Түркияда демократия комада жаткандай…

2000-жылдардын башында мусулман өлкө катары Түркия демократиянын жолунда алгылыктуу кадамдарга баргандыгынан улам дүйнө коомчулугу тарабынан алкыш ала баштаган. 2002-жылы бийликке келген партия Европа Биримдигинин демократиялык стандарттарына шайкеш келчү реформаларды жасап, адам укуктары боюнча өлкөнүн имиджин оңдоого киришкен. Тилекке каршы, бул реформалар узун өмүрлүү болбоду. Бир канча жылдар соң реформалар токтоду. 2011-жылдагы шайлоодо бийлик партиясы үчүнчү жеңишке ээ болуп, ошол учурдун өкмөт башчысы, бүгүнкү президент Эрдоган теңирден тескери кетти. Ошол учурдан баштап авторитаризмге жол алган Түркия мусулман өлкөлөрүнө үлгү болуудан алыстады. […]

Кубан Мамбеталиев: Жолдор жана жоролор

Жогорку Кенештин депутаты Канат Исаев азыр салынып жаткан Түндүк-Түштүк жолунан мамлекетке тийген зыяндын көлөмү 300 миллион доллар экенин айтты. Коркпой эле айтты, бирок ушундай көрүнүшкө 2015-жылы өзү көмөктөшкөн, себеби ошол кезде премьер-министр болгон Темир Сариевке “жол салган компанияны туура эмес тандадың” деп күнөө такты. Ошол дооматынын логикасы жок эле. Сариев эң арзан баага сала турган “Лонг Хай” деген кытайдын компаниясы менен келишим түзгөн. Эгемендүүлүктүн тарыхында мындай баа болгон эмес, ал Балыкчы-Корумду жолу. Бир километрине бөлүнгөн баасын башка жолго (формасы бирдей […]

Фетхуллах Гюлен: Турция упустила историческую возможность добиться демократии

Было бы ошибочным утверждать, что существует несовместимость между демократическими и исламскими ценностями, основываясь на негативном примере, который Турция представляет под 17-летним правлением президента Реджепа Тайипа Эрдогана. Об этом в своей статье для Le Monde написал лидер запрещённого в Турции движения Фетхуллах Гюлен. Он подчёркивает, что недолговечные демократические реформы Турции в период между выборами Эрдогана в 2002 году и полным разворотом демократических стандартов Европейского Союза в 2011 году превратили Турцию в пример для других мусульманских стран. При этом Гюлен отметил, что […]

Вадим Радионов: Язык превратился в политический инструмент

 Латвияда, соңку маалыматтарга ылайык, 1 934 миңден бир аз көп букарасы бар. 2011-жылкы эл каттоо боюнча жалпы элдин 62, 1% латыштар жана 26, 9% орустар. Латвия 2004-жылдан бери Евросоюзга мүчө. Улуттук өкмөттүн латыш тилин коргоо тажрыйбасы менен окурмандарыбызды тааныштыруу максатында “Радио свободага” (Поверх барьеров с Игорем Померанцевым, 15 марта) латвиялык журналист Вадим Радионов берген маектен үзүндүнү сунуш этебиз.   …Его хорошо знают в Риге по радио – и телепередачам, по публикациям в прессе. – Вадим, вы родились в Риге, выросли […]

Такталбас тарых: Атамбаев Айдар Акаевдин арты менен байлыкка жеткенби?

Маркум Мелис Эшимканов менен болгон бул маек 2010-жылдын март айынын соңунда “Эл мени жапырт жек көргөнүнө ишенбейм” деген аталыш менен жарыяланып (“Айат-пресс” 26.03.2010 №09 (58)), рубриканы “Капыл-тапыл маек” деп атаганбыз. Чынында Эшимканов экөөбүз капыл-тапылынан кезиге калып сөзгө тартсам, ымындай сырын төккөн эле. Ал мезгилде өлкөдөгү адилетсиз саясый кырдаал күндөн күнгө чыңалып, элде бакиевдик бийликке нааразычылык күчөп, анын командасындагы М.Эшимканов сындуу көрүнүктүү фигуралар көпчүлүккө суук тумшук саясатчы көрүнүп турган кезең эле. Мелис мырзанын ошол кездеги саясый кадамдарын көпчүлүк катары менин да […]

Раззаков кызматынан кандайча алынган?

