Башка чабылган скрипканын баяны

Айткеш Толгонбаев Казакстандын профессионалдык скрипка мектебинин негиздөөчүсү болуп саналат. Кайсы гана музыкант үчүн болбосун мындай атакка жетүү чоң сыймык эмеспи! Бирок А.Толгонбаевдин тагдырын билген соң тирүү жан эң чоң азапты адам баласынан, өзгөчө, идеологиячыл саясаттан көрөрүн аңдайсыз.

Казактын залкар уулу Айткеш Толгонбаевдин сөөк зыркыраткан өмүрү тууралуу берүүнү Бах, Бетховен, Вивальди же Чайковскийдин скрипка үчүн жазылган күүлөрү менен баштасам да болмок. Бирок “бир уйдун мүйүзүн сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт” деген макалды эстеп, жуңгар жортуулунда бүлүнгөн казак элинин муңу “Элим-айды” тандадым. Себеби фашисттик жана советтик бийликтин азабын тарткан Айткеш Толгонбаевдей эр-азаматтар казак-кыргызда бирин-экин эмес, алда канча көп.

Казактын профессионалдык скрипка мектебинин негиздөөчүсү деп таанылган Айткеш Толгонбаев Семейдин Кароол деген айылында 1924-жылы жарык дүйнөгө келет. Музыкага зээндүү бала 8-9 жашында домбра, сыбызгы, мандолина, гитара сыяктуу айылда бар аспаптарды эркин ойноп калат. Чеберчилигин радиодон уккан күүлөрдү өз алдынча кайталап отуруп жогорулатат. 10 жашында ага скрипка сатып беришет. 12 жашында өздүк көркөм чыгармачылык боюнча Семейде өткөн балдардын республикалык олимпиадасында бир да нота билбеген Айткеш биринчи орунду жеңип алат. Жюринин төрагасы композитор Латиф Хамидинин кеңеши менен Алматыдагы музыкалык-педагогикалык техникумга кирип, аны Улуу Ата Мекендик согуш алдында бүтөт.

Ал 1942-жылы кан майданга кетет. Айткеш Толгонбаев “Исповедь судьбы жестокой” («Таш боор тагдыр ээсинин ымандай сыры») деген эскерүү китебинде Түндүк Кавказда биринчи согушка киргенде үстүндө англис шинели, бутунда англис батинкеси, колунда Иран мылтыгы, күйүүчү май куюлган шише жана танкага каршы граната, жанында скрипасы бар экенин эскерет. Ушундай бир салгылашууда 18 жаштагы Айткеш башынан контузия, бутунан жараат алып, колго түшөт. Моздоктогу аскер туткундарынын лагеринин коменданты Айткеш Толгонбаевдин скрипкада ойногонун кулагы чалып, немис офицерлерине күү чертип берүүгө буйрук берет. Ошондо туткун жоокер поляк композитору Генрик Венявскийдин “Мазуркасын” чертет.

Казактын туткундагы кара бала,
кан-ириң… бети-колу жара бала,
сыздатып… боздотуп тур скрипканы
сымаптай шөкөт тагып заманага…

Немистин офицерлери нестейишти!
Не деген сыйкыр күчкө бет келишти –
көрүнбөй башкага да, өзүнө да,
көңүлдө… көкүрөктө… честь беришти…

(К.Култегиндин “Башка чабылган скрипка“ поэмасынан).

Айткештин чеберчилиги лагердин классикалык музыканы сүйгөн комендантына жагат. Жаш лейтенат:

“Бул жерде өлөсүң! Скрипканын үнү түбөлүккө өчөт. Сен тирүү калышыңды каалайм”, — деп Айткешти Германиянын Фрайбург шаарындагы шарты салыштырмалуу жакшы лагерге жөнөтөт. Лагердин коменданты, мурда Ленинграддагы Германиянын консулдугунда бир нече жыл иштеген обер-лейтенант фон Фолкерзам жергиликтүүлөрдү СССР элдеринин маданияты менен тааныштыруу үчүн концерт уюштурат. Бул концертте Айткеш Толгонбаев атактуу немис композитору Людвиг Бетховендин “Скрипка үчүн романсын” боздотуп ойнойт.

Туткун казак солдаты улуу Бетховендин романсын аткарып жатканда, залдагы эл уюган айрандай мемиреп отурат. Анан казак уулу Айткешти Бах, Бетховен, Моцарт, Шуберт, Гайдандын мекендештери узак кол чаап алкашат. Ыраазылыгын билдирген скрипач “Элим-айды” муң-зарлатат.

Ошондогу немис көрөрмандардын абалын Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин “Башка чабылган скрипка” поэмасында мындай сүрөттөйт.

Көшүлүп угушканда – жаш ымдаган
көздөрү – көкүрөктөй катылбаган,
анан да окшош мылтык ооздоруна
атылып жатып, кайра атылбаган…

Кеткендей сыйкыр кылдар устун болуп
кеткендей заман астын-үстүн болуп –
турушту… туруп алып кол чабышты
туткунга офицерлер туткун болуп!!!
Туткунга офицерлер туткун болуп…

2.
Эт-жүрөк кошо сайрап, боздоп туру,
этегин сур замандын кооздоп шуру.
Жалтылдайт скрипка – музыка уккан
жанагы Оберфюрер окшоп куду.

