Амантай Кутманалиев: Тырмакчанын ичиндеги «калмак» досумдун ишине мен да тилектешмин

Манасчылыр макал эле билет десек, макала жазганды да катырат турбайбы, молодец Самат! Бүгүн толук окуп бүттүм. Сөзүңдүн теги түшүнүктүү: Бул албетте, руханий маданиятка эш болсок деп «РухЭш» сайтын ачып алып, эки жылдан бери энтигип, көжөлүп, көгөрүп келаткан жалгыз эле Олжобайды колдоо эмес. Кийинки муун китеп карабай калган заманда өздөрүнө ыңгайлуу заманбап жол менен алардын назар-капарына илинсек деген аракет эле да… Мен көп эле жерде байкап жүрөм, бул сайтты теңине албамыш болуп үстүнөн карап, жогорку материядан сүйлөп жүргөн далай эле кишилер […]

Бекташ Шамшиев: «Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк»

Тазагүл эженин поэзиясы тууралуу ушу ирет өзүнчө кеп кылуунун оролу келип туру. Акындын алгачкы ырлары мындан жарым кылым илгерээк жарыялана баштаганы менен, ыр китептери 80-жылдардан тарта чыга баштаган. Ага чейин эле ал акын катары таанылып, жазгандары мезгилдүү басма сөзгө жарыяланып, окурмандарга белгилүү болуп калган. А кезде адабий турмуш азыркысынан кыйла кызыктуу, бай, анан да турмуш агымы күргүштөп, поэтикалык маанай жогору болчу. Эчен кылымдар азап-тозоктон башы чыкпай келген байыркы калк социализмдин шарапаты менен басма ишине ээ болуп, профессионалдык адабияты өнүгүп, өзүнчө […]

Садык Шердин демилгесин Жанар Акаев кайрадан баштады

«РухЭш» сайтын негиздөөчү Олжобай Шакирдин коом агартуу аракетин колдоп, өрнөктүү көркөм чыгармаларды тандап элге окутуп, окурмандардын көркөм эстетикасын тарбиялоо менен бирге келечек муунга жомок окутууга жасаган талыкпас аракети үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын «РухЭш» сайтын колдоого чакырам! Анын эң жөнөкөй жолу: «РухЭштин» 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине жума сайын ар бир депутат 3000 (үч миң) сомдон которуп туруу жөрөлгөсүн баштайлы. Мен адабият, маданиятыбыздын өнүгүүсүнө багытталган «РухЭш» сайтынын иш аракеттерине тилектештигимди билдирип, аталган сайттын ЭЛСОМ эсебине үч миң сом жөнөттүм, жана […]

«Азаттык» элге эмне үчүн керек?

Тазбайматтар тайраңдап турган кезде; Кемчонтойлор сайрандап турган кезде; «Азаттыктай» бир булак керек дайым Акүй элге терс көңүл бурган кезде. Абыкедей, Көбөштөй эл бузарды Алла-таала төбөдөн урган кезде; Коомдун түбүн чиритип жүргөндөргө Кошоматчы жайдаңтап турган кезде; Канды соргон митедей чоңдорубуз Кансарайды жайнатып курган кезде; Билимдүүнү барк албай бийлик бүгүн Билимсизге көңүлдү бурган кезде; Кеменгерлер эмгеги унутулуп, Кемчонтойлор сыйлыкка тунган кезде; Алдуу-күчтүү зулумдар ырыскысын – Алсыздардын колунан жулган кезде; Зордукчулар көбөйүп кадам сайын, Зомбучулдар жулмалап урган кезде; Эсирген муун аркада зөөкүр чыгып, […]

Самат Көчөрбаев: Агымга каршы сүзгөн «калмак» да керек кыргызга

Акыркы 10 жылдан бери  мамлекетибиздеги социалдык маселелерден тартып,  илим-билим, маданий,  саясий,  жаатта  болуп аткан окуяларга, интернет булактары аркалуу такай көз салып, баардык жаңылыктарды  калтырбай  окуп келем. Ушул аралыкта бир нерсеге толук көзүм жетти. Азыркы коомдо адамдар  ММКлар аркалуу акты кара, караны ак деп, адилеттүүлүктөн тайып, жалган жалаа жаап,  адам тагдыры менен ойносо деле, мыйзам  алдында ошол адамдын жоопко тартылуусуна ишеним жок. Жеке адам эмес,  Мамлекеттик жана Улуттук кызыкчылыктарга каршы иш алпарган ММКлар  деле четтен табылат. Ошол  эле учурда, салыштырмалуу караганда  […]

