Харуки Мураками: Май айы, деңиз жээги

АҢГЕМЕ Үйлөнүү тоюна чакырган досумдун каты, ушул эски шаарга кайрадан барышыма негиз болду. Ишимден эки күнгө уруксат алып, мейманканадан номер брондодум. Мунун бардыгын мен эч нерсеге окшобогон, — жасалып жаткандардын жарымы мурда эле  өзүнөн-өзү ишке ашып калгандай,  башкача бир сезим менен аткарып жаттым. Май айынын ачык таңында аташе-кейске биртике буюмдарымды салып, “синкансэнге”[1] отурдум. Ордум терезенин түбүндө. Китеп ачып, барактап  кайра жабам, бир банка пиво жуттум, анча-мынча үргүлөй кетип, мындан башка алаксый турган эс нерсе таппай, терезе тиктейм. Ылдам жүрүүчү экспресстин […]

Ырысбай Абдыраимов: Нагыз баатыр ийилбейт

АҢГЕМЕ Арадан үч жыл өттү. Сакадай эми чуу менен коштолгон шайлоонун үстүнөн чыкты. Ал окуя элди кыйла дүрбөтүп, удургутту. Көз каранды эместик алгандан чейрек кылым өтсө да, даңгыр жолго түшө албай, өлкөнүн башы чуру-чуу, утуру капсалаң окуялардан чыкпай койду. Калемгердин жаны мына ушуга кейиди. Тынчтык байырлабаган жерде кут-берекени, мелмилдеп аккан дарыядай тынч өнүгүүнү кондуруу да адегенде кыйынга турду. Ажолукка талапкер ал жарыштан өтпөй, кулады. Аны жактагандар Бишкек-Ош жолуна чыкты. Жолдун Коргон районундагы депутат туулуп-өскөн айылдын тушунан тартып, эски тоокканага чейинки […]

Дооронбек Садырбаев: Ат коюу

АҢГЕМЕ Башка убактарда ааламды сел каптаганы менен иши жок үргүлөп отурчу эшик кайтарган эткээл байбиче куду мен өтүп баратканда ойгонуп кетип, киргизбей койсо болобу… — Күнүгө эле келип жүрчү эмес белем, сиз мени тааныйсыз го энекебай! — деп жалбарып ийдим. — Келинчегим ушерде жатат, бир дарегин билип эле кайра чыгам… Байбиче бир оокумга дейре менден жийиркенгенсип «жаман көзү» менен карап турду да, анан оозун кере эстеп алып, эриндерин болор-болбос кыбыратып койду. — Ыя, бирдеке дегендей болдуңузбу? Ал дагы ошентти. Чамасы […]

Жылдызча: Мейман-достук

АҢГЕМЕ Тай атам, тай энем, мен — үчөөбүз. Колуман тай атам жетелеп алган. Шаркырап аккан сууну жээктеп, гүлдөр, таштар жайнаган жолдор менен үйгө келгенбиз. Көрсө, ал күнү тай атам менен тай энем мени биротоло алып келе жатышыптыр… Тай атамдардын үйү мурдагы, элес-булас менин эсимде калган үйдөн такыр башкача сезилди. Үйдүн тегерек-четине, алма бактын арасынан бери төрт бурчтуу, майда-майда бал челектер жайгашыптыр. Анда канаттарын тыбыратып жайнаган аарылар учуп-конуп жүрүшөт. Аңгыча, үйдөн мурда мен көрбөгөн бир киши алдыбыздан барбалактап тосуп чыкты. Жаш […]

Карл Чапек: Көзү ачык

АҢГЕМЕ — Прокурор мырза, ишенип койсоңуз, мен оңой менен кишиге алдата койбойм, — деди Яновиц. — еврей экеним калппы? Бирок бул кишинин кылганын түшүнө албайм. Бул жерде графология да эмес, эмне экенин бир кудай эле билет. Элестетиңиз, кол жазмаңызды конвертке салып бересиз. Ал аны ачып карап да койбойт, конвертке манжаларын салып сыйпалап көрүп, бир жери ооругандай оозун бир аз кыйшайтат да, анан аны жазган адамдын мүнөзүн айта баштайт… Эми айтканда да кандай айтат,— таң каласың! Тим эле көрүп тургандай! Мен […]