Муздарды көргүн Моцарт эриткенин,
муң-зарды көргүн Шуберт кемиткенин –
шахтадан өнөрпозду бошотушту
фашист деп атанышкан немистериң…

Фрайрбургдагы лагерден кийин Айткеш Толгонбаев борбор азиялыктардан түзүлгөн Түркстан легионунун өнөрпоздор бригадасына алынып, Австриянын, Польшанын, Франциянын шаарларында аскердик туткундарга концерт беришет. Анын легионду таштап, француз партизандарына кошулуу аракети ишке ашпай, атууга өкүм чыгат. Союздаштар кургакта чабуулга өтүп, авиациясы асмандан бомбалап калбаса, немистер айтмакчы, скрипач “капут” болмок.

Ичер суусу бар экен, Айткеш Толгонбаевди союздаштардын аскерлери 1944-жылы Римдеги Советтик аскер миссиясына өткөрүп берип, согуш бүткөнчө миссияда вахтер болуп иштейт. Бош убактысында Адриано театрынын симфониялык оркестринде ойнойт. Тапкан акчасына XVII кылымдагы белгилүү уста Йакоб Стайнер атындагы фирмада жасалган кымбат баалуу скрипкадан бирди сатып алат.

21 жаштагы Айкеште Италияда калып калууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок ал Кремлдин “Душман колунда туткунда калгандар ал үчүн күнөөлүү эмес. Мекендештерибиз эч камтама болбой аларды күткөн үйүнө кайта берсе болот. Кайтып келгиле!” деген чакырыгын угуп, СССРге, Ата Мекенине кайтып келет.

Бир тууган жеринде тозок жашоо башталат. 1946-жылы камакка алынып, кийинки жылы Аскердик трибунал Айткеш Толгонбаевди “эл-жерин саткан чыккынчы” деп, 59-берене боюнча 25 жылга соттоп, СССРдин түндүк-чыгышындагы Колымыга сүргүнгө айдайт. Бул жөнүндө Алматыдагы “Аяжан” коллежинин директорунун орун басары Айсулуу Жолборс кызы Калымбетованын кеби:

— Айткеш Толгонбаев элине келген соң кайра Колымага айдалат. Ал жакка айдалгандардын арасында Эрмахан Бетмаханов (т.и.д., Казакстан Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти), Кажым Жумалиев (акын, адабиятчы, академик) сыяктуу белгилүү аалымдар да бар. Каныш Сатпаев (академик, геолог, советтик металлогения илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири) менен Мухтар Ауэзов Москвага кетип, жан сакташат.

«Чыккынчы, тыңчы» деген жалаа тагып –
чыңырды чын дүйнөсү ала салып!
Солдоюп жатат үйдө – согуш огу
согуштан кийин тийип – жараат алып…

Кыргыз эл акыны К.Култегин

«Экөөбүз сүйлөбөдүк деги жалган,
эми да тийген турат сенин пайдаң…» –
Суракка скрипкасын ала келди
суроого жооп сунганга «Элим-айдан».

« — Келеке кылаар жанды тапкансып ал,
кериле тартканы не какшантып ал?!» –
Чыдабай аспапты алып, чапты башка
чындыктын башына түз чапкан сымал!

Чапты эле сөгүнүп да, кыйкырып да –
чарт жайрап сулуулук да, тынччылык да –
чаңырды скрипканы Айткеш аяп,
чаңырды Айткешти аяп скрипка!

Башка эмес, казак чапты?! Кайыл кантип?!
Баш тургай, жүрөк кетти жарылгансып!
Не маалда өчтү доошу скрипканын
“Элим-ай… ” – деп айта албай жанын жанчып…

… Апсайып… жетим калып… ээги – кайрак,
азаптан дени кандап… деми кандап…
Жүрсѳ да «Ит жеткенде» – Колымада
жүрѳгү – скрипка «Элим-айлап».

Шаң таппай, сыйкыр таппай калкалаган,
шахтада шалк жыгылып кайтарадан –
ѳлѳсѳ акыбалга келип турду
ѳлкѳдѳ фашисттерди талкалаган…
Ѳлкѳдѳ фашисттерди талкалаган…
(К. Култегиндин “Башка чабылган скрипка“ поэмасынан).

«Советская культура» гезитиндеги А. Толгонбаевдин талантына арналган макала.

Иосиф Сталин өлгөндөн кийин 1955-жылы Айткеш Толгонбаев башка жүз миңдеген жазыксыз айыпталган советтик жарандардын катарында мунапыс менен абактан чыгат. Алматыга келип, консерваторияга кирет. Окууну бүтүп атып берген дипломдук концертинде жаш кезинен бапестеген тилеги — Чайковскийдин скрипка үчүн жазылган концертин аткарат. 1961-жылы атактуу советтик скрипач жана педагог Леонид Коган Айткеш Толгонбаевдин чебер оюнун көргөндөн кийин аны “Казакстандын биринчи скрипкасы” деп атайт.

