Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер-IV

Керим Сатар уулу, (1936-1998) Ата теги:  Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Айкө-Боктубай-Кудайбакты- Иман-Качкынбай-Сагынбай-Сатар-Керим. Керим жыла басып,  жылдыра сүйлөгөн, адамкерчиликтүү,  юморго бай,  сүйлөй электе эле адамды күлкүгө таркан мүнөзү бар жагымдуу адам эле.  Акырын куйкум сөзүн айтып коюп,  билмексен кишидей туруп калчу. Чындыгында,  Керимди угуп,  көрбөгөн адамдарга,  Карамолдонун залкар күүсүн айылдык комузчу черткендей, Мыскалдын ырын окуучу кыз ырдагандай эле,  анын сөздөрүнүн салмагы бир топ жоголот.   Ошондой болсо да  анын кээ бир сөздөрүнө чогуу күбө бололук. *   *   * Балыкчыдан теңтушу Камза экөө автобуска түшүп Быстровканы карай […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Үчүнчү “желмогуздан” сакта

САТИРА Жыгачты жыгачка жышып “ойноп” отуруп от чыгарып алган алгачкы адам чытырай күйгөн чычаласын чычайта көтөрүп алып үңкүрлөштөрүн үркүткөнү жүгүрүп, анысы ошондон бери үлгү болуп калган окшойт. Болбосо адамзат пендесинин кимиси башын кашып отуруп жаңы, күчтүү курал ойлоп таап алса эле башкасын коркуткан балалык оорусунан айыгып, оюндан от чыгарган жаман адатын ушул убакка чейин таштайт эле да. Азыркы космосту багындырган адамзаттын ичинде дүйнөнү дүңүнөн жеңип, тосмосуз жашагысы келген Искендер, Чыңгызхан, Гитлер сыяктуу өкүмдарлардын өчө элек атактарына алакан кактап, өзү дагы […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер-III

<<<<<<<<<<<<1-бөлүк <<<<<<<<<<<<2-бөлүк Сартбек Сыдык уулу, (1917-2003) Ата теги: Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Атабай-Түлкү-Темиржан-Эркесары-Орозбай- Балкыбек-Чыңгыш-Супатай-Бектур-Сыдык-Сартбек Эл ичи өнөр кенчи демекчи,  ар бир айылда,  ар убактарда сөзү,  жоругу менен элди эриктирбей эрмек болуп,  айыл турмушун кооздоп,  келген ой-чабыты күчтүү адамдар болуп келген. Андай адамдар жөн турмушта калп айтып,  бирөөлөрдү алдаган жан эмес.  Бирок кээ бирде “илхомдору” келгенде,  ойго келбегендей окуяларды чындай  чубуртмайлары бар. Ошондой адамдардын бири ыраматылык Сартбек байкем эле.   Эл арасында таптаза кийинип, чыкчыйып отуруп алып,  аңгемелерин баштаар эле.   Намазаалы атам:  “Бул Сартбек,  сен  чеченсиң, […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Калп айт, карьераң өсөт

САТИРА Тим эле акыйкаттыкка акыйып жетпей жүргөнсүп: — Оо Улуу Чындык, — деп күңгүрөнүп коёбуз кээде. Калптын калдайган көлөкөсүндө кайыгып калгансып «Бул калп» — деп чыркырайбыз чындап эле. Аа ошол чындык менен калптын баары (алардын ичиндеги өзүбүздүн былыктарыбыз дагы) чыгып кетчү болсо аалам аңтарылып кетерин билсек да өлүмүшпүз… Омээй эй, жалган менен чынды койгулаштырып калп эле философтонуп кеттим окшойт кой, айтаар сөзүмдү айтып тынайынчы. Акыйкаттык каякта экенин көктөгү Кудуреттүү Кукебиз эле билээр, а мен анын кулпендеси болгон Кукең калп биздин […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер-II

