«РухЭште» сүрөтчүлөр үчүн көрсөтмө ачылды (Айыптын галереясы)

Кыргызстанга дүйнөнүн төрт тарабы ачык заман болгону менен, орошон таланттарыбыздын көпчүлүгү капиталисттик доордун табиятын түшүнүп-түшүнбөй жашап атыры. Искусство баалуулуктары чегара тоскоолдугун билбейт дегенибиз менен, сүрөт өнөрүнүн айрым таланттуу өкүлдөрү өздөрүнүн гана чеберканасында бекинип, кээси жертөлөдө, кээси үйүнүн чатырында сүрөтүн тартканына каниет этип, рухий ыракаттын кумарынан чыкпаган жайдаң жашоолоруна биресе суктанасың, биресе таңгаласың… Көңүлүңдү уйгу-туйгуга салат кээси. Биз буудай кууруган тилибиз менен жеткире албаганды кылкалемдин учунан туюнткан касиет-жөндөмгө эгедер замандаштарыбыздын бири Айып Алакунов – табиятынан жулунуп-жулкунбаган, өтө жөнөкөй, өтө кичипейил мүнөздөгү […]

Фрида Кало – кайгы-капага чөкпөгөн живописчи

Фрида Кало (1907-1954). Бул ысым бүгүн мексикалыктар үчүн жан тумардай жакын. Анын шору калың тагдыры, жан дүйнөсүн ачып көрсөткөн сюрреалисттик сүрөттөрү, аюудай барбагай Диего Гарсиа экөөнүн махабаты кимди да болсо көңүл кош калтырбайт. Фрида Кало: «Мен кайгы-капамды чөктүрүп ийгенге көп аракет кылдым, бирок бул бетпактар болбой эле суу үстүнө калкып чыга беришти». Бул эмне болгон кайгы? Ал убайым-санааны билиш үчүн Фрида Калонун өмүрүнө учкай сереп салалы. Фрида алты жашында полиомиелит менен ооруп, тогуз ай төшөктө өткөрөт. Ооруканадан чыккандан кийин балжуурандай […]

Гамал Боконбаев: Юристанбек Шыгаев продал турецкому миллионеру поддельные картины (фото)

Сообщается, что народный художник КР, возможно, не только подделывал известные работы, но и занимался плагиатом. Сам Шыгаев назвал эти обвинения чьей-то завистью Новый руководитель музея ИЗО имени Г. Айтиева Мира Джангарачева в недавней беседе с Vesti.kg сказала, что эксперты проверят подлинность картин, которые висели в кабинете предыдущего директора Юристанбека Шыгаева. По предварительной версии, ценные работы пропали, а точнее, их подменили копиями. «Последняя проверка проводилась в 2014 году, но в связи с тем, что обнаружили факты выноса картин, в музее работает […]

Майрамкулдун Аалам симфониясы

Асаналиев Майрамкул Мусабай уулунун чыгармачылыгына кыял чабыт. Бул ажайып кереметтүү Жаратылыш, анын түпсүз тереңдиги, жайкалган кенендиги, көз жеткис бийиктиги, ичине каткан түйшүктөткөн сырдуулугу менен анын өнүгүүсүндөгү туу чокусу катары саналган адам баласын да так өзүнүн кудурет-касиеттүүлүгүнө жараша кудуреттүү кылып жаратып койгон турбайбы. Адам баласы ошол тышкы Сырды улуу Жаратылыш ага берген өзүнүн ички кудурети менен ачканга аракет кылат. Бирөө ыр менен, бирөө сөз менен, бирөө бий менен, бирөө сүрөт менен, бирөө музыка менен, бирөө кол ишмердүүлүгү менен, бирөө илимий формулалары […]

Умут АСАНОВА: Гимн жизни

(Размышления об одной картине) Шукшин однажды заметил: «Человек – это нечаянная, мучительная, прекрасная попытка Природы познать самое себя….». А что же он сказал бы о Художнике? Наверняка бы прибавил: «О, это вдвойне адская, вдвойне мучительная, вдвойне прекрасная попытка…» И одну из таких прекрасных, но, несомненно, в муках рожденных озарений – попыток я с потрясением открыла для себя в картине киргизского художника Жоомарта Кадыралиева «Эсимде», ныне экспонирующейся в музее изобразительных искусств столицы республики. До слез щемящая сердце и вызывающая бесконечную тоску […]

