Георгий Огарёв: Миң уламыш (5-бөлүк)

<<<<<<< 1-бөлүк <<<<<<< 2-бөлүк <<<<<<< 3-бөлүк <<<<<<< 4-бөлүк Бир жолу акылмандан окуучулары сурап калышты: — Эмне үчүн адамдардын терс жактары тез эле өөрчүп кетет да, жакшы сапаттары оңой менен калыптанбайт? — Эгерде оорулуу, чүрүшкөн урукту сээп, таза урукту күнгө калтырып койсо эмне болот? — деп суроого суроо менен жооп берди акылман. — Оорулуу уруктан, оорулуу өсүмдүк өнүп, чүрүшкөн мөмө берет, ал эми топуракка түшпөгөн урук кургап жок болот, — деп жооп беришти окуучулары. — Адамдар так ошондой кылышат. Өзүнүн жаман […]

Стивен Хокинг: Өлгөндөн кийин жашоо жок

«Кудай жок, Ааламды эч ким башкарбайт». Британиялык окумуштуу, маркум Стивен Хокинг ага эң көп берилген суроого өзүнүн акыркы китебинде ушундай жооп берген. «Олуттуу суроолорго кыска жооптор» деген китебин атактуу астрофизик Хокинг былтыр жаза баштаган. Бирок ал эмгегинин аягына чыга электе, быйыл жазында көз жумган. Окумуштуунун балдары анын архивдеги материалдары менен толуктап, китепти чыгарышып, 16-октябрда бет ачарын өткөрүштү. — Кудай барбы? — Кара туңгуюктун ичинде эмне бар? — Келечекти алдын ала билүү мүмкүнбү? — Жерде жашоо дагы канча уланат? — Ааламда […]

«Чеч-Дөбө» кеңешинин чечимине Чубак ажы Жалилов өз тилектештигин билдирди

(Чексиз мээримдүү, жана ашкере ырайымдуу Аллахтын аты менен….) «Чеч-Дөбө» кеңешинин “Улут абийри” наамы маркум журналист Улан Эгизбаевге тапшырылып жатат. Албетте, өтүп кеткенден кийин… Адатта биз, кыргыздар адамдардын жакшылыгын өткөндөн кийин эстейбиз. Улуу тоонун улуугу алыстаган сайын даана көрүнөт демекчи, бизден бөлүнүп ажыраган сайын, алыстаган сайын адамдын да кадыры өсө берет окшобойбу… Мен  «Чеч-Дөбө» кеңешин айыптагым келген жок, анткени ал өз убагында татыктуу адамдарга сый-ургаалды көрсөтүп, адамкерчиликтин парзын аткарып жатышат.  Публицист Нарын Айыпка, профессор Эмил Шүкүровго берилген сыйлыктар анын жаркын далили. […]

Абдул Фараждын акылман ойлору, уламыштары

Атактуу Абдул Фараж “уламыш — бул акыл сергитчү жана жүрөгүңдөн кайгы-капаны айдап чыгуучу аңгеме” дечү экен. Абдул Фараж өзү дүйнө элинин уламыштарын көп айткан. Атанын көрөгөчтүгү Жашоо жөнүндө уламыштарды эстегенде, бул окуяны айтпай кетүү мүмкүн эмес. Бир жолу каалга кагылып калды, үйдүн ээси эшикти ачканда, босогодо көздөрү тоодой шишигенче ыйлаган кызы туруптур. Үйгө кирер замат, атасы оозун ача электе эле, ал арыз-арманын төгө баштады: “Мындан ары минтип жашай албайм, жашоом күндөн күнгө оорлоп барат. Күндө бийик тоонун чокусуна эптеп тырышып […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын саламы ‒ «Арыбаңыз», алиги ‒  «Бар болуңуз»

Салам-алик  ‒  адам баласынын ортосундагы алака-мамилени туюнткан өтө байыркы жөрөлгөлөрдүн бири. Абалкы адамдар үчүн жарыкка келген наристенин «аа» деп чыгарган үнү анын амандыгын билгизип, айланадагыларды ага жооп кайтарууга («бу») түрткөн. Балким, алака-мамиле, суроо-жоопту билдирген «а-бу» деген сөз ошондон калса керек. «Ал-бул», «а+ны-бу+ну (муну)», «а+ры-бе+ри» деген кош сөздөр да дал ушул бирдиктүү мамиленин үзүрү сыяктуу. Көптөгөн дүйнө элдеринин алфавитинде «а», «б» тыбыштары удаалаш турганы да кызык. Сыягы, «а» дегенде сөз (суроо), «бу» дегенде кеп (жооп) – диалог болгон өңдөнөт. Абалкы маалыматтарда […]

