Нуркыз Рыскул кызы: Мезгилден кайрат алып өзгөргөмүн (конкурска)

*     *     * Аялды аягыла! Үстүнөн басып түйшүк, Өңүнөн азып, чүнчүп, Үйдө эне, сыртта баатыр, Үлбүрөк болбой калды канча айым. Аялды аягыла! Алдыга салып коюп, Артында балык болуп, Аталар кол куушуруп турган үчүн, Аялдар назиктигин жоготууда. Аялды аягыла! Ачуусун андан, мундан, Тигинден чыгарышып, Азууда канча аял, Өңүнөн кубарышып! Аялды аягыла! Тапканын көп көргөндөр! Бүтүндөй милдеттерин, Аялга өткөргөндөр! Аялга акыл керек! Артынан арамдыкка түртпөгүлө! Апкелет азыр оокат, дүйнө деп күтпөгүлө! Аялды аягыла! Асырап карагыла! Нар эмес, аял деген! Назданып тургандыгын самагыла! […]

Рыскүл Изатова: Ыйлашат кагазымда ырлар дагы (конкурска)

ЖАТ АДАМ Жашымдан жолдоштой муң мага, Жолумдан адашкам мурда да. Булуттай буркурап ыйласам, Бугумду бөлүшөт ыр гана. Ачылбас асмандай түнөрүп, Аялуу сезимим “тирүү өлүк”. Өмүрүм шам чырак майындай, Өксүүдөн кетпесин түгөнүп… Күндөрүм күйүткө жалгашкан, Күбүлүп дүйнөмдөн шаң качкан. Кам көргөн айыпсыз бирөөнү, Коркомун калп эле жандаштан. Жүрөктү байырлап жашаган, Жүдөткөн санаадан жаш алам. Башкарып жүргөнсүйт акылды, Баягы мен эмес жат адам. ЧЕЧИМ Жаркын күндү бирге өткөрдүк азбы-көп, Жаныңыздан узап барам бак тилеп. Жашайттырсыз менсиз деле бактылуу, Жарыңызды уккан элем жакшы […]

Арсений Тарковский Кожогелди Култегиндин котормосунда

ТӨӨ Узун – буту. Бирок орустуку эмес, Ушул бутта ыржайып тур качантан. Чырмакталып салбырайт жүн – бу мерес Чыккан өңдүү эскирген бир чапандан. Көчмөндөр бүт таазим кылып чыгышка, Көп нерседе абдан аша чабышкан – Төө жүнүнө кумду солоп-тыгышса, Төөнүн өзүн тикен менен багышкан. Чөлдүн сараң Кудайы абдан өрмөлөп: Төөнү – бүкүр падышаны накта ушу Калдыктардан жасап чыккан өңдөнөт. Төө – жакырдык, чыдамкайлык тактысы! Таноосуна чүлүк салып – башкарып, Арманы ичте… а сыртынан менменсийт. Оюнчуктар – шалдырактар каатталып Узун, ичке мойну […]

Нуралы Капаров: Салижаным жетпей турат…

Жыйындарда трибунага тура калып, бакылдап радиодон, экрандан, китептин барагынан, гезиттин оромунан чыга калып, кызылдай отко айланып, кыпкызыл чокко айланып, тоң моюн кыргызымды көргөнүндө топону тоско айланып, жакшыны жалындатып, жаманды тороймун деп кыйшайган кыргызымды кыйшайтпай оңоймун деп, бакырып барга айланып, баш чайкап жокко айланып, өмүрүн өз элине сайып коюп, өзү үчүн өмүр сааты бошко айланып, өңгөгө бапыраңдап, өзүнө сараң эле, кыргыздын бактысына жаралган бир кыйышпас агам эле. Өчөйгөн кыргыз көрсө өрттөнүп, күйүп дагы, муңканып муңун айтып, муштумун түйүп дагы, үлпүлдөп жаткандардын […]

Абийрбек Абыкаев: Башымда ой жок, бопбош – байыган уйларга окшоп

*     *     * Коркпо өлүмдөн, мезгил бүтпөй чектелген, Бир тал чачың буйругу жок коробойт. Мөөнөт бүтпөй — жашооң бүтпөйт эч качан, Эрте келип ажал алдың торобойт. Ажал келсе байлыгыңды карабайт, Жаш экен деп жаштыгыңды аябайт. Уруп койбойт мансабыңа, жашыңа, Өлөмүн деп корко бериш жарабайт. Корккун бирок карызыңдан кутулбай, Каламбы деп аруу иштерди аз жасап. Жүзгө чыгып кара иштерди кылганча, Өлгөн жакшы таза жүрүп, аз жашап. Арам ойдон, сасык ойдон алыс бол, Калтырбагын гүлдөй адам көңүлүн. Жакшылыкка жакын болгун калыс бол, […]