ОФ «Фонд расследовательской журналистики» объявляет конкурс малых грантов для журналистских расследований

Журналисты, организации, работающие в области медиа, фрилансеры, гражданские активисты, блоггеры, студенты и другие заинтересованные лица, занимающиеся расследованиями, могут подать заявки на получение грантов Фонда расследовательской журналистики. Цель грантов, предоставляемых Фондом расследовательской журналистики – развитие, повышение качества и популяризация журналистских расследований в Кыргызстане, оказание финансовой и консультационной поддержки в проведении качественных журналистских расследований Размер гранта –  до 70 000 сомов. Эта сумма рассчитана на оплату необходимых расходов, таких как поездки, сбор документов и аренда оборудования. Первая половина суммы выплачивается после утверждения заявки, вторая […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын булагы – Билим, чырагы – Илим

Илим-билим – таанып-билүүнүн тамырлаш эки салаасы. Бири жаңы маалыматты жаратуу ыкмасын билдирсе, экинчиси ошол маалыматтын натыйжасын туюнтат. Адатта бул түшүнүктөрдү араб тилинен кирген сөздөр катары кабылдап келебиз. Акыйкатта алар эне тилибиздеги «бил», «ил» деген этиш сөздөрдөн -ым мүчөсү аркылуу жасалган эле зат атооч сөздөр: ал+ым, сал+ым ж. б. сыяктуу. Кыргыз тили улама (агглютинативдүү) тил катары уңгуга мүчө уланып, жаңы сөздөр жасалуучу касиетке ээ. Мисалы, «бил» деген уңгу сөздөн жасалган түшүнүктөрдүн баарына аң (акыл) күчү (когнитивдүүлүк), ал эми «ил» деген сөздөн […]

Ырысбай Абдыраимов: Кыйын күнгө кайыкпа

АҢГЕМЕ 1997-жыл. Күздүн соңку айы. Ал көнүмүш адатындай  Альберттин кеңсесине барган. Укукчу менен анын туугандары, кеңсесинин кайратмандары  жер сатууга каршы  жыйынга үндөп, күн мурунтан айыл-кыштактарга чакыруу барактарын таркатып жүрүшкөн. Кеңсе алдында жүдөө орус кемпир кетерин же кимдир-бирөөнү күтөөрүн билбей, эки анжы ойдо буйдалып турган. Сакадай андан жөнөкөй кийинген эки киши “баш аламандыкка үндөдү” деген күмөн менен алдуу-күчтүү Альбертти кармап, убактылуу кармоочу жайга жетелеп кеткенин укту. Алардын милиционер экенин кийин көчөдө атайын форма кийимчен жүргөн кезинен тааныды. Кызыл шапкечендер укукчунун сары […]

Чолпон Субакожоева: Манасты Чыңгыз көтөрдү, Чыңгызды Манас көтөрдү

…Как жүрѳккѳ кадалып Кайнап ичке толгон сѳз», (“Манас” эпосунан) Акылдын эчен тайгак жолунан адашпай баскан Чыкем ошондо эмнени түшүндү экен деген суроо ѳзүнѳн-ѳзү келип турганы кызык кеп. Кѳрсѳ, Чыкем  «Манас»  эпосу деген тѳкмѳ ырчы же  жамакчылардын ѳзүлѳрүнүн эле оюнан чыга калган бир баатырдын баяны эмес — жалпы кыргыз журтунун кѳп кылымдап ар кайсыл  баскынчыдан кѳргѳн  кордугунан, ызасынан, теңсиздигинен, аларды кууп чыгып мекениме ээ болсом деп  зар какшаган арман муңдан  улам келип жаралган чыгарма тура. Б.а. эпос — бүткүл элдин  атынан […]

