Тарбиялык мааниси бар аңгемелер

Конфеттер Лизага өзү окуган 1-классы аябай жакчу. Ал бирге окуган классташтарын жана мугалимин жакшы көрчү. Ошентсе да, аны мектепке баруудан кетенчиктетип турган бир себеп бар эле. Ал себеп, аны менен бир партада олтурган Коля Солнцев болчу. Дайыма мектептен келгенден кийин, Лиза өз сумкасынан бир кочуш конфеттин бошогон кагаздарын тапчу. Ал бул кагаздарды Коля салып жатканын даана эле билчү, анкени бир жолу аны бир ууч кагаздарды салып жаткан жеринен кармап алган. Лиза ага экинчи мындай кылбай жүр деп эскерткенине карабай, ал […]

Дилазык: Уурулук жөнүндө уламыш

Миссис Папандопулос кошунасы Викки менен бир ижарада жашаган уулу Костаныкына кечки тамакка келди. Дасторкондо унчукпай отурган Костанын энеси, анын коңшусунун сулуу экенин ойлоп койду. Ал мурда эле экөөнүн ортосунда байланыш бар го деп шектенип жүргөн, Виккинин сулуулугу анын шек алуусун күчөттү. Тамактан кийин да ал экөөнүн сүйлөшкөндөрүнөн алардын ортосундагы мамиле бир топ терең экенин баамдады. Анын эмне жөнүндө ойлоп жатканын сезген Коста кесе айтты: — Апа, сен эмне жөнүндө ойлоп жатканыңды билем, бирок сен ойлогондой эмес, Викки экөөбүз жөн гана […]

Арсений Тарковский Кожогелди Култегиндин котормосунда

ТӨӨ Узун – буту. Бирок орустуку эмес, Ушул бутта ыржайып тур качантан. Чырмакталып салбырайт жүн – бу мерес Чыккан өңдүү эскирген бир чапандан. Көчмөндөр бүт таазим кылып чыгышка, Көп нерседе абдан аша чабышкан – Төө жүнүнө кумду солоп-тыгышса, Төөнүн өзүн тикен менен багышкан. Чөлдүн сараң Кудайы абдан өрмөлөп: Төөнү – бүкүр падышаны накта ушу Калдыктардан жасап чыккан өңдөнөт. Төө – жакырдык, чыдамкайлык тактысы! Таноосуна чүлүк салып – башкарып, Арманы ичте… а сыртынан менменсийт. Оюнчуктар – шалдырактар каатталып Узун, ичке мойну […]

Адабий сын боюнча конкурстун жыйынтыгы…

«РухЭш» сайты белгилүү адабий сынчы Кеңешбек Асаналиевдин 90 жылдыгына карата жарыялаган адабий сын жана адабий изилдөөлөр боюнча конкурстун жыйынтыгы 11-декабрь, саат 19:00дөн 20:00гө чейин КТРКнын «Маданият♦Тарых♦Тил» көрсөтүүсүнүн түз обосунда белгилүү болот. Адабий конкурстун калыстар курамы жана жеңүүчү авторлордун ысымдары түз обо аркылуу жарыяланат! Аталган конкурстун байге фонду – 50 000 (элүү миң) сом. 1-байге – 20 000 (жыйырма миң) сом. 2-байге – 15 000 (он беш миң) сом. 3-байге – 10 000 (он миң) сом. О.э. кызыктыруучу эки байгеге 2 […]

Дооронбек Садырбаев: Ат коюу

АҢГЕМЕ Башка убактарда ааламды сел каптаганы менен иши жок үргүлөп отурчу эшик кайтарган эткээл байбиче куду мен өтүп баратканда ойгонуп кетип, киргизбей койсо болобу… — Күнүгө эле келип жүрчү эмес белем, сиз мени тааныйсыз го энекебай! — деп жалбарып ийдим. — Келинчегим ушерде жатат, бир дарегин билип эле кайра чыгам… Байбиче бир оокумга дейре менден жийиркенгенсип «жаман көзү» менен карап турду да, анан оозун кере эстеп алып, эриндерин болор-болбос кыбыратып койду. — Ыя, бирдеке дегендей болдуңузбу? Ал дагы ошентти. Чамасы […]