Шакен Мамбетаипова: Ашыктык абазы

ЭСИҢДЕБИ? Салкын аба. Сен экөөбүз дем алып, Сен арнадың суу боюнан гүл алып. Эсиңдеби, спутникти көргөн кеч? Экөөбүз тең, көк тиктедик кубанып. «Ракета» деп асман жакты жаңдадым, Ырас, аны дароо көрө калбадың. «Алаксыттың, адаштырдың кебимден. Атайы эле, — дедиң — мени алдадың». Көп узабай сен да көрдүң учканын, Көп жылдыздын арасынан сызганын. Көп ойлонтот көңүлүмдү түбөлүк, «Көктө спутник күбө» деп кол кысканың. Эсиңдеби? Менин болсо эсимде. Эчен түшөт жылдыз көрсөм сезимге. Дартка салдың сүйүүң менен жүрөктү. Дайым карайм асман жакты […]

Улуу акын Жеңижоктун ырлары англис тилинде

«РухЭш» окурмандарына «Чеч-Дөбө» кеңешинин интеллектуалдар альянсынын мүчөсү, философия илиминин доктору, профессор Үмүт Асанованын англисчеге которгон эмгеги – улуу акын Жеңижоктун санат ырын сунуштайбыз… Он сегиз миң ааламды, Бир жараткан эмеспи. Эң биринчи дүйнөгө, Нур жараткан эмеспи. Суук кыштын булутун, Сур жараткан эмеспи.Eighteen thousand Universe He created at once. He created the light In the beginning at first. Cold winter cloud He made grey in color. Эмгексизди энчиден, Кур жараткан эмеспи. The one who doesn’t work, He made deprived of wealth. […]

Сагын Акматбекованын тандалма ырларынан

*   *   * …Чилдеде, кыш кечинде, асман ачык. Жаңыдан жанган шамдар шоола чачып. Көчөдө жакшы тааныш ылдам басып, Келатам жумушумдан үйгө шашып. Жылтырайт жылчыгынан боз иңирдин, Акыркы сар боёгу баткан күндүн. Керилген бийик тамдар арасында Кемшейген бир кепенин оту күйгөн. Көк тиреп, менменсиген зор калаада, Бармын деп чырак жаккан ошол там да. Ошондой жер кепеде, шаар четинде, Эки-үч жыл ижарада мен жашагам. …Кулагын бурап эски радиоланын, Айлантып Карамолдо кайрыктарын, Артынан Бетховенди удаа коюп, Укчу элем улам кайра кусам толуп. Катылып […]

Атантай АКБАРТЕГИН: Динозаврлар жана кыргыздар

Динозаврлар баардыгы тең алп эле, Жердин үстүн жеке бийлеп жатчы эле. Маани берип алар ойго  алчу эмес, Майда жандар сыйлаганын калп эле. Алар билбей биримдиктин керегин, Билбей зор күч жок экенин акылдан, Бирөөсүнүн бирөөсү оюп карегин, Чыгаандарын жайлай берди жашынан. Акылдуусун азуулусу жей берсе, Ушул дүйнөң ууга айланар, арман ов!.. Динозаврлар канча кыйын болсо да, Жер үстүндө бирөө тирүү калган жок… Эң байыркы эл болсо да Чыгышта, Эшик-төрү көрүнгөнгө таланып, Динозавр сыяктанып кыргыздын чыгаандары келет улам азайып. КУДАЙГА ЖАЗЫЛГАН КАТТАР […]

