаңы жыл алдында «Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос» деген китеп басмадан чыкты. Аталышы сезимге чок салган китептин автору — публицист Эсенбай Нурушев. Автор өз эмгегинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айрым чыгармаларын философия, адабият жана маданият таанымдагы кээ бир концепциялар менен теориялардын алкагында талдайт. Э. Нурушев өзү «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» деген изилдөөсүн «адабий-философиялык, маданият тааным аңытындагы этюддар» деп атайт. Чыңгыз Айтматов үчүн адабияттын эл аралык дарбазасын ачкан «Жамийла» повестинен тартып, жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү козгогон «Кассандранын эн тамгасы», «Кыямат» романдарын, […]