Айтматовдун уруусу жөнүндө санжыраны уккансызбы?

Ата-тек канында жашаган айкөлдүк, кечиримдүүлүк, сезимталдык же уккан адамды таңданткан, ойлонткон жана турмуштук белги-жышааны тагдырды ээрчиткен сырдуу көрүнүштөр… Чыке өзү: “Жарыкчылыкта санжыралар болбосо, өтүп кеткен убакыт жана муундар жөнүндө кандай көңүлсүз эскерме каларын көз алдыга элестетип көрүңүзчү… Санжыраларда философия жана фантастика, поэтика жана убакыттын символу бар. Мындан тышкары, санжыра — бул элдин улуттук эн тамгасы жана анын таануу белгиси”, — деп жазганы бар эле. Санжыра боюнча сүрүштүрө келгенде, Улуу калемгердин уруусу Кытай болуп, Кытайдан — Түлкү, Түлкүдөн – Байтике, Буудай, […]

Лев ТОЛСТОЙ: Ишеним жөнүндө насыйкат

(«Жашоо жолу» аттуу чыгармасынан) 1.Адамга жакшы жашоо үчүн, ал эмнени жасашты жана эмнени жасабашты билиши керек. Ал эми аны билиш үчүн ишеним керек. Ишеним — бул адам деген ким жана ал бул дүйнөдө эмне максат менен жашап жүргөнүн билүү. Мындай ишеним ар бир акыл-эстүү адамда болгон жана боло берет. ЧЫНЫГЫ ИШЕНИМ ЭМНЕДЕ 2.Адамга жакшы жашап өтүш үчүн, жашоо деген эмне жана бул жашоодо эмнени жасаш керек, эмнени жасабаш керектигин түшүнүш керек. Байыртадан, бардык элдерден чыккан акылмандар ушинтип окутуп келишкен. Бардык […]

Лу Шүн — кытай адабиятынын корифейи

Азыр ааламга «кытай кереметин» жаратып жаткан Кытай Эл Республикасы туңгуйукта турганда, (鲁迅, Lǔ Xùn) караңгылыкка шамдай жанып, адабияттагы жалган мактоолорго, бийликке жагынуучулукка биринчилерден болуп каршы турган. Жаңы кытай адабиятынын негиздөөчүсү. Анын шедевр чыгармалары дээрлик дүйнөнүн бардык тилдерине которулган. Өз позициясында темирдей бекем эрк менен турган Лу Шүн адабияттын милдети элдин чыныгы жашоосун, анын жан-дүйнөсүн көркөм чагылдыруу экенин коомчулукка алып чыккандыгы үчүн ар кандай тоскоолдуктарга, куугунтукка дуушар болгон. Тагдыры бычак мизине коюлганда өзүнүн туулганда берилген ысмын бир нече жолу которууга мажбур […]

Гүлзура ЖУМАКУНОВА: XX кылымдын жүгүн аркалаган адам

Убагында Чынгыз Айтматовдон: “Сиз кай жерди өз үйүм деп эсептейсиз? Сиздин чыгармаларыңыз болсо бүтүн дүйнөдөн өз ордун тапты” деп сурашкан экен. Берген жообу: “Калыбы менин үйүм XX кылым болсо керек. Бул кылымдын башынан аягына чейин болуп өткөн окуялар кудум менин өмүр баянымдын бир сценарийи сыяктуу болду” болуптур. Чынында эле XX кылым согуштары, төңкөрүштөрү, жаатташмалары, глобалдашмасы, жок кылгандары жана баш айланткан табылгалары менен адам баласын кан жуткуруп капа кылган да, азап тарттырган да, ошол эле учурда маңдайын жарып сүйүндүргөн да таң […]

Жетиген АСАНБЕК: «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» – адамзатка рухий аманат

Ушул чыгармасы аркылуу Айтматов эмнени айткысы келгенин ар бир окурман өзү үчүн өзү таап алар. Мага эмне дегени менен бөлүшкүм келди. Эмнени түшүнгөнүмдү, эмнени көрүп-тааныганымды айтыш үчүн, чыгарманын айрым жерлерин кыскартып баяндадым. Повесттин өзүндө белгиленгендей чыгарма 1976-жылдын декабрь, 1977-жылдын январь айында, Байтик айылында жазылып бүткөн. Повестте сүрөттөлгөн деңиз жээгиндеги бөксө тоолор боорунда ала-телек болуп жаткан кары менен ала дөбөттөй болуп көрүнөт. Деңиз аңчылыгына чыккан мергендер ал боорду ала дөбөт деңиз бойлой узатып келатат деп, көрүнбөй калган кезде үйгө кайтты деп, […]