Ал республикада педагог, музыкант, музыка таануучу (“Казак обондору менен күүлөрүн скрипка жана фортепианодо ойноо боюнча ноталар жыйнагын” жазат) катары атак-даңкка жеткени менен мойнунда “Эл душманы” деген жаманаттысынан СССР жексен болгончо айрылбайт. Ысымын акташ үчүн күрөшө баштайт. Cкрипачтын кызы Саулет Толгонбаева атасынын ал күрөшү тууралуу мындайча эскерет:

— Атам 1982-жылдан 1991-жылы Москвада путч башталып, СССР кыйрап калганга чейин жыл сайын Москвага барып, эч кандай чыккынчылык кылбаганын, “эл душманы”, “тыңчы” болбогонун, себеби эч ким менен жашыруун кездешпегенин, эч кандай паролду билбегенин, ал жөнөкөй музыкант экенин айтып, актоону суранып жүрдү. Тилекке каршы, ал кезде 58-берене менен эч ким акталган эмес. Ырас, 1936-37-жылдары соттолуп өлгөндөр акталган: ошентип алар реабилитация болуп, ар-намысы калыбына келтирилген жана элге белгилүү адамдарга айланган. Ал эми тирүү кишилерди реабилитациялоо боюнча берене жок болчу.

Саулет айымдын айтымында, Казакстан Москвадан өзүн эрктүү жарыялагандан кийин Айткеш Толгонбаев эң соңку чечкиндүү кадамын таштайт:

— 1990-жылдардын башында СССР бүлүндү. Атам Нурсултан Назарбаевге кайрылып, «эгер мени реабилитация кылбасаңар, Казакстандын жарандыгынан баш тартып, Америкадан саясый башпаанек сурайм. Себеби, Казакстан мени толук укуктуу жаран катары актаган жок. Мен “эл душманы”, “англо-америка шпиону” деп негизсиз соттолгонмун. Сиз эми эрктүү Казакстандын президенти жана Конституциясынын кепили катары менин маселемди чечип бериңиз же мен Америкага кетем» деп жазат.

Мына ошондон кийин Казакстандын Башкы прокуратурасы Айткеш Толгонбаевди “1920-1950-жылдардагы саясый куугунтуктун курмандыгы” деп таанып, толук акталат. Бул жаманаттыга каршы согуш ардагеринин күрөшү 40 жыл 33 күн уланат. Бирок СССРдин КГБсы тартып алган скрипкасын кайтарып ала албайт.

“Баалуу скрипканын бүгүнкү ээси — АКШдагы коллекционер, — деди Айсулуу Жолборс кызы. — Мамлекетибиз ал скрипканы издеген да жок.”

“Башка чабылган скрипка” поэмасы, Айсулуу айымдын айтымында, Казакстанда Айткеш Толгонбаевге арналып өткөн салтанаттарда такай көркөм окулууда.

— 29-майда Казакстандын Улуттук китепканасында Айткеш Толгонбаевдин ”Ташбоор тагдыр эгесинин ымандай сыры” деген китебинин бет ачары казак жана орус тилдеринде болду. Ошол тушоо кесерде да Кожогелди Култегиндин “Башка чабылган скрипка” поэмасын кыздар тобу көркөм окуп берди. Андан мурда Алматыда жана оодандарда өткөн эскерүү салтанаттарында да Дөөлөтбек Байтурсун уулу казакчага оодарган береги поэма көркөм окулган.

Айткеш Толгонбаевге арналып, Казакстанда өткөн салтанаттарга “Башка чабылган скрипка” поэмасынын автору расмий түрдө чакырылган.

Амирбек Азам уулу
«Азаттык»

 

Жеке архивден: Төгөрөгү төп таланттын бейнеси

Элмирбек Иманалиев чырымтал түгү түшөлек кезинен эле оозго алына баштаган бала болчу. Бирөөлөр айтчу: «Эне сүтү оозунан кетелек бала дейин десең, акыл айтса абышкадан ашып түшкөн неме экен» деп. Бирөөлөр айтчу: «Бөксөсүнө эт, сүйрүсүнө сүт тололек бул бала эмитен алчы таасын жеп, өз курагынан эрте жашап салгансып эс-акылдуу дервиш көрүнөт» деп. Айтор, өнөр адамдары жашачу шаарыбыздын күн чыгыш тарабындагы сай боюндагы жатаканадан бир бөлмө алып жашап жүргөн тестиер бала жөнүндө имиш-имиштер көп айтылар эле. Бир билгеним: ошол эл оозуна алынып жүргөн бала белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиев Кетментөбөдөн жетелеп келип тарбиялап жүргөн кадимки Эшмамбет акындын небере жээни.

Аны менен бөлмөдө бирге жашагандар бул бала өзү менен өзү сөзгө табынган, башына китеп жазданып, койнуна комуз кучактап жаткан неме дечү. «Манастын» томдорун башынан аягына бир аңтарып, аягынан башын карай бир аңтарып окуй бергенин көргөндөр анын өзүн кошо жомок катары жобурай беришер эле. Айтор, ушул баланын ошондо эле алысты көздөгөнүн билгендер көз тийип кетчү сөздөрдү көп айтып калышчу.

Андан бери далай суулар агып, далай муздар тоңгондур, бирок бул балага көз тиелек, тү-фү…тү-фү.

Элмирбектин болсо улам чыгармачылык көрөңгөсү артып, улам чыгармачылыктагы горизонтунун чети көрүнбөгөн төкмө акын, манасчы, дастанчы, обончулугу менен катар профессионал театр сахнасында чебер ойной билген актерлук дараметин ачып бералды.

