Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Жакшылыктын данеги

Даңктуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун белгилүү чыгармаларынын бири «Ак кеме» экранга чыкты. Аны ушул эле автордун «Асма көпүрө» аңгемесин экрандаштырган белгилүү режиссерубуз Болот Шамшиев иш жүзүнө ашырган. Адабий чыгарманы экран тилине кандайча которуу өӊүтүндө советтик искусство таануу илиминде кыйла убакыттан бери талаш-тартыштардын жүрүп келатканы көпчүлүккө маалым. Бул татаал маселеде алиге бир бүтүмгө келүү да боло элек. Анткени, адабий чыгарма боюнча тартылган фильмдердин бир даары өзүнүн алгачкы булагынан бир карыш да обочо жылбай эле жаратылып, эң сонун экран чыгармасы катары өмүр сүрүп […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: «Ашуудагы» сабактар жана «Мен – Тянь-Шань»

1960-жылы аты калың журтка анча таанымал боло элек жаш жазуучу Ч.Айтматовдун «Жолдо» аттуу киноповести жарыяланат, анын негизинде «Ашуу» аттуу фильмди режиссер А.Сахаров тартып бүтүрөт. Фильмдеги биздин көӊүлүбүздү бурган нерсе – бул фильмдин өзүнүн алгачкы адабий булагынан чегинүүсү, жаӊы мотивдерди киргизүүсү болуп саналат. Адабий чыгармаларды экрандаштыруунун тарыхы көрсөткөндөй, текстти кубалап жүрүп отуруу (буквализм) көп учурда тескери натыйжаларга алып келет. Муну кинонун тарыхы жана акыркы жылдардагы жарык көргөн теориялык эмгектер да, изилдөөлөр да ырастайт. Бирок тексттен чегинүү жакшы экрандаштыруунун бирден бир туура […]

Геннадий Базаровдун «Туздуу талаа» фильминин премьерасына келгиле!

2018-жылдын 6-июнунда саат 17:00 Чыңгыз Айтматов атындагы кино Үйүндө белгилүү режиссер, Кыргыз эл артисти Геннадий Базаров тарткан «Туздуу талаа» фильминин бет ачаары болот. Бул фильм КТРКнын 60 жылдыгы жана «Кыргызтелефильм» студиясынын 50 жылдыгына карата Кыргыз эл жазуучусу, прозаик жана драматург Мурза Гапаровдун пьесасынын негизинде жаралган. Фильмдин фабуласы эң жөнөкөй «Туздуу талаада» ар кайсыл кесиптин жана ар башка көз караштардан турган жети адам чогулган.  Бирок  бара-бара түзүлгөн кырдаал ар бир персонажды мен киммин, эмнеге жаралдым деген ойго түртөт. Сюжет соңунда айрымдарынын […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу

I глава: Салижан ЖИГИТОВ: Өмүралиевдин «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу» деген дипломдук ишине пикир II глава «Аптап» жана «Биринчи мугалим» Ч.Айтматовдын кайсы гана чыгармасын албайлы, баарыдан мурун биздин баамыбызга урунаары – анда чоӊ ойдун берилиши. Мындай жооптуу ойду айтууда ал ар кандай эле адамдарды каарман кылып ала бербейт. Аны көтөрө ала тургандарга гана токтолот. 10-классты жаӊы эле бүтүргөн, романтикалык максаты ээлендирген «Ботогөз» булактагы жаш Кемелдин образы ушундайча образдардан. Рас, ал Абакир айткандай гелиобатареялар жөнүндө, тарыхтан окуган Анархайдагы илгерки жер дүӊгүрөткөн жылкы, жортуулчул […]

Салижан ЖИГИТОВ: Өмүралиевдин «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу» деген дипломдук ишине пикир

