Олжобай Шакир: Кыргызды тотукушка айланткан ислам

“Элден айланса болот, элдин башын айлантса да болот”. Төлөгөн КАРЫКЕЕВ Кыргызстан билим берүү, агартуу жаатында эң артта калган мезгилде улуттун башын айландырма исламдын ырым-жырым, догмалары кадам сайын күчөп, кадам сайын түркөйлүккө кезигесиң бүгүн. Аң-сезимди тумандаткан исламдын зыяндуу түшүнүктөрүнүн калыптануу себептери да тереңде жатат. Ушундан улам калкты караңгылыкка тарткан күчтөрдүн гана күнү тууп турган кезең. Мурда эле ашынган мусулманчылыктын терс идеялары караңгы доордогу патриархалдык-феодалдык коомдо жашаган ата-бабаларыбыздын көзкарашына, кан-жанына сиңе түшкөн экен, ошол көчмөн коомдун муктаждыктарына жуурулушкан идеологиялык элестер, эми кайрадан […]

Бакыт Жунусалиев: Мавлянанын поэзиясы – адеп-ахлак булагы

Канчалаган улуу адамдар – окумуштуулар, аалымдар, акындар өздөрүнүн өлбөс-өчпөс эмгектери менен кылымдар бою унутулбай, улам кийинки муундарга жетип жашап келет. Мына ошолордун бири түрк дүйнөсүнө гана эмес, бүткүл дүйнөгө өзүнүн терең диний философияга сугарылган ыр саптары аркылуу исламдагы суффизм агымынын негизги принциптерин жеткирип, бардык чөйрөнүн, диндин, коомдун адамдарын өзүнө тарта алган ойчул, акылман, философ жана акын Мухаммед Желаледдин Руми Мевлана. Азыркы Ооганстандын Балха шаары 1207-жылы 30-сентябрда шүүдүрүмдүн тамчысындай аруу дүйнөсү, таза дили менен адамдарга акыйкат нурун чачкан улуу сопунун киндик […]

Алишер Навои менен күнүмдүк абыгер

Өзбек элиндеги болмуш Жаш жигит ата-энесинин көзү өткөн соң кара жандын камын ойлоп, күнүмдүк жумушта иштеп нанын таап жүрдү. Бала элпек, боорукер, зирек болучу. Базарда эки адамдын урушканын көрсө, дароо барып элдештиргенге аракет кылат. Бирөөнүн арабасы балчыкка тыгылып калса, ахалап-өхүлөп түртүп чыгарышат. Айтор, колунан келгенин кылып, элге эртеден кечке жардам берет. Акылман Алишер Навои баланын мээнеткечтигин элден угуп ичинен ыраазы болот. Алдынан чыгып калса баладан биринчи учурашат, баланын саламын күтпөй. Ушундай акылман белгилүү адам сый-урмат менен учурашканына аябай таң калат. […]

Дилазык: Адамдар жөнүндө терс ойдо болбо

Уламыш Мурад деген Султандын эч кимге таанылбай карапайым адамча кийинип, эл ичин аралап, алардын жашоолорун байкап көрө турган адаты боло турган. Ушундай түндөрдүн биринде Султан жанына жан сакчы башчысын ээрчитип келатып, жерде кыймылсыз жаткан адамды көрөт. Жакын барып караса, өлүп калган болот. Ары-бери өткөн эл ага көңүл бурбай өтүп кетип жатты. Султан алардын бирин токтотуп, суроо узатты: “Бул бечара эмне үчүн көмүлбөй жатат? Бул ким? Үй-бүлөсү барбы? Ага: “Бул бир жүргөн аракеч, аягы суюк, бузулган неме”.— дешти. Султан тактап кирди: […]

Чубак ажынын этнограф-тарыхчы Саул Абрамзондун маалыматын жокко чыгарар далили барбы?

