Санжы ТУЙТУНОВА: Эмнеге азыр молдолордун сөзү өтүмдүү?

Москвада мушташкан кыргыз жаштарына жинденип жатасыңар. Бул жакта деле динчил, сабатсыз жаштардын армиясы турат. Мусулманмын дегени менен атасындай кишини, энесиндей аялды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, интернетте «шер» болуп отурушат. Бирдеме десе эле «теңирчи» деп баса калышат. Өктөм сүйлөп, «мамлекетти биз башкарабыз аз калды, кыздарды бөлүп окуталы» дей баштаганын окуп жатам. Эртең бирдеме болсо «бир элбиз, бир журтпуз» деп аяп койчу түрү жок. Ушулардын баарын көрүп туруп саясатчылардын, депутаттардын дин ишмерлеринен же динзарлардан жалтактап отурганын кандай түшүнүүгө болот? Же бийлик, […]

Салижан ЖИГИТОВ: Өзүбүздөн башканын баарына нааразыбыз (1-сабак)

— Чарба жүргүзүүнүн социалисттик механизми элди эмгек маданиятынан алыстатып койду дегендей ой айттыңыз. Бир аз конкреттештире кетесизби? — Мына, эгинге келели. Кыргыздар согуштан кийин жемди деле, нанды деле өзү даярдап алчу, соко менен айдачу, орок менен оруп, чийне менен ташычу, молоташ менен майкандап басып, данын өзүнчө, саманын өзүнчө бөлүп, анан ар бир айылдын тегирмени же эки үйдүн биринде жаргылчак болор эле, ошого тартып ун кылып алчу. Зыгыр же чемичке айдап, май чыгарчу. Кант менен болсо өзүн түгүл, башкаларды да камсыз […]

Олжобай ШАКИР: Дамбалчандарды даңазалаган саясат жүрүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мечиттердин саны мектептерден көп болгонун жакшы көрүнүш катары сыпаттаганы – журт башынын ой жүгүртүү деңгээлин дадил жылаңачтады. Агер президенттин турмушта тутунган философиясы ушул болсо, сыягы, Кыргызстанды жакынкы жылдарда прогресс эмес, регресс күтүп турат. Президенттин айтканын ким кандай кабыл алды, билбейм, жеке мен, С.Жээнбековдун бул айтканын – мектептердин ролун төмөндөтүп, билимдин кутуна шек келтирип, а мугалимдердин абыроюн чала молдолордун алдында басынткандай кабыл алдым! Ансыз да өлкөнүн эгемендик жылдарында мугалимдердин беделине доо кетип, кадыры кемип, эмгеги бааланбай калган […]

Россия представила В ООН террористическое досье на Эрдогана

Сеть Вольтер известного французского исследователя в сирийском изгнании Тьерри Мейсана начала публикацию засекреченного досье об участии Турции в формировании ИГ[1] в Сирии. Оно было представлено постпредом РФ в ООН Виталием Чуркиным ещё 10 февраля. Однако вероятность того, что турецкое досье будет когда-либо публично рассмотрено на заседании Совета безопасности ООН, как того требует Устав Объединённых Наций, маловероятна. Прежде всего, потому что представленные в нём факты могут засветить теневых союзников Турции по сирийской войне, грозя санкционированием главу VII Устава по силовому подавлению […]

Эмиль СУЛТАНАЛИЕВ: Как Кыргызстан стал полем битвы Эрдогана против Гюлена в сфере образования

Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган договорился об открытии сети школ «Маариф» в Кыргызстане — это часть его борьбы против идеологического противника, проповедника Фетхуллаха Гюлена, с которым была связана сеть турецких лицеев «Себат» в Кыргызстане. Эрдоган прибыл в Кыргызстан 1 сентября и сразу обозначил свою повестку во время визита — борьба против сторонников гюленовского движения «Хизмет» в Кыргызстане. В своей речи на встрече с кыргызским президентом Сооронбаем Жээнбековым он заявил, что не хочет, чтобы «Кыргызстан пережил события 15 июля». Под этим […]