Нуралы Капаров: Салижаным жетпей турат…

Жыйындарда трибунага тура калып, бакылдап радиодон, экрандан, китептин барагынан, гезиттин оромунан чыга калып, кызылдай отко айланып, кыпкызыл чокко айланып, тоң моюн кыргызымды көргөнүндө топону тоско айланып, жакшыны жалындатып, жаманды тороймун деп кыйшайган кыргызымды кыйшайтпай оңоймун деп, бакырып барга айланып, баш чайкап жокко айланып, өмүрүн өз элине сайып коюп, өзү үчүн өмүр сааты бошко айланып, өңгөгө бапыраңдап, өзүнө сараң эле, кыргыздын бактысына жаралган бир кыйышпас агам эле. Өчөйгөн кыргыз көрсө өрттөнүп, күйүп дагы, муңканып муңун айтып, муштумун түйүп дагы, үлпүлдөп жаткандардын […]

Жамийланын жамалы же көркөм текстти талдоонун жаңы тажрыйбасы

Адамдын маданияттуулугу окуган китептеринин эмес, түшүнгөн китептеринин саны менен өлчөнөт. Арон Брудный, кыргызстандык философ («Түшүнүү илими» китебинен[1]). Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жетик түшүнгөн кыргыздар өтө аз – көпчүлүгү аны дүңгүрөгөн атак-даңкы аркылуу гана тааныйт. Кеңешбек Асаналиев, сынчы, адабиятчы. Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестин атактуу жазуучу Луи Арагон французчага которуп, «Махабат жөнүндөгү эң ажайып баян» деп, дүйнөлүк адабият мейкиндигине алып чыккандан берки бул чыгарма тууралуу эң кызыктуу, оригиналдуу талдоолордун бирин белгилүү публицист Эсенбай Нурушев сунуштады. Ал арапча уңгулуу ысымы «жамалдуу», «сулуу», «сүйкүмдүү» дегенди […]

Жылдызча: Мейман-достук

АҢГЕМЕ Тай атам, тай энем, мен — үчөөбүз. Колуман тай атам жетелеп алган. Шаркырап аккан сууну жээктеп, гүлдөр, таштар жайнаган жолдор менен үйгө келгенбиз. Көрсө, ал күнү тай атам менен тай энем мени биротоло алып келе жатышыптыр… Тай атамдардын үйү мурдагы, элес-булас менин эсимде калган үйдөн такыр башкача сезилди. Үйдүн тегерек-четине, алма бактын арасынан бери төрт бурчтуу, майда-майда бал челектер жайгашыптыр. Анда канаттарын тыбыратып жайнаган аарылар учуп-конуп жүрүшөт. Аңгыча, үйдөн мурда мен көрбөгөн бир киши алдыбыздан барбалактап тосуп чыкты. Жаш […]

Карл Чапек: Көзү ачык

АҢГЕМЕ — Прокурор мырза, ишенип койсоңуз, мен оңой менен кишиге алдата койбойм, — деди Яновиц. — еврей экеним калппы? Бирок бул кишинин кылганын түшүнө албайм. Бул жерде графология да эмес, эмне экенин бир кудай эле билет. Элестетиңиз, кол жазмаңызды конвертке салып бересиз. Ал аны ачып карап да койбойт, конвертке манжаларын салып сыйпалап көрүп, бир жери ооругандай оозун бир аз кыйшайтат да, анан аны жазган адамдын мүнөзүн айта баштайт… Эми айтканда да кандай айтат,— таң каласың! Тим эле көрүп тургандай! Мен […]

Жамалбек Ырсалиев: «КамАЗ»

