«Унчукпай коюу дагы – көрө албастык»

Лейлектик чыгармачыл мугалим, «Кут Билимдин» мыкты авторлорунун бири Тайир Аширбай менен Жолдош Турдубаевдин маегин окурмандарга сунуштайбыз. – Элеттик мугалим Тайир Аширбай азыркы учурда эмне менен алектенип жатат болду экен? – Мен азыр айылдык окуучуларга сабак берем, убакыт таап, чыгармачылыгымды да улантып келем. Куштун эки канаты болгондой, менин бир ишим сабак берүү, экинчиси – адабият, ыр жазуу. «Ачылыш» деген ыр жыйнагым жарык көрдү. Азыр «Тирүү ыр» деген дагы бир жыйнагымды даярдап койдум. Балдарга арналган «Бөбөк кыш» деген ыр жыйнагым, ушундай аталыштагы […]

«Ушунчалык унутпаган, адамкерчиликтүү адам экен!..»

Жазуучу жөнүндө жазуучу эмес кишилердин дил баян-аңгемелеринен (Жамбыл автовокзалынын директору болуп иштеген Кыргызбековдун Чыңгыз Айтматов жөнүндө айткандарынан) Бул окуяны да “үнү жок” Раманкул Момункулов аксакалдын саргыч өң контор журналына жазылган “эскерүүлөр топтомосунан” окуган элек. Ошол өзү ээн-жай отуруп кагазга түшүргөн калыпта — ырааты менен сөзмө-сөз келтирели. Казак кулуну Кыргызбеков ага жыл-айы эсте жок күндөрдүн биринде төмөнкүдөй эскерүүсүн баяндаган экен: “…Жумуш убактысы бүтөөрүнө аз эле убакыт калган. Бир убакта эшикти ачып бирөө кирип келатат. Карасам — өңү аябай тааныш. Келип эле […]

Абдилаат ДООРОВ: Ыр автордун айыл же шаарда жашаганынан айырмаланбайт

Маектешибиз элетте жашап, айылдын кирсиз асманындай тунук, Лейлектин аптабына бышкан жүзүмүндөй ширин ырларды жазган Абдилаат Дооров учурда Лейлек райондук “Ата Журт” гезитинин баш редакторлук кызматын аркалап келет. — Абдилаат агай, элет жеринде өмүр кечирип, ыр жыйнактарын чыгарып келаткан калемгерлердин бирисиз. Айылда жазылган ыр менен борбордо, шаарда жашап жазылган ырдын айырмасы эмнеде? — Ооба, элетте жашоонун өзгөчөлүгү бөтөнчө. Мен өлкөбүздүн түштүк-батышындагы Исфана шаарында (фарсы тилинде ис-жыт, фана-атыр), атыр жыттуу аймакта жашаймын. Сулуунун кош өрүм чачындай Козу-Баглан, Ак-Суу дайралуу, санжырага бай Алтын-Бешик […]

Сейит ЖЕТИМИШЕВ: Ажалдын да, мезгилдин да алы жетпеген нерсе – чыгарма

Айтылуу эки томдон турган “Эл арасында” романынын автору, белгилүү жазуучу Сейит Жетимишев агай менен төмөнкүчө маек курганбыз. — Сиз Кудайга ишенесизби? — Кудайды бар деп да, жок деп да эч ким айталбайт. Бирок мен өзүмчө ишенем. — Жашоодогу негизги позицияңыз кандай? — Табиятта кыпындай да калп жок, табият кызылдай чындык. Колумдан келишинче ошол табияттай жашайм. Демек, алымдын келишинче табияттагы чындыктай аракет кылам. Жашоодо Ажал деген бар. Жашоодо Мезгил деген бар. Экөө тең ушунчалык ташбоор. Ажал бир күнү эчтекеге карабай, алып […]