Жамалбек Ырсалиев: «КамАЗ»

АҢГЕМЕ Кичинекейим Алихан 3 жашка чыгайын деп калды. Мен жатып алып интернетти чукулап отурсам, баракка сүрөт тартып жатыптыр. — Алихан, бул эмненин сүрөтү? – дедим. — “КамАЗ”… бул сенсиң, атасың… АТА… менин атам чо-оң камаз! Күлдүм. Ооба, атаң КамАЗ. Атаң турмуштун жүгүн жүктөнүп, сүйрөнүп, ый-күлкүсү аралаш бул жалганда уулу тарткан КамАЗдай болуп жашап жатат. Мени кимдер гана айдабады… Менин жаныма кимдер гана отурбады… Кимдин гана жүгүн тарткан жокмун… Жашоом сен тарткан КамАЗ менен байланышкандай. КамАЗ десе эле тээ 1997-жылкы бир […]

Жек Лондон: Бөрү баласы (шедевр)

АҢГЕМЕ Эркек өзүнө жакын, жанбирге ургаачынын баркын биле бербейт – мындайча айтканда, үй-бүлөсүнөн айрылмайынча, чындап баалай албайт. Ал аялдын үйдөгү эң кылдат, байкап билип болбос жылуулугун элес албайт; бирок ал жоголоору менен анын жашоосунда аңылдаган боштук пайда болот, эркектана өзүнө эмне жетпей атканын билбей, көөдөнүн эзген бүлбүлдөгөн эңсөө менен кусалыкка батат. Эгерде жанындагы жолдоштору жашоодо кагылып-согулуп көрбөгөн өзүнө окшогон немелер болсо, аны катуу таасир эте турган дары-дармектер менен шыкагандан башкага жарашпайт. Бирок бул куткарбайт – тескерисинче, эркектин жанын ого бетер […]

Мамат Сабыров: Пиво

АҢГЕМЕ (Жердеш агам Абдимухтар Абиловго) — Мирбек, сени Жумакадыров чакырып жатат,- деди старостабыз, Жибек аттуу кыз. Жумакадыров кафедра башчысы эле.  Биздин группадагылар аны “Господин Татью” деп коюшат.  Капиталисттик идеология,  алар биздин социалисттик  чындыкты бурмалап,  кара көз айнек аркылуу карашаары,  жакшы нерселерди көрсө да көрмөксөн болушаары тууралуу  сөз болсо эле “Сена дарыясынын жээгинен келген Татью мырзаны” мисалга тартат.  Мындан бир топ жыл мурда франциялык  бир журналист Москвага келип,  өз мекенине кайра барган соң көргөндөрү жөнүндө репортаж  жазыптыр.   Сындап жазган го, сыягы.  […]

Бейшебай Усубалиев: Өрт (шедевр)

АҢГЕМЕ Ташматтын алты бөлмөлүү заңгыраган үйү жалбырттап күйүп жатты. Ташмат, өрт жаңы башталганда, эч кимге билгизбей өзүм эле өчүрүп салайый деп ойлогон. Ал ичинен улам-улам кайталап жатты: «Эч ким көрбөсө экен…» Бирок өрт деген өрт да — улам барган сайын алоолоп күчөй берди. Өрт күчөй берди, жалындап күчөй берди, алоолоп күчөй берди. Ташматтын элдин баары суктанган үйү өрттөнүн жатты. Ал өзүн эми өрттүн алдында алсыз сезе баштады. Жан айласы кетип, ары-бери чуркап: — Итирейген энеңди урайын, сен ушуну кылмаксың, көзүңө […]

