Атантай Акбаров: Исламда Замзам суусун ыйык тутуу да теңирчиликтин табият менен танапташ жашоо идеясы (2-маек)

<<<<<<<<<1-маек (башы) Чоңдорубуз уктап жаткан мезгилде периштелер чоңдорубуздун мээсинен коррупция деген түшүнүктү таптакыр өчүрүп койсо, Кыргызстан жомоктогудай өлкөгө айланмак. Улутум Жер үстүнөн жексен болсо, Бейиштин бетин көргүм келбейт, Кудай!.. – Атантай мырза! Кыргыздар Месопотамияда жашаганы тууралуу сөзүңүз боюнча кесипкөй тарыхчылар өз оюн айтаар. Мен башында карманган темабызга тийиштүү суроомду улантайын. Мусулманчылыкты коомдогу бар терс көрүнүштөрдөн калканч, панацея катары ташбыйкаттоо канчалык туура деп эсептейсиз? Мага бул совет заманында “Марксизм-ленинизмге ишенүү-улуу жеңиштердин негизи!” (Верность марксизму-ленинизму — основа великих побед!), “Китепсиз билим жок, […]

Салижан ЖИГИТОВ: Жашоого жардам берген билим… (5-сабак)

<<<<<<<<1-сабак <<<<<<<<2-сабак <<<<<<<<3-сабак <<<<<<<<4-сабак — Салижан Жигитович, республика экономикасы минтип жарга жабышып турат, ушул абалдан кантип чыгабыз деген маселеге келгенде кийинки күндөрү билим аркылуу чыгабыз деген пикир күчөп кетти. Ага Президент Москва гезити аркылуу «колубузда жалгыз көзүрүбүз бар, ал — жаштарыбыздын билим деңгээли» дегендей жем таштап койду өңдөнөт. Ушул маселеге Сиздин оюңуз канай? — Албетте, дүйнөдөгү элдин көбү артта калуучулуктан билим аркьшуу, алдыңкы технология аркылуу чыгып атканы чын. Бирок билим дегендин да билими бар. Биз кантип билим алдык жана кандай […]

Атантай Акбаров: Ыймандуулук бетти чүмкөө менен өлчөнбөйт

…Эгер бетин жапкандар ыймандуу болсо, анда башын кумга тыгып алган төө куштар эң ыймандуу болмок. Мухаммед пайгамбар Кыргызстанда жашаса, анда ал сөзсүз ак калпак кийип жүрмөк. Акын замандашыбыз Атантай Акбаров менен айрым көңүл өйүгөн көкөй кести маселелер тууралуу маектешүүбүз үчүн эпистолярдык стилди тандап алдык. Виртуалдык байланыш, үн алгыны пайдаланып интервью алуу кеңири жайылган заманда кат жазып пикир алмашуунун өз артыкчылытары бар. Ал эки жакка берчү суроолорун жана айтчу ойлорун бышырып туруп жазганга мүмкүндүк берет. Атантай мырзанын коомдогу көйгөйлүү көрүнүштөргө «Фейсбукта» […]

Кыргыз эмнеден куурап атат? (2-бөлүк)

<<<<<<<<<<<<Башы Н. Капаров: Китеп окулбай калды, гезит окулбай калды, жакшы чыгарма жазылбай калды, адабиятка, театрга көңүл бурулбай калды, жакшы төлөнбөгөн үчүн опера жазылбай атат, ж. б. дегендердин баары туура. Субъективдүү себептери көп. Өзү биз, кыргыздар тарыхий жагынан байыркы эл болгонубуз менен мамлекеттик тажрыйбабыз жагынан жаш эл экенбиз, аз эл экенбиз. Мисалы, Кытайда китеп окуу же окубай калуу деген маселе болбойт экен. Алар 5000 жылдык тарыхы бар, 5000 жылдан бери такшалып келаткан эл экен. Өкмөт башындагылар туура жолго салса эле, өз […]

Салижан ЖИГИТОВ: Соодада уруу болбойт (4-сабак)

