Казак боордошторубузга даңазабызды көкөлөткөн «Курманжан датка» фильми боюнча комментарийлер топтому

Мындан артык да кандай улуттук сыймык болушу керек, замандаш! 2-3 күндөн бери казак тилине которулуп, «Астана» телеканалы тартуулаган «Курманжан датка» фильми боюнча казак боордошторубуз алган таасирлер интернет айдыңын жара турган уу-дууга айланды. Төмөндө Фейсбук боюнча колго илинген айрым гана комментарийлерди сайтыбыздын окурмандарына тартуулоону эп көрдүк. Фильмге таасирленгендердин эмоциясы, агынан жарылган чындыгын толук чагылдыруу максатында комментарийлерди эч бир оңдоосуз жарыяламакчыбыз. ♦ ♦ ♦ Айсұлтан Жақыповтың посты мен Daniyar Alanның сілтемесінен кейін «Құрманжан датқаны» көріп шықтым. «Мәссаған, неден құр қалғанмын, мына киноны көрмей баяғыдан […]

Темир БИРНАЗАРОВ: Саткындардын мекени болбойт (уландысы)

Башталышы МУГАЛИМ БОМЖ Тууган, эгер мүмкүнчүлүгүң болуп калса, ушул катты Путиндин өзүнө берип койсоңуз, чоң жакшылык кылган болот элеңиз. ВРАЧ БОМЖ Сен антип биздин мамлекетти аскарбит этпе да. Путин окуса, биздин президентти элиңди бага албай эмне кылып жүрөсүң деп уят кылбайбы. ОФИЦЕР БОМЖ Отставить! Бир нерсе болсо эле Россияга чуркаганды качан токтотосуңар! Эки кыргыз урушса деле оруска чуркайт! Кыргыздар улуу элбиз! Биз деген Манастын тукумубуз! Унутпагыла! СПОРТСМЕН Ооба, кыйраттың! Өзүңдүн кебетеңе карап анан кыйкырсаң! ОФИЦЕР БОМЖ Сен антип аскарбит этпе! […]

Темир БИРНАЗАРОВ: Саткындардын мекени болбойт

КИНОСЦЕНАРИЙ МОСКВА ШААРЫ. НАТУРА. КҮНДҮЗ. Пластикалык операция жасай турган клиника. КЛИНИКАНЫН ИНТЕРЬЕРИ. КҮНДҮЗ. Клиниканын башкы врачынын кабинети. Стенада адамдын бет түзүлүшү тартылган сүрөттөр илинип турат. Столдо бири-бирине бет маңдай эки адам отурат. Столдун төр жагында көз айнекчен ак халат кийген жашы алтымыштарга келип калган орус улутундагы клиниканын башкы врачы ВИКТОР ВАСИЛЬЕВИЧ. Анын маңдайында 65-70тердеги, кашка баш азиат улутундагы, тыкан костюм шым кийген, галстукчан интеллигент САКИЕВ АСМАНБЕК отурат. БАШКЫ ВРАЧ Сиз жакшылап ойлондуңузбу? САКИЕВ АСМАНБЕК Ооба, өзүңүз билесиз, башка аргам жок. […]

Жарк эткен өмүр же 36 жашты кыйган «олуя»

Мындан жыйырма жылдай илгери Түркиянын айтылуу Анталия шаарында жүрүп менин Кыргызстандан келгенимди уккан Москвалык турист өз кесиби боюнча укук коргоочу болуп иштээрин, Болот Шамшиевдин «Бөрү зындан» картинасы укук коргоо тармагындагы Союз маалында жаралган мыкты кинолордун бири деп айтканы алигүнчө эсимде. «Бөрү зындан» тасмасынын көрүүчүлөрү учурунда 21 миллионго жеткендиги азыр да айтыла калып жүрөт. Фильмде башкы каарман Саматтын образын ачкан өзүбүздүн мекендешибиз, өмүрдөн эрте көчкөн актер Талгат Нигматулин туурасында жана анын жеке тагдыры менен сценарийдин өтө шайкеш келип калгандыгына негедир кызыгуум […]