Тегерек үстөл: Памирлик кыргыздарды апийим талкалап атат…

Искендер Ормон: Кереге кеңешке кош келдиңиздер, урматтуу меймандар. Каникул бүтө элек, коё туруңуз дегенге болбой Олжоке шаштырып, демилгелеп, «РухЭш» сайты менен «Кереге» кеңеш «Боордоштор» аттуу тегерек үстөл уюштуруп тургандагыбыз. Күзгү эшигибиз ушуну менен ачылып атат, буюрса. Калган сөздү Олжоке өзү айтсын, сөз тизгини сизде. Олжобай Шакир: Искендер Ормон уулу бул «Кереге» кеңештин төрагасы. Эки жылга жакындап калды, ушундай маселелерге келгенде колдоо көрсөтүшүп, өнөктөш болуп жүрөбүз. Талкуунун жүрүшүндө козголгон маселелер тегерек үстөлдө эле калып калбай, бийликтин инстанцияларына да жетсе дейбиз. Мени […]

Прогрессивдүү идея: Кыргыздын Остап Бендерлерине эстелик керек

Вашингтондогу айтылуу Смитсониан музейинин каадага сыйбас бир залы бар. Ал залдын экспозициялары, жөнөкөйлөштүрүп айтканда, бал тилдүү алдамчы-кесептерге, аферисттерге, финансылык авантюристтерге арналган. Калыстык үчүн музей жетекчилигине алкыш айтканга аргасыз болосуң. Себеби, андагы адамдарсыз АКШ тарыхы толук болмок эмес. Мына ошондой кесеп-аферисттердин бири Виктор Люстиг (1890-1947) Париждеги дүйнөгө таанымал Эйфел мунарасын бир жолу сатып, экинчи жолу сатканы жатканда “бети ачылат”. Ал чыгаан гангстер Аль Капонени (1899-1947) Улуу депрессия учурунда бир чай кайнамда 5 миң долларга алдаганга чейин барган. Виктор Люстиг сыяктуу чаар […]

Арменияда бийликтен мурда аң-сезими кандай өзгөрдү?

Мхитар Айрапетян 29 жашта. “Баркыт ыңкылабынан” кийин Диаспора министрлигине дайындалган. Армян министрлеринин эң кенжеси. Никол Пашиняндын өкмөткө каршы жүрүшүн колдоп, башынан чогуу жүргөн. Еревандагы сапарыбызда жолугуп, азыноолак кепке тарттык. — Сиз ушул кызматка киришкенден көп өтпөй “биз аң-сезимге, баалуулуктарга революция жасадык» дедиңиз эле. Чечмелеп кетесизби? — Кээде революцияны бийлик алмашуу деп эле кабыл алышат. Бирок бизде андай эмес. Биздин революция  — ой жүгүртүүнүн, баалуулуктардын жана мамиленин өзгөрүшү. Албетте, баалуулуктарды өзгөртүү узак процесс – муундардын алмашышы, жаңыча тарбия керек. Бирок кыска […]

Олжобай ШАКИР: Кара кыргызды караңгы элге айланткан динчилдер

Э кайран эл, кайран эл! Ача жолдун кай жагына түшөсүң?! Диний тескөөдөн тыш (светтик) өлкө делгени менен Кыргызстан бүгүн Конституциялык жол менен жашап жаткан жери жок. Расмий бийлик өкүлдөрү да Башмыйзамга эмес, жайнамазга баш уруп калганын кечээки Курман айт күнү көрдүк. Болгондо да мыйзам чыгаруу институту делген Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламент депутаттарынын атынан (!) куттуктады элди. Жетеленме парламент депутаттары каникулда жүрсө да. Ошол 120 эл өкүлүнүн атынан куттуктоо айтууга укугу бар беле анын?! Же 120 депутаттын баары эле […]

Павел Васильевдин ийгиликке жеткен чечендер сабагынан

Жеймс Хьюмстун “Улуу чечендердин сырлары. Черчиллдей сүйлө, өзүңдү Линкольндай кармай бил” аттуу китебине көз жүгүртүү. Чечендик өнөрдүн 15 ыкмасы жөнөкөй эле адамды, компаниянын  мыкты жетекчисинин деңгээлине жеткизип, анын ушул ыкмалар аркылуу жетишкен лидердик сапаты менен продукцияны сатуу жөндөмү ишкананын өнүгүп-өсүшүнө шарт түзөт. Бул тууралуу жетекчилердин эл алдында чыгып сүйлөчү сөздөрүн жазып берип, сырткы келбетинин кандай болушун аныктап, эл алдында өзүн кандай алып жүрүүнү, кантип сүйлөөнү, сүйлөмдөрдө акценттерди туура койгонду үйрөтүшкөн пиар-адистери жакшы билишет. Ошентсе да эң кыйынмын деген пиар-адис, өз […]

