Ырысбай Абдыраимов: Мүнөздөмө

АҢГЕМЕ Бектур көнүмүш адатындай эртеңки сабагына камынууга киришкенде күн бешимге таяп калган… Мүлдө иш өз көңүлүндөгүдөй бараткансыганы менен анын сабагын ынтаа коюп укса да, класста карама-каршы көз караштуу улан бар. Мурат техникалык кесиптерге кызыкканы менен ага тиешелүү сабактарды да көжөлүп окубай, кол учунан бүтүрө турган. Мугалимдин бир cабакта окуучуларды түгөл сурап, эски сабакты бышыктоого шаасы жетпей турганын жаземдебей билчү. Бир баа алган бойдон арадан бир жума өткөнчө: “Бу жумада агай менден сурабайт” – деген кыязда китеп бетин аччу эмес. Бектур […]

Улут коркунучу: мектеп курбасак, түрмө курабыз

Кыргызстандын билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору жана мектептердеги окутуу шарттары тууралуу көйгөй… Сөз мындай. Кайсы бир артисттин үйлөнгөнү, мушташканы же ажырашканы тууралуу бир канча күн бою сөз кылып жатып калабыз. Чынбы? Ал эми коомдун келечегин аныктаган олуттуу билим берүү же мектептер маселеси кимди кызыктырат? Күз келип, бир депутат айткандай, көпкөндөрдүн той сезону башталды. Өзүбүз уюштуруп, өзүбүз эле катышып, өзүбүз эле жеңип, өзүбүз эле мактанган мамлекеттик деңгээлдеги алты күндүк чоң тойду байлардай өткөрдүк. Эми сизге тааныштарыңыздан тойлорго чакыруу келе […]

Сабыр ИПТАРУУЛУ: Кыргыздын бийиги – Адам

Дүйнө тааным окууларында адегенде («А» дегенде) жаратылыш жаралган, андан адам төрөлгөн, анан коом курулган. Адам – бул экөөнүн данакери. Демек, табият менен коомду таанып-билүү адамдан башталып, адамдан бүтүш керек. Ошондуктан, Адам «улуу» деп табияттын мыйзамын урматтап, «кичүү» деп коомдун эрежесин сыйлашы парз. Кыргыз баласы «ушул жерим», «бул жериме» деп денесин көрсөтүп сүйлөйт. Жер менен адамдын денеси киндиктеш, тамыры бир. Адам төрөлгөндө өзүнүн атын оозанат: (аа-а) А-дам. Кыргыз наристелеринин тили да ушул тыбыштан баштап чыгат: «Ата» (ат берет), «А-па» («ап» – […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын жан-дүйнөсү

Ыйыгы – Жараткан Бийиги – Адам Байлыгы – Сөз Башаты – Мекен Байрагы – Кызыл туу Аздеги – Ат Урааны – Манас Тиреги – Намыс Тилеги – Ыйман Батасы – «Өмүрлүү бол» Алкоосу – «Кем болбо» Каргышы – «Тукумуң соол» Урматы – Улуулук Ызааты – Кичүүлүк Парзы – Көз көрсөтүү Сырдашы – Дос Автордон Абалтан эле ар бир эл адам насилин сактоо, ар бир адам эл наркын барктоо абыгерчилигин чегип келет. Арыбас жашоо мыйзамы ушу. Ай-ааламдын Ээси Жараткандан кийинки адамдын […]

Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын медери – бала

«Балалуу үй – падышалуу үй». Бул макал элибиздин бала жана анын коомдогу орду тууралу кеменгер ой тыянагы десек болот. Биз анын кызматчысыбыз. «Вазир жакшы – хан жакшы» деген нусканын төркүнү ошол жакта. Демек, падыша жакшы болуш үчүн, биз жакшы болушубуз керек. Бирок бүгүн коом да, бала да, ага кызмат көрсөткөн тармак да оору. «Биринчи байлык – ден соолук» деген менен, дал ошол билим берүү тармагы баланын ден соолугун да, жан соолугун да көп жагынан өксүтүп жатканын тана албаспыз. Демек, аны […]

Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын адеби – Жөндүүлүк

Ааламдашуу доорунда ар бир эл өз нарк-сөөлөтүн өксүтпөй сактап калышы үчүн, оболу, өзүнүн барк-дөөлөттөрүн терең аңдап-таанып, алардын жаралуу жана калыптануу жолунун мыйзам ченемдүүлүктөрүн кылдат өздөштүрүп, алардын өрүштүү көрүнүштөрүн күнүмдүк жашоо-турмушунда кеңири колдоно билиши зарыл. Мында адептик асылнарктардын тарыхын жана табиятын маданий өңүттө таанып-билүүгө бөтөнчө орун таандык. Адатта, маданиятты коомдогу көркөм кунары бийик, эмоциялык таасири күчтүү рухий жана материалдык дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, өздөштүрүү жана жайылтуу системасы катары карашат. Тарыхый-маданий өңүттөн алганда, тигил же бул дөөлөттүн жаралышы коомдук талап менен аныкталат. Талап […]

Үмүт АСАНОВА: Таза аң-сезим жана бекем үй-бүлө – бекем мамлекет

«Ар бир нике мамлекеттин керегине жараш керек» (Платон) Япондук аялга кайрылып, суроо беришет: — Сиз эмне үчүн мамлекеттик жумуштарда иштегенге аракет жасабайсыз?   Япондук аял жооп берет: — Анда балдарымды, күйөөмдү  ким карайт? Мен өзүмдү да жакшы алып жүргөнүмө убакытым да, чолом да жетпей калат да…  «Ар бир бактылуу үй-бүлө бири-бирине окшош, бактысыз үй-бүлөлөр өз алдынча бактысыз» деп жазган улуу орус жазуучусу Лев Толстой. Бактылуу же бактысыз үй-бүлө деген түшүнүктөрдүн көрсөткүчтөрүнө эмнени киргизебиз? “Бактылуу үй-бүлө” деген аныктама кулакка жагымдуу, кайсы бир […]

Бакытбек АБДУЛЛАЕВ: ЖРТдан 110 балл алалбаган үмүтсүз жаштарга эмне болот?