Ч.Айтматовдун бардык чыгармалары экран бетине көчтү, бирок экрандашканда алар эмнесин жоготуп, эмнелерге жетишти деген суроого кыргыз адабиятчылары жана кино изилдөөчүлөрү алгылыктуу жооп берише элек. Бул маселени Чоюн Өмүралиев биринчи козгоп отурат. Дипломдук иш жогорку деңгээлде жазылган. Дипломанттын алдына коюлган маселелер дээрлик туура, теориялык жактан билгиликтүү чечилген десек болот. Буга Ч.Өмүралиевдин жалпы теориялык даярдыгы, жандуу эстетикалык табитинин бардыгы чоӊ өбөлгө болгон. Экинчиден, Ч.Өмүралиев жаза билет, сүйлөмдү сабаттуу, логикалдуу түзө билет, ар кандай адабий көрүнүшкө, асыресе өзү изилдеген маселеге өз алдынча мамиле […]

«Курманжан датка» – кыргыз кереметин улаган жаңы шедевр  

Көч үзүлгөн жок. Кыргыз кино тарыхындагы биринчи жолу тартылган эпикалык негиздеги «Курманжан датка» тасмасынын кеңири масштабдуулугу коомчулук күтпөгөн, атүгүл кино адистери да күтпөгөн маданий жаңылыкты жаратты. Көркөм табылгалары менен  эл аздектер чыгарма тартылганына күбө болдук. Жогорку деңгээлдеги коэффиценттик өзгөчөлүктөрү толук иликтенер, жиликтенер мындай тасма кыргыз кино өнөрүндөгү жаңы бурулуш, жаңы доор, жаңы дүбүрт, жаңы мектеп, жаңы бийиктик. Совет доору менен бирге «Кыргыз керемети» атанган кино көчү да үзүлдү деген басыңкы маанайды кайрадан дүрт эттирип жандырган чыгарма аталган фильм болду. Өрнөктүү […]

Казак боордошторубузга даңазабызды көкөлөткөн «Курманжан датка» фильми боюнча комментарийлер топтому

Мындан артык да кандай улуттук сыймык болушу керек, замандаш! 2-3 күндөн бери казак тилине которулуп, «Астана» телеканалы тартуулаган «Курманжан датка» фильми боюнча казак боордошторубуз алган таасирлер интернет айдыңын жара турган уу-дууга айланды. Төмөндө Фейсбук боюнча колго илинген айрым гана комментарийлерди сайтыбыздын окурмандарына тартуулоону эп көрдүк. Фильмге таасирленгендердин эмоциясы, агынан жарылган чындыгын толук чагылдыруу максатында комментарийлерди эч бир оңдоосуз жарыяламакчыбыз. ♦ ♦ ♦ Айсұлтан Жақыповтың посты мен Daniyar Alanның сілтемесінен кейін «Құрманжан датқаны» көріп шықтым. «Мәссаған, неден құр қалғанмын, мына киноны көрмей баяғыдан […]

Темир БИРНАЗАРОВ: Саткындардын мекени болбойт (уландысы)

Башталышы МУГАЛИМ БОМЖ Тууган, эгер мүмкүнчүлүгүң болуп калса, ушул катты Путиндин өзүнө берип койсоңуз, чоң жакшылык кылган болот элеңиз. ВРАЧ БОМЖ Сен антип биздин мамлекетти аскарбит этпе да. Путин окуса, биздин президентти элиңди бага албай эмне кылып жүрөсүң деп уят кылбайбы. ОФИЦЕР БОМЖ Отставить! Бир нерсе болсо эле Россияга чуркаганды качан токтотосуңар! Эки кыргыз урушса деле оруска чуркайт! Кыргыздар улуу элбиз! Биз деген Манастын тукумубуз! Унутпагыла! СПОРТСМЕН Ооба, кыйраттың! Өзүңдүн кебетеңе карап анан кыйкырсаң! ОФИЦЕР БОМЖ Сен антип аскарбит этпе! […]

Темир БИРНАЗАРОВ: Саткындардын мекени болбойт

КИНОСЦЕНАРИЙ МОСКВА ШААРЫ. НАТУРА. КҮНДҮЗ. Пластикалык операция жасай турган клиника. КЛИНИКАНЫН ИНТЕРЬЕРИ. КҮНДҮЗ. Клиниканын башкы врачынын кабинети. Стенада адамдын бет түзүлүшү тартылган сүрөттөр илинип турат. Столдо бири-бирине бет маңдай эки адам отурат. Столдун төр жагында көз айнекчен ак халат кийген жашы алтымыштарга келип калган орус улутундагы клиниканын башкы врачы ВИКТОР ВАСИЛЬЕВИЧ. Анын маңдайында 65-70тердеги, кашка баш азиат улутундагы, тыкан костюм шым кийген, галстукчан интеллигент САКИЕВ АСМАНБЕК отурат. БАШКЫ ВРАЧ Сиз жакшылап ойлондуңузбу? САКИЕВ АСМАНБЕК Ооба, өзүңүз билесиз, башка аргам жок. […]