<<<<<<<<<<<<1-бөлүк Байгазы уулу Кудайберген, (1879-1974) Ата теги: Сарбагыш -Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Айкө-Боктубай-Кудайбакты- Бегиш- Шааболот-Байгазы- Кудайберген Ыбрайдын Казакстандын Узун агач деген жеринде балдызы үркүндөн кийинки ачарчылыкта казакта калган экен,  ошол казак жездесиникине барса куржунга тамак-аш салып эшекке артып берип жөнөтүптүр. Ал эшекти Ыбрай жакын досу Кудайбергенге тартуу кылат.  Эшеги тың,  басыктуу чыгып,  “Аккула”— деп ат коюп,  аны өлөр өлгүчө минип  жүрдү.   Бир жылы «Аккуласын» алкынтып,  бел ашып,  кыр ашып Чоң-Кеминден Актүзкө барат.   Актүздөн кайра ашып,  Суулу-Булак деген жайлоого түшүп,  аяктагы чабандардыкында конок болот. Аккуласы […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Куйручуктай куудул элеттиктер-I

Тээ илгери,  60-жылдары айылдагы пенсионер чалдарды совхозго кол кабыш кылгыла деп трактор жүрбөгөн ой-чуңкурдун чөбүн чалгы менен чаптыраар эле.  Чалгыларын жаркылдатып,  такымга кыскан он беш-жыйырмадай ак сакал,  көк сакалдардын атчан отряды ары бери айылды аралап өткөндө,  айылдын ажары ачыла түшчү.   Түш маалында,  күн салкындагыча күндө бириникинде даярдатып койгон ысык тамакка келишип,  каз катар тизилип отуруп алышып,  өткөн кеткендерден сөз козгоп, бири-бирине азил кеп ыргытышып отурушар эле, кайрандар.   Усубаалы,  Мажит,  Боромобай,  Сапар,  Өмүр,  Карасарт,  Чекчек,  Чуку,  Корчу,  Айманбай,  Муңайтпас,  Назар,  Акматкерим, […]

Дооронбек САДЫРБАЕВ: Телевизор алганда

АҢГЕМЕ Пендечилик да, турмушуң канчалык жакшырган сайын улам түзүгүн эңсейт экенсиң. Мына биз, Букеш экөөбүз жаңы үйлөнгөнүбүздө эскирип калган калпактай болгон репродуктордон эки эле номур болсо да, таңкы концерт укканыбызга кудуңдап сүйүнүп калаар элек. Эми «Латвия» деген килейген радиоприемникке алымсынбай, телевизор сатып алмакчы болуп, 3—4 айдан бери ченеп кийип, ченеп ичип, алган айлыгыбызды чогултуп жүрөбүз. Айрыкча, акыркы айда Букештин алып келген акчасы көзгө көрүнө түштү. Анткени, өкмөт врачтардын айлык акысын он сомго көбөйтпөдүбү. Ошентип, топтогон акчабыз телевизор турсун, стабилизаторун кошо […]

Капар ТОКТОШОВ: Жорокана кечтери

АҢГЕМЕ Бул отуруштар качан, кайда, кайсы жерде болгону эсте жок. Бирок сөз болгону, бажырашып отурганыбыз, анан да алиги асылдын аягына чыга албай азап чеккенибиз азыр да көз алдыда. Оо, андай кечтер арбын эле болду го!.. Ортодо асыл. Ал турганда, тоюс, ичке киргенде сөз дегениң чууруп чыга берет тура, чиркин!.. Ал бажырап айтып атат, мен унчукпай угуп атам. (Чынында андан башка айлаң барбы?) — Мен өзүм барецмин,- дейт. — Өзүң билесиң да Жапыке. (“Ооба, Таластын баары эле барец эмеспи» деп коём […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Упчу (шедевр)

АҢГЕМЕ Тык, тык, тык… — Ким бул? — Мен Шайлоо болом. — Шайлоо боло элек болсоң, каяктан болосуң? — Зато мен болгондон кийин баары жакшы болот. — Ыя де, тилиң абдан таттуу экен, айта түшсөң. — Ооба. Куунатам, жыргатам, ырдатам, кыйратам, ыйлатам ой… — Акыркы сөзүң ачуу чындыкка окшоп кетти го, чо то. — Ооба. Мен болгондон кийин азыркы ит жашооңду эстеп алып ыйлайсың дегеним да бул. — Ыя де. Азыр эмне жумуштап келдиң анан. — Азыр мен болгуча эрмектеп […]

