Жолдош ТУРДУБАЕВ: Мектепке мечитти каршы коюу керекпи?

Азыркы президентибиз мурдагыбызга салыштырмалуу кыйла салмактуу сүйлөп, эми дагы эмне деп «балп» этип жиберет деп санааркабай калдык. Бирок мамлекет башчы жалпы коомдогу саясий жана рухий маанайга зор таасир этерин азыркыдан да жакшыраак түшүнүп, ар бир сөзүн аптеканын таразасына салгандай кылдат тандап сүйлөшү керек экендиги борбордук мечиттин жаңы имаратынын ачылышында даана сезилди. Бул ирет сөз жазгычтар менен кеңешчилер командасы өтө жоопкерчиликтүү текстти ийине жеткире иштей албады окшойт. Мителерге кимдер табакташ? Адегенде «ыйман» түшүнүгүн тактап алалы. Анткени арабчадан келген бул сөздүн накта […]

Чубак ажы мектептерде кыз-балдарды бөлүп окутууну талап кылбаптыр

Мурдагы муфтий, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалилов мектептерде кыз-балдарды бөлүп окутуу тууралуу айтканы туура эмес талданып жатканын билдирди: — Ал жерде медресе жана диний билим жөнүндө эмес, мектептердеги билим тууралуу сөз болгон. Мен бөлүп окутуу тууралуу талап кылып, чакырык таштаган жокмун. Кыргызстанда кыз-балдарды өз алдынча окуткан ыкманы азыр «Сапат» мектептери колдонуп жатканын айтып, илгерки «Кыз-келиндер» институтун мисал келтиргем. Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) 28-августта “Балдардын мектепте билим алуу укугун камсыздоодогу кырдаал: жаңы чакырыктар” деп аталган талкуу уюштурган. Ага […]

Санжы ТУЙТУНОВА: Эмнеге азыр молдолордун сөзү өтүмдүү?

Москвада мушташкан кыргыз жаштарына жинденип жатасыңар. Бул жакта деле динчил, сабатсыз жаштардын армиясы турат. Мусулманмын дегени менен атасындай кишини, энесиндей аялды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, интернетте «шер» болуп отурушат. Бирдеме десе эле «теңирчи» деп баса калышат. Өктөм сүйлөп, «мамлекетти биз башкарабыз аз калды, кыздарды бөлүп окуталы» дей баштаганын окуп жатам. Эртең бирдеме болсо «бир элбиз, бир журтпуз» деп аяп койчу түрү жок. Ушулардын баарын көрүп туруп саясатчылардын, депутаттардын дин ишмерлеринен же динзарлардан жалтактап отурганын кандай түшүнүүгө болот? Же бийлик, […]

Төкмө акындарды бөлгөн ишеним

Акыркы жылдары белгилүү төкмө акындар өлкөдөгү маанилүү мааракелердеги айтыштарга ар кандай себептер менен катышпай жатышат. Ошондой эле диний ишенимден улам акындар ортосунда ажырым пайда болгону чыгармачыл чөйрөдө ачык эле айтылып келет. Өнөр адамдарынын арасындагы мындай көрүнүш акындык өнөрдүн өнүгүшүнө кандай таасир этет? Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынына арналган кыргыз-казак айтышына күбө болгон коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев бул жолку кыргыз акындарынын өнөрү купулуна толбогонун айтты. — Бул айтышка ичим чыккан жок, абдан көптү үмүт кылып баргам. Баягы эле кайталанма болду. “Бээнин […]

Абибилла ПАЗЫЛОВ: Бешиктен мүрзөгө чейин илимге умтулуу – момун мусулмандардын парзы (3-маек)

1-маек>>>>>>>>> 2-маек>>>>>>>>> – Өткөн жолку маегибизде «молдоке» түшүнүгүнө жакшы басым коюп кеттиңиз эле. Чынында бүгүнкү күндө динятчылардын оң бейнесин канткенде жаратышыбыз керек? Канткенде молдо деген түшүнүк элде жакшы маанайда кабыл алына баштайт деп ойлойсуз? – Молдокелер – аламан журт, аралаш көпчүлүк. Айрымдары алты сабак  арабча билгенине манчыркап жүргөндүр, кээ бирөө эсе “исламдын калканы да, кылычы да өзүбүз” дегенсип батек сакалын сыймыктуу сыласа сылагандыр. Айтор, ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр?! Кандай болгон күндө да аларга атпай жамаат […]

Тайная гей-история Ислама

В мусульманских культурах гомосексуальность когда—то считалась самой нормальной вещью в мире-так что же изменилось? Когда-то ислам считал гомосексуальность одной из самых нормальных вещей в мире. Османская империя, самая могущественная в мусульманском мире, не воспринимала лесби или гей-секс как табу на протяжении веков. Они официально признали, что гей секс не преступление в 1858 году. Увы, когда христиане пришли с запада колонизировать, они заразили Ислам гомофобией. Но правда в том, что многие мусульмане, живущие сегодня, считают, что пророк Мухаммад С.А.В поддерживал и […]

Өйдө түкүрсөң мурут, ылдый түкүрсөң сакал

Динди талкулоо эч токточудай эмес. Биздин ватсаптагы талкуулаганыбыз да алгачкысы эмес, акыркысы да эмес. Кече күнү бир жерде арапча жазылган кара байракты машинада булгалап жүргөндөрдүн видеосун көрсөңүздөр керек. Кара байрак анан арапча жазуу чыкса дароо эл дүрбөп, Ислам мамлекеттик террористтик тобу (ИГИЛ) байрагы менен Бишкекте кантип кенен-кесири жүрүшөт деп ызы чуу болду. Адатта коомдогу резонанстуу кабарды классташтардын ватсап группасында “диванный эксперттерибиз” менен каттуу талкууладык. Эмесе назарыңыздарда ошол талкуунун урунттуу жерлери: Эшмат:https://april.kg/ru/article/mashini-s-chernimi-flagami-polzovateli-prosyat-gknb-dat-yuridicheskuyu-ocenku-situacii. Биздин сабатсыз калк баштады мына дагы. ИГИЛдин байрагы менен […]