<<<<<<<<1-сабак <<<<<<<<2-сабак <<<<<<<<3-сабак — Бул жерде регион амбициясы жөнүндө сөз чыгып кетти. Жер-жерге бөлүнүү кыргызда мурда эле бар болчу, азыр да бар. Болгону мурда жашыруун, «подпольеде» жүрчү, азыр ачыкка чыкты. Аны коомдук пикир байкап атат, гезиттер ачык айтып, жазып жатат. Муну кандай десек? -Мен баягыда «КДК жаңы башталганда көпчүлүгүн ысык-көлдүктөр түзгөн деп эл айтып жүрөт» деп койсом, Казат Акматов силердин гезит аркылуу мага аябай жинденбедиби. Мен айтсам жинденет, андан кийин эле Сатыбалды Жээнбеков орусча гезитке жазып, мисалы, «баланча партия бастанча […]

Кыргыз эмнеден куурап атат? (1-бөлүк)

Олжобай Шакир: Бүгүн илим-билим, маданият, адабияттын маани-маңызын кеп кылалы дедик. Өзүңүздөр билгендей, СССР ыдырап, эгемендигибизге жеткен тушта баары чакчелекей түшүп жатып калды. Алдуу-күчтүү мамлекеттер ошондон пайдаланып Кыргызстанда өз окуу жайларын ачты, мурдубуздан жетелеген саясат күчөдү. Алдуу-күчтүү өлкөлөр өз окуу жайларын ачып, улут өз тагдырын өзү чечер деңгээлине жеталбай атат… Ошондон улам ай сайын «Сармерден» ресторанынын өнөктөштүгү менен бул жерге оозунда сөзү бар интеллектуалдарды чакырып сый тамагы менен бирге бильярд оюнун уюштуруп, түрдүү темада кеп козгоп келебиз. Муну угуп, Ишен байкебиз […]

Салижан ЖИГИТОВ: Сураганыбыз жардам, бергенибиз той (3-сабак)

<<<<<<<<<<< 1-сабак) <<<<<<<<<<<(2-сабак) — Той демекчи… Демократиянын деми менен республикалык масштабдагы юбилейлер, атактуу адамдарга арналган тойлор байма-бай            өткөрүлүп жатат. Менин байкашымча, эл жаңы башталганда жабыла колдоп чыкты эле, эми жадагансып калды. Канткен менен негизги күч ошолорго түшүүдө. Басма сөздө да, жай чарба сөздө да ар түрдүү пикирлер айтыла баштады. Бир даары айтат, 70 жылы совет өкмөтүнүн көрчеңгелинде келген ата-баба тарыхыбыз акталып, такталып атса, анан кантип майрамдабайбыз деп. Бир даары бул ар кандай айылдардын, ар түрдүү уруулардын амбициясына айланып кетти, эч […]

Салижан ЖИГИТОВ:  «Эки төөсү тең өлдү» (2-сабак)

<<<<<<<<<<<< 1-сабак — Салижан Жигитович, тарыхый шарт ошондой түшүптүр, жол билгендерибиз, кол билгендерибиз, иш билгендерибиз негизинен партократиядан куралыптыр. Байкап атабыз, азыркы демократтарга караганда алардын тажрыйбасы мол экен, иштин көзүн таанып, чарба жүргүзүү ыгын жакшы өздөштүрүптүр. Мындай сапаттарды эске албай эле биз, өзгөчө партократтардан демократка айлангандар, аларды өгөйлөп, колдон келсе түйүндүү иштерге аралаштырбоо аракетиндебиз. Кандайдыр бир партиянын идеяларын жактырганы үчүн кодулоо, биринчиден, демократия принцибине жатпайт, экинчиден антип отурсак, 2,5 миллион кыргыздын канча кадр таза каларын эч ким билбейт. Анын үстүнө партократтар […]

Салижан ЖИГИТОВ: Өзүбүздөн башканын баарына нааразыбыз (1-сабак)

— Чарба жүргүзүүнүн социалисттик механизми элди эмгек маданиятынан алыстатып койду дегендей ой айттыңыз. Бир аз конкреттештире кетесизби? — Мына, эгинге келели. Кыргыздар согуштан кийин жемди деле, нанды деле өзү даярдап алчу, соко менен айдачу, орок менен оруп, чийне менен ташычу, молоташ менен майкандап басып, данын өзүнчө, саманын өзүнчө бөлүп, анан ар бир айылдын тегирмени же эки үйдүн биринде жаргылчак болор эле, ошого тартып ун кылып алчу. Зыгыр же чемичке айдап, май чыгарчу. Кант менен болсо өзүн түгүл, башкаларды да камсыз […]