Дилазык: Атасы менен уулу жөнүндө уламыш

Поезд ордунан козголор замат ал терезеден колун чыгарып, шамалга тосту. Бир кезде ал таң кала кыйкырып жиберди: — Ата, карасаңыз, бактар артты көздөй жүгүрүп баратат! Атасы жылмайып койду. Жигиттин жанында олтуруп бараткан эрди-катын тигини таңыркап карап калышты, 25 жаштагы жигиттин кичинекей бала берчү суроо бергени аларга кызык угулду. Жигит кайрадан суктангансып кыйкырып жиберди: — Ата, көрдүңбү көл, жээгинде жаныбарлар жүрүшөт… Булуттар бизди ээрчип келатышат! Күн себелеп, жаан башталды, жигиттин сунулган колуна жамгырдын тамчылары тийгенде сүйүнгөнүн жашыра албаган жигит атасына кайрылды: […]

Эсенбай Нурушев: Эрос деген эмне?

“Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос аттуу адабий-философиялык этюддардан.   Атактуу немец психиатры Карл Леонгард (Karl Leonhard) өткөн кылымда дүйнөлүк адабияттагы отузга чукул жазуучулардын классикалык чыгармаларындагы каармандардын мүнөзүн талдап чыгып, алардын психологиялык бешене-бейнесин түзгөн эле (Акцентуированные личности. 1976). Ошол монографиядагы аныктамаларга салсак, биздин Жамийла менен Данияр мүнөзү жагынан эки башка типтеги кейипкерлерге кирет: биринчиси – ачык-айрым, тайманбас, тамашакөй, кабак-кашым дебеген, өзгөлөргө жемин жедирбеген, тыкчыңдаган келин. Ушундан улам Жамийланы белгилүү өлчөмдө гипертимдүү мүнөздөгү каармандарга кошсок болот. Данияр болсо түнт, адамга анча ыгы […]

Аскер Сакыбаева: Уланбек жаш болсо да «Улут абийри» деп таанылды

“РухЭш” сайтынын арышы катуулап, окурмандары калыңдап келе жатканына туура эки жыл толду. Эки жыл ичинде чыгармачыл чөйрө үчүн бир топ мыкты конкурстар өткөрүлүп келет. Адабий конкурстардан сырткары да өзгөчө бөлүп карай турган саамалыктардын бири – Салижан Жигитов атындагы “Улут абийри” (100 миң сом) жана Ишенбей Абдразаков атындагы “Руханий эш” (100 миң сом) сыйлыктары жыл сайын ушютурулуп келаткандыгы. Өткөн 2017-жылы “РухЭш” сайтынын бир жылдык тушоо кесер аземинде аталган сыйлыктар айтылуу эколог Эмил Шүкүровго жана белгилүү журналист Нарын Айыпка ыйгарылган эле. Быйыл […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш (3-бөлүк)

<<<<<<<<<<<1-бөлүк <<<<<<<<<<<2-бөлүк Ойчул дыйкан Иосиф аттуу еврей дыйкан жашаптыр. Ал ойчул эле. Бир иш кыларда, кандай кылсам деп ойлонуп жатып, учурду өткөзүп жиберчү да, иштери чала бүтө турган. Бир жолу ал базарга буудай сатмак болуп жөнөйт, кетип баратып аялына: — Буудайды сатып бүтөр замат, телеграмма жиберем, – деп убада берет. Ал буудайын жакшы баага сатты да, почтага жөнөдү. Телеграмма жазчу кагазды алып, ал минтип жазды: «Буудай жакшы киреше менен өттү.Эртең барам. Сүйөм жана бетиңден өөп Иосиф.» Ал адатынча ойлоно баштады: […]