Олжобай ШАКИР: Кара кыргызды караңгы элге айланткан динчилдер

Э кайран эл, кайран эл! Ача жолдун кай жагына түшөсүң?! Диний тескөөдөн тыш (светтик) өлкө делгени менен Кыргызстан бүгүн Конституциялык жол менен жашап жаткан жери жок. Расмий бийлик өкүлдөрү да Башмыйзамга эмес, жайнамазга баш уруп калганын кечээки Курман айт күнү көрдүк. Болгондо да мыйзам чыгаруу институту делген Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламент депутаттарынын атынан (!) куттуктады элди. Жетеленме парламент депутаттары каникулда жүрсө да. Ошол 120 эл өкүлүнүн атынан куттуктоо айтууга укугу бар беле анын?! Же 120 депутаттын баары эле […]

Абибилла ПАЗЫЛОВ: Таксырлардын жосунсуз жоругунан  исламдын кылы кыйшайбайт

<<<<<<<<<1-маек 2-маек – Өткөн жолку маегибизде рухий жакырчылыкка кантип келип калганыбызды айттыңыз, эми рухий жакырчылыктан канткенде чыгабыз деген ойдосуз? Элге китеп окуу маданиятын канткенде жайылта алабыз? – Демейде тамга тааныган киши бирдеме окубай көңүлү толбойт.  Шүгүр, ушу тапта  элибиз  туташ сабаттуу. Мунубуз  китеп окуу маданиятын  жайылтуунун толук кандуу жерпайы эмеспи. Токсонунчу жылдардын капортосунда, мага, Ошко Мургабдан университеттеш курсташым Султан Парманов келди. Биринчиден, райондук “Сарыкол” басылмасын силердин облустук  басмакана аркылуу  жандандырсам дейт, экинчиден, эски гезит, китептерден таңгактап жүктөй  кетсем дейт, Тажикстандын […]

Жалалидин Руминин суфийлер боюнча икаялары

Бакалея сатуучусу жана анын тотукушу Бир бакалея товарлары менен соода кылган адамдын тотукушу бар эле, ал кайда барбасын анысын мактаганын койчу эмес. Анын сөзүнө ишенсек, тотукуш ал жокто дүкөнүнө көз болчу, соода кылганы келген сатуучулардын көңүлүн аччу. Чындыгында эле ошондой болчу. Бир жолу, ал кайрадан дүкөнүн тотукушка калтырып кеткен эле, акшактар менен  түрдүү чөптөргө шыкалган каптардын ортосунда олтурган тотукуштун жанынан, капысынан эле мышык чуркап өтпөспү. Чочуп кеткен тотукуш канаттарын калдаңдатып, ордунан ыргып кеткенде, жакын жерде турган жыты буркураган суюк май […]

Хадистен: Билимдүү адам – пайгамбардын мураскери

Билимге жеткендер менен билим артынан түшкөндөр гана жалпы адамзатка пайда алып келет. Хадис Билимдин жолуна түшкөн адам кайра кайтып келгенге чейин Кудайдын жолун ээрчип жүрөт. Хадис Суроону туура коё билүү – билимдин жарым-жарты белгиси. Хадис Жыргалчылык баарына тегиз бөлүнгөн, бирок аны арким өз жөндөмүнө жараша кабыл алат. Салттуу санаттан Кудайга болгон мамиледе кимдин жүрөгү таза болсо ошол – сопу. Бишр ибн ал-Харис ал-Хафи Эгер адамга төөнүн кыгынан шорпо кылба десең, тескерисинче так ошону кылат. Анткени төөнүн кыгында жакшы бир нерсе […]

Мусулман санаттарынан: Сопучулдук

Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет, агер ооздон гана чыкса, ал куйма кулакка да сиңбейт. Ал-Сухраварди Сопу – бул күнгө табынсыз күн, ай менен жылдызга да табынбаган түн. Ал – барга көппөс, жокко чөкпөс. Абу ‘л-Хассан ‘Али ал-Харакани Сопу Кудайдын кылганынын баарына ток пейил, Кудай да сопунун кылгандарынын баарына ыраазы. Абу Сайд ибн Аби-л-Хэйр Сопулар какыр-чикирдин баары ташталса да кереметтин баарын өстүргөн жерге окшош. Жунайд Байыса да кедей кейиптенип жүргөндүк нукура сопулуктун белгиси. Ал бийликке жеткен күнү булуттуу көктүн астында, атакка […]

Элдияр ЖАЛИЛОВ: Диний жаатташуулардын себептери

Диний жамааттарга бөлүнүү жөнүндө кеп кылыштан мурун ислам тарыхында мусулмандардын өз ара ажырымынын тарыхы боюнча кыскача баяндап өтөйүн. Пайгамбар Мухаммад (САВ) 632-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан учурда анын ордуна башкаруучу катары ким болору жөнүндө меккеликтер (мухажирлер)[1] менен мадиналыктар (ансарлар)[2] ортосунда талаш-тартыш пайда болот.[3] Анткени Мухаммед пайгамбардын «пайгамбарлык» милдети аяктаган болчу. Мухаммед (САВ) тирүү кезинде «пайгамбар» ошол эле учурда мусулмандардын «башкаруучусу», бизче айтканда «ажосу» жана «кол башчысы» да болгон. Бирок пайгамбар өзүнөн кийин башкаруучу катары атайын бирөөнү сөз түрүндө же […]