Сапалкан АРИПОВ: Үзүлгөн кисти, каткан боёк…

(Кыргыздын чыгаан сүрөтчүсү Мэлис Акынбековдун жаркын элесине) Күндүн көзү ачылбай жааганына мына бүгүн эки күн болду. ГАЗ-53 машинаң жол арбытбайт тура. Эртең  менен эле чыгышкан. Жеткен жери Боом капчыгайы. Анын үстүнө айдоочу да камаарабаган адам болуп чыкты. Маматсабыр өзү эч нерсени кенебеген, шашпай жүргөн жан. Табиятынан ошондой. Бу шоопурду карап туруп Макендин кыжыры кайнады. Өзү менен иши жок. Туй-ата, мунуң менден өткөн кыбыр го? Ичинен ачуусу келгени менен сыртына чыгарбай бушайман. Нервин бир аз басандатайын дейт. Айла жок. Арак ичпейт. […]

Аудио: Сыйкырдуу сюрреализм же Рене Магриттин карама каршы дүйнөсү

Рене Магритт 20-кылымдын көрүнүктүү сүрөтчүлөрүнүн көч алдындагы жоон тобуна кирет. Магриттин ысымы сүрөтчүлөр чөйрөсүндө фантастикалык сюрреализмдин лөгү Сальвадор Дали менен кошо айтылат. Бирок Рене Магритт өзү картиналарымды магиялык сюрреализм стилинде тартам деген. Магриттин карама-каршылыктуу жан дүйнөсү Рене Магритт. Белгиянын борбору Брюсселде бул инсандын ысымын алган эки музей бар. Магиялык же сыйкырдуу сюрреализмдин опол тоодой алтаны деп таанылган Рене Магритт, бүгүнкү тил менен айтканда, ар кандай сый чогулуш, шаан-шөкөттүү салтанат, ызы-чуудан оолак жүрүп, 1967-жылы 70 жашында дүйнөдөн көчкөн. Сүрөтчүлүк өнөрүндө бельгиялык […]

Асатилла ТЕШЕБАЕВ: Эстетикалык табитти өстүрүшүбүз керек

Америка, Австрия, Голландия, Швеция, Түркия, Австрия, Чехия, Россияда  сүрөт көргөзмөлөрүнө эмгектери коюлуп, кыргызды чет өлкөлөрдө таанытып келаткан жердешибиз, Австрия, Россия жана Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союздарынын мүчөсү, Австриядагы эл аралык «Kitz Award» сүрөтчүлөр уюмунун 2016-жылдагы Ардак грамотасынын ээси, модернист сүрөтчү Асатилла Тешебаев менен болгон маекти окурмандын наразына сунуштайбыз.  — Сүрөтчүлүк өнөрдү кандайча тандап калдыңыз эле? — Мектепте дубал гезиттерди жасалгалап, сатиралык бурчтарды уюштурууда мен дайым кызыгып катышчумун. Мектептеги сатиралык дубал гезиттин редколлегия курамында элем. 6-класста 23-февралга карата дубал гезитти үйдө жасалгалап олтурсам, […]

Билгенден билелегиң көп: Пикассо

Бир жолу сүрөт тартып жаткан балдарды карап туруп: “Булардын жашында мен Рафаэлдей эле тартчумун. Андан кийин өмүр бою ушулар сыяктуу сүрөт тартканды үйрөнүп келе жатамын”, — деген экен француз сүрөтчүсү Пабло Руис Пикассо. Ал 1881-ж. 25-октябрда Испаниянын Малага шаарында туулган. Атасы Хосе Руис менен энеси Мария Пикассонун теги испан болгон. Сүрөттү өтө эле жаш кезинен өзү айткандай ишенимдүү тарта баштаган. Баарынан кызыгы, ал сологой болгон. Адегенде атасынан таалим алган. 1894-95-ж. Ла-Корунья шаарында, 1895-жылдан Барселонадагы көркөм искусство мектебинен, кийин Мадриддеги көркөм […]

Пол Гоген: Таитиден түбөлүккө жол

«Миң кырдуу дүйнө» түрмөгүндө бул жолу атактуу француз сүрөтчүсү Пол Гогендин руханий дөөлөтү, кыргыз поэзиясындагы живопись тууралуу сөз болот. Поль Гогендин койуу боёктор менен тартылган шайыдай түркүн түс эмгектери бүгүн алтындан да кымбат бааланат. Устат жыгачтан сомдогон “Таитилик кызы” 3-майда Нью-Йоркто 11, 3 миллион долларга сатылды. Бул постимпровиссионисттер мектебинин алптарынын бири эсептелген сүрөткердин кымбат сатылган сегизинчи эмгеги болду. 2004-жылы анын “Энелик II” деп аталган полотносун белгисиз кардар 39, 2 миллион долларга сатып алган.  Парижден Таитиге атак издеп… Гоген таитилик кыздын жыгач бюстуну […]