Саул Абрамзон: Кыргыз элинин этникалык тарыхынын маселелери

Бул сүрөт Абылбек Байтерековдун калемине таандык <<<<<<<<<<Башы Азык уруусун биз байыркы асиги менен жакындаштырабыз. Гэшу (азыркы кушчу) сыяктуу эле ал Нушиви аймагына таандык болгон (VII к., Батыш түрк каганаты). Ошондой болсо да бул этнонимди Күл-тегиндин жана Тонукуктун урматына коюлган эстеликтердеги орхон жазууларында (Чоң жазуу) эскерилген «аз» элинин аты менен окшоштурууга болот. VII кылымдагы Жети- Суудагы түргөштөрдүн эки муунунун — тохсиликтер менен азийликтердин — окулушу күмөндүү экендигин белгилеп, В. В. Бартольд мындай деп жазат: «… мүмкүн азийликтер орхон жазууларында эскерилген аз […]

Саул Абрамзон: Кыргыз элинин этникалык тарыхынын маселелери

Кыргыз элинин пайда болушу жөнүндөгү проблема Борбордук Азиянын этникалык тарыхынын көбүрөөк татаал жана талаш-тартышуу жактарына кирет. XVIII кылымдын экинчи жарымынан баштап бул проблема орус, батыш европалык, чыгыш тарыхчыларынын, географтарынын жана хронисттеринин көңүлүн өзүнө бекем тартып келген. Кыргыздардын пайда болушу жөнүндө гипотезалар биринин артынан бири пайда болуп, ой жоруулар жана божомолдоолор айтылып, алардын этникалык тарыхынын ар түрдүү жактары изилденип келүүдө. Бул, биздин күнгө чейин айныбай, суубай келе жаткан кызыгуу көптөгөн себептер менен, айрыкча төмөнкүдөй кырдаал менен түшүндүрүлөт: тарыхый булактар далилдеп тургандай, […]

Василий Бартольд: Кыргыздар

ТАРЫХЫЙ ОЧЕРК Биринчи басылышына алгы сөз Кыргыз элинин тарыхы боюнча очерк басып чыгаруу жөнүндө Кыргыз Автономия областынын Эл агартуу бөлүмүнө караган Илимий Комиссиясы тарабынан капкачан эле ойлонулган болучу. Мындай басылманы чыгаруунун зарылдыгы кыргыз элинин өз тагдырын өзү чечүүгө жетишкенден кийин өзүн өзү таанууга, билимге, атап айтканда, өз тарыхын билүүгө кызыгуусунун өсүшүнөн келип чыкты. Мындан тышкары, биздин илимий адабияттарда Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири болгон кыргыз элинин тарыхы боюнча системага салынган бир да эмгектин жоктугун Илимий Комиссия эске алган; түркологдор […]

Саул Абрамзон белгилеген эшен-молдолордун куулук-шумдуктары

Манапчылык жана дин Бул макаланын максаты — конкреттүү тарыхый материалдардын негизинде мусулман дин кызматчыларынын «мүлктүүлөрдүн бийлигине» кандайча кызмат кылганын ачып көрсөтүү болуп саналат. Кыргызстандагы ислам кийинки жүз жылда өзгөчөлүү саясий тарыхты башынан өткөрүү менен өзүнүн өнүгүшүндө кыргыз коомунун феодалдык төбөлдөрү — манаптар менен эң тыгыз түрдө байланышып келген. Ушул мезгилге чейин сакталып келген жана кээде байлар менен бирдикте жеңиштүү социалисттик жүрүштү токтотууга аракет кылып жаткан манапчылыкка диний идеологияны калыптандырууда жана кыргыз эмгекчи массаларынын арасында исламды терең жайылтууда эң көрүнүктүү роль […]

