Ишен Жакыпбеков: Бильярд боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын столдорун кыргызга ишенип тапшырышты

Улуттук сыймыгыбызды жаратар инсандар арабызда эле жүрү. Тек биз аларды даңазалай албайт экенбиз, өз убагында кадырбап барктай албайт экенбиз. Демейде элдин үрөй-үшүн алган кабарларды куштай сызып учурган журналисттерибиз, жакшы кабарды жамы журтка жайылтууга келгенде ташбакадай кыбыр экенин ушул мерте да көрдүк. Жалгыз гана “Азаттыктын” кабарчылары учкай маалымдаганы болбосо, жакында Россияда болуп өткөн Ишен Жакыпбековдун жаратмандык ийгилиги тууралуу тележурналистикадагы кесиптештерибизге, болгондо да жетекчилерине чейин кулак кагыш кылдык, бирок бири да ордунан былк этип койбогону таңгалтырат. Сөзүбүз куру болбосун үчүн биз аларга […]

Кыргыз тилдин душманы кыргыз

Айына бир жолудан “РухЭш” сайты жана “Сармерден” ресторанынын өнөктөштүгү менен уюштурулган маңдай-тескей баарлашуубуздун бүгүнкү меймандары: белгилүү теледиктор Айнура Кабатай кызы, адабиятчы Гүлзада Станалиева, манасчы Рысбай Исаков менен болгон сөз маданияты жөнүндө сөз кылдык… Олжобай Шакир: Сөз учугун кыздарга узатайын десем, бу жерде жөн манасчы эмес, жаттама да манасчы эмес, төкмө манасчыбыз отургандыктан – сөздү ушул үкам баштап берсе дейм… Рысбай Исаков: Эми сөз жөнүндө, тил жөнүндө кеп козгой турган болсок, “Манас” сыяктуу эле аркырап, түгөнбөй турган нерсеге кезигебиз. Өзгөчө көйгөйлөр […]

Бахтияр Шаматов: Бизде улуттук аң-сезим алигиче артта (3-маек)

– Бул жерден сиз менен талаша турган кайчы пикирим бар, байке!   — Албетте, тактык талаштан жаралат эмеспи, менин айткандарымдын кайсынысына макул эмессиң, айта бер, кулак сенде, Олжоке.. — Орус тили деп атпайсызбы, мен буга каршы деле эмесмин, анын таасирин танбайм, бирок азыркы заманда биздин балдарыбыз орус тилин гана эмес, дүйнөлүк башка тилдерди деле үйрөнүп, дүйнөлүк прогресске интеграцияланышы керек деп эсептейм. Ошондуктан бир эле орус тилине байланганыбыз туура эмес ко, кандай дейсиз? — Бул кебиңде жан бар, муну мен талаша […]

Тобиас Маршалл: Кыргызстанга көчүп кетүүнү каалагандар – жарды үй-бүлөлөр

Швейцариялык антрополог-иликтөөчү Тобиас Маршалл төрт жылдан бери ооган кыргыздарына жай сайын каттап, алардын күнүмдүк турмушундагы социалдык-экономикалык стратегиясын иликтеп жүрөт. Кыргызча сүйлөгөн Тобиас мырза жыл жаңыргандан кийин Памирге барып, эки ай кыштап келүүгө камынып турган чагы. Ооган кыргыздарынын турмушун ичинен билген илимпоздун маеги. — Эмне үчүн ооган кыргыздарынын турмушуна кызыгып калдыңыз, китептен окудуңуз беле, кинодон же балким түш көргөндүрсүз? — (Күлөт) Ооба, түшүмдөн чочуп ойгонуп, кызыгып калдым десем деле болот. Мен кыргыз санжырасын жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн изилдеп жүргөм. Бул тоолуу өлкөнүн […]

Улуттук университеттин көмүскө жагдайларын ким териштирет?

Биздин редакцияга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык факультетинин астындагы Кесиптик педагогикалык колледжинин мугалими Шарабидинов Мирбек кайрылды. Ал аталган факультеттин деканы Рахат Сулайманова өзү жетектеген «Мугалим» журналын буга чейин студенттер менен мугалимдерди кыйноо жолу менен саттырып келгенин айтып берди. — Мирбек мырза, биздин редакцияга кайрылууңуздун себебин айтып берсеңиз? — Мен, Шарабидинов Мирбек Педагогикалык факультетинин (Буга чейин Педагоикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту болгон — ред.) астындагы Кесиптик педагогикалык колледжинде мугалим болуп иштейм. Биздин факультеттин деканы Рахат Сулайманова илимий-педагогикалык «Мугалим» журналын […]

Аида Салянова: Мародерлуктун башында элита турат

Өзөгү өнбөгөн улуттук саясат жөнүндө сөз (2-маек) <<<<<<<<<< Башы О. Молдалиев: Совет мамлекети 70 жыл өмүр сүрүп, адилеттиктен четтегени үчүн кыйрап калды. Бир эле киши кыйратып койду. Мамлекеттик түзүлүш мындай экен, аны тамаша-чыны аралаш айтып берейин. Ленин мамлекетти эл башкара алат экен деп, Советтер Союзунда далилдеп берди. Сталин далилдеди – мамлекетти бир эле киши башкара алаарын.  Хрущев далилдеди – илибой киши эле башкара берерин. Брежнев далилдеп берди – мамлекетти башкарбай деле койсо болот экен. Горбачев болсо мамлекетти бир эле киши […]