Өскөн Даникеев: Жеңиш

АҢГЕМЕ Он жети жыл! Ойлоп келсең бул оңой мөөнөт эмес. Өзгөчө өмүрүндө өксүккө учураган адам үчүн өтө эле, өтө эле узак ко… Абас аскерден кайтып келатканда алдыдагы жашоосу тууралу ашкере көп ойлонуп, анчалык деле түйшүктөнбөгөн. Алганы Аксаамай алгачкы күндөрү ага үйрүлүп түшүп, ою менен болду. Көңүлүн оорутканы жок. Күндөр, айлар өттү. Бара-бара Аксаамайдын күйөөсүнө жасаган мамилеси солгун тарта баштады. Абас аны байкаса да байкамаксан болот. Ичинен улутунат. Айласы канча, ага атаандашар алы барбы? Кайран жыйырма бир жаш! Бирөөлөр үчүн өмүрдүн […]

Аркадий Аверченко: Өмүрдүн бир күнү

АҢГЕМЕ Үйдө Эртең менен, аялым тура электе, ашканада аялымдын жеңеси менен чай ичип олтурдум. Жеңебиз — акылы аз, былтыйган семиз аял, чөйчөктү кармаган оң колунун чыпалагын чычайтып алган, анысын тимеле өзүнө куп жарашкан, ак сөөктөр коомунда кабыл алынган укмуш кыймылдардын бирине жетишип калгансып сезет. — Кандай уктадыңыз? — дейт жеңебиз, карандай чайга чылап, кашыгы менен эзип жаткан онунчу кургатылган нандан менин көңүлүмдү буруп. — Сонун. Таң аткыча сиздин элесиңиз көз алдымдан кеткен жок. — Ай, кудай ай! Мен сизден чын […]

Мамат Сабыров: «Шедевр»

АҢГЕМЕ Аны менен таанышып калганыма Зинакан эже себепкер болду.  Жумушта отурсам телефон чалып,  “бир тааныш жигиттин макаласы бар экен.  Окуп көрүп,  жараса чыгарып бербейсиңби” деп калды.  Эже экөөбүз бир кезде  чогуу иштешип,  далай жолу чай ичишип калдык эле.  Анан калса, күн сайын канча авторду кабыл алып, алар алып келген макалаларды гезитке чыгарган биз үчүн көнүмүш жумуш болгондуктан, эже айтаар замат келсин дедим. Арадан жарым саат өтүп-өтпөй (жакын жерде жүргөн окшойт) сербейген суйдаң муруту бар сары чийкил жигит  бет маңдайымда мени […]

Абийрбек Абыкаев: Кар күрөгөндөгү ойлор

ЭССЕ Бардык кара жумуштардан ушул аппак карды, кыштын жеңил, үлпүлдөгөн назик аппак карын күрөгөндү жакшы көрөм. Чындыгында, өзүм кара жумушка деле жокмун. Бала кезимден, күрөк кармап жер сайсам, кетмен көтөрүп картөшкө отогону чыксам, үй ордундай огород чоңоюп, жок эле дегенде жарым гектарга айланып, кетменди беш шилтесем, беш мүнөт, он шилтесем он мүнөт кетмендин сабына жөлөнүп алып өткөн-кеткендерди карай бермей адатым ушул күнгө чейин калбай келатат. Анан калса, кетменди көрсөм эле: илгери уккан анекдот эсиме түшөт. Апенди кетмендин сабын байкабай басып […]

Каныбек Эдилбаев: Адашуу

АҢГЕМЕ I Күндөгүдөй эле жан-жаныбарларга жагымдуу аппак таң атты. Бая жер жарылып келе жатканда, жамгыр жаап өткөн. Калдайган ак булуттар жылып көк асманды көргөзбөйт. II Убакыттар алга чамдап, жайкы каникулдун бүтөрүнө саналуу күндөр гана калды. Кубанычым койнума батпайт. Анткени классташтарым менен кайрадан чогуу класска кирип, партага отурам аз күндө. Чынын айтканда эки жарым айдан бери, айылды сагындым! Короо койду жайытта жайып жүрүп, зеригем жалгыз. “А айылда болсомчу?» — деп ойлоп коём. Жонумдагы асынганым, 32-ак мылтык. Эрмегим ошол, күндүз суур, коён […]