Амирбек АЗАМ уулу: Полот хан жашынган үңкүр

Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы баш каармандардын бири Исхак же Полот хан. Ал 1876-жылы февралда колго түшөр алдында, Чаабай тоолорундагы үңкүрдө бир нече күн жашырынат. Бул эмне болгон үңкүр? Ал азыр барбы? Исхак молдо Хасан уулу. Теги кыргыз. 1873-жылы Кокон ханы Худаярга каршы башталган көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири. Ал 1875-жылы 27-сентябрда Анжыяндын Ботокара кыштагында Полот хан деген ат менен экинчи жолу хан көтөрүлүшкө чыгат. Ушул окуядан соң, тарыхчы Ташманбет Кененсариевдин жазышынча, “көтөрүлүштүн башында кайрадан чыныгы жетекчи катары Исхак-Полот хан туруп калган”. […]

Тайная гей-история Ислама

В мусульманских культурах гомосексуальность когда—то считалась самой нормальной вещью в мире-так что же изменилось? Когда-то ислам считал гомосексуальность одной из самых нормальных вещей в мире. Османская империя, самая могущественная в мусульманском мире, не воспринимала лесби или гей-секс как табу на протяжении веков. Они официально признали, что гей секс не преступление в 1858 году. Увы, когда христиане пришли с запада колонизировать, они заразили Ислам гомофобией. Но правда в том, что многие мусульмане, живущие сегодня, считают, что пророк Мухаммад С.А.В поддерживал и […]

Адамдар туулган жердин бир ууч топурагын түйүп алып, жолго чыгат…

Репрессияланган кыргыздардын жаркын элесине арналат Бул эмгек өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга дуушар болуп, Таврияга сүргүнгө айдалган кыргыздардын элесине арналат. Бул эмгекте репрессияга кабылгандардын туугандарына, жакын адамдарына, ошол окуяларга күбө болгон адамдарга жана Кыргызстандын коомчулугуна жазыксыз курман болгон мекендештердин унутулбай тургандыгы көрсөтүлөт. Мында Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин фондундагы жана архивиндеги документтер ошондой эле фотоматериалдар пайдаланылды. Алгы сөз Кээде, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө ондогон жылдар сарп кылынат. Андан жабыр тарткан адамдар көп учурда ошол мезгилге жетпей калышат. Бирок алардын балдары качандыр бир […]

Кыргыз тарыхы: Макелек Өмүрбайдын “илимий” жоромолдору

1-макала Тарых – тактыгы менен айырмаланган илим. Тарыхнаамалык түрмөктө бул ирет КЭРдеги калемгер Макелек Өмүрбайдын илимий чындыкка коошпогон айрым жоромолдору жөнүндө кеп козголот. Биринчи бөлүм. “Платон досум – бирок…” Илим чөйрөсү улам жаңы маалыматтар, улам жаңы табылгалар аркылуу байып турат. Кыргыз тарыхы деле так ушундай тармак. Кыргыз тарыхына таандык жаңы маалымат делген нерселер улам талданып жатканы демейдеги эле көрүнүш. Албетте, “жаңы” делген кээ бир маалыматтар салыштырма изилденип келгенде “фолк-хисториге” таандык, б.а. эч кандай фактологиялык негизи жок эле ойдон чыккан жоромолго […]

Чыркыраган чындыктын кичине чымчыгы

Александр Солженицындын «ГУЛАГ топ аралы» (“Архипелаг ГУЛАГ”) көркөм изилдөө тажрыйбасында 1918-жылдан 1956-жылга чейинки репрессия, большевиктик бийликтин тынымсыз улантылып келген жазалоо механизми көрсөтүлгөн. Хрущевдик “алабаардын” желаргысы менен советтик “Новый мир” журналына жарыяланган “Иван Денисовичтин бир күнү” аңгемесинен кийин жазуучуга репрессиядан жабыр тарткандардын эскерүүлөрү жаай баштайт. Аны көрүп Солженицын баштаган ишин аягына чыгарууну чечип, совет бийлигин жандап келаткан кандуу жазалоолорду иликтөөгө киришет. Бул иштин өтөле опурталдыгына карабай, жазуучу айтылуу чыгармасын аягына чыгарат. Куугунтук курмандыктары тууралу чындык толгон-токой тоскоолдуктарга карабай акыры ачыкка чыкты. […]