Жарк эткен өмүр же 36 жашты кыйган «олуя»

Мындан жыйырма жылдай илгери Түркиянын айтылуу Анталия шаарында жүрүп менин Кыргызстандан келгенимди уккан Москвалык турист өз кесиби боюнча укук коргоочу болуп иштээрин, Болот Шамшиевдин «Бөрү зындан» картинасы укук коргоо тармагындагы Союз маалында жаралган мыкты кинолордун бири деп айтканы алигүнчө эсимде. «Бөрү зындан» тасмасынын көрүүчүлөрү учурунда 21 миллионго жеткендиги азыр да айтыла калып жүрөт. Фильмде башкы каарман Саматтын образын ачкан өзүбүздүн мекендешибиз, өмүрдөн эрте көчкөн актер Талгат Нигматулин туурасында жана анын жеке тагдыры менен сценарийдин өтө шайкеш келип калгандыгына негедир кызыгуум […]

Аким КОЖОЕВ: «Кентавр» — жан дүйнөнүн кыяматы тууралуу баян

ӨНӨР ТААНУУ Адеп баштаганда эле кино дүйнөсүнө өзүнүн өзгөчө үнү менен келген белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын соңку тасмасы «Кентавр» кайсы бир даражада мындан мурда тартылган картинасы «Свет акенин» уландысы, адабияттын тили менен айтканда, анын континууму десек жаңылышпайбыз. Эки тасманын тең башкы каарманы (автордун өзүнүн аткаруусунда) — айланасындагы адамдарга окшошо бербеген, дүйнө таанымы да, көз карашы да, ой жүгүртүүсү да башкалардан таптакыр айырмаланган кишилер. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, экөөнүн тең энчиленип коюлган аттары унутулуп, эл тарабынан берилген ылакап атты […]

Олжобай ШАКИР: «Кентавр» – жарым-жартылай жапайы мүнөз коомдун символу

(1-макала) Аталыштын өзү эле бүйүр козгойт – Кентавр. Байыркы грек мифологиясындагы жарым-жартылай адам образы менен Актан Арым Кубат эмнени чагылдыргысы келген?.. Кыргыз турмушуна «Кентавр» деген аталыш менен эмнени жуурулуштургусу бар?.. Аллегориялык мааниси эмнени чечмелейт? Кыргыз тукумунун акыл аңында жок бул түшүнүк менен режиссёр не айткысы келди? Залда жарык өчкөнгө чейин көөдөнүмдө туйлаган суроо шул болду. Арийне, адегенде эле экранга чагылдырылган тасмадагы атмосфера мени кадимки турмушка алып кирип кетти. Окуя уурулуктан башталат. Кадимки бүгүнкү турмуштан. Биздин эле… Ох, колу туткак кайран […]

«Атанын керээзи» түрткөн ойлор: өзбүзбү, өгөйбүзбү? Биз кандай «жемишпиз?»

2016-жыл, 22-декабрда Кыргызстандын атынан режиссерлор Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукулдун «Атанын керээзи» аттуу тасмасы Оскарга көрсөтүлдү. Фильмдин синопсиси жана абройлуу сыйлыктардын саны картинага карата кызыгууумду абыдан арттырды. Съемка учурундагы түйшүктөр, күмөнсүүлөр жана араңдан зорго тил табышуулар туурасындагы режиссерлордун маектери менен таанышкан соң, жаратмандардын өздөрүнө болгон ишенимдери, кайратмандыктары үчүн аларга чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирер элем! Көкүрөктөрүндө кармана албаган чыгармачылык идеяларын жарыкка чыгаргандары үчүн рахмат! «Атанын керээзин» көрүү мени АКШнын Лос Анжелес шаарындагы Дүйнөлүк Азия кинофестивалына алып барды. Картина жанымды жанбүдөгө […]