«Февраль айынын акырына же март айынын башына туура келген Жаңы жыл майрамы милдеттүү түрдө өткөрүлгөн жана Ысык-Көлдө оруздама (персинин «Нооруз» деген сөзүнөн) деп аталат. Өзүнүн келип чыгышы боюнча кээ бир диний түшүнүктөр элдик салттар менен өзүнчө бир айкалышканы менен бул майрам диндик мүнөздөн оолак болгон. Анын негизги мазмуну жаздагы жаратылыштын жандануу идеясына байланыштуу. Майрамдын убагында буудайдан, талкандан, быштактан, дагы ушул сыяктуулардан — азыктын жети түрүнөн көжө бышырып, коңшуларын жана тууган-туушкандарын мейманга чакырышып, жакшылык тилектерин айтышкан. Кээде айылдын калкы чогулуп, от […]

Ислам санаттарынан: Текебердик – белиңе байланган ташка окшош, аны менен сүзө да, уча да албайсың

Чекит – бардык чийиндердин негизи. (Мансур аль-Халладж) Кимдир-бирөө өз акыйкатына жете алса, эч бир ишенимге байланмак эмес. (Ибн Араби) Эмне издегенин билбеген, тапканына да ишенбейт. (Атауллах Искендери) Үрөөн эк, өнүп чыкпаса топурак уялсын. (Нежип Фазыл) Окула турчу эң чоң китеп – адамзат. (Ажы Бекташ) Адамдардын эң төмөнү – өзүн мактагандарга ыраазы болгондор. *      *      * Сураганын бербесең таарынып, капа болуп, сага каарын төккөндөр чыныгы достор эмес. *      *      * Текебердикти көтөрүп жүргөн баштан акыл издеп таппайсың. *      *      * Адамдарга […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын тилеги – Ыйман

Жаттым тынч, Жаздыгым кенч, Тилим Куран, Тилегеним – ыйман… (Элдик айтым). Ыйман тууралуу сөз кылуу жеңил эмес. Себеби, анын мааниси баарыбызга белгилүү, түшүнүктүү сезилген менен, бул түшүнүктүн төркүнү дин, илим, турмуштук тааным салааларында ар түрдүүчө аңдалып, чечмеленип келет. Чыгаан аалым, залкар сөз зергери Х.К.Карасаев бул түшүнүккө мындай чечмелөө берет: «Иман арабдын сөзү. Ишенүү, уюу, берилүү деген мааниде… Алла бирөө гана жана Мухаммед Алланын эл ичине жиберген өкүлү деп ишенүү. Алла тааланын бардыгына жана анын периштелеринин бардыгына жана анын асмандан түшкөн […]

Искендер Ормон: Мусулмандар мусулманчылыкта артта калды

“…Кайсы-бир коом өз абалын өзгөртмөйүн Аллах ал коомду өзгөртпөйт..” Рад сүрөөсү, 11 “Европадагылар биз ишенген исламдын баалуулуктары менен жашайт экен…”  деп түрктөрдүн улуттук гимнин жазган улуу акын жана ойчул Мехмет Акиф Эрсой осмондук империянын акыркы күндөрүндө Европага болгон саякатынан кийин сөз кылганы бар. Ошол эле мезгилдин каарманы, азыркы Пакистан өз алдынча мамлекет болгонго чейинки аймактан чыккан  философ, акын жана жазуучу Мухаммед Икбалдын, “мусулмандар дүйнөгө өздөрүнүн исламдын өкүлү эмес экендигин жана мусулмандарга карап бул динди баалабаса туура боло тургандыгын түшүндүрө алса, […]

Олжобай Шакир: Өлүмгө чакырык таштаган таксырлар

“Диндин басып өткөн тарыхын карагыла, ал бизге эмне берди? Алардын бардык жердеги терс аяктыгынан жер үстүндө өлүктөр жайнап, кара жер кан жутту, шаарлар өрттөлдү, канча өлкөлөр ойрондолду, бирок дин адам баласын асылдандыра алган жок”. Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ (1715-1771), француз философу Аргаң жок күлөсүң таксырларга. Коомчулукта ЛГБТ көйгөйү көтөрүлдү эле, селдечендер жер сабаган тукурукту баштады. Чубак ажы Жалилову чыкты гейлерди өлтүрүүгө чакырык таштап. Феминисттер уюштурган акция ушунчалык шаштысын алган экен, тезинен муну коомчулукка жайылткыла, депутаттарга талап койгула, атайы мыйзам кабыл алсын […]

Тайная гей-история Ислама

В мусульманских культурах гомосексуальность когда—то считалась самой нормальной вещью в мире-так что же изменилось? Когда-то ислам считал гомосексуальность одной из самых нормальных вещей в мире. Османская империя, самая могущественная в мусульманском мире, не воспринимала лесби или гей-секс как табу на протяжении веков. Они официально признали, что гей секс не преступление в 1858 году. Увы, когда христиане пришли с запада колонизировать, они заразили Ислам гомофобией. Но правда в том, что многие мусульмане, живущие сегодня, считают, что пророк Мухаммад С.А.В поддерживал и […]

«Окей» радиосунун журналисти Канат Алманбетовго ислам-фанаттарынын тынымсыз коркутуулары эмнеге күчөдү?