Менин оюмча, жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) эч качан жоюп салбаш керек. Себеби, бул жогорку окуу жайга (ЖОЖ) өтүүдө коррупцияга бөгөт коюунун бирден бир жолу жана сапаттын жогорулашына өбөлгө. Бул тест өзүн 2002-жылдан бери тастыктады. ЖРТны алып салуу — коррупциялашкан ЖОЖ ректорлорунун жана жетекчилердин эле чөнтөгүн толтурат. Акыркы күндөрү коомдун көз жаздымында калып кеткен маселе бар. Бул тема популярдуу футбол чемпионаты же чуулгандуу коррупция, Бурулайдын өлүмүнчөлүк талкууланбашы мүмкүн. Бирок 20 миңдей үй-бүлөнү кызыктыргандыктан маанилүү. 14-июнда КР Билим берүү жана илим министрлиги […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Оюн кызыганда

АҢГЕМЕ Келин күйөөсү менен жайма базарды аралап жүрдү. Базарга кыдырата коюлган не бир асыл буюм-тайым, кийим-кечектерге тамшанып, шилекейи чубурду. Кай бирлерин кызыга кармап көрүп, баратып, эринен кыйла артта калды. Дал ошондо өзүнөн он жаш кичүү болгону менен оюну күч күркүл жигит аны утурлай келатты. Аял байкаса да, ал эркекти эзели тааныбагандай, көңүл бурбай, көрмөксөн болуп жанынан өтө берди. Шойкомдуу оюндарынын бир жолкусун кимдир-бирөөгө байкатпаса да, эмнедендир саксынды. Бирок күйөөсү кээде андан тымызын шектенерин да туйган. Аял күмөн санаган жубайынын илинүү […]

Насыпбек АСАНБАЕВ: Ансыз да бүт жедиң, бүгүн балаң жесин

Эл-журт бүгүн балдарды коргоочу күн экенин билесиңерби? Алдагы мотурайган, моймолжуган, томпойгон, борсойгон, быйтыйган, кыйтыйган, чыпыйган, тыпыйган балдарды коргоо күнү бүгүн. Бирок карышкырдан да, желмогуздан да, шайтан-шабырдан да эмес, так ушул бизге окшогон тартайган, шалпайган, челейген, дердейген, мылжыйган, тыржыйган, үңкүйгөн, дүңкүйгөн, өлгүдөй жеген, жарылчудай ичкен, тарактаган, шарактаган, ылжыган, жылжыган, келжиреген, дөлдүрөгөн, саткын, соргок, таш боор, сараң, көк мээ чоң кишилерден коргоочу күн. Туура, биз аларды коргошубуз керек. Жок, алар үчүн эмес. Жок эле дегенде өзүбүз үчүн коргошубуз керек. Алдагы шалпылдата ичип […]

Атактуу психолог Эрик Берндин биздин мээ кантип калыптанганы тууралуу ой дүрмөттөрү

Эрик Берндин улуу ойлорунун негизинде жагдайларга терең анализ жаталат. Берндин ырастоосунда – ар бир адамдын тагдырында 5 жашына чейин сценарий түзүлүп, андан кийинки өмүрүбүз ошол калыптанган долбоор боюнча өтөрүн төмөндөгү 10 тезистен баамдасак болот… Сценарий — бул бала кезде эле ата-эненин таасири менен калыптанып бүтүп, өз ирети менен ишке аша турган жашоо долбоору. Бул психологиялык импульс адамды анын каршылыгына же эркин тандоосуна карабай алга карай; анын тагдырына чоң күч менен түртөт. Биринчи эки жылда баланын жүрүм-туруму менен ойлонуусу негизинен энесинин […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Аял барда эркек билбейт кейишти

Узун Сары Адыраңдап ойноок бала кезимде, Апам айтчу дагы бир сөз эсимде. Элес албай эске албаган ошол кеп, Эмнегедир эми келет сезимге. Согум союп, ырыстуусун чүйгүндөп, Жакшы туздап кургагыча илгин деп. Кургаган соң капка салып катырды, Узун Сары келет акыр бир күн деп. Эрдин сөзүн бек кармаган аялы, Катып жүрүп чүйгүндөрдү баягы: Узун сары киши келсе бир күнү Эрим айткан ушул го деп сыягы… Каткан этин салып берип узатты, Өттү убакыт кыскабы же узакпы. Үзүмчүлүк, күн узарып,  мал арык, Жут […]

Конкурска: Баланын кыркын чыгаруу тойчугу (сценарий)

№3 Наристени жаңы төрөлгөн соң кырк күн элден далдоо кармашат, бала көргөнү келгендер дале анын жанына жакын барып үзүлүп түшүп карашпайт. Көбүнчө келин төркүнү жакын болсо, ошол тарапка барып, өз энесинин жанында, ошолордун көзөмөлүндө чүрпөсүн кыркына чейин карап келген. Баланын кыркын чыгаруу – кыргыз элинин үрп-адат, салттарындагы кызыктуу жөрөлгөлөрдүн бири. Баланын кыркын чыгаруу жөрөлгөсү чоң тойго айланбайт. Аз гана адам чакырылат жана ошолордун күбөлүгүндө тойчук өтөт, же ал жөн гана чай берүү деп аталат. Колдон келсе, бир кой союп койсо […]