Ошондой эле манасчылык өнөрүн уккан, көргөндөр кадимки Саякбайдын өзүндөй оргуп-баргып кеткен төкмө манасчылыгына таасирленсе, көптөрү төкмө ырчылык жагынан да казак менен кыргыз төкмө ырчыларынын арасынан жаагын жанып таңшыган актаңдай акындыгына күбө. Ал эми өз чөйрөсүндө куйкум сөзгө кумар болгондордун кулагын кандырган оозеки аңгемечи, уламалуу кептин устасы. Кучунаштыгын карматкан куру чечендерге чоңколугуна салып, кыйытма сөздү кынына катып жүргөн тапан.

Азыркы кыргыз, казак төкмө ырчыларынын сүрмө топ жарышындагы мен дегендердин эч кимисине намысын кордотпогон, керт башын кемсинтпеген кара жаак акын десек да жарашат, таңшыган булбул десек да жарашат. Төкмөлөрдүн атсалышында омуроолуу жылкыдай көзгө көрүнүп, топтон бөлүнүп турган Элмирбектин төкмө ырчылыгына токтолор болсок, эл сынына толор жактары көп. Оозеки акынчылык өнөрдүн салттуу ыкмаларын толук колдонууну өздөштүргөн артыкчылыгы арышын таштарда эле байкалат. Мейли, табышмактуу айтышта болсун, мейли, алымсабак айтышта болсун, мейли санат терме айтышында болсун, азырынча Элмирбекти адаштырып ырдаар казак акыны да, кыргыз акыны да жок. Колунда мейли комуз болсун, мейли домбра болсун, анысында да, мунусунда да жүрүшүнөн жазбай, эркин сабалап ырдаганы үчүн эки эл бирдей аздектээр чоң талант. Оозеки акынчылык өнөрдүн тарыхында Арстанбак, Жеңижок, Эсенаман, Токтогул, Барпы жана башкалар жети муун, сегиз муун өлчөмүнөн чыкпаган ыргакты он бир, он эки муунга салууда да өзүн сынап көргөн акындардын бири ушул Элмирбек.

Биздеги соңку муундагы төкмөлүк өнөрдү өздөштүргөндөрдүн көбү оозеки айтыштын музыкалык көркөмдүүлүгүнө анча көңүл бөлбөй келаткандарын көрүп жүрөбүз. Ал эми бул жагынан Элмирбектин дагы бир артыкчылыгы – комузда колун ойнотуп жйберген чеберчилиги менен кошо төкмө акындык өнөрдүн уккулуктуулугун арттырып, обондуулугуна да көбүрөк көңүл бургандыгы өз күйөрмандарынын черин жазып келет. Азыркы төкмөлөрдүн арасындагы жамакчылыктан качып, акындык маданияты жетилгендердин бири катары сөзгө алынып калган Элмирбектин төкмө манасчылыгы жөнүндө алдыга озунуп, келечектеги мыкты манасчылык жактарын азыртан айта бергенибиз деле ашыктык кылбас…

Өз мезгилинде Саякбай сындуу төкмө манасчы Элмирбек болуп калышы деле ажеп эмес, ал азыр баралына келип, камында жүргөн, табында жүргөн чагы. «Манас» эпосундагы драмалык мүнөздөгү эпизоддорго келгенде жаалданып күчөнгөн ички туюму, сезими күчтүү Элмирбектин «Манастан» айткан элестүү үзүндүлөрүн мөртү келсе жалпы журтубуз угуп, жакындан көрүү болор, ага чейин «сабырдын түбү сары алтын» дей туралы…

Элмирбектин дагы бир өнөрү — дастан айтуудан көрүнөр замат айрымдар ойлогондой: обончулугу көлөкөдө калгансып туюлса, тескерисинче, элибизге кеңири белгилүү обондору: «Жалгыздыкта коштошуу», «Булбулумдан» башка дагы мыкты обондору анын оозу ачылалек ыр куржунунда…

Болгону, чыгарма жаралары менен эле дароо жарыкка алып чыгып, эл таразасына коё берүү далалатын көргөн аракет анын табиятына мүнөздүү эмес экен: ал улам жаңы обонун эл сынына коюуга шашылбаганы үчүн узакка чейин
чыгармачылык өмүр сүрөр жогорудагы эки ыры эл арасында кеңири ырдалып жүрбөгөндүр. Тескерисинче, Элмирбектин куйкасын куюштурган нерсе — ашкере популярдуулук, анын болгон жанкумары — чыгармачылык түйшүктүн артынан кайра түйшүк болгон үчүн ага кине коюп жүргөн күйөрмандары четтен табылат.

Убагында Ырысбай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев өңдүү залкар обончулардын көкүрөгүндө кыргыз музыка тарыхында бурулуш жасоо дымагы кандай болсо, Элмирбектин көкүрөгүндө да ошол дымак, ошол даярдыктар бар сыяктуу…

Жалаң чыгармачылык камылга менен жүргөнү үчүн анын сырттан караган күйөрмандары Элмирбектин чыгармачылык дасмиясын көрөр убак алдыда турат. А чын-чынына келгенде азыркы биздеги музыкалык агымга протест жасагансыган ырчы-чоорчулардын гезиттерден, теле-радиолордон айткан, дегендери канчалык ачуу болсо да, ат тезегин кургатпаган үстөкө-босток уюшулган концерттик программаларын, шоу элементтердин үлгүсүн көрсөтөбүз деген аракеттерин көп ирет көрдүк, бирок ошол концерттик программасын актаган кирешелүү пул тапкандан башка алардын деле чыгармачылыктын бийик туу чокусуна жеткендерин көрө алдыкпы?..

