Видео: Өмүрзак Кайыпов — Арстанбектен алп саптар (терме)

2014-ж. 20-август күнү “Арстанбектен алп саптар” аттуу терме тасманын бет ачар аземи болду. Мындай мазмундуу жана көлөмдүү терме Кыргыз маданиятынын тарыхында алгачкы жолу жаралды. Он үч мөөнөттүк тасма бир жарым жыл аралыгында тартылып, бир миллион сом сарпталган. Кылымдар бою чыкпай басылып келген бул чыгарма эл менен бийликти бирдей ойго чакырат. Ошондой эле жашоонун жыргалы — бийлик, мансап, байлык эмес, адамдык насил экенин даңазалайт. Арстанбек Буйлаш уулу 1824-1878- жылдары жашап өткөн. Учурунда карапайым эл ичинде өсүп, таланты менен Кокон хандыгынын бектерин […]

Булбулдардын устаты

Адатта жайнаган ырчы-чоорчуларыбыздын эмнеге ырчы болуп калганын сурасаң, дээрлик көпчүлүгү «чоң атам комуз чертчү же таянем кошокчу болгон үчүн…» дегенди кайталашат. «Улукмырза Полотовдон таалим алганым үчүн ырчы болуп чыктым» дегендерин аз угасың. Ооба, талант укум-тукум уркунан да болот. Бирок ушунча болуп таята-таянеси же чоң атасынын колунан ырчылыкка тарбияланган бир да ырчы жок. Азыркы базары жүрүп аткан ырчылардын далайы Улукмырза Полотовдун мектеп босогосун аттаган үчүн да эл сүймөнчүлүгүнө, эл аздегине айлангандыр… Алардын арбирин карапа жасаган устадан бетер тиягынан бир, биягынан бир […]

Классикалык музыка күйөрмандарына кулак кагыш

Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиевдин маалымдашынча: Тарых жана маданият жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте Композиторлор союзунун демилгеси менен композиторлордун музыка жумалыгы өткөрүлөт. Программа боюнча: 6-декабрь. Кыргызстан композиторлорунун хордук чыгармалары. Мамлекеттик камералык хор ырдайт. Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичине залы. Башталышы 17-00.