Эсенбай НУРУШЕВ: Безымянное преступление

Так называл геноцид Уинстон Черчилль еще до того, как был изобретен и введен в общественный дискурс этот термин. Но после Второй мировой войны слово получило международный правовой статус и стало определять тягчайшее преступление против человечества. Но что такое геноцид? На кыргызский язык термин перевели по следующей схеме: греческое слово genos – тукум (род) и латинское caedo – убивать. Получилось «тукум курут». И почти все, кажется, безоговорочно приняли и признали эту находку как точный и чуть ли не «научный» перевод термина […]

Мамбетжунус АБЫЛОВ: Кыргыздар, еврейлер жана шумерлер

Совет доорунда кыргыз тарыхы Москва таңуулаган чекте гана жазылган. Ким Гумилев, Бартольд, Киселев, Радлов, Аристов, Худяков, Кляшторный жана дагы ушулар сыяктуу орус, еврейлерден турган  тарыхчылардын бүтүмдөрүн туура десе, ал даражалуу тарыхчылардын тобуна кирген. Буга көнбөгөн Белек Солтоноев камалып, жат пикирге тумчуланган. Бүгүн орустардын үстөмдүгү жоюлса да, ошо бурмаланган тарых түзөлө элек. Совет доору кыргыздарды Алтай,  Орто Азия менен чектечү. «Манаста» «бири кеткен Кырымга, бири кеткен Урумга» деп аймак кеңейип айтылат. Совет доору урагандан кийин Византия империясынын Никеа шаарында (азыркы Изник) […]

Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда жаткан жаңы табылгалар

СССР ыдырашы менен бирге баары кароосуз калганын эми да сезип атабыз, айрыкча Илимдер академиясындагы качантан бери жаткан элдик казыналарыбыздын алигиче чети оюлбаганы көп ойго салат… Мындан мурда өз атам Эгембердиев Шакирдин кол жазмалары кокусунан колубузга тийип калганынан кыскача маалымат бердик эле. Бу сапар Совет адабият секторунун кызматкерлери Төлөев, Ж. Түлөкабылов.М., тарабынан 1960-жылы жыйналган эмгектердин арасынан Үркүнчиев Бороончу аксакалдын чыгармаларын жарыялоону эп көрдүк. Кезинде Салижан Жигитовдун оозунан укканыбыз бар, ал киши мындай таризде айтты эле: «Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда […]

Өскөн ДАНИКЕЕВ: Алгачкы төрага

Оболку окуялар, ошол окуя, өнөгөлүү өзгөрүштөрдүн күбөлөрү болгон адамдар улам убакыт өткөн сайын унутула баштайт тура. Эмне үчүн? Эми ал айтпаса да белгилүү да. Турмуш… Мына, башканы коюп, Улуу Октябрдан кийинки жергебизде болгон өзгөрүүлөр, аларды жүзөгө ашырган атуулдарыбыз туурасында маалыматыбыз канча? Билбейбиз. Бүгүн ал аста-аста өз ыраатына келе баштагандай. Оозеки айтымдар туруптур деңизчи, а басма сөздө канча ой, канча пикирлер басылып чыкпады. Талаш жок, басымдуу көпчүлүгү айгине. А кайсы бири жоромол, каңшаар калыбындагы айыңдар. Мен алардын бирөөнө гана токтолоюн. Бу […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Акын-демократ Токтогул Сатылгановдун адамдык жана акындык тагдыры тууралуу жаңы ойлор

Улуу акын, «тоо булбулу» Токтогул Сатылгановдун өмүр баянындагы бир катар так эместиктер менен саясый бурмалоолор да бар экендиги эгемендик жылдарынын алгачкы күндөрүндө эле айтыла баштаса да, дагы деле андай сөздөр кулактын кыйырынан өтүп, көздүн жаздымында калып келатат. Анын акындык да, адамдык да бейнеси тууралуу кийинки муундарга туура так маалымат берүүнүн мааниси, албетте, чоң. Анын башаты эле мектептин окуу китептери экендиги талашсыз. Анткени окуу китеп гана мектепте өсүп келаткан жаш муундарга туура, так маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Азыркы адабият окуу китептерин […]