Баягы эле репертуар, баягы эле бири-бириникине окшош көчүрмөлөр. Кыскасы, жаңылык деп айтарлык нерсе: түрлөнтүп кийип чыккан эле көйнөктөр?! Ал эми бул жагына келгенде Элмирбек бир да жолу элди жадатар концертин уюштуруу далалатын көрсөткөн жок. 16-17 жашында жараткан «Жалгыздыкта коштошуу», «Булбулум» өңдүү популярдуу обондордун автору, эл ичинде табитке «дары» дагы популярдуу болор обондорун алып чыгар мезгилди эмнеге сары майдай сактап келатканы туурасында «Айтыш» коомдук фондунун чыгармачыл жамааты менен бирге көрсөтөр кезек алдыда сыяктанат…

Олжобай ШАКИР
«Агым» гезити, 01.02.2005-жыл

 

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Жатакана

Өзүм КАСИнин жатаканасында жашайм. Бирок дербиштей болуп баардык жатаканаларды кыдырып кетмейим бар. БГУнун жатаканасынан досторду таптым. Рахат эжей жетектеген «Шоокум» деген адабий ийрим бар эле. Жалындуу жаштар чогулуп, жүрөк түпкүрүнөн чыккан ырларды окушат.

Рахат деген сары кыз Нургазы деген жигитке баргектей сактап арнаган ырларын үнү дирилдеп бир укмуш окуду. Менин көз алдымда ушунчалык сулуу, күчтүү кыздардын баары ашык болгон зыңкыйган жигиттин элеси келди. Ошол мырзаны көрүүгө мен да ынтызар болуп жүрдүм. Бир күнү эле кандагайдай шым кийген, жердин бетин оорутуп алчудай аяп баскан, бутундагы батинкесин жылтырата сүйкөгөн, өтүк майы жаңы көрсөткөнү болбосо, мени менен жашташ бут кийим кийген, бетинин бырышы меникинен да терең, жылмайган жигит кирип келди. Үтүктөбөй үч күн кийип жаткан көйнөктөй кылып мунун эмнесин сүйдү экен деп Рахаттын сүйүүсүн аяй кеттим…

Таанышып, сүйлөшө келсем, акыл көрөңгөсү бийик жигит экен. «Манастан» башка калың китеп окубаган жаным, анын окуган китептерин, дүйнөлүк классиканы сүйлөп жатканын көрүп, аңырайып оозумду ачып отуруп калдым. Кыздар сүйгөн жигитке болгон сыйым артып, ошол күндөн ушуга чейин дос болуп келем.

Экөөбүз турмуштун ачуу-таттуусун чогуу көрүп, талаалап үйүнө токтобогон Мерген Тургандын бир бөлмөлүү үйүндө түнөп, эл «качан аял алат» десе, биз «аял албай эле койсо экен» деп тиленип, бир нандын жарымын жеп, калганын кийинки күнгө деп калтырып жашап жүрдүк. Ээрчишип алып жүрө беребиз. Ал журналист, мен студент… Турмуш мени окууну ташташыма алып келди. «Контракт» деген арзыбаган акчасын төлөй албай, анын үстүнө эки балам чоңойгончо деп шылтоо кылганым болбосо, өзүм деле үйлөнгүм келип, темтелеңдеп сокур сезимге жетеленип сүйүү издеп жүрөм.

Жатаканада жайнаган кыз бар. Бирок мени эч ким карабайт. «Отуруп чыккан» кишиден корккондой менин бир эмес, эки аял алганым менен эки баламды укканда ал кездеги ыймандуу кыздардын баары качат. Бирок менин кызыгуум алардын поэзиясы… ырларын сүйөм. «Шоокумдун» балдар-кыздарынын шурудай тизилген уйкаш саптарын укканда, арык жээгинде ар кайсы ырдын сабын кошуп баткактан үй куруп отуруп ырдаган балалыгым эске келет эле.

Искусство институтунун жатаканасында да ал кезде анча байкалбаган келечектин атактуулары жашачу. Чалдай болуп сүйлөп атса, ырдап аткандай туюлган Элмирбек Иманалиев деген акын досум бар. Микрофон жутуп алгандай ырдаган Кенже Кубатова менен Токтобек Асаналиев деген досторум бар. Болот Токтобаевдин «Күттүм сени» деген ырын угуш үчүн кирем. Малик Аликеев «Мөлмөлүм» менен таанылып, өсүп кеткен кези. Анда-санда соо көргөнүм болбосо, Амантай экөө эрчишип калганын көп көрдүм. Элмирбектин «Манасынан» үзүндү угам. Базардан картөшкө, май, макарон көтөрүп келип, Гүлбүбүнүн колунан далай тамак жасатып жедим. Кыздары Сезим менен Айзууранын кылыктарына кубанып, аябай черибиз жазылат. Жакшы күндөр болчу.

Бир жолу Элмирбекти ээрчитип алып биринчи жолу жума намазга жыгылганы борбордук мечитке ээрчитип келсем, толгондон Эмкеңдин бут кийимин биз намаздан чыкканча «угон» кылып кетишиптир. Эмне кылар айлабызды таппай, кемшейген кепичти бутуна илип алып, Өзүкеден акча алып, базарга барып кайра жаңы бут кийим алганыбыз эсимде.