Тегерек үстөл: Памирлик кыргыздарды апийим талкалап атат…

Искендер Ормон: Кереге кеңешке кош келдиңиздер, урматтуу меймандар. Каникул бүтө элек, коё туруңуз дегенге болбой Олжоке шаштырып, демилгелеп, «РухЭш» сайты менен «Кереге» кеңеш «Боордоштор» аттуу тегерек үстөл уюштуруп тургандагыбыз. Күзгү эшигибиз ушуну менен ачылып атат, буюрса. Калган сөздү Олжоке өзү айтсын, сөз тизгини сизде. Олжобай Шакир: Искендер Ормон уулу бул «Кереге» кеңештин төрагасы. Эки жылга жакындап калды, ушундай маселелерге келгенде колдоо көрсөтүшүп, өнөктөш болуп жүрөбүз. Талкуунун жүрүшүндө козголгон маселелер тегерек үстөлдө эле калып калбай, бийликтин инстанцияларына да жетсе дейбиз. Мени […]

Арменияда бийликтен мурда аң-сезими кандай өзгөрдү?

Мхитар Айрапетян 29 жашта. “Баркыт ыңкылабынан” кийин Диаспора министрлигине дайындалган. Армян министрлеринин эң кенжеси. Никол Пашиняндын өкмөткө каршы жүрүшүн колдоп, башынан чогуу жүргөн. Еревандагы сапарыбызда жолугуп, азыноолак кепке тарттык. — Сиз ушул кызматка киришкенден көп өтпөй “биз аң-сезимге, баалуулуктарга революция жасадык» дедиңиз эле. Чечмелеп кетесизби? — Кээде революцияны бийлик алмашуу деп эле кабыл алышат. Бирок бизде андай эмес. Биздин революция  — ой жүгүртүүнүн, баалуулуктардын жана мамиленин өзгөрүшү. Албетте, баалуулуктарды өзгөртүү узак процесс – муундардын алмашышы, жаңыча тарбия керек. Бирок кыска […]

Чыңгыз Айтматовдун союз кезиндеги Ысык-Көлгө карата тынчсыздануусу

ЫСЫК-КӨЛДҮН КУТУ ЖАНА КУНУ Чыңгыз Айтматовдун «Социалистическая индустрия» газетасынын кабарчылары менен маегин «РухЭштин» окурмандарына сунуштайбыз… — Көлдүн сыйкырдуу сулуулугу, анын көөнөрбөс жана кайталанбас көрк-адеми көп сандаган уламыш-жомоктордо аңыз болуп айтылып, аваз болуп ырдалып келген. Ага улуу саякатчы Семенов-Тянь-Шанский да суктанып, бул керемет жерди «ак карлуу көрөсөн тоолордун көбөөлүндө уюп калган көөр ташка» теңештирген. Ысык-Көл сизге да кымбат жана кыйбас болсо керек! — Ысык-Көл – менин кутман бешигим. Ал наристе кезимде мени алдейлеп, боз улан курагымда боюма кубат уютуп, чыгармачылык иште […]

Акыл гимнастикасы шахмат туурасында сөз

Кыргыз жөө жомокко жакын эл. Логикалык тапшырма, акыл мүшкүлүнө келгенде, баш оорутканды каалабайт. Ой жөндөмдү арттырар шахмат өнөрүнүн өрнөктүү ролуна маани бербей келебиз. А маани бергендер абыдан саналуу. Ошол саналуулардын бири бүгүнкү маектешибиз – белгилүү журналист Болотбек Жумабаевдин жакында “Шахмат залкарлары” аттуу китеби жарык көрдү. Мындай китеп ар бир үйдө турса жаман болбойт эле, бирок андай эмгектин кадырын түшүнөбүзбү?! Келечек муунду тарбилоо жаатында жалпы жумуриятыбыз менен жапатырмак киришер мезгил келип жетти көрүнөт… Прогресске багыт алган элдер жеткинчек муунду тарбиялоодо бала […]