Аалы Молдоканов: Кыргыз тил мугалими Кыргыз өкмөтүнүн абийрин жапты

Ат-Башы районунун Казыбек айылы Ыбырай Абдырахмановдун 130 жылдыгын белгиледи. Соӊку жылдары белгилүү адамдардын майрам – мааракелерин өткөрүү оюнга жана ооруга айланды. Өкмөт өзүнө келген сунуштарга ары карап ыйлап, бери карап күлүп, токтомун чыгарымыш болот. Артынан сая түшкөн кишиси болбосо, чечимин ошону менен унутат. Бир кездерде чечим чыгаары менен тийиштүү комиссия (топ) түзүлүп, жооптуу адамдар, каржысы каралаар эле. Азыркы атка минерлер катышканын, сүйлөгөнүн колколоп, такыр башка тактиканы тандап алган. Бүгүн ошондой мааракелердин бири тууралуу окурманга отчет берели. Ыбырай деген ысымды кат […]

Олжобай Шакир: Жер-Эненин убалынан коркпогон кыргыз

«Башынан оор кыйынчылыктарды өткөргөн эл тагдырын изилдеген тарыхчыларга экмет: жер үстүндө кайсы калк билимсиз болсо, ошол калк эзилип келген». (Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ) 90-жылдардан кийинки кыргыздын кымгуут жашоосу элди дагы бир тарых сыноосуна кептеди. 70 жыл бою бапестеп багып өстүрдү, окутуп-чокутту деген социалисттик түзүм кыргызды борпоңдукка үйрөтүп, элдин аң-сезимин даяр ашты гана аңдыганга көбүрөк тарбиялап келиптир. Эмне болсо Совет өкмөтүнүн камкордугуна үмүткөр болуп көнгөн калкыбыз кийин «өз алдынча эгемен өлкөгө ээ болдук» дегени менен өз чарбасын жүргүзө албай очорулду. Турмушка, эмгекке […]

Умут Асанова: Уланбек Эгизбаев – интеллектуальный воин нашего времени

Акыйкат деп чуркаган кайран Улан, Айкөлдүктүн бүткөндөй байрагынан, Жүрөр элең шамалдай алып учуп, Жүрөгүңдү чындыкка кайрап улам. Бердибек Жамгырчиев «Кайран Улан» аттуу ырынан саптар Перед глазами одна из его передач…  О коррупции в выделении земель для могил.  Он стоит у двери кабинета высокопоставленного чиновника, начальника отдела по выделению могильных земель, в мэрии. Его не впускает помощник чиновника, грубо отталкивая от двери, которую он открывает, чтобы самому зайти, и тут-же резко закрывает прямо перед носом Уланбека. Закрывает на ключ внутри… Вот […]

Умут Асанова: Универсалии в монументальных памятниках изустного творчества разных народов

(НА ПРИМЕРАХ МАХАБХАРАТЫ, БИБЛИИ, МАНАСА) Тезисы Внимательное ознакомление с изустным творчеством разных народов, впоследствии в разное историческое время и пространство оформленным в монументальные памятники религии, наводит на мысль об универсальных ценностях, являющихся корневой осью развития разных культур. Сравнимы ли Махабхарата, Библия и Манас? Сравнение предполагает выявление единства сравниваемых явлений, на первый взгляд кажущихся совершенно разными культурными феноменами. Сравнение их предполагает выявление их различия, которые, на первый взгляд, явны и не требуют доказательств. На поставленный вопрос мы отвечаем: Да. В чем […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын башаты – Мекен

«Топурактан жаралганбыз, топуракка барабыз» деген элдик түшүнүктүн төркүнү эл тамыры менен жер тамыры киндиктеш экендигин шоораттап турат. Кыргыз баласы туулган жерин ата мекеним, ата журтум, ата конушум деп, жердин ээсин аталар деп түшүнгөн. Ошондуктан, уул балдарда мекенди, эл-жерди коргоочулук сапаттар тарбияланган. Жоокерчилик замандарда элибиз маркумдардын сөөгүн бөтөн жерге калтырбай, өз жерине алып келип жашырышчу экен («Өгүздүн (огуздун) өлгөн жерине өкүр»). Айылдан узап баратканда же ага келатканда адегенде арбактарды эсте деп, мүрзөнү айылдын кире беришине, же секиге, көрүнүктүү жерге коюшчу экен. […]