Өзүм менен кошо классташтарымды ээрчитип алып, Улуттук университеттин номер бешинчи жатаканасына барам. Ал жакта атайын «комендант» болуп төрөлгөнсүгөн Гулнара Артисбековна деген тыкчыңдаган жаш эжей бар. Баарыбызды дыргаяктата кубалайт. Эшиктен киргизбесе, шейшептерди улаштырып байлап терезеден киребиз. Учуп өлүп балээге калбайын дедиби, эшиктен киргенге, бирок саат кечки тогузга чейин чыгып кеткенге уруксат берди. «Честный пионерский» же «честный комсомолский» деп убада беребиз.

Союзду «жалмаган» бизге ал убада унутулуп, түн киргенден баштап мышык-чычкан ойнойбуз. Гуля эже кеткиле деп кубалайт. Биз болсо айланып качып ар кайсы бөлмөгө кирип кетебиз. Керебет алдына кире качабыз… Коёнду кулактан алгансып кулагыбыздан сүйрөп чыгат. Бир жолу качып келип Чокоева деген толук кыздын төшөгүнө кире качтым. Таманым «тыз» эле дей түштү, көрсө, куурайдай болуп куркуйган боюмдун узунунан төшөктүн аягынан бутум чыгып калыптыр…

Ал жатаканага көп келгенимдин себеби, аякта өтө таланттуу балдар бар эле. Коңур үнү менен күлкүсүнөн чээндеги аюу чочугандай азыркы белгилүү манасчы Рыспай Исаков, өмүргө эрте тоюп алган Калмурат Рыскулов, «Аппак кар» менен «Кара кызды» катырган Кубат Болотканов, шадыраңдаган Шайырбек Абдрахманов, талантын аракка алмашып жиберген Манас Алымбаев, баарыбыздын сүйүүбүзгө арзыган, атына заты жарашкан Гүлпөткан сыяктуу сонун жаштар биздин алдыңкы катарда эле.

Ошол ар кайсы жатаканалардан тапкан досторум менен азыр да алыш-катыш болуп жүрөм.

АУДИО: Чыгыштын чыныгы булбулу

Апрель айында өзбек эстрадасынын негиздөөчүсү саналган Батыр Закиров 90 жашка толот. Кээ бир замандаштары «Чыгыш булбулу» деп атаган ырчы 1985-жылы 23-январда катуу оорудан көз жумган.

«Араб тангосу» менен келген даңкБатыр Закиров ырчы катары Советтер Союзуна жана тыш өлкөлөргө Жаштардын жана студенттердин 1957-жылы Москвада болгон бүткүл дүйнөлүк фестивалында таанылат. Бул фестивалга 131 өлкөдөн 34 миң адам келген анда. Батыр Закиров фестивалда араб тилинде “Я захратан фи хаяли” деген ырды биринчи жолу аткарып чыгат. Кыргызча “Менин кыялымдын гүлү” деп аталган бул ыр Батыр Закировдун аткаруусунда мурдагы СССРде “Араб тангосу” катары белгилүү. Ырдын музыкасын жана текстин теги сириялык Египет композитору Фарид ал-Атраш (1910-1974) жазган. Фарид ал-Атраш 20 кылымдагы эң көрүнүктүү араб композиторлорунун бири.

Батыр Закиров "Араб тангосун" ырдаганда ушундай кийинип чыккан

Батыр Закиров «Араб тангосун» ырдаганда ушундай кийинип чыккан

 (“Араб тангосун” белгилүү советтик ырчы-композитор Ян Френкель шөкөттөп аранжировкалаган).

Москвадагы фестиваль баана болуп, Батыр Закиров жалпы союзга дүйнө элдеринин ырларын ажайып аткарган ырчы катары чыга келгенин айтат СССР эл артисти, тажикстандык ырчы жана композитор Журабай Мурадов:

— Батыр Закиров “Араб тангосун” ырдап чыккандан кийин аны мурдагы Советтер Союзунун курамындагы бардык 15 республика бийик деңгээлде кабыл алды. “Намангандын алмасы” шлягерге айланып, аны элдин баары, советтик адамдар ырдап калышты. Себеби Батыр Закировдордун мууну эстраданын биринчи чабалекейлери болушкан. Батыр аке Борбор Азияда биринчи чабалекей болгон. Тажикстанда Лайло Шарипова, Орифшо Арипов жана “Гүлшан” ансамбли ажайып эле. Аларды да 15 республикада тең эл сүйүп кабыл алган. Себеби аларда улуттук жүзү бар болчу.

