Ашыглык илебинен жаралган айкелдер

Жогорудагы сүрөт: Камилла Клодель. «Вальс». 13-октябрда Канаданын Монреал шаарында ачылган балет фестивалы эки бөлүмдүү «Роден-Клодель» спектакли менен ачылды. Аны канадалык жаш хореограф Питер Хуанс койду. Оюндун сюжети атактуу француз айкелчиси Огюст Роден менен анын окуучусу Камилла Клодель ортосундагы ширин сүйүү, ачуу ажырашууга негизделген. Бул баягы эле бытиенин, жашоонун түбөлүктүүлүгү эмеспи. Бул жаш үй-бүлөгө катар улуу курактагыларга да мүнөздүү көрүнүш. М. Камчыбеков Устаз өзүнөн 23 жаш кичүү таланттуу шакиртине XIX кылымдагы эркектер үстөмдүк кылган дүйнөдө өз ысымын ташка чегип, түбөлүктүү кылып […]

Омар Хайям: Дүйнө идиш, а биз шарап…

Омар Хайямсыз ислам маданиятынын алтын доорун элестетүү мүмкүн эмес. Анын ырлары 19-кылымдагы Европа маданиятына олуттуу таасир этип, Батыштын Чыгыш поэзиясына кызыгуусун арттырган. Ал түзгөн Күн календары дүйнөдөгү эң так календардын бири деп таанылган. *** Ак жүрүп, арам ишке баспай кадам, Вино ичсем Дилбар менен неси жаман? Кудайга жалын дешет “ичирбе” деп, Жалынбайм. Ичпегендин өзү жаман. *** Катылган аалам сырын кимдер билет? Дүйнөдөн бири кетсе бири келет. Ачыгы: дүйнө идиш, а биз шарап, Идишке куюштурат бизди ченеп.1 Бул эки рубаи Омар […]

Кыргыз «кулактардын» антисоветчил пьесасы

Жогорудагы сүрөттө Украинанын Одесса облусунун Новодаровка кыштагында совет өкмөтү тарабынан сүргүнгө айдалган кыргыздардын өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин артисттери. 1932-жылдын апрель айы. Херсон облустук мамлекеттