Сагын Акматбекова: «Күүмүн, бирок комуз менен чертилбейм…»

Шербет менен таанышып, анын үйүндө болгон бир кеч эсимден кетпейт. Ал кездерде Шербет андагы Фрунзенин Панфилов көчөсүндө турчу. Чакан короодо бир түп дарактын түбүндө отурганбыз. Тепкедей үйдүн терезесинен түшкөн жарыктанбы, же асмандагы айдын жарыгынанбы, айтор айлана-тегерегибиздин баары каршы-терши көлөкөлөргө, шобурт-шоодурларга толгон бир керемет кеч эле. Кийин, кийин биздин үйдө, же алардын үйүндө жолугушуп, ырдашып ырыбыз, сүйлөшүп сөзүбүз бүтпөй, ай батырып, күн чыгарган кездерибиз көп эле болду. Кез өзгөрдү, заман өзгөрдү, кишилер өзгөрдү, бирок Шербет өзгөргөн жок. Чайпалбады, төгүлбөдү. Кандай аруу, […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын туткасы – Салт, калысы – Калк

«Калк» түшүнүгүнүн мааниси «эл», «журт», «көпчүлүк» түшүнүктөрү менен үндөш болгону менен, анын төркүнү адамдардын аймактык жалпылыгын туюнтуп турат. Андыктан, тигил же бул маселе боюнча коомчулуктун пикирин угуу зарыл болгон учурда, элибиз «Калк айтса, калп айтпайт», «Көптүн көзү көрөгөч» деп, анын пикирине астейдил кулак төшөгөн. Калк ар убак калыстык, адилеттүүлүк, чындык тарабында болгон. Мына бүгүн да ошол калктын ишеничине арзыган эл өкүлдөрү мыйзам чыгарууга адистешип келишет. Асыресе, «мыйзамды чыгаруу» мүмкүн эмес. Элдик көз караштан алганда, ал табият же турмуш тарабынан аныкталган, […]

«РухЭш» сайтын колдоо акциясы Нодирбек Каримовдон Чыныбай Турсунбековго өттү

Улуттук адабиятыбыздын жана маданиятыбыздын жүгүн көтөрүүдөгү “РухЭш” сайтынын аракеттери Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынып, аталган сайтты өнүктүрүү максатында уланып келе жаткан эстафета саамалыгын мен да чын жүрөгүм менен кабыл алдым. Коом агартуу максатындагы алгылыктуу иштерди колго алгандыгы менен кеңири окурмандардын сүймөнчүгүнө ээ болгон “РухЭш” сайтынын чыгармачыл жамаатынын ишине ийгиликтерди каалайм! Ошондой эле буга чейинки эл өкүлдөрү улантып келе жаткан эстафета шарты боюнча сайттын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине өзүмдүн атымдан 3000 сом көлөмүндөгү жардамымды жөнөттүм. Ал эми өзүмдөн […]

«Замандаш» ассоциациясынын мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу боюнча билдирүүсү

«Кыргызстандыктардын эл аралык конгресси жана мекендештердин Замандаш” ассоциациясы республикадан чыгып кетип жаткан кыргызстандыктардын өмүрүн милдеттүү түрдө 300 сомго камсыздандыруу полисин киргизүү боюнча акыркы кездеги коомчулуктагы демилгеге байланыштуу төмөнкүдөй билдирүү жасайт: Ассоциация 2003-жылы Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, ошол убакыттан бери ушул ишти үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жатат. Ошол жылдардан бери чет жерде каза болгон жарандарыбызды (“жүк 200”) Кыргызстанга жеткирүү боюнча мекендештерибиз бизге дайыма кайрылып келишет. Биз диаспоралык уюмдар менен биргеликте, өлкөбүздүн бийлигине чет жерлерде каза болгон жарандар менен мекендештерибиздин […]

Тынчтыкбек Алтымышев: Келбеген кемпир-чал

Бакканга жаралгандай мүнөзүңөр, Багууга такыр көнбөй жүрөсүңөр… Бир күндүк алыс жакта жашасам да, Баары бир ойлогонум бир өзүңөр… Апкетүүгө канча жолу тырыштым?! Болбодуңар, чоңун салып уруштун… Жылуу, жайлуу ушул биздин шаардан Неси жыргал ээн сарайда туруштун?! Кел дедим кыргыздын чоң калаасына, А бирок бүлүк салдым санаасына: “Тоолордун салкын жели демим, — деди, — Чыдабайм дубалдардын арасына. Кааласам басам, жатам, турамын, — дейт, Калааңда эмне жумуш кыламын, — дейт. Ат жалы мени аман алып жүрөт, Айрылсам аттан – көздү жумамын, — […]

Кытайдан кат: Эки сөз тууралуу эки ооз сөз

Бир элдин тили сөзгө бай болсо жана аны толук кандуу пайдалана алса, анда ал тилди шартсыз түрдө бай тил деп айтса болот. Тили бай элдин руху бийик, дымагы көтөрүңкү келет. Кылымдарды карыткан кыргыз тили да бай тилдердин катарынан орун алууга акылуу. Болгону биз кыргыз тилинин бай көрөңгөсүнүн чыпчыргасын коротпой, ошол эле мезгилде анын ички мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып аны байытып, өз жашообузда ырааттуу колдонуу менен бирге, келечек муунга мурастап берүү милдетибиз бар. Тилдин байышы ички жана тышкы эки булак аркылуу иш жүзүнө […]