Аскер Сакыбаева: Уланбек жаш болсо да «Улут абийри» деп таанылды

“РухЭш” сайтынын арышы катуулап, окурмандары калыңдап келе жатканына туура эки жыл толду. Эки жыл ичинде чыгармачыл чөйрө үчүн бир топ мыкты конкурстар өткөрүлүп келет. Адабий конкурстардан сырткары да өзгөчө бөлүп карай турган саамалыктардын бири – Салижан Жигитов атындагы “Улут абийри” (100 миң сом) жана Ишенбей Абдразаков атындагы “Руханий эш” (100 миң сом) сыйлыктары жыл сайын ушютурулуп келаткандыгы. Өткөн 2017-жылы “РухЭш” сайтынын бир жылдык тушоо кесер аземинде аталган сыйлыктар айтылуу эколог Эмил Шүкүровго жана белгилүү журналист Нарын Айыпка ыйгарылган эле. Быйыл […]

Олжобай Шакир: Театр курулушунун айланасында жемкорлук болгонбу?

Талас облусундагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык-драма театрынын курулушу 2017-жылдын дал ушул октябрь айында толук бүткөрүлүп, анын расмий ачылышына мурдагы КР Президенти А.Атамбаев барып лента кескени белгилүү. Анан эмне болду? Кызыгып көрсөк, кызык иши бар шекилдүү… Аталган театр жалдануучу курулуш мекемеси ОсОО «Арсенал Курулуш БМ» тарабынан бүткөрүлгөнү коомчулукка маалым. Бу жерде театр курулушун бүткөргөн мекеменин атын атайы белгилеген себебибиз: Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев облус жетекчилигине дайындалганга чейин Талас облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) ачандиги болгон экен. Дал […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын акылы – макал

Адам баласы ар убак акыйкатты таанып-билүүгө куштар. Ушул өңүттөн алганда, макал-ылакаптар буга кызмат кылган уникалдуу жана универсалдуу табериктер десе болот. Аларда тарых менен турмуштун изи таасын сакталып, элдин кулк-мүнөзү, ой-санаасы, туу туткан дөөлөттөрү шүүдүрүмдүн тамчысындай бажырайып көрүнүп турат. Макал – нак акыл. Ылакап – ылайык кеп. Макал көбүнчө акылга (ак кыл) басым жасаса, ылакап эске таянат.  Ошондуктан акыл-эс сыяктуу макал-ылакап да чогуу айтылат. Макал турмуш көрүнүштөрүнө, адам сапаттарына ж. б. акыйкат бүтүм чыгарып, аны чулу, айкын, так туюнтуп, ыргактуу, уйкалышып […]

Жулунган журналисттердин озуйпасы

«Журналистика – чоң күч. Анын күчү дамбаны бузган суудай баарын ойрондойт. Ээн баш журналисттин калеми да бүлдүргөндөн башкага жарабайт«. Махатма ГАНДИ Улуу саясый ишмер, улуу ойчул Махатма Гандинин бул айтканына кыргыз бийлиги да, кыргыз журналистикасы да көңүл бөлбөй келет. Чын-чынында коом, дегеле жалпы дүйнөлүк саясат – журналистиканын эбегейсиз зарылчылыгы менен жүргүзүлөрүн терең аңдасак кана! Эпиграфтагы накыл кептин биринчи бөлүгүндө, албетте, күчтүү журналистика дамбаны бузган суудай зор таасирге ээ болгондуктан, дүйнөдө болуп жаткан ийгиликтердин эч бирин маалыматтык жеңиштин ролусуз элестетүү мүмкүн […]

Бакытбек Абдуллаев: Кыргыз тилдин чыныгы тойун көргөндү насип кылсын

Бир ишти ийгиликтүү аягына чыгарып, анан аны жыргап майрамдаган кандай сонун. Майрамдаганга, тойлогонго эмне жетсин? Тойго келгендерге белек-бечкек таратып, тойду сонун өткөрдүк деп ырахат алган учурчу? Негизги сөзгө келейин. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макам алышына карата 21-сентябрда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы филармонияда Кыргыз тилине салым кошкондорду сыйлаган иш-чара өткөрдү. 2014-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы (2014-2020-жылдарга карата) кабыл алынган. Анын алкагында “Кыргызтест” системасы былтыры ишке кирип, 2018-жылдан баштап мамлекеттик кызматкерлер ушул тесттен өтө баштады. […]