Маркум акын Азада Бегимкулованын сиңдиси менен маек

“Таланты жок акын болот, тагдыры жок акын болбойт” демекчи, табигат аянбай кудурет-шыгын берип, бирок ошого жараша кыска өмүр тартуулаган аздек акын Азада Бегимкулованын оттой ысык ырларын кимдер укпаган? Жакында акындын сиңдиси Сабира Бегимкуловадан эжесинин эч жерге жарыялана элек жаңы ыры табылганын угуп, бир чети ал ырды окурманга тартуулаш үчүн, экинчиден Азада Бегимкулова туурасында баарлашуу үчүн борбордун Ак-Өргөө конушуна жол алдым. — Биз сегиз биртууган болуп, сегизибиз бир ата, үч аялданбыз. Эжем туулган жылдары атам облфиндин, облвоенкоматтын башчысы сыяктуу чоң кызматтарда […]

Габриэль Гарсиа МАРКЕС: Сыйкырчы болсом, “Жалгыздыктын жүз жылы” романымды жок кылмакмын…

Габриэль Гарсиа Маркести окурманга тааныштырып отуруунун зарылдыгы жок. Колумбиялык улуу жазуучунун чыгармалары кырк жылдан бери дүйнө жүзү боюнча эң көп окулган китептерден. Жазуучунун атагын чыгарган “Жалгыздыктын жүз жылы” романы 1970-жылы орус тилине которулуп, Россияда басып чыгарылат. Маркес анын эң мыкты окурмандары дал ушул Россияда жашайт деген. Жазуучу СССРде акыркы жолу 1987-жылы болот. Дүйнөлүк новеллистиканын генийин Кремлде М.С. Горбачев тосуп алганы бар. Сиздерге сунуштап жаткан маек Россиянын “Развитие личности” журналынын 2004-жылдагы №4—санына жарыяланган. – Устатыңыз ким болгон? – Окутуучуларым деп менин […]

Азамат ТӨКӨРОВ: Хемингуэйдей алдыма улуу максат койгон эмесмин

Маектешибиз Азамат Төкөров Россияда жүргөн мекендештерибиздин бири. Анын азын-оолак ырлары «РухЭш» сайтына жарыяланары менен дароо адабий сынчылар менен белгилүү калемгерлердин назарына илинип, бизде да А.Төкөровдун чыгармачылыгына болгон кызыгуубуз арткан. Бу саам Азамат менен маек куруп отурбуз… Ал эми буга чейин жарыяланган чыгармаларын береги шилтемеден толук окуй аласыздар: «Бактысыздан экөө болсо, бирөө мен»  – Азаке, обол турмуш жагдайдан кеп кылалы. Мекендештердин абалы кандай? — Кудайга шүгүр, баары жакшы. Же тагыраагы жакшыдай сүрөт сызып жүрөбүз эл катары. Турмуш-тиричилик жакшы эле. Москвадагы мекендештер […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Мамлекеттик идеологияны реалдуу турмуштан эмес, фольклордон издеп келишти

Кара сөз чебери Жылкычы Жапиев көп жазуучулардын бири эместигин анын өрнөктүү текстин окугандар баамдайт. Бизде сүрмөтоп жазуучулар оголе көптүгүнөн окурман журту да жакшы менен жаманды ажыратпай калган заманда – Жылкычы байке сыяктуу салттуу адабияттын өкүлдөрүнүн эмес, тескерисинче, адабиятка ат үстүнөн мамиле кылгандардын базары кайнап аткан кезең. А чыгармачылыктын үстүнөн көжөлүп иштеп отурган жазуучулардын бирин-экини гана китеп чыгарганы болбосо, таасын таланттардын эмгектери окурман колуна жетип аткан жок. Биз билгенден: маектешибиздин эң алгачкы китеби «Сагыныч» аттуу ырлар жыйнагы, а кийинкилеринин бардыгы аңгемелер […]

Аман Токтогулов КГБ, адабият ж.б. тууралуу

Миң жыл жанганы менен жарыгы жерге кеч жеткен жылдыз болот. Күтүүсүз жарк деп учуп, артынан ошол замат жагал из таштап кеткен жылдыз бар. Адабият майданы деле ошол. Өмүр бою тытынып жазып, китеп артынан китеп чыгарып, аңсаган акыбетине жетпей калгандар арбын. Алгачкы чыгармасы, бирин-экин китеби менен эле окурман оюн буруп, адабият асманында жанып калгандар бар. Аман Токтогулов дал ошондой жазуучулардан эле. Өмүрүндө аз жазды, бирок саз жазды. Ашым Жакыпбековдун таамай салыштыруусу менен айтсак, баарыбызды «жер муштатып», 47 жашында калдайган калкы менен […]