Роза Отунбаева: Капчыгы калыңдардын көзүн кызарткан тарыхый жайлар

Биз Кыргызстанда жашагандар, өз өлкөбүзгө, шаарыбызга, айылыбызга болгон сүйүүбүздү, алардын көрүнүшүн жакшыртууга кошкон салымыбызды көрсөткөнгө сараңбыз. Өзүнүн жашап турган жерин, көчөсүн, шаарын бьютификациялоо, сөзмө сөз айтканда, «кооздондуруу» ишин көптөгөн өлкөлөрдө жигердүүлүк жана кылдат табит менен жасашат жана анын баары бизге көздү кубандыргыдай кооз, камкордук менен каралганын байкоого болот. Талаш жок, бизде деле анча-мынча иштер жасалып жаткансыйт, бирок мунун баарын жүз эсе жакшылап жасоого да болот эле!     Муну жасоо үчүн сөзсүз эле «ишембилик» уюштуруунун кажети жок. Пландаштырганды үйрөнүп, план-идея ойлоп […]

Нурсултан Кубанов: Эми Америкада билим борборубуз ачылат

Билим – өзүн өзү таануу, инсандык өнүгүү, максатка жетүү жолунда өтө чоң курал. Дал ушул билим аркылуу дүйнөнү таануу, анын маани-маңызын аңдоо, өз өлкөңө салым кошуу, башкаларга өрнөк болуу мүмкүн. Кыргызстанды илим-билим аркылуу  өнүктүрүш үчүн жаштарды билимге үндөгөн мекенчил жаштарыбыз көп. Мына ошол жаштардын катарын “Perspective” окуу борборунун негиздөөчүсү, жаш ишкер Нурсултан Кубанов да толуктайт. Аталган окуу борбору чет өлкөгө студенттерди окууга жөнөтөт. Окуу борбору күн өткөн сайын арышын кеңейтип, көптөгөн жаштардын чет өлкөдө билим алышына көмөктөшүп келет. – “Perspective” […]

Омор Султанов: Ысык-Көлдүн санжыргасынан ажырайбызбы?

Талкуу иретинде Ысык-Көлдүн барк-маанисин кыргыз баласына түшүндүрүп отуруунун кажети жок. Аны чоң-кичине дебей көрүп-билип турат. Жаратылыш бизге ыроолоп койгон бир касиеттүү санжырга, түгөнгүс байлык, дөөлөт. Эзелки замандан бери буга көз арткан көп болгон. Сандаган баштар кесилип, агын суудай кан аккан экен. Кыргыз баласы үчүн көрүп эле койсо көкүрөк, көзү тойгон руханий да байлык. Илгери да ошондой болгон, азыр дагы ошондогудай. Укум-тукумдун сөөлөтү. Илгеркилер касиетинен чочулап көлгө боюн салбаганы көп нерседен кабар берет. Садагасы кетейин деп, сыртынан эле жалбаргандар канча болгон, […]

Айсулуу Мусабекова: Айырмасын билбей адал-арамдын (конкурска)

ЭНЕ ТИЛДИН АРМАНЫ! Мен көргөндү сен көрбөдүң кыргызым. мына бүгүн жанып турат жылдызың. Ата-бабаң сүйлөп келсе аздектеп, бүгүн мени унутууда уул-кызың. Кээде туруп мен өзүмө капамын, Өз жеримде аздектелбей жатамын. Кыйын кезге, улуту жок калтырбай, кыргызымды сактап келе жатамын. Кытай, чет тил жана түрк, орусун мекениме кенен жайды конушун. Капаланам бирок мейли деп коём, башка тилде чыгып жатса добушуң. Көргүм келди кыдырып мен дүйнөнү, кызыгышып миңдин бири сүйлөдү. Алсыз болдум таканчыктап тура албай, Ар кимиси өз тилине ийледи. Өсүп-өнүп жайгым […]

Сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөнүү

Буга чейин сынчыл ой жүгүртүү туурасында жалпы маалымат берген элек, эми анын сабактарын ирети менен тааныштырып чыгалы. Эгерде ал жалпы маалыматтар менен тааныша элек болсоңуз, береги эки шилтемени басыңыз: 1) Сынчыл ой жүгүртүү: Базалык принциптер жана ыкмалар 2) Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү ыкмалары 1-сабак. Сынчыл ой жүгүртүү: иш көндүмдөрү, шык жана билим Сынчыл ой жүгүртүү боюнча курстун биринчи сабагында биз аны ийгиликтүү өнүктүрүү жана күнүмдүк, профессионалдык жашоодо колдонуу үчүн кандай иш көндүмдөрүнө жана билимге ээ болуу керектиги туурасында кеп кылабыз. […]

Жамалбек Ырсалиев: Менин агам!

3-класста окуп жүргөн кезим. Айылда койду кезектешип кайтарышат. Аны “кезүү” деп кыскартып коюшат. Биздин кезүү келип, 7-класс окуган агам кой кайтарып кетти. Мен түштөн кийин сабактан келгенимде “тамак жеткирип кел” деп байкеме жиберишти. Эшикке чыгып чүкө ойноп кетип, убакыттын кандай өткөнүн билбей кечинде кой тарагандан кийин үйгө келдим. Келсем, байкем ачка боюнча кечке кой кайтарганын айтып ыйлаптыр. Мен болсо шамыраңдап футболкамды шымдап алып, курсагыма уткан чүкөмдү салып, жоо сайгансып кирип келип атпаймынбы. Уткан чүкөмдүн кубанычына апам менен атам жазаламай болушту. […]