Аким КОЖОЕВ: «Кентавр» — жан дүйнөнүн кыяматы тууралуу баян

ӨНӨР ТААНУУ Адеп баштаганда эле кино дүйнөсүнө өзүнүн өзгөчө үнү менен келген белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын соңку тасмасы «Кентавр» кайсы бир даражада мындан мурда тартылган картинасы «Свет акенин» уландысы, адабияттын тили менен айтканда, анын континууму десек жаңылышпайбыз. Эки тасманын тең башкы каарманы (автордун өзүнүн аткаруусунда) — айланасындагы адамдарга окшошо бербеген, дүйнө таанымы да, көз карашы да, ой жүгүртүүсү да башкалардан таптакыр айырмаланган кишилер. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, экөөнүн тең энчиленип коюлган аттары унутулуп, эл тарабынан берилген ылакап атты […]

Олжобай ШАКИР: «Кентавр» – жарым-жартылай жапайы мүнөз коомдун символу

(1-макала) Аталыштын өзү эле бүйүр козгойт – Кентавр. Байыркы грек мифологиясындагы жарым-жартылай адам образы менен Актан Арым Кубат эмнени чагылдыргысы келген?.. Кыргыз турмушуна «Кентавр» деген аталыш менен эмнени жуурулуштургусу бар?.. Аллегориялык мааниси эмнени чечмелейт? Кыргыз тукумунун акыл аңында жок бул түшүнүк менен режиссёр не айткысы келди? Залда жарык өчкөнгө чейин көөдөнүмдө туйлаган суроо шул болду. Арийне, адегенде эле экранга чагылдырылган тасмадагы атмосфера мени кадимки турмушка алып кирип кетти. Окуя уурулуктан башталат. Кадимки бүгүнкү турмуштан. Биздин эле… Ох, колу туткак кайран […]

«Атанын керээзи» түрткөн ойлор: өзбүзбү, өгөйбүзбү? Биз кандай «жемишпиз?»

2016-жыл, 22-декабрда Кыргызстандын атынан режиссерлор Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукулдун «Атанын керээзи» аттуу тасмасы Оскарга көрсөтүлдү. Фильмдин синопсиси жана абройлуу сыйлыктардын саны картинага карата кызыгууумду абыдан арттырды. Съемка учурундагы түйшүктөр, күмөнсүүлөр жана араңдан зорго тил табышуулар туурасындагы режиссерлордун маектери менен таанышкан соң, жаратмандардын өздөрүнө болгон ишенимдери, кайратмандыктары үчүн аларга чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирер элем! Көкүрөктөрүндө кармана албаган чыгармачылык идеяларын жарыкка чыгаргандары үчүн рахмат! «Атанын керээзин» көрүү мени АКШнын Лос Анжелес шаарындагы Дүйнөлүк Азия кинофестивалына алып барды. Картина жанымды жанбүдөгө […]

Токтобек ҮСӨНОВ: Ночь (киносценарий)

Слепой этюд НАТ.АУЛ.НОЧЬ. Двое парней идут медленными шагами к дому который стоит у края деревни. Первый — Эрмек 24-25 лет, второй — Аким 24-25 лет. Аким и Эрмек подходя к деревянному забору остановились, оглядываясь по сторонам и перелезают через забор. Дворняга, увидев их начала неистово лаять. Эрмек пошагал в сторону дома, попутно пнув псину сапогом. Дворняга, взвизгнув, помчалась прочь в сторону своей будки, но, не добежав до нее, продолжила лаять из-за ограды. Эрмек подошел к окну дома и начал смотреть […]

Видео: Өмүрзак Кайыпов — Арстанбектен алп саптар (терме)

2014-ж. 20-август күнү “Арстанбектен алп саптар” аттуу терме тасманын бет ачар аземи болду. Мындай мазмундуу жана көлөмдүү терме Кыргыз маданиятынын тарыхында алгачкы жолу жаралды. Он үч мөөнөттүк тасма бир жарым жыл аралыгында тартылып, бир миллион сом сарпталган. Кылымдар бою чыкпай басылып келген бул чыгарма эл менен бийликти бирдей ойго чакырат. Ошондой эле жашоонун жыргалы — бийлик, мансап, байлык эмес, адамдык насил экенин даңазалайт. Арстанбек Буйлаш уулу 1824-1878- жылдары жашап өткөн. Учурунда карапайым эл ичинде өсүп, таланты менен Кокон хандыгынын бектерин […]