Айдарбек САРМАНБЕТОВ: «Адабиятты булгабаш керек, ал коридор эмес» дечү Алыкебиз

«Кымча бел», «Жуке балбан», «Мекенсиз» «Чыңгызхан. Жазылбай калган каргыш», «Кыраан», «Таасири күчтүү табып» жана «Дөбө» аттуу прозалык чыгармалардын автору Айдарбек Сарманбетов менен чыгармачылык туурасында маек… – Айдарбек байке, соңку жылдары абыдан өндүрүмдүү иштеп атат көрүнөсүз. Китептериңиз чыгып, чыгармаларыңыз башка тилдерге которулуп, өзүңүз да түрк тилдүү элдердин көрүнүктүү жазуучуларын кыргызчага оодарып, айтор, алыс-жакын боордош элдердин адабият өкүлдөрү менен тыгыс алака мамиле түзүүгө жасаган аракеттериңизге салават. Кепти ошол жааттан баштап берсеңиз… – Ооба, көптөн бери ой багып жүргөн “Жанбүдөө” тандалма аңгемелер жыйнагымды, […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Акын-жазуучулар бийликке кол бала

Жеке архивди аңтарып отуруп таап алдым. Бекташ байкебиз менен жакшы аңгемелешкен экенбиз. Адабиятчы катары сергек ой калчаптыр. «Кайталагандан келме бузулбайт» деп бир кезде «Де-фактого» жарыяланган маектешүүбүздү кайрадан окуй берсек да болчудай. Эскирбептир. Кызыктуу… — Коомчулукта кийинки күндөрү чыгармачыл кошуундардын турмушка кереги жок деген пикирлер айтыла баштады. Сиздин пикир? — Мен да базар экономикасынын шартында өлкө казынасына жүк болгон чыгармачыл уюмдардын кереги жок дегем. Социализм учурунда бөпөлөнүп келген чыгармачыл интеллигенция азыр бечара кейпин кийди. Өзгөчө, улуу жана орто муундагы акын-жазуучулар. Алар мурда […]

Лев Толстойдун алмасын уурдаган Кожогелди Култегин

Маектеш тууралуу маалымат: Кожогелди Култегин – Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург, А.Осмонов жана Ж.Мамытов атындагы сыйлыктардын лауреаты. Учурда Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү (2014-жылдан бери). Ал «Жолчырак» (1985), «Шамалдагы үн» (1989), «Дарбаза жолго ачылат» (1993), «Бал ууртам» (2001), «Жүрөк конуш» (2008), «Бир чөнтөк ыр» (2009), «Салам менен аликтин ортосунда» (2010), “Тамырдан канатка чейин” (2014) аттуу ыр китептеринин автору. — Кожогелди байке, иш үстөлүңүздөн качкан учурларыңыз болобу? — Болсоле ушу май айында болот. Бөтөнчө жаркыраган, кулпурган ай […]

Федерико Гарсиа ЛОРКА поэтика жөнүндө

ТАРЖЫМАЛЫ (1898–1936) Акын, драматург, музыкант, сүрөтчү-график Ф.Г.Лорка Испаниянын Гранада аймагындагы Фуенте-Вакерос шаарчасында 1898-жылы 5-июнда төрөлгөн. 1919-жылы Мадридге келип, Сальвадор Дали, Сьерра Луис Буньюэль жана «Эслава» театрынын директору Грегорио Мартинес Сьерра менен таанышып, чыгармачылыкка биротоло өтөт. Ошол жылы алгачкы «Көпөлөк сыйкыры» пьесасын жазып, сахнага коюлат. Сүрөтчү-авангардист катары таанылып, 1928-жылы «Цыганское романсеро» ыр жыйнагы жарык көрөт. Бир жылдан соң Нью-Йоркто жашап, «Поэт в Нью-Йорке» (1931), «Публика» (1931), «Когда пройдет пять лет» (1931) ж.б. пьесаларды жазган. Франкочулар 1936-жылы камакка алып атып жиберишкен делет, […]