“Кут болчу келген кыргызга, Табылбайт эми мин жылда!” Александр Шахмарданский. (Тарыхый очерк) ….Пленумду Кыргызстан КП БКсынын идеология боюнча секретары Абдукайыр Казакбаев ачып, докладды Турдакун Усубалиев жасаган. Докладында Усубалиев Раззаковду баштан аягына дейре жоктон барды, бардан жокту жаратын жамандаган. Президиумда отурган Раззаков мурункусундай эле, туурунда отурган тоту куштай бир кунунда, бир сынында отурган дешет. “Эмне үчүн мүңкүрөп калбайт, эмне үчүн шылкыйып калбайт?” деп Титов туталанып, ичинен жинденгени сыртына чыгып, билинип турганын көзү тирүүлөр эмгиче эскерип жүрүшөт. Усубалиевдин докладынан кийин Раззаков сөз […]

Сабатсыздыктын башында турган расмий документтер…

(же булак башынан качан тунат?) “Кандай гана улут болбосун, аны жок кылуу үчүн сөзсүз эле атомдук бомбанын кереги жок. Болгону билим берүүнүн сапатын төмөндөтүү – жетиштүү. Ошондо: доктурлардын колунан адамдар өлөт; укук коргоочу, соттордун колунан чындык чыркырайт; мыйзам чыгаруучулардын колунан башкаруунун башы айланат; билим берүүнүн кыйрашы – улуттун кыйрашы”. (Түштүк Африканын  университетинин кире беришине   жазылган маалыматтан) Советтик доордо Кыргызстанда сабаттуулук 99%ды түзүп, өлкөбүз интеллектуалдуу аймак эсептелсе, азыр бул көрсөткүч караанын көрсөтпөй, тескерисинче, 2018-жылдын сентябрь айында Булан институту Кыргызстанда мектептеги билим […]

Путин келер алдындагы беделдүү сунуш суу кечеби?

Бекназаров. Путин. Расмий тил. Революциянын эле эмес, саясаттын, укуктун да таш челген бульдозеру Азимбек Анаркул уулу аралашпаган тармакты табыш кыйын. Жаз алды менен ал Кыргызстандагы тил саясатынын тизгинин силкип, эчак бүтүп калган жаранын картын чукуп койду эле, орус тилдүүлөр, киргиз тилдүүлөр, аларга жан тарткандар бир дүрбөп барып токтоду. Келип кеткен орус тышкы иштер министри да ушул “мелочко” маани берип, сөөмөйүн кезегенине караганда старший брат биздин таз кейпибизди көрүп туруп, чоңдугуна сала берээри айдан ачык болуп калды. “Азаттыкка” адеп чыккан жылы […]

Атамбаевдин жек көрүүгө тукурган чагымчылдыгы жөнүндө сөз

Эл ичинде эмне кеп? 17-мартта Бишкекте акыйкаттык үчүн курман болгон, президент кезинде аларды оозанып эскерип койбогон Аксы элинин уулдарына А.Атамбаевдин куран окутканы, анан мусулманчылыктын ыйык салтын өзүн “пиарлаган” саясый аянтчага айландырып жибергени жай тириликке ык ала баштаган элдин арасында эки анжы ойду жаратты. А.Атамбаевдин калпты чындай урдурмай адатынан тажап жийиркенгендер кагып-силкели десе – курандын, арбактардын ыйыктыгын аттап кете албайт, айтпайын десе – анын ыймансыз жоругу, мыйзамдуу президентти, шайлоочуларды жана парламентти көз көрүнөө кордоп, аларды жек көрүүгө тукурган чагымчыл сөздөрү ансыз […]

Жетиген Асанбек: Өзүңөн көр, шайлоочу! (4-макала)

<<<<< Башы Парламенттик шайлоо алдында таскагы таш жара, белгилүү-белдүү партияларды бучкактай келип, атургай алардан озуп кеткен “Өнүгүү прогресс” партиясынын өнүгүп кетишинин сыры эмнеде эле? Шайлоонун үгүт кербени кызуу жүрүп аткан кезде тааныш эже гезитин көтөрүп келгенинен окусам, көптөн күткөн өткөн чактагы этиштер: мынча үйдүн короосу жарыктандырылды, мынча жарык коюлду, мынча иш кылынды… Иш сөзгө караганда катуураак сүйлөйт демекчи, ушунча жылдан бери убаданын көбү сөз жүзүндө калып келгенгеби, партия лидери Бакыт Төрөбаев кылган иштери менен парламенттик шайлоо алдында оозго алынды. Агрардык […]