Уланбек Ашырматов «биз, жерди тиктебей, ааламды, асманды тиктейли» дейт

Бүгүнкү маектешибиз Уланбек Ашырматов учурда Туркияда «Эржиес» университетинин социалдык билимдер институтунун Ислам философиясы багытында магистрдык билим алып, учурда ал «Ислам философиясында ахлак жана экономиканын байланышы: Ибн Халдун мисалында» аттуу диссертациясын изилдеп жаткан илим-билимдүү жаштарыбыздын алдыңкы өкүлү. Төмөндө ал окурман журтун ойго салаар олуттуу ойлору менен бөлүштү… – Уланбек мырза, сен экөөбүз бүгүн илим-билим жаатында маек курсак дейм. Эгемендик доорунда өз алдыбызча улуттук саясат жүргүзүүнү жолго коё албай келдик. А улуттук саясат жүргүзүүнүн негизи илим-билим, маданият экенине мамлекет анчейин көңүл бурбай […]

Жалалидин Жээнбай: Мамлекет кароосуз калтырган окумуштуулардын абалы…

Орусиянын «Диссернет» коому 2018-жылдан тартып, Тажикстан менен Кыргызстандагы илимий иштерди текшере баштаган. А дегенде эле көчүрүп алуу фактылары аткаминерлердин илимий иштеринен табылган. Плагиаттын издери чыккан аткаминер Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков болду. Мындан тышкары, уюм Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын (КМЮА) деканы Данияр Жумалиевдин кандидаттык диссертациясынан плагиат тапкан. Анда 132 беттен турган диссертациянын 96сы көчүрүлгөнү аныкталган. Бул окуялардан кийин Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Көзөмөл мекемеси 40тан ашуун илимий иш плагиат менен жазылганын […]

Өзөгү өнбөгөн улуттук саясат жөнүндө сөз (1-маек)

«Элиңе адилеттик кааласаң, чыныгы ниетиңди төшөп, кеменгер адамдар менен тилектештикти чыңда. Арийне, адамдардын табият буюрган көрөңгөсү аралашканда гана ошол коомдо ар дайым жалпы кызыкчылык жаралат». Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ Адаттагыдай «РухЭш» сайты жана «Сармерден» ресторанынын өнөктөштүгү менен уюшулуп келген интеллектуалдар альянсынын бул жолку меймандары – экс-генпрокурор, экс-эл депутаты Аида Салянова, мамлекеттик жана коомдук ишмер Орозбек Молдалиев о.э. юридика илиминин доктору, саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев менен улуттук саясат туурасында «Сармерден» ресторанынын сый тамагы үстүндө кеңири сөз козголду. Олжобай Шакир: Биринчиден, атайы убактыңыздарды […]

Кубатбек Жусубалиев: Конфуций деген кыргыз болгон

«Асабанын» баяндамачылары — Кубат Жусубалиев, Чоюн Өмуралиев, Шералы Назаркулов баян курат… К.Ж.: -Кыргыздарда бир топ бузарлары болот. Эмесе мен топ бузар болуп берейин. Өзүңөр билесиңер, мен чоң бузармын. Биздин сүйлөшө турган кебибиз руханий маселе болсун деп атасыңар. Анан ушунун тегерегинде сөз кылалы деп атасыңар. Анан кийин мен муну айтайын дедим. Менимче бул дүйнөнүн эң опурталдуу болуп кетиши — анын саясатташып кетишинде. Азыркы дүнүйө, эң коркунучтуу, эң опурталдуу, эң кыйкырыгы-сыйкырыгы көп. Эмне үчүн? Саясаттын көптүгү, эй. Турмуш бүт саясатташып кеткенде эмне […]

Мамбетжунус АБЫЛОВ: Жээнбеков Атамбаевдин сүймөнчүктөрү менен кызматташууга мажбур болууда

Белгилүү коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов менен маектешкенибизде; азыр мамлекеттик кызматкерлерге таңсык болуп жаткан сапаттар тизмектелди. Алигүнчө орду жоктолуп келаткан Насирдин Исановдун өмүрү жана өлүмү жөнүндө, азыркыга чейин чуу жаратып, бирок мамлекеттин пайдасына тыянак чыкпай келаткан алтын кенине тийиштүү маалыматтар дагы кеңейди. Жетиген Асанбек: Кыйын кырдаалдардын бир жакшы жери – адамдардын чыныгы жүзүн ачып берет. Атамбаев эки тизгин бир чылбыр али колунда болуп, алынын келишинче алкынып турганында, элге төбөсү көрүнүп калган адамдардын көбү кумга башын катып отурушту. Анын бийлигинин мөөнөтү бүткөндө […]

Атантай Акбаров: Исламда Замзам суусун ыйык тутуу да теңирчиликтин табият менен танапташ жашоо идеясы (2-маек)

<<<<<<<<<1-маек (башы) Чоңдорубуз уктап жаткан мезгилде периштелер чоңдорубуздун мээсинен коррупция деген түшүнүктү таптакыр өчүрүп койсо, Кыргызстан жомоктогудай өлкөгө айланмак. Улутум Жер үстүнөн жексен болсо, Бейиштин бетин көргүм келбейт, Кудай!.. – Атантай мырза! Кыргыздар Месопотамияда жашаганы тууралуу сөзүңүз боюнча кесипкөй тарыхчылар өз оюн айтаар. Мен башында карманган темабызга тийиштүү суроомду улантайын. Мусулманчылыкты коомдогу бар терс көрүнүштөрдөн калканч, панацея катары ташбыйкаттоо канчалык туура деп эсептейсиз? Мага бул совет заманында “Марксизм-ленинизмге ишенүү-улуу жеңиштердин негизи!” (Верность марксизму-ленинизму — основа великих побед!), “Китепсиз билим жок, […]