Депрессиянын беш белгиси

Саламатсыздарбы! Менин аты-жөнүм Константин Шереметьев, мен жыйырма жылдан ашык убакыттан бери адамдын интеллектисине байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келем. Бул материалдардан сиздер коркунучтуу психологиялык абал — депрессиянын жөнөкөй беш белгиси менен таанышасыздар. Депрессиянын коркунучтуу жагы – ал байкалбай башталып, акырындап көбөйүп, көп жылдар бою топтолуп, акырында болгон күчү менен сокку урат… Бул баалуу маалыматтарга ээ болуу менен депрессиядан өзүңөрдү жана жакындарыңызды сактап калуу мүмкүнчүлүгүн аласыз! Аяк жагында кичинекей тест, сиздин учурдагы психологиялык абалыңызды аныктоого көмөк болот. Анда эмесе баштадык. Окугандарыңыз пайдалуу болсун! […]

Олжобай Шакир: Улуу элдин майдаланган урпагына экмет

Улуу тоолор жакты карап, улуу кыргыз урпагы, эс пештеп көрдүң бекен, акыл пештеп көрдүң бекен?.. Эпаада, улуу тоолордун мөңгүсүнө карап акыл пештеп, эс пештеп көрүң: азыр эле. Ооба, азыр эле! Эртең кеч. Бизге улуу сабак болор уңгу төнүп жатат, тээтиги мөңгүлөрдө. Улуу тоолордун чокусуна чыгып медитация кылбасак да, тек, этегинде отуруп эки көздү чылк жуумп, адырлардын, кыр-кырлардын арасынан салаа-салаа агып келген сууларды көз алдыга элестетип көрөлүчү. Мөңкүп, туйлап, адыраңдап агып келген суулар тоонун этегине жеткен ченде жоошугандай жайлап, бирине бири […]

Жетиген Асанбек: «Чеч-Дөбө» кеңешинин сыйлыгы Улан Эгизбаевдин энесине тапшырылды

«Улут абийири» наамын аталган сыйлыктын 2017-жылкы лауреаты Н.Айып У.Эгизбаевдин апасы Ж.Сариевага тапшырууда Бүгүн, 18-октябрь күнү интеллектуалдар альянсынан куралган «Чеч-Дөбө» кеңешинин чечими менен Улан Эгизбаевге ыйгарылган «Улут абийири» сыйлыгы анын апасы Жыпаркүл Сариевага тапшырылды. «Чеч-Дөбө» кеңеши уюштурган сыйлык берүү ишчарасы Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтүп, кеңештин мүчөлөрү – белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер, «Азаттык» радиосунан бирге иштеген кесиптештери, Жогорку Кеңештин депутаттары Уландын жарк этип улуттун жүзүн жаркыткан да, улут абийирин ойготкон да инсан болгондугун таасын белгилешти. «Бешик боо бек болсун!» деп Жыпара […]

Умут Асанова: Уланбек Эгизбаев – интеллектуальный воин нашего времени

Акыйкат деп чуркаган кайран Улан, Айкөлдүктүн бүткөндөй байрагынан, Жүрөр элең шамалдай алып учуп, Жүрөгүңдү чындыкка кайрап улам. Бердибек Жамгырчиев «Кайран Улан» аттуу ырынан саптар Перед глазами одна из его передач…  О коррупции в выделении земель для могил.  Он стоит у двери кабинета высокопоставленного чиновника, начальника отдела по выделению могильных земель, в мэрии. Его не впускает помощник чиновника, грубо отталкивая от двери, которую он открывает, чтобы самому зайти, и тут-же резко закрывает прямо перед носом Уланбека. Закрывает на ключ внутри… Вот […]

Чубак Жалилов: Эмне үчүн китеп окууга милдеттүүбүз?

بسم الله الرحمن الرحيم الحمد لله رب العالمين، و صلى الله تعالى على رسولنا محمد و على آله و أصحابه أجمعين، أما بعد: Кээ бир жаштарды эске албаганда жаңы муун китеп окубай калды… Анын бир канча себебин айтсак болот: Интернет жана башка маалымат булактарынын кеңири жайылуусу; Убакыттын тардыгы; Күнүмдүк жашоо менен алек болуу; Китеп баасынын кымбаттыгы… Бирок булардын баары китеп окууну өзүнө маданият катары сиңирген, жашоосунун бир бөлүгү катары караган адамга тоскоолдук деле болуп саналбайт. А балким, олуттуу түрдө китеп […]