Сулaймaн КAЙЫПОВ: Кыргыз эли жөн эл эмес, Aйтмaтов жөн жaн эмес

Кыргыз эли – кудaйдын мээри түшкөн оомaттуу эл. Aнтпесе, кечээ XX кылымдын босогосунa этек-жеңин делбиретип, эндей бойдон, aты жaнa боз үйү менен гaнa кирип келген көчмөн элдин, кудaй берген көрөнгөсү болбосо, бүгүн мынтип, өз aлдынчa эгемен өлкө болуп, кaтaрдa туу желбиретип турушу мүмкүн беле; бир жaгынaн болбосо, бир жaгынaн дүйнө элин тaң кaлтырып, “кaп десең, бизде мындaй неме жок, кыргыздa гaнa бaр” дедиртип, тaмшaндырып, кaйнaсa кaны кошулбaгaн пенделерди өзүнүн кaйгы менен сүйүнүчүнө ортокотош кылып aлa aлышы ыктымaл беле. Жок, aлибетте! […]

Салижан Жигитов замандаштарынын эскерүүсүндө

Нуралы Капаров: Көрүнүктүү кыргыз акын-жазуучуларынын ичинен татыктуу бирөөсүнүн бейнесин кыргыз тилинде жаздырып, адегенде түрк тилине которуп, китеп кылып чыгарып, андан ары Европа тилдерине котортуп жайылталы деген жакшынакай идея менен акылдашканы түрктөр Салижан акеге келишет. — Албетте, Чыңгыз Айтматовдон ылайыктуусу жок,- деп кеңешин айтат Салижан аке. «Кимге кайрылсак болот, ким жазат?» деген суроо чыгат. Кыргыз тилинде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп жүргөн жоон топ окумуштууларды акыл таразасынан өткөрүшсө, ылайыктуулары аз. Колунан келе турган окумуштууларга кайрылышса, көбү убактыбыз жок эле деп маданияттуу баш тартышат. […]

Башка чабылган скрипканын баяны

Айткеш Толгонбаев Казакстандын профессионалдык скрипка мектебинин негиздөөчүсү болуп саналат. Кайсы гана музыкант үчүн болбосун мындай атакка жетүү чоң сыймык эмеспи! Бирок А.Толгонбаевдин тагдырын билген соң тирүү жан эң чоң азапты адам баласынан, өзгөчө, идеологиячыл саясаттан көрөрүн аңдайсыз. Казактын залкар уулу Айткеш Толгонбаевдин сөөк зыркыраткан өмүрү тууралуу берүүнү Бах, Бетховен, Вивальди же Чайковскийдин скрипка үчүн жазылган күүлөрү менен баштасам да болмок. Бирок “бир уйдун мүйүзүн сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт” деген макалды эстеп, жуңгар жортуулунда бүлүнгөн казак элинин муңу “Элим-айды” тандадым. […]

Сардарбек РЫСКУЛОВ: Үркүн

<<<<<<<<<<<<<<Башы 1916-жылдын күзү. Кыргыз жергесинин ар тараптарынан жырткычтардай качырып сала берген ак падышанын куралдуу аскерлеринин кырганына чыдабай, бейкапар тынч жаткан калк жыт алган кийиктей доңшуп үркүн калышты. Бул жүзүң курган алааматтын эмнеден чыгып, эмнеден башталып кеткенин жумурай журт, калайык калктын азчылыгы билсе да, көпчүлүгү билген жок. Бир даары: «Падыша Герман менен урушуп жаткан экен, аскерлери суйула калганда кыргыз, казактардан аскер алмак болуп, болуш-болуштарга өкүл жибериптир, өмүрүндө аскер берет дегенди көзү көрүп, кулагы чалбаган жумурай журт: «Карындан чыккан балабызды чыркыратып туруп […]

Аалы МОЛДОКАНОВ: Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгы өттүбү же өтө элекпи?

