Дилазык: Бала бойдон калгыла

Ыйлады көз жашын тыя албай, Бир айым, көчөдө буркурап. Аңгыча топ балдар келишти, Түртүшүп, ойногон чуркурап. Кайрылып бир бала сурады: — Эжеке ай, эмнеге капасыз? — Аны сен түшүнүш эли эрте… — Түшүнөм, неге антип жатасыз? Анда айтат, шолоктоп ал айым, Арманды ук түшүнсөң, карегим: Ах, мени сүйбөдү бир да жан! Эч кимге жок менин керегим! Бүт күчүн, эрдигин чогултуп, Балп этип, таштады сөздөрүн. Баарынан сурадыңбы эже?—деп, Бакырайтат күнөөсүз көздөрүн. Үчүнчү класстын окуучусунун тилеги Бир жолу жаңы жыл астында эжейи […]

Төтө жол: Тогуз кайрык

Улуу Айтматовдун “жазуучу жазбай жүрсө да жазып жүрөт” деген кеменгер кебиндей калемиң бечара ак баракка жорголоп турбаса болорбу, “кулак укса курсак кайнайт”, көзүң көргөнгө көңүлүң толкуйт, ов! Ошондон, дагы бир акылман абабыз Токтогул акын “Тогуз кайрык” деп күү черткен тура. Кайран “Тогуз кайрык…” Айлампадагы адамзат турмуш жолунун арман-кубанычын ушундай бүкүлү айтып, бүкүлү кабыл алып аш кыла сиңирген элден элек, оозеки жана жазма адабиятынын бүткүл дүйнөлүк шедеври “Манас” менен Айтматовду жараткан элден элек… Анан ушундай, ушундай “элек…” деп өчөйүп отура бербей […]

Олжобай Шакир: Байларды кээде жаман көрөбүз, кээде жакшы көрөбүз…

Өмүрүмдө «чү» деп баштаган ишти «тү» деп таштаган учурларым көп эле болду. Көп эле нерседен көңүл кайтты, көңүл сууду, бирок мен көңүл кайтпай турган ыракаттуу эрмек таап алгамын өзүмө. Аным рухий ыракаттуу, эш туткан эрмек – «РухЭш». Ал менин өз жан-тенимден жаралган медеримдей болуп калды бүгүн. Ооба, асыраган балаңды медер туткандай эле, мээнетиң корогон иш медериң эмей эмине. Мурда жарым-жартылап бүтө турган болуп калган аңгеме, повесттеримди медер тутуп келсем, азыр аларга өгөй атадай мамиле кылып келаткандай сезем өзүмдү. Албетте, алар […]

Ишен Жакыпбеков: Бильярд боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын столдорун кыргызга ишенип тапшырышты

Улуттук сыймыгыбызды жаратар инсандар арабызда эле жүрү. Тек биз аларды даңазалай албайт экенбиз, өз убагында кадырбап барктай албайт экенбиз. Демейде элдин үрөй-үшүн алган кабарларды куштай сызып учурган журналисттерибиз, жакшы кабарды жамы журтка жайылтууга келгенде ташбакадай кыбыр экенин ушул мерте да көрдүк. Жалгыз гана “Азаттыктын” кабарчылары учкай маалымдаганы болбосо, жакында Россияда болуп өткөн Ишен Жакыпбековдун жаратмандык ийгилиги тууралуу тележурналистикадагы кесиптештерибизге, болгондо да жетекчилерине чейин кулак кагыш кылдык, бирок бири да ордунан былк этип койбогону таңгалтырат. Сөзүбүз куру болбосун үчүн биз аларга […]

Добулбас (тамсил)

Жаагы бир да жабылбас — “жан“ болду го, добулбас: “Добушум менин катуу”- деп, башкаларга керкейет. Өөдөгө созуп моюнун өзүн ойлойт таланттуу, өзгөгө керип көкүрөк. Бапылдактан башка жок, калдайып чыгат алдыга, башкаларга сөз бербей, бөлөктөн укпайт акыл, кеп. Оюн  бирөө түшүнбөй, мээси көңдөй болсо да, какылдай берет, тынымсыз. Эртели-кеч билген ойну — даңка, дүңк дабышы болсо, жагымсыз. Обону да татымсыз… Илип алаар ою жок, тантыктарды укканда убакыт өтөт, кайрымсыз… *     *     * Добулбастай маңыз, көңдөйлүгү менен иши жок, болбосо да эч […]

Саул Абрамзон: Кыргыз элинин дыйканчылыгы

Кыргыздардын чарбачылыгы бир беткей өнүккөн эмес. Кыргыздардын малчылыгы дыйканчылык, анан анча-мынчалап аңчылык кылуу менен да айкалыштырылган, чындыгында ал комплекстүү мүнөздө болгон. Анткен менен кыргыздардын ар түрдүү топторунун чарбачылык багыт алуусу бирдей болгон эмес. Азыркы кездеги кыргыздар мекендеп турган аймакта дыйканчылык маданияты алда качантан эле болгон. Ал байыркы мезгилде Ферганада кыйла өнүгүүгө жетишкен; биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын экинчи жарымында дыйканчылык маданияты Чүй өрөөнүндө гүлдөө мезгилин башынан өткөрүп, ага Согдадан келген дыйкандардын таасири тийген. Моңголдор мезгилинен кийин түндүк Кыргызстанда дыйканчылыктын толук […]