Олжобай ШАКИР: Улут тагдыры (1-макала)

«Эл кайсы бир убакытка чейин чоң жазуучусуз деле жанын сактай берет, а чыныгы журт башысыз жок болуп кетет». Тимур ЗУЛФИКАРОВ Бизде топ башкаргандар көп чыкты, асти, журт башкарар лидер чыктыбы? Журт башкарып, журт атасы болуу мүмкүнчүлүгү 2005-жылы К.Бакиевге келди. Бирок ал тарыхый озуйпасын түшүнбөдү. 2010-жылы Отунбаевага мүмкүнчүлүк келди, тилекке каршы, толук мүмкүнчүлүк беришпеди ага… Тек, кыска мөөнөт аралыгы болсо да, мүмкүнчүлүгүнө жараша мамлекеттүүлүгүбүздүн түркүгүн сактап калууга кудурети жетти. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасындагы ыйкы-тыйкыларга карабай, аял башы менен тик турду. Эң […]

Ырысы жок элдин жылышы жок

Биздин чоңдор кызматтык автоунааларын каалагандай минет. Той-ашка мингендери кеп эмес, кааласа катын-балдары базар кыдырат. Ал тургай чоңдун балдары KG номурлуу автоунаалары менен бей-бечара бирөөнү жабырлатып кеткен учурлар турмушубузда канча кайталанып келет?! Кээси МАИ инсекпекторун көзгө илбей чалчаңдап, айтор, карапайым элди каакым ордуна көрүшпөйт. Атүгүл KG номурлуу автоунаалардын айбаты күч кезде баңгизаттар ташылганы коомчулукта канча чуу жаратты? Кезинде каратүнөк кылмыштуу топтор менен алакалаш бийиктин даражалуу кызматында отургандын далайы өздөрүнүн көмүскө иштерин KG номурлуу автоунаалар менен жүргүзөрүнө жол бербеш үчүн KG номурларын […]

Нурлан ТАГАЕВ: Түрк кризиси кандайча болду?

Түркия валютасы лиранын кескин төмөндөгөнүнүн себеби жалгыз эле америкалык пастор Эндрю Брунсонго байланыштуу эмес. Түркиянын экономикалык кризиске кептелүүсү дүйнөлүк финансы чөйрөсүндө эбактан эле айтылып келинген абал болчу. Белгилүү экономисттер, эл аралык финансылык курулуш компаниялары Түркиянын экономикасы ылдыйлап баратканын белгилеп, буга туура мамиле кылуу зарыл экенин эскертип келишкен. Түрк өкмөтү эскертүүлөргө көңүл бурган жок. Тескерисинче, каршы туруп берди. Жыйынтыгында: күтүлгөн абал пайда болду. 2007-жылдары Федералдык резервдик банк (FED) арзан долларларды АКШ банктарына бере баштады. Банктар болсо бул арзан долларларды Американын ичинде […]

«Жемкор система» Жээнбековго неге кымбат?…

13-августа Улуттук Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков партиялык тизме менен шайлоону жактады. Мындай жол менен Жогорку Кеңешке депутаттарды  шайлоо Кыргызстандын эгемендүүлүк доорунда  кандай натыйжаларга алып келди? Мына ошого байкоо салып көрсөк: Кыргызстанда 2005-жылдан тартып Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен шайлана баштады. Мындай ыкма менен шайлоонун максаты партияларды өнүктүрүү болгон. Мына ошону менен партиялык тизме менен шайлоонун оң жагы бүттү десек болот. Ал эми терс жактары көбүрөөк болду. Аны төмөнкү фактылар ырастай алабыз. Биринчиден, партиялык тизме менен шайлоодо Жогорку Кеңеш шайланбай […]