Жалгыз өпкөлүү булбул

Батыр Закиров теңир берген талантын бөпөлөп өстүрүп, торгойдой көктө тынбай шаңшып турганда эски илдети буттан чалат. (Батыр Закиров консерваторияда вокалдык бөлүмдө окуп жүргөндө доктурлар кургак учук таап, ырчыга окууну токтоттурушкан). 1963-жылы хирургдар булбулдун бир өпкөсүн алып салып, кеми эки жыл ырдаганга тыйуу салышат. Мээнеткеч ырчы жөн отурбай Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей принц” повестин жана башка чыгармаларды өзбекчеге которуп, радио инсценировка жасайт. Өзү анда Баобаба, Түлкү жана Жайчынын ролун, актриса аялы канзаданы ойнойт. Роль демекчи, таланттуу адам көп жагынан таланттуу болуп жаралат бейм. Батыр Закиров түрдүү фильмдерге тартылат. Алардын эң белгилүүлөрү Ибн Сино менен Рабиндранат Тагордун ролу.Тынымы жок талант сүрөт да тартат. Ыр, аңгеме жазат. Арийне, Батыр Закировдун көп кырдуу таланты тууралуу кеп кылганда, ырчынын үй-бүлөсү жөнүндө айтпай коюу мүмкүн эмес дейт Тажикстандын Эл ырчысы Журабай Мурадов:

Батыр Закиров (солдо) бир тууган иниси Фарух Закиров менен.

Батыр Закиров (солдо) бир тууган иниси Фарух Закиров менен.

— Батыр Закиров десе биздин көз алдыбызга бир чоң үй-бүлө пайда болот. Атасы Карим Закиров, апасы Шоитса Саидова баштап, Фарух аке, Луиза эже жана башка Закировдор көз алдыңа тартылат. Баарын кошуп эсептесе, бул таланттуу үй-бүлө эл үчүн 180 жыл кызмат кылган. Баатыр аке –өзбек эстрадасынын негиздөөчүсү. Ал тажик, иран, араб, хинди, орус, француз тилдеринде да ырдаган. Өкүнүчтүүсү, Батыр аке арабыздан өтө эрте кетти. Батыр аке ырчы, художник жана асылзат адам эле. Ал кыска өмүр сүрдү. Бирок ага карабай кээ бир адамдар 100 жыл жашаса да аткарбаган иштерди бүткөрдү. Эгер дүйнөдө бир өзбек бар болсо, Батыр аке да аны менен бар болот.

Батыр Закиров 1936-жылы 26-апрелде Москвада төрөлгөн. Атасы болочок Өзбек эл артисти Карим Закиров жана апасы Шоиста Саидова ал кезде Москва консерваториясында окуп жатышкан. Өлкөдө белгилүү артист-жубайлар беш уул жана бир кызды чоңойтушкан. Алардын экөө республиканын эл артисти жана экөө эмгек сиңирген артисттер.

Булбулдардын Париждеги концерти

1966-жылы Батыр Закировдун керемет авазы Париждин атактуу“Олимпия” концерттик залында жаңырат. “Чыгыш булбулу” өзбек композитору Икрам Акбаровдун “Жарым кел” деген ырын француз тилинде аткарат. Эртеси Париждин гезиттери СССРде “өздөрүнүн орус Шарль Азнауру бар экен” деп жазышат. (Теги армян Шарль Азнаур франциялык атактуу ырчы-шансонье, композитор). Ошондо париждиктер алдында болочок СССР эл артисттери Муслим Магомаев, Николай Сличенко жана башкалар да ырдашкан. Ырчынын карындашы Луиза Закирова Н. Сличенконун айтканына ишенип, француз күйөрмандары Муслим Магомаевге биринчилик беришип, “Олимпиядагы “концерттин көркүн Магомаев ачат деп ойлогон. Бирок күйөрмандардын көңүлү Батыр Закировго түшөт. Муслим Магомаев автобиографиялык китебинде концерт чоң аншлаг менен өткөнүн, атактуу чех ырчысы Карел Гот менен таанышканын жазып, Батыр Закировду эстеген да эмес. Анткен менен Муслим Магомаев кийин эчен ирет Парижде, анын ичинде “Олимпия” залында концерт берген.

Батыр Закиров советтик эстрада дүйнөсүнүн сүймөнчүгү болуп жүргөн ошол жылдардагы улуттук эстраданын абалы жөнүндө СССР Эл артиси Журабай Мурадов мындай деп эскерди:

— Ал кезде бирдиктүү совет өлкөсүндө жашачубуз. Ар бир республикада эстрада ири арыштар менен алдыга жылган. Эстрадалык музыкада сөзсүз улуттук колорит бар болчу. Батыр Закиров кайсы тилде ырдабасын, ошол улуттун колоритин сактаган. Азыркы жаңы муундун катарында өтө мыктылары бар. Бирок музыкасы, аткаруу стили бир аз европалашып же америкалашып кеткен. Анткен менен биздин каныбызда улуттук музыка жүгүрүп турат деп ойлойм. Ошон үчүн эстрадалык музыка улуттук колоритке кайрылат. Ал үчүн убакыт керек.

Ташкен мюзик-холунун башында

Батыр Закировго атак-даңк эрте келип, 31 жашында Эл артисти болот. Мындай адамга Өзбекстанда түгүл бүткүл СССРде тоскоолдуктар жок болууга тийиш деп ойлосоңуз жаңыласыз. Бир ирет Өзбек ТВсында тартылган Жаңы жылдык программаны кабыл алган ТВнын жетекчилеринин бири Батыр Закиров аткарган жаңы ырды кесип салып, ордуна эски ырды макулдашпай чаптатып салат.

Батыр Закировдун мүрзөсүндөгү эстелик. Ташкендин Чагатай көрүстөнү.

Батыр Закировдун мүрзөсүндөгү эстелик. Ташкендин Чагатай көрүстөнү.

