Азиз НЕСИН: Торос желмогузу

БИРИНЧИ КӨШӨГӨ ЭКИНЧИ КӨШӨГӨ Үчүнчү көрүнүш Милиция бөлүмү. Сол жакта комиссардын бөлмөсү, оң жакта ага алып баруучу коридор. Коридордун дубалында өрт өчүрүүдө керектелүүчү буюмдар: кызыл боёк менен боёлгон чакалар, керки, күрөк, илмек, өрт өчүрүүчү түтүк, оролгон аркан биринин аркасында бири тизилип турат. Ным жана кир коридорго абажурсуз кичинекей лампанын күңүрт жарыгы тийип турат. Парда ачылганда Нури коркуп, далбастап коридордо тегеренет. Бир нече жолу “Комиссар” деген жазуусу бар эшикке жакындап, кирүүгө камданып, бирок кайрадан артка кайрылат. Бул учурда аны аркада турган […]

Азиз НЕСИН: Торос желмогузу (Үч көшөгөлүү драма)

Каармандар: Нури Саянер — пенсионер, 60 жаштан өткөн Михрибан — анын аялы Метин — алардын уулу Гүлай — алардын кызы Зия Чалакчы — жашап жаткан үйдүн ээси Осмон Күмүштекир — (Думан Осмон), ашынган кылмышкер Комиссар Кезметчи Милиционер Соттолуучу Биринчи журналист Экинчи журналист Үчүнчү журналист Гезит сатуучулар БИРИНЧИ КӨШӨГӨ Биринчи көрүнүш Чоң жыгач үйдүн экинчи кабатындагы конок бөлмө. Сол жакта – уктоочу бөлмөнүн эшиги. Оң жакта – далис, ашканага жана башка бөлмөлөргө алып барат. Сыртты карап турган эки терезенин ортосунда “Жараткан […]

Талант менен ширелишкен сулуулук

“Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче, сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз” Акын Жолон МАМЫТОВ Маркум Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө сөз болгондо айчырайлуу сахна жылдызынын табигый сулуулугу, сырткы өң-түс келбетине жуурулушкан таланты, ички дүйнөсү баладай таза ишенчээктиги, адамгерчилиги, анан да Акмөөрдүн элесин берген аккуунун тарегдияга жык толгон аялдык тагдыры армандуу айтылат. «Сулуулук дүйнөнү сактайт» деген улуу сөз бар го. Анда сулууну ким сактайт? — деп эскерген эле улуу акын Жолон Мамытов: «Жуурулушса талант менен сулуулук, Сезимдерге уялады жылуулук. Дал ошондон гүлүн ачып тазалык, Байкалбастан бүрүн ачты улуулук. […]

Улуу актёрдун өкүттүү тагдырынан учкай кеп

Башкалар текстти унуткан жерден кагазга үңүлүп, сценарийде эмне жазылса ошого байланып чебелектеп жүрсө, Советбек Жумадылов гана текстти унутуп калган жерден, «сценарий кайда» дебестен, сценарийдегилерди өз сөзү кылып айта берчү дешет. Анын башкалардан кескин айырмаланганы да мүмкүн ушундадыр… Бизде өзүнө өлбөс-өчпөс эстелик тургузуп кеткендер саналуу. Ошолордун бири – театр, кино корифейибиз, Кыргыз эл артисти Советбек Жумадылов. Бул залкар 1932-жылы 5-декабрда Ыссык-Көлдүн Тепке айлында туулган экен. 1953-жылы Ташкенттеги Островский атындагы көркөм-театралдык институтун аяктары менен сахнада жылдызы жанат. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркул […]

Чыңгыз АЙТМАТОВ: Бүбүсара Бейшеналиева

Акырет кеткен көп эле көйкашка замандаштарыбыздын күйүтүн тарттык, анын ичинде Бүбүсара Бейшеналиевадан ажыраганыбызда кабыргам айрыкча кайышты. Буга көп себептер бар. Баарыдан мурда ал эл таалайына чанда бир туш келер табылгыс жан эле. Менин оюмда, кыргыз элинин маданий жактан дүркүрөп өркөнү өскөн бүткүл соңку жаңы доорунда Бүбүсара Бейшеналиева анын айдың тунук асманында балбылдап жанып чыккан улуттук биринчи жылдыз болду. Айтор, аны ар дайым эстеп, ойлой жүргөнгө жалпы мааниде болсун, жеке мааниде болсун, мен үчүн олуттуу, терең көп эле жүйөлөр табылат. Ойлоп […]

Анонс-видео: «Илегилек» драмасы

Белгилүү драматург Султан Раевдин “Илегилек” пьесасынын негизинде “Тунгуч” театры жаңы спектаклди баштады. Спектакль азыркы мезгилдин көйгөйлү проблемасын, ыйман, адеп-ахлак маселелерин козгойт. Муундар менен муундардын ортосундагы мамиле, ажырым, көз караштардын жана дөөлөттөрдүн карама-каршылыгы, татаал психолгиялык ички драматизм бул чыгарманын өзөктүү маселеси. “Илегилек” спектаклинин автору жана режиссер коючусу, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Лондондогу эл аралык театр фестивалынын Гран Присинин ээси Султан Раев, сценографы-белгилүү театр сүрөтчүсү Бакыт Тилекматов, спектаклдин бийин койгон Имаш Ажыкул. Спектаклде башкы ролдо Кыргыз эл артисти, […]

«Суфлёр» – классика үлгүсү

“Театр – турмуштук суроолорго жооп берчү жогорку инстанция”. Александр ГЕРЦЕН Эл жылдан жылга театрга каттачу жолду унутуп баратат. Элдин азыр күнүмдүк оокат табар жолу кайсы болсо, каттаган жолу ошол. Базарга барчу жолду билет, жамандыкка барчу жолду билет, той-ашка барчу жолду билет… Анан поездге же самолетко белет алып, бөлөк эл, бөтөн жерге аттанып жумуш табар жолду гана билгилери келет! Негедир соңку кезде “Кыргызстандын жашоосуна тойдум!” – деген маанайдагылар көбөйүп бараткандай. Албетте, социалдык турмуш соккусу кайсы коомду болбосун кыйгап өтпөгөнүн адамзаттын басып […]