Залкарлар менен жанаша келген аксакалыбыз

Белгилүү журналист Тенти Орокчиев күрдөөлдүү күздүн ушул күндөрү 80 жашка толуп олтурат. Жакшы адам, мээнеткеч калемгер агабызды кутман курагы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана адабиятчы Садык Алахандын чыныгы дыйкан журналист жөнүндөгү макаласын тартууламакчыбыз. Албетте, 80 жылдык торколуу тоюн кечээ гана чоң салтанат менен белгилеген улуттук радионун басып өткөн жолунда анын бүгүнкү бийиктигине жетүүсүнө көптөгөн адамдар зор эмгектерин арнашты. Алардын ар бири асыл баа алкышка, унутпай айтылуучу урматка ээ инсандар. Ошондой атуулдарыбыздын бири – Тенти Орокчиев. Улуттук радиобузга дээрлик отуз жылдык […]

Роза Айтматова: Гүлсарынын дүбүртү түбөлүк биз менен калды

2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон—Ата шаарынын Ат майданында Ч.Айтматовдун “Жаныбарым Гүлсары» повестинин каармандарына, Танабай менен Гүлсары жоргого эстелик тургузулат деген маалыматты телевизордон угуп калдым.  Ушул кабарды уккандан кийин өткөн-кеткенден бир топ нерселер эске түштү, ал тургай повестти кайра окуп чыктым.  Белгилүү болгондой, чыгарма 1966-жылы жарык көргөн, анын башкы каармандары жылкычы Танабай жана анын жоргосу Гүлсары. Автор бул чыгармасында   тоталитардык башкаруу күч алып турганда Танабайдын жана Гүлсарынын   башынан өткөн окуяларды сүрөттөө аркылуу Совет мезгилинин 50-жылдарындагы экономикалык-нравалык  кризисти чагылдырган.  Партиялык жетекчилер тарабынан күч-кубатын аябай, […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш

1-бөлүк Акылмандык Улуу император Акбардын тогуз акылманы бар эле. Бирок ал алардан бир нерсени үйрөнгөнү байкалчу деле эмес. Бир жолу Акбар катуу жинденип, акылмандарын чакырды да мындай деди: «Эл дүйнөдө силерден ашкан кыйын акылмандар жок дешет. Бирок силердин бул жерде жүргөнүңөргө канча убакыт болду, силер мага эч нерсе үйрөткөн жоксуңар! Анда, бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр?» Бир акылмандын тестиер уулу падышанын сарайын көрөм деп ээрчип келген эле. Падышанын ачууланып айткан сөзүн уккан бала күлүп жиберди. Акбардын жини кайнай түштү: – […]

Акындын элеси

1944-жылдын кышы. От жагылбаган үй суук. Кыштык пальтону желбегей жамынып, мойнума жүн жоолук оронуп, мээлей кийип «Биздин замандын кишилерин» жазып олтургам. Бир маалда эшик тымызын ачылды. Көңүл бурган жокмун. Алыкулдун үнү жумшак угулду — Иштеп олтурган белең?..— Иймене калды бейм, адатынча мени «Көлкөңбай» деп тамашалабастан осолдук сезгенсип тигил жалгыз орундукка олтура кетти. Ал да пальтосун желбегей жамына кирген экен. Эки өңүрүн жыя кумтуланып, колдорун бооруна алган калыбында ойлуу, тыптынч олтуруп калды. Кызы Жыпары чарчап, баш кошкон жары чыгыштык кылып бир […]

Хун ЦЗЫЧЕН: Ооз – акыл дарбазасы: аны ачсаң эле темселеген акылың сыртка чыгат

XVII кылымда жашап өткөн кытай жазуучусу Жер менен асман түбөлүккө турат, а мен бул дүйнөгө кайрадан туулбайм. Адам өмүрү жүз жылдан ашпайт, а меникичи, көз ачып жумганча жылт этип өтүп кетчү өмүр. Бул ааламга келүүгө кимге ырыскы буюрса, шаркыратма суудай тез аккан жашоо кубанычынан да, кайгысынан да куру калбайт. *   *   * Тоо кыйрап, суулар соолуп, ал эмес жер өзү топон-тозго кабылат. Ал эми туулуп, кайра өлгөн биз эмне болуп калыппыз? Тулку боюбузда кан айланганы эле болбосо, көлөкөбүз. А көлөкө […]