АҢГЕМЕ Кичинекейим Алихан 3 жашка чыгайын деп калды. Мен жатып алып интернетти чукулап отурсам, баракка сүрөт тартып жатыптыр. — Алихан, бул эмненин сүрөтү? – дедим. — “КамАЗ”… бул сенсиң, атасың… АТА… менин атам чо-оң камаз! Күлдүм. Ооба, атаң КамАЗ. Атаң турмуштун жүгүн жүктөнүп, сүйрөнүп, ый-күлкүсү аралаш бул жалганда уулу тарткан КамАЗдай болуп жашап жатат. Мени кимдер гана айдабады… Менин жаныма кимдер гана отурбады… Кимдин гана жүгүн тарткан жокмун… Жашоом сен тарткан КамАЗ менен байланышкандай. КамАЗ десе эле тээ 1997-жылкы бир […]

Жек Лондон: Бөрү баласы (шедевр)

АҢГЕМЕ Эркек өзүнө жакын, жанбирге ургаачынын баркын биле бербейт – мындайча айтканда, үй-бүлөсүнөн айрылмайынча, чындап баалай албайт. Ал аялдын үйдөгү эң кылдат, байкап билип болбос жылуулугун элес албайт; бирок ал жоголоору менен анын жашоосунда аңылдаган боштук пайда болот, эркектана өзүнө эмне жетпей атканын билбей, көөдөнүн эзген бүлбүлдөгөн эңсөө менен кусалыкка батат. Эгерде жанындагы жолдоштору жашоодо кагылып-согулуп көрбөгөн өзүнө окшогон немелер болсо, аны катуу таасир эте турган дары-дармектер менен шыкагандан башкага жарашпайт. Бирок бул куткарбайт – тескерисинче, эркектин жанын ого бетер […]

Дилазык: Чоң ата жана бала

Бүгүн Мишанын классында экинчи сабак орус тили болмок. Бул анын мектептеги жакшы көргөн сабагы эле. Ошондуктан ал коңгуроону күтпөй эле, ордуна келип күтүп отурду. Сабак башталып мугалим: “Мен чоңойгондо ким болом?”— деген темада дилбаян жаздырды. Миша бир аз ойлонуп отурду. Ал кечээ эле китеп саткан дүкөндө косманавтар жөнүдөгү китепти барактап көргөн. Ошондон бери анын кыялы космоско учуу болуп жүргөн. Ал дилбаянды бардыгынан тез жаза салып “беш” деген баа алды. Үйүнө ал учуп жетти. «Эмнеге кубанып жүрөсүң?» — деп кызыгып койду […]

Мамат Сабыров: Пиво

АҢГЕМЕ (Жердеш агам Абдимухтар Абиловго) — Мирбек, сени Жумакадыров чакырып жатат,- деди старостабыз, Жибек аттуу кыз. Жумакадыров кафедра башчысы эле.  Биздин группадагылар аны “Господин Татью” деп коюшат.  Капиталисттик идеология,  алар биздин социалисттик  чындыкты бурмалап,  кара көз айнек аркылуу карашаары,  жакшы нерселерди көрсө да көрмөксөн болушаары тууралуу  сөз болсо эле “Сена дарыясынын жээгинен келген Татью мырзаны” мисалга тартат.  Мындан бир топ жыл мурда франциялык  бир журналист Москвага келип,  өз мекенине кайра барган соң көргөндөрү жөнүндө репортаж  жазыптыр.   Сындап жазган го, сыягы.  […]

Касымалиева Самара: Айтматовдун чыгармалары мени мугалим болууга шыктандырды (Өспүрүмдөр конкурсуна)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна №2 дилбаян Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Кыргыз эли ар дайым Чыңгыз Айтматовдой уулу менен сыймыктанат. Анын кайсы гана чыгармасын окубайлы окуган адамды кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. Ар бир чыгармасында адам жашоосундагы эң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып, «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу» экендигин айтып турат. Ч. Айтматовдун көп эле чыгармасын окуп чыктым. Алардын ичинен «Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар», «Биринчи мугалим» чыгармалары өзгөчө жагат. Себеби […]