Кыргыз тилдин душманы кыргыз

Айына бир жолудан “РухЭш” сайты жана “Сармерден” ресторанынын өнөктөштүгү менен уюштурулган маңдай-тескей баарлашуубуздун бүгүнкү меймандары: белгилүү теледиктор Айнура Кабатай кызы, адабиятчы Гүлзада Станалиева, манасчы Рысбай Исаков менен болгон сөз маданияты жөнүндө сөз кылдык… Олжобай Шакир: Сөз учугун кыздарга узатайын десем, бу жерде жөн манасчы эмес, жаттама да манасчы эмес, төкмө манасчыбыз отургандыктан – сөздү ушул үкам баштап берсе дейм… Рысбай Исаков: Эми сөз жөнүндө, тил жөнүндө кеп козгой турган болсок, “Манас” сыяктуу эле аркырап, түгөнбөй турган нерсеге кезигебиз. Өзгөчө көйгөйлөр […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын таттуусу – Жан, ачуусу – Өлүм

«Жан» түшүнүгү – адам акылынын албан ачылгасы, турмуштук туу табылгасы, тутунган туур-таянычы болгон. Жаралган нерсени жандаган күч болмогу, бар нерсени бир нерсе коштой жүрмөгү – Жараткандын мыйзамы. Ошол керемет күчтү адамдар «жан» деп түшүнүп, ага арыбас да, карыбас касиет беришкен. Ага «кылдын учунда» деп аяр мамиле жасап, «таттуудан таттуу – жан, ачуудан ачуу – өлүм» деп бүтүм чыгарышкан. «Аа» деген дем менен денге жан кирген, ошол дем менен жан чыккан. Ошентип, сөз жаралган, үн, жан жаралган күн болгон. Ден бар […]

Бери караң: Тарбия жана үй-бүлө жөнүндө насыйкат

Балдарыңардан кумир кылбагыла: алар чоңоюп алганда — курмандыкты талап кылат. (П. Буаст.)  Балдарыбыз бизди консерваторсуңар деп күнөөлөсө, неберелерибиз алардан өчүбүздү алып берет деп өзүбүздү сооротолук. (И.Д.Вильде) Эркелетип жеңе албаганды, күч менен да жеңе албайсың. (А.П.Чехов) Уруп-сабоо жана кагып-силкип тилдөө апийим сыяктуу: таасири тез мокойт да, анын өлчөмүн эки эсе көбөйтүүгө туура келет. (Г.Бичер-Стоу) Биринчи сабак балдарды баш ийүүгө үйрөтүү болгондо гана экинчи сабак сага керектүү деген нерселер болушу мүмкүн. (Б.Франклин) Тарбия ишиндеги парадокс: тарбияга муктаж эместерди тарбиялоо — оңойго турат. […]

Нурлан Тагаев: Коомдук эс тутум

Күнүмдүк турмушту тумандай каптаган саясый айтыштар, курултайлар, эски жаңы саясатчылардын күрөшү, арада бир, кайсы бир депутаттын обу жок сөзү турмуш тиричилигибизге ушунчалык сиңип кетти окшойт, бүтүндөй калайык, келечегибиз саясатчыларга байланыштуу экенине ишенип калып атабыз. Өлкө келечегин жакшыртуучу себептерди; көңүл башкага бурулганданбы же коомдун эс тутуму тиричиликке төнүп кеткенденби, айтор унутуп калып атабыз. Баарына эле белгилүү болгон коомду артка тарткан себептерди кайрадан бир эске сала кетсек. Булар – караңгылык,  жакырчылык жана мыйзам чегинен алыстоо. Биринчиси — билим берүүнүн сапаты оңолмойун жашоо […]

Рахат Таштемирова: Сократты эскерүү – адамзатка эскертүү

(Ч. Айтматов, М. Шахановдун “Сократты эскерүү” драмасы боюнча) Бул драманы 2000-жылы сахнадан көрүп, өтө таасирленген элек. Анткени, ошол учурда чын эле руханий баалуулуктардын куну учуп, материалдык байлык адамдардын аң-сезимин башкарып келе жаткан. Азыр андан да күчөп барат. Баса, ошол оюнга Акаев баш болгон “ак үй, көк үйдөгүлөрдүн” көпчүлүгү катышкан эле. Мен болсо, бир жумага чейин ошол драма менен түйшөлгөм… Ал драманы эмнегедир кийин көрө алган жокпуз… Жакында бул драманы кайрадан окуп чыккан соң, андагы көтөрүлгөн маселелер, авторлордун айтайын деген ойлорунун […]

Эстафета эл өкүлү Нурбек Алымбековдон депутат Бактыбек Райымкуловго өттү

Учурда рухий коом агартуу миссиясын аткаруу баарыбыздын милдет. Оболу, улуттун аң-сезимин, маданият, билим деңгээлин өстүрүүгө багытталган «РухЭш» сайтынын аракеттери менен жеке менин да кабарым болгондон улам Жогорку Кеңештин депутаттары арасында улантылып келе жаткан саамалыкты колдоого мен да тилектештигимди билдирем жана сайттын чыгармачыл тобуна албан ийгиликтерди каалайм! Албетте, азыркы күндө коомчулук арасында жылуу пикирлерди жаратып: адабият, маданият, илим жана билим тармагында өз таасирин күндөн күнгө өстүрүп жаткан «РухЭш» сайтынын рухий коом агартуудагы аракеттери коомчулук тарабынан да жапатырмак колдоого муктаж экени кесиптештерим […]