Кыргыз интеллигенциясынын көзү көр, кулагы керең

Бизге СССР деген байтүп дарак эбак соолуп, бутактары куурап-чирип жок болгондой туюлат. Аныгында: анын сээп кеткен үрөнү бүгүн да тамырын жайып, жайкалган бутактары жемишин берип жашылданууда. Маселен кайсы тамыры жайылып, кайсы бутагы мөмөсүн берүүдө дээрсиз. Жооп издейли… КМШ курамындагы өлкөлөрдөн Орусия өзү баш болуп мамлекеттик сыйлык-наамдарды жоюп салган жок. Эмнеге? Ал СССРден калган ошончолук ыйык мурас беле? Жок! Ал да өзүнчө кошоматчылар коомун түптөй турган эң мыкты иштелип чыккан саясый механизм эле. Ошол механизм аркылуу жасалма интеллигенция түптөлгөн, чыгармачыл союздар […]

Сүйүн КУРМАНОВА: Мечит эч качан мектепти алмаштыра албайт!

Мындан он, он беш жыл мурда эле туташ сабаттуу делип келген Кыргызстанда азыр «Мектеппи, мечитпи?» деген суроонун жебе болуп сайылып турганы кызык болуп жатат. Балдарда жалпы дүйнө тааным боюнча базалык пластты түзүп, инсан катары калыптандыруучу негизги мамлекеттик мекеме болгон орто билим берүүчү мектептин билим берүү деңгээли белгисиз, калыптанган базасы, иштелип чыккан ыкмалары дайынсыз мечит менен эмнеге бир таразага коюлуп жатканынын башка себептерин окумуштуу изилдөөчүлөр айтышаар, мен өзүмдүн журналисттик байкоолорумду ортого салгым келди. Коомдогу соңку социалдык-экономикалык кыйын кырдаалдардын билим берүү тармагына […]

Эсенбай НУРУШЕВ: «Айтматология: Жамийла жана улуттук эрос»

АТТУУ АДАБИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭТЮДДАРДАН ҮЗҮНДҮ ЭЛДИК ЭЙДОС ЖАНА «БУЗУКУ» ИШТЕР Өйдөдө айтканыбыздай, алтымышынчы жылдардын башталышындагы адабият эңгезерлери, айрыкча алардын «корифейлер» катмары бул чыгарманы «улутту шылдың кылган, кордогон» факты катары кабыл алышкан. Алардын бири повестке, атап айтканда, мамындай баа берген экен: «Жамийла менен Данияр адамдын жакшыларын таап сүйгөндү билбеген… эгоисттер. Сараң сараңды сактагандай, эгоист эгоистти гана мактап сүйөт. Алар учуру келгенде коомдон безип кете беришет. Эмне үчүн Жамийла менен Данияр башка тарапка качып кетет? Дал ушунун өзү натуура – ушак. Акырында «жаным, […]

Ишенгүл БОЛЖУРОВА: Мектеп жана мечит соодасы

Кылган тартуусунан кыйынын чыгарган данаялыктардан корк! Сентябрь айынын алгачкы жумасы Саясаттан; Спорттон; Билим берүүнүн; Соода-сатыктын; Диндин; — айрым мамлекеттердин башчыларынын биздин өлкөгө жасаган визити жана башка көптөгөн көйгөйлөрдөн куралган чыгырык жипти элестетти. Бул көйгөйлөрдүн чечилишинен биздин өлкөнүн эгемендиги чын же кагаз жүзүндө эле экендиги аныкталат. Анда эмесе, ар кыл жагдайларды өз ичине камтыган чыгырык жиптин учугун бир четтен баштап чубап көрсөк. 1-ЖАГДАЙ: Көчмөн элдин эркин майтаруу оңой эмес Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда биздин кайратман спортчулар эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин күчү […]