Капар ТОКТОШОВ: Шаке рекорд

Университетте окуп жүргөн кезибиз. Шайлообек Дүйшеев бизден кыйла улуу, ошон үчүн группага староста шайлап алганбыз. Лекция бүткөндө суусаган койдой чуркайбыз көк дүкөндү карай. Бирден “зомгараны” бөктөрүп ошо тегеректеги эле калың бакка кирип кетмей… Катуураак бакылдашып калган кербез белем, мотосекилин дырылдатып токтогон милийсаны байкабай калыппыз. Кармап алды. Катарга тизип, алдына салып айдап баратат. Бир маалда Шакем “зыр” койду. Айдап келаткан милийса бизди таштап Шакенин артынан кууп кетти. Алтымыш кадам аттаганда, жетпесин сездиби, мотосекилдеги өнөгүнө кыйкырды “итти коё бер” деп. Тигиниси килейген […]

Капар ТОКТОШОВ: Чапай чабыш

Мен төрөлгөн жылы колхозубуз совхозго айланып, ага-туугандарыбыз мага “Совхозбек” атын энчилейт. Атам болсо улуу уулу Айдарбекке уйкаштырып “Капарбек” каттатат. Чоң атам болсо чокуну карап “неберемдин аты Чапай болсун” деп азан айтып салат. Жаза тайып өтүп кетсем кайсы атыма бата багыштайт? Башым маң… Бешинчи-алтынчы каласста окуп жүргөн кезимде кыркынга чакырып калышты. Мен теңдүүлөр мурда барып жүрүшкөн экен, кой сүйрөп, жүн ташыгычтыкка бекип кетишти. Мен ишсиз калдым. “Кол жазмаң жакшы турбайбы, пресске тур” деп жүн таңгактатып коюшту. Жүндү сорт-сорту менен таңгактап, тышына […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Тоолетная бугама

АҢГЕМЕ — Тоолетная бугама. — Туалетная бумага деп оку, гелдир. — Тоолетная бугама эле. Муну эркелетип туа-алетная деп алган тура тимеле. — Эмне экен окуса. Ызвучит! Керек болсо кыргызча кыраатын келтире даарат кагаз деп окуп койсом эмне кылып аласың?! — Хе анда мунуңдун чыныгы жүзү менен ишин …өт аарчы деп айтып таштасам өзүң эмне кылып аласың? — Тфуй ата, оозуң жаман балит ко. Даарат кагаз менен аарчып алчы. — Былжырап кооз калпты айтканча ушинтип жылаңач чындыкты айткан жакшы. — Ошол […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Ички маданият – чырк-чурк, тфү, тфү…

АҢГЕМЕ — Мен деген мэрлердин алы жетпеген, сандаган эрлерди жарга кептеген… Чырк-чурк, тфү, тфү… — Ким, ал ким? Чырк-чурк, тфү, тфү… — Коё турсаң… Мамлекеттик машине көзүн тазалай албаган, ал эмес ага каршы үч-төрт президент айла таппаган… Чырк-чурк, тфү, тфү. — Жомоктогу баатыр кылып жибердиң го аныңды. Чырк-чурк, тфү, тфү… — Жомокто да андай жок. Улам бир башын чапкан сайын экинчиси өсүп чыга берген ажыдаар биякта калат. Чырк-чурк, тфү, тфү… — Койсоңчу аалам боюнча андай жаныбар жок. Чырк-чурк, тфү, тфү… […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Щётка – «шутка»

— Щётка каяктыкы? — Кытайдан. — Ыя… Китайдан дейсиңби? — Ооба, Итайланыкы. — А эмне үчүн кытайча жазуулары жүрөт? — Кытайлар түшүнсүн деген да. — Кыргыз түшүнсүн дебептирби? — Кыргызга кытай түшүндүрүп коёт дептир. — Кана ошол түшүндүрчү кытайың? — Мен түшүндүрөм. — Сен эмне кытайсыңбы? — Мен кытай уруусунанмын. – Түшүндүр анда, туугандарыңдын ийрелеңглиптерин. — Сырдайт, майлайт, шыбайт дейт. — Итайлачабы же кытайланчабы? — Кыпкыргызча шывайт. — Жылчык калбайт экен анда. — Ныпым! — Жакшы. Анан мунуңдун чачы натуральныйбы, […]