Иосиф Бродскийдин ырлары Абдысамат Сараланын котормосунда

*     *     * Кош бол… Унут… Айып этпе… А каттар өрттөлсүн… көпүрөдөй… Эрктүү кет кеткенсип таң эрте, А жолуң болсун эң жөнөкөй… Түнүңдө жылтырап сен үчүн, жылдыздар тизилсин шуруга. Жалбырттап өчпөсүн үмүтүң, алакан жылытып турууга. Борошо, жамгырдан, жалындан оолакта, болбосун көкүрөк. Жашооңдо ийгилик ооматка, жолуккун сен менден көбүрөк. Улансын көөдөндө күрөштөр улуулук-сулуулук аралаш, Суктанам… Эх кандай бактылуу Болчулар сен менен сапарлаш… *     *     * Үзүндү (Октябрь бул санаа жана састумоо) Октябрь бул санаа жана састумоо. А таранчылар ээлешүүдө быжырап уяларды, […]

Фатима Абдалова: Жүрөк жылыткан саптар

Жаш акын Махабат Касеинованын чакан ыр топтомун окуп, жүрөгүм жылыды. Жасалма жок жөнөкөй кетип бараткан ыр саптардан жылт-жулт эткен көркөм ойлор көрүнө калганда – акын кыздын талантынын өзүнчөлүгүнө суктанып, толкунданып отурдум. Көңүлүм сергип, ырахаттанып, «ой» көрүнгөн жылтылдаган саптарды алдыдагы ырларынан да учуратарыма ишене бердим. Алгачкы ырын окуйлучу: Абысын-ажын болор сырдашарым, А чыны билгендерге бир казалмын. Кыргызга атым мейли чыкпаса да, Кызыма окуп берер ыр жазармын… *     *     * Толуктабай жакшы акындар катарын, Толуктадым жакшы аялдын катарын. Уурдап кетпей кимдир бирөө […]

Абийрбек Абыкаев: Башымда ой жок, бопбош – байыган уйларга окшоп

*     *     * Коркпо өлүмдөн, мезгил бүтпөй чектелген, Бир тал чачың буйругу жок коробойт. Мөөнөт бүтпөй — жашооң бүтпөйт эч качан, Эрте келип ажал алдың торобойт. Ажал келсе байлыгыңды карабайт, Жаш экен деп жаштыгыңды аябайт. Уруп койбойт мансабыңа, жашыңа, Өлөмүн деп корко бериш жарабайт. Корккун бирок карызыңдан кутулбай, Каламбы деп аруу иштерди аз жасап. Жүзгө чыгып кара иштерди кылганча, Өлгөн жакшы таза жүрүп, аз жашап. Арам ойдон, сасык ойдон алыс бол, Калтырбагын гүлдөй адам көңүлүн. Жакшылыкка жакын болгун калыс бол, […]

Акжол Доранбек уулу: Абал азыр – эрксиздикти жектемей

АК ЖОЛ, САГА! “Кол жазмамды карап берсеңиз” деген Акжолдун кол жазмасы колго кеч тийди. Эки күн күттүм. Чындап эле күттүм. Азыркы жаштар поэзиясын окугум келди. Анын ысымын мурда-кийин эшитип жүргөм. Эң алгачкы ыр жүрөктү жылытты. “Абал” деген аталыштагы ырдагы ойлор бир гана бул жаш акындын эмес, дегеле анын муунунун, ал эле эмес алдыдагы, арттагылардын күмөнүн тек астейдил туюнткан жеңил, жумшак, жугумдуу ыр экен: “Байкап көрүп, алды-артымды карасам. Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам. Баскан жолго из түшкөнү байкалбайт, Багыт кандай, билбейм кайда […]

Мезгил ИСАТОВ: Түптүз жолдо баса албадым түздөлүп

*  *  * Көзүмдөй деңизде Жарым сөздөр Тамчыласа, Төгүлсө… Чымчык жүрөгүм Тыбыраса, Сайраса… Кагаз кайык өмүрүм Толкубаса, Толбосо… Жаз келбейт эле. Өзүңсүз өмүр өтпөй, Айрылуулар, Арзуулар, Болбойт эле!.. *  *  * Түн жарымы, Чарчагандай түштөрүм, Ай тамчылуу, ак жылдыздар, Ак канаттуу булуттардай, Арзуулар да үзүк-үзүк, сезимдерге урунат! Жүрөгүм да дүкүлдөп, Эшикке чыгам дейт. Кармачы, карегим, Уйкусуз өмүрүмдү, Туруксуз көңүлүмдү. Кайда барат — Күйүп жанган Күндөрүм? “Сүйөм” дедим. “Сүйбөйм”дедиң. Ушул эле Ашыктык! *  *  * Күн батышы — Күтүүнүн башталышы. Күмүш […]