Батыр Закиров Ташкен мюзик-холунун уюштуруучусу да болгон. Жаңы театр үчүн белгилүү режиссер Марк Захаров жана Анатолий Ширвиндт “Путешествие Синдбада Морехода” деген мюзиклди жазышат. Чыгыш базарындагы керемет жашоону жана Ташкендеги үйлөнүү тоюн көрсөткөн бул мюзиклды Санкт- Петербург-Ленинградда окуп жүргөндө ырахаттана көргөм. Тойдун коногу катары мюзиклга Ирина Понаровская жана “Поющие гитары” вокалдык-инструменталдык ансамбль катышкан. Өкүнүчтүүсү, мюзикл Москва, Ленингард жана башка шаарларда чоң аншлаг менен өтүп жатканына карабай, коллектив 1979-жылы таркатылат. Ташкен мюзик-холу СССРде Москва, Ленинград жана Киев мюзик-холунан кийин түзүлгөн төртүнчү коллектив, бирок Чыгыштагы биринчи мюзик-хол эле. Андан алты жылдан кийин 1985-жылы 23-январда Батыр Закиров 49 жашында көз жумат. Доктурлар боордун циррозу өтүшүп кеткен деп диагноз коюшат.

Ырдын баа жеткис кубаты

Батыр Закиров дүйнө көчкөнүнөн бери 40 жыл жакындады. Бирок анын ырлары дале музыка ышкыбоздорунун көкүрөгүндө өчпөй сакталганын Батыр Закировдун туулган күнүнө байланыштуу интернет-талкууга чыккан мына бу каттар күбөлөйт. “Мен Закировдун пластинкасын сатып алган кезде 13-15 жаштарда элем. Анан дагы башка пластинкаларын сатып алдым. Батыр Закировдун пластинкасын издеп Барнаулдун бардык дүкөндөрүнө барчумун жана сак турчумун. Ал үчүн Чыгышты Бухара, Самарканддан тартып, Каирге чейин сүйүп калдым. Бул региондун маданиятын, музыкасын, акындарын жана байыркы окумуштууларына кызыгым артты. Азыр интернетте Батыр Закировдун ырын таптым. Кыркы жылдан кийин да таасири мурдагыдай эле. Тунук, кубулжуган керемет үн”, — деп жазат Виктор деген музыка ышкыбозу Германиядан.

Ал эми Раиса Самсонова деген волгограддык аял: “Эл Батыр Закировду унуткан жок жана кылымдар бою сүйөт”, деп жазат. Санк-Петербургдан Ирина Карепина болсо: “Россиянын жаңылыш унутулган добушу! Анын ырлары жана музыкалык фильмдери бала чагымдан бери жадымда. Телеканалдар ал жөнүндө узактан бери үн катышпайт”, — дейт.

Булбул эмнеге муңайымдуу сайрайт?

Ал эми Өзбек эл артисти, азыр Австрияда жашаган Хасан Базоровдун оюнча, Батыр Закировдой ырчы эки-үч кылымда бир жаралышы мүмкүн.

Батыр Закиров "Оттуу жылдар" көркөм фильминде Рабиндранат Тагордун ролунда.

Батыр Закиров «Оттуу жылдар» көркөм фильминде Рабиндранат Тагордун ролунда.

— Батыр Закиров –өзбек музыкасы жана киносунун легендасы. Батыровдордун үй-бүлөсү, бир тууган Батыровдор өзбек музыкасынын легендасы. Батыр Закировдой ырчы жана адам турмушта 200-300 жылда бир жаралса керек. Анын ысмы эч качан өлбөйт жана унутулбайт. Мен Батыр Закировду тирүү көрүп калганыма бактылуумун. Ал кезде Батыр Закировдун добушу күнүнө Ташкенден да Москвадан да жаңырып турчу. Өзбек кыздар жана аялдар Батыр Закировду жаны калбай сүйүшчү. Анткени ал кермет ырчы гана болбостон, аябай асылзат жана жылдыздуу адам эле. Анын ырларын укканда тулку боюң толкуп, жүрөгүң менен угасың. Денең дүркүрөп Мекениңе болгон сагынычың күчөйт.

Мен өзүм Батыр Закировдун ырларын укканда эмнегедир дайыма трагедиялуу нотаны сезем. Жана кулагымда байыркы орто азиялыктардын ашыглык ырларынын ыргагы же сарбандардын муңайымдуу обонунун кайрыгын уккандай болом. Бул оюмду Журабай Мурадовго айтканымда, алдагыдай ыргак- Батыр Закировдун сүйүүсүнүн күчү деп түшүндүрдү.

— Билесизби, урматтуум! Батыр Закиров да Тажикстанды жана тажик лирикасын сүйгөн. Тажикче сонун ырдаган. Ал ар бир ырды жан дилинен ырдаган. Анын үнүндөгү муңайымдуулук ошол сүйүүсүнүн күчү. Адамдын дилинде сүйүү болсо, аткарган ишинин баары жакшы болот. Эгер чын дилинен сүйбөсө, эч нерсе болбойт. А Батыр Закировдо мунун баары бар эле.

*»Жарты өпкөлүү булбул» музыкалык берүүсүндө Батыр Закиров аткарган «Араб тангосу», «Хабиба», «Ашык болдум» (Мафтун бўлдим), «Кумурачан кыз»(Девушка с кувшином), «Сенин эки көзүң» (Два синих ока) деген ырлары колдонулду.