Видео: Ыраймаалы менен Бегимайдын махабаты

Бул кадр атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» деген чыгармасынын ичиндеги эпизоддун негизинде тартылган «Махабат дастаны» фильминен алынды. Бул фильмди тарткан Дооронбек Садырбаев.

Видео: «Кыргыз керемети»: сандан сапатка (Азаттык+)

Беш жылдык тарыхы бар кыргыз киносу “Кыргыз керемети” деп аталып гүлдөп турган учурду да, өлкөдө такыр кино тартылбай калган жылдарды да башынан кечирди. Тасма кантип тартылат, андагы сиз билбеген кызыктар, кыргыз киносунун көрүүчүсү ким? Жергиликтүү тасмалар кантип Голивуддун кинолорун артка калтырды деген суроолорго “Азаттык+” жооп издеди.

Алгачкы дебют же атак-даңк алып келген тасма тууралуу…

Роза БЕКТУРОВА  МУРАС ТААНУУ Жылдар өтүп, мезгилдер алмашып, кинорежиссёрлордун агымы толукталса да, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океевдин тасмалары өз актуалдуулугун эч качан жоготпойт деп ойлойм. Т. Океев – 20 көркөм жана документалдуу фильмдин автору. Эс тартып калган кезимде, 1970-жылдары, телевизордун жанынан чыкпай «кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолоруна катуу таасирленгем. Алардын бири – режиссёрдун “Биздин балалыктын асманы” же “Бакайдын жайыты” тасмасын негедир канча көрсөм да тажабайм. Аталган тасма дүйнө эли тааныган “кыргыз кереметин” толуктап турат. Т. Океев – 25 жашында ийгиликке жеткен […]

Талип ИБРАИМОВ: Кыргыз киносу эки доор тогошуусунда

МУРАС ТААНУУ Кыргыз кинематографы улуттук маданиятта ѳзүн кѳркѳм кѳрүнүш катары ѳткѳн кылымдын алтымышынчы жылдарында кѳрсѳтѳ алды. Ошол мезгилдеги советтик кѳрүнүктүү режиссерлордун кимдир бирѳѳсү алыскы чѳлкѳмдѳгү жаш кинематографчыларга дем берүү максатында алардын алгачкы дебюттарын “кыргыз керемети” атады. Бул жарк эткен эпитет аларга биротоло таандык болуп калды:  бирѳѳлѳр аны жаш кинематографтарга берилген калыс баа катары кабыл алса, башкалары аны улуттун даңкталышы катары кабыл алып, бардык жерде бул туурасында сыймык менен айтууга ѳтүштү. Мына ушул  жагымдуу маанайдын учурунда “кыргыз кереметинин” табиятын терең караштырып […]

Энтони Хопкинс «Качандыр бир алкаш болгонума аябай сыймыктанам» дейт

Актёр жөнүндө кыскача таржымал Улуу Британия менен АКШ кино жана театр актеру Филипп Энтони Хопкинс 1937-жылы 31-декабрда туулган. «Молчание ягнят», «Ганнибал», «Красный дракон» кинофильмдеринде кан ичкич-каннибал доктор Ганнибал Лектердин ролун ойноо менен таанылган. Хопкинс «Лев зимой», «Магия», «Никсон», «Маска Зорро» ж.б. ондогон фильмдерге ойногон. 2000-жылдан бери Америка жарандыгын алып, АКШда жашайт. «Оскар» сыйлыгына татыган. Ошондой эле «Эмми» сыйлыгынын эки жолку, BAFTA сыйлыгынын үч жолку лауреаты. * * * Адамда жакшы сапат кеч өнүгөт. Мен мектепте жеткен макоо элем. Бир да […]