Дооронбек Садырбаев: Ат коюу

АҢГЕМЕ Башка убактарда ааламды сел каптаганы менен иши жок үргүлөп отурчу эшик кайтарган эткээл байбиче куду мен өтүп баратканда ойгонуп кетип, киргизбей койсо болобу… — Күнүгө эле келип жүрчү эмес белем, сиз мени тааныйсыз го энекебай! — деп жалбарып ийдим. — Келинчегим ушерде жатат, бир дарегин билип эле кайра чыгам… Байбиче бир оокумга дейре менден жийиркенгенсип «жаман көзү» менен карап турду да, анан оозун кере эстеп алып, эриндерин болор-болбос кыбыратып койду. — Ыя, бирдеке дегендей болдуңузбу? Ал дагы ошентти. Чамасы […]

Жазуучулар арасындагы азилдер

“Свежий воздух” Ыраматылык Качкынбай Осмоналиевдин бойго жеткен кызы кеч күүгүмдө атасынан суранып калат: — Ата, свежий воздухка чыгып келейинби? — Чыксаң чыгып кел айланайын кызым, бирок жанагы “свежий воздухуңа” айтып койчу, кечээкидей кечке кармабай эртерээк жиберсин… Боорукерлик СССР урап, демократия дуулдап турган учур. Ак үйдүн алдында ачкачылык жарыялагандардын айылы конуптур, арасында демократ жазуучулар да бар экен деп угушуп, ашканадан түштөнүп чыккан жазуучулар ошол жакка багыт алышат. – Ой, мырзалар, тишиңерди чукусаңар ушул жерден чукуп алгыла, тигил ачка байкуштардын маңдайына барып […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: «Альуф… альуф» жана вертолет

Айтылуу төкмө акын Жылдызбек Алыбаев менен обончу Бакыт Капаров экөө аябай тамашалашышат. Жаштары тең, бизден “картаңыраак” досторубуз. Бакыттын көзүнүн көгүнөн улам “Көк көз” деген каймана аты бар. Ысык-Көлгө бардык достор чогулуп. Анан экөө өзүнчө ээрчишип жүргөн. Бир убакта бассейнге барышат. Түбү тунук болуп турса, көгөргөн көзүнө тайыз көрүнсө керек. Шымаланып чечинет да, шарт эле сууга секирет. Өзүнүн бою калпагы менен 1.60 см келген досум 2 жарым метр терең бассейнге чөгүп баштаптыр. Жыкең да Ат-Башынын Ак-Моюн айылында арыктан башка сууга түшпөсө […]

Элди аралап кеткен жаңы гимндин тексти (пародия)

Ак мөңгүлүү аска тоолор, талаалар, Депутатка акча менен барабар. Сатып, тоноп тешкиле деп бериптир, Биздин байкуш тээ илгерки бабалар. Кайырма: Аалгалай бер кыргыз эл, Алдым-жуттум заманда. Өркүндөй бер, өсө бер, Карыз калсын балаңда. Байыртадан жүз жыйырмасы баштаган, Билбесе да билем дешип качпаган. Ар-намысын бекем кармап колуна, Адабият китеп бетин ачпаган. Кайырма: Догурунуп кытайлар, Доолап келсе карызын. Уктап жатып ойгонбой, Бер кыргыздын намысын. Кытайларга бере салып төрүңдү, Корейлерге сат, сатып ий көрүңдү. Тенти кыргыз, сатып ийбей бир гана, Теңир берген – […]

Леонид КАГАНОВ: Дүйнө эл жомоктору (сатира)

Чоң эне жана бирдей кийим кийинген жаштар тууралуу, жаштардын элдик жомогу Буратино токой аралап баратып бир алачыкка туш болду. Алачыкта көздөрү бакырайган, мурутчан  кемпир жаткан экен. «Чоң эне, айтыңызчы, көздөрүңүз эмнеге мынчалык чоң?» — деп сурайт андан Буратино. «Сени жакшыраак көрүш үчүн» — дейт анда кемпир. «А эмне үчүн мурутуңузду өстүрүп алгансыз? — дейт Буратино. «Аны менен сенин ишиң болбосун, Кызыл топу!» — деп жооп берет кемпир. «Өзүң топусуң, — Буратино таарына түштү, — бул деген модалуу чий калпак!» Кемпир […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Досторум