Сөз башында окурманды окуянын (макаланын) катышуучулары (каармандары) менен тааныштыра кетким бар. “Түшүндүрмө сөздүккө” кирбей калгандар таарынбастыр. Сагынбай Орозбак (Акеше) уулу – унутулбай турган улуу манасчы Калсынбүбү Кадыркулова – Сагынбайдын жээн небереси “Ормон хан” – Кочкордун күн чыгышындагы чоң кыштак Темир Болот – Ормон Хан айыл өкмөтүнүн башкармасы Кыргыз Өкмөтү – башчысы орто эсеп менен он айда бир алмашып турган эски аянттагы мекеме Маданият министрлиги – артисттерге кезектештирип (кээде кезексиз) наам алып берген, жетекчи токтобогон мекеме Жазуучулар союзу – колунда коко […]

Сардарбек РЫСКУЛОВ: Кыраан

<<<<<<<<<<<<Башы Уядан жазда кармалган жаш балапан кадимки жер менен көктүн ортосунда эркинче учуп, эркинче конуп жүргөн жапан ителгидей толуп, узун туурасы чыгып, канат куйругу жетилди. Колу-буту байланып, капаста кордук тартып жаткан ителгилердей болгон жок. Кайра анын тетирисинче көңүлү өсүп, кадимки жаш чагынан үмүттөндүргөн балбандардай далысы жайылып, булчуңдары түйүлүп чыга келди. Мамбеталы далбага чакырса капкайдан сабап келип, чырга тартса илгиртпей басканга үйрөндү. Эмнегедир ошол күздө табына келип эргип турса да, бала шумкарга чоң илбесиндерди көрсөткөн жок Мамбеталы. Алгыр канаттуулардын биринчи куралы […]

Салижан Жигитовдун байбичеси Кимия Токтосунованын маеги

1964-жылы баш кошушкан. Бир уул, бир кыздын ата-энеси. Үч неберенин чоң ата, чоң апасы. — Кимия эже, «Тирүү өлөт, жердин койну — жатагы. Изи калар болсо жакшы атагы» деп Жусуп Баласагын айтып кеткендей, Салижан агай жашоого из калтырып, атагы алыска кетпедиби… — Үй-бүлөсү… Китепкана бөлмөсү… Агайыңардын жыйнаган китептери… Бардыгы эле ордунда турат. Бир гана жаркылдаган кожоюнубуз жок… Молдокемдин (агайыңарды ушинтип айтчумун) жандүйнөсү китеп менен болду. Өмүрү китеп менен өттү… Хоббиси — китеп жыйнамай болчу. Кайсы өлкөгө (Түркия, Ташкенттен 600-700дөй китеп […]

Сардарбек РЫСКУЛОВ: Жалгыз балапан

<<<<<<<<<<<<<Башы Бирде бүркөк, бирде жаркырап-жайнап чайыттай ачылып турган жаздын жанга жагымдуу күндөрү. Булут жашып, жаан-чачын өксүбөй жабалактап, чөп чыгып жаткан учур. Ошол жаздын башынан баштап Чырпыктынын зоокалуу бийик жарларына Мамбеталы көп барчу болду. Бүркүттүн уясын тартып алган эки ителги Мамбеталынын тынчын алды. Отурса-турса да оюнан кетпей конду. Чырпыктынын жарларына жыл сайын тууп балапан учурган бүркүттөн тартып, турумтайга чейин алгыр канаттуулар көп эле болгон. Алардын бир даары Мамбеталынын көзүнө өзүнүн үй канаттууларындай жедеп үйүр алып калган. Отуз жыл бою алгыр канаттууларга […]

Сабыр ИПТАРОВ: Кыргыздын таттуусу – Жан, ачуусу – Өлүм

«Жан» түшүнүгү – адам акылынын албан ачылгасы, турмуштук туу табылгасы, тутунган туур-таянычы болгон. Жаралган нерсени жандаган күч болмогу, бар нерсени бир нерсе коштой жүрмөгү – Жараткандын мыйзамы. Ошол керемет күчтү адамдар «жан» деп түшүнүп, ага арыбас да, карыбас касиет беришкен. Ага «кылдын учунда» деп аяр мамиле жасап, «таттуудан таттуу – жан, ачуудан ачуу – өлүм» деп бүтүм чыгарышкан. «Аа» деген дем менен денге жан кирген, ошол дем менен жан чыккан. Ошентип, сөз жаралган, үн, жан жаралган күн болгон. Ден бар […]