Бул тууралуу маалыматты “РухЭш” сайтына журналист Канат Алманбетов өзү билдирди жана бул боюнча тиешелүү күч түзүмдөрүнө расмий түрдө арыз-кат жолдогонун кошумчалады. Ислам-фанаттарынын коркутуп-үркүткөнү боюнча кесиптешибиз мындайча баяндайт: Урматтуу калайык калк! Баарыңыздарга жакшылык каалап, бир маселени ортого салгым келип турат. Мен журналистмин. Жаңы жыл алдында христианчылыктагы протестант агымындагылар Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдашат. Кыргыздардын арасында да Иса пайгамбарга ишенгендердин бар экендиги жаңылык эмес.  Эмесе, мен ошол майрамга утурлай бул агымдын бир өкүлүн студияга чакырып, “Кыргыздар эмне үчүн Иса пайгамбардын туулган күнүн […]

Гүлдана Мурзакул: Ислам жана сынчыл ой жүгүртүү

Кыргызстанда канткенде «биз» жана «башкалар» деп коомду экиге бөлгөн диний фанатизмди токтотууга болот? Түркиядагы жаш кыргыз илим изилдөөчү Гүлдана Мурзакулдун макаласы. Сынчыл ой жүгүртүү – фанатизмге каршы чара Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанда исламдан башка динге өткөндүгү үчүн токмоктолгон, үй-жайы өрттөлгөн же сөөгүнө мусулмандар көрүстөнүнөн жай берилбеген жарандар тууралуу маалыматтар чыга баштады. “Ислам мамлекети” сымал террористтик топторго кошулган кыргызстандыктар боюнча маалыматтар көбөйдү. Мындан сырткары соңку 10 жылда өздөрүн “патриот” деп атаган эркек кишилер Орусиядагы кыргыз кыздарды башка улуттун өкүлдөрү менен […]

Унсуралмаали Кайкавус: Кабуснаме (Акылмандыктын кенчи)

<<<< Башы ПАДЫШАГА УАЗИР БОЛУУНУН ЖОЛ ЖОБОСУ ЖӨНҮНДӨ Уулум, билгин, эгер ыкыбалың туура келип, уазир болуп калсаң, ишти талдай бил, аткарган иштериңдин эсебин бергенге үйрөн, элди ажырата бил. Ар ишти өз ыгына карай жүргүзө бил, өз бектериң менен чынчыл бол, өз бегиңе татыктуу сый-урмат көрсөт. Баарын эле өзүмө алайын дебе, анткени баарына жутунган адам куру кол калат деп айтылган эмеспи. Сага адамдар каалаганыңдын эле баарын бере беришпейт. Эгер бир нерсени убактылуу беришсе, кийин кустуруп алышат. Эгерде башында азга макул дешсе, […]

Татыктуу малайлар менен кулдарды сыйлоо жөнүндө

“Сиасет-намэ”. Низам ал-Мулк (1018-1092) Отуз алтынчы бап Кызматын кынтыксыз жакшы аткарган ар бир малайды өз учурунда алкоо жана сыйлоо керек. Кимде ким тегин жерден же жаңылышып осол иш кылса, кулдар кызматын ынтаа коюп аткаруусу үчүн, аны жасаган жосунуна жараша жазалоо абзел; кылмышкер жазадан коркуп, бардык иш талаптагыдай аткарыла баштайт. Икая. Хашимит[1] бала кайдадыр бир жерде чогулган элди таарынтып коёт; алар баланын атасына барып даттанышат. Атасы уулун жазаламак болот. Баласы: “Ата! Мен акылым жок болгондуктан кылмыш жасадым. Мени жазалаба, сен акыл-эстүү […]