Турмушта эмнелер гана болбойт… Досторум — төкмө акындар: Жеңишбек Токтобеков, Жылдызбек Алыбаев, ырчы Токтобек Асаналиев жана баарыбыздын тамашабызга чыдап, пилдей көтөргөн Калык Асанов. Биздин башыбызды кошкон атактуу төкмө акын — Жеңишбек Жумакадыр. Бир жолу Жеңишбектен башкабыз, тобубуз менен Кеминге кудага барып калдык. Таң атканча ырдап-чордоп, эртеси түштө кайттык. Мен Аламүдүн базарынан Бакай-Атага кайрылып, Жылдызбек менен Токо таксиге отуруп Токонун үйүнө кетишти. Ошо тапта Жеңиш мага чалып: “Келдиңерби, тигилер кайда?” — деп калды эле, — “Жаңы эле такси менен кетишти” деп […]

Шакирдин шакабалары

Жергебиз илгертен эле таланттарга бай. Алардын бири Эгембердиев Шакир болгон. Ал дүйнөдөн эртерээк көчүп кетти. Өмүрүнүн акырына чейин Калинин атындагы колхоздо (азыркыча Ак-Талаа айылы) мал доктур болуп иштеди. Турган жеринен төгүп ийме өнөрү күч эле. Нукура сатирик болчу. Кулк-мүнөзү начарларга, айрым алдым-жуттум активдерге, иштеги орун алган кемчиликтерге, терс көрүнүштөргө, жакшы көргөн тели-теңтуштарына арнап, «чымчыкейлүү» ырларын жазып, чогуу жүргөндөрүн зериктирчү эмес. Бүгүн маркумдун айрым жоруктарынан элге тааныштырууну ылайык таптык. Сары тайган Кайсы бир жылдары топ кишилер менен бир жактан жумуштап келаткан […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер — VIII

Асанов Эшимкул, (22. 12. 1956-21. 08. 1986) Ата теги: Солто ичиндеги Бешкүрөң деген уруктан Мааке-Алдаберди-Койгелди-Көккөз-Бекбоо-Эралы-Султан-Асан-Эшимкул Спортко маш,  ыкчам элең ар иште, Адатыңча эрте жеттиң финишке. Ай,  Эшике эмне себеп болду экен, Ала жипти алтын башка илишке. Эши бизге 3-класстан келип кошулду.  5-6-класстан баштап ымалабыз жакындап,  ошондон баштап кайран досумдун көзү өткөн күнгө чейин бири-бирибизге жаман сөз айтпай,  бактылуу балалыгыбызды,  жалындаган жаштыгыбызды бирге өткөрдүк.   Досчулуктун өтөсүнө чыккан,  жолдошчулукту баалай билген,  жүргөн жери тамаша күлкү,  куйкум сөздүү, оттой жанган кара көздүү,  кайран […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер — VII

Мир Ашыраалы уулу, (1951-2013) Ата теги: Тагай бий-Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Атабай-Мендеке-Андагул-Бердике-Адей-Мамыркан-Жылкыбай-Ашыраалы-Мир. 1986-жылдары Мир совхоздун курулуш цехинде экспедитор болуп иштеп калды.  Бир күнү совхоздун директору Кешикбаев Асылжан 2 чоң автомашина бөлүп берип,  Мирге Токмоктон тактай алып келүүнү тапшырды.  Машиналарды совхоздун кеңсесинин алдына коюп, Мир бухгалтерияга кирип, доверенность алмак болду.  Совхоздун башкы бухгалтери Мукан: — Мурунку алган довереносторго отчет бермейинче жаңысын бербейм, — деп тырышат.  Канча жалынса да болбой койгондуктан директорго киришке туура келет. — Мукан доверенность бербей жатат,  эмне кылайын?- десе,  совхоздун парторгу,  профкому […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер — VI

Райкан Абдыкеримов ( 1938-2002-ж.ж), Ата теги: Солто ичиндеги Бешкүрөң деген уруктан Мааке-Алдаберди-Койгелди-Көккөз-Бекбоо-Ачыбай-Абдыкерим-Райкан. Райкан агай бою жапалдаш,  үйдө жүрөбү,  мектепте жүрөбү,  соо жүрөбү,  мас жүрөбү — тыкыйып кийинип,  жакасына чаң жугузбай таза жүргөн,  супер куудул Күмөндөрдүн манеринде сүйлөгөн,  тамашакөй,  шайыр,  калп айтпаган,  адамдын көңүлүн калтырбаган ак көңүл,  эң бир сонун адам эле. Айыл мектебинде 40 жылдан ашык география сабагынан билим берип жүрүп,  арабыздан эрте эле кете берди кайран киши. Мурунку күнү канчалык ичсе дагы,  мектепте сабакка баш жазып ичип барганын көргөн жокпуз.  […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Ый кесе

(Айылдагы отуруштан) Эки самаш элди эки айланып келип тоголонуп, бозо чынылар бошоп, кайра толуп, сөздөр бажылдап, көздөр жалжылдап, отуруш кызый баштаганда айыл жамакчысы Жымшык Жакеш жараңка комузун жанып-жанып алып үй ээсинин жарыясын жая салды: Ээй, алтынчы күнү кечинде, Мал жайланган кезинде. Көчөбүздө адат бар, Уюшуп иччү тамак бар. Бир фляга бозо бар, Беш самапал кошо бар. Мелдешип чапчу карта бар, Ыр кесе, бийден тарта бар. Бүгүн ырга бар приз, Биринчиси сюрприз, Экинчиси чыстапал, Үчүнчүсү самапал, Анда эмесе ырдап кал, Анда […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Аргаң жоктон ай ля вю дейсиң акыры

— Эй токто! Бүгүн кайсыл күн экенин билесиңби ыя? — Билем, 14-февраль, күнгө бейшемби. — Пайшамба десең өлө сексуалдуу угулат. — Пай-шам-ба, чо то не звучит. Жети күндө келе берип жешилип бүткөн окшойт. — А 14-февраль ыйык Валентиндин сүйүшкөндөр үчүн күнү десеңчи? — Чубалжыйт ко тимеле. — Чубалжыса да жылдын эң кыска күнү ушул. — Кандайча? — Эң жыргал кез — эң кыска кез. — Заматта жыргатам дечи. — Дароо! Көрүшөсүң, сүйлөшөсүң, өбүшөсүң. — Сутенер болуп иштейт окшойсуң ээ ушу […]

Дооронбек САДЫРБАЕВ: Кара мышык

АҢГЕМЕ Ассалоом алейкум, Жапар дос! Сак-саламат жатасыңарбы? Аяш күүлүүбү? Жаңы квартира алышты деп уктук. Кут болсун! Алыстан болсок да кубанчыңарга ортоктошпуз. Анткени, жаңы квартира алганда биз дагы кудум эле силер сыңары кубанганбыз. Анда, жаңы үйгө киргенибизде таң атканча музыка коюп, ырдап-бийлеп, кирпик каккан эмеспиз. Бир эле биз эмес, ошо жаңыдан квартираларынын ачкычтары колуна тийген 127 үй-бүлө — биздии болочок кошуналарыбыз да бала-бакыралары менен ошентин чыгышты. Таң атканча бака-шака, шаңкылдаган күлкү бирин бири жаңы конушу менен куттуктап, алган квартираларынын жагдайын айтууга […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер-V

Касымбек уулу Дияз (Сарт, 1934-2005) Ата теги: Токтооку ичиндеги солто.   Мааке-Алдаберди-Койгелди-Көккөз-Бекбоо-Касымбек-Дияз Дияз айылга 80-жылдардын аягында шаардан көчүп келди.   Эмнегедир анын Дияз аты аталбай эле,  Сарт деген ат менен белгилүү болучу.   Өзү жапалдаш бойлуу,  тоголок,  кашка баш,  ар кандай шарттарда сөздү чукугандай таап, чагылгандай тез жооп берген шайыр адам эле. Айылга көчүп келгенден тартып,  көзү өткөнгө чейин Сарттын сөздөрү,  айылдаштарынын көңүлүн ачып келди десем жаңылышпайм.   Анда эмесе,  элде калган айрым сөздөрүнөн тартуулайын. *   *   * Тээ,  өткөн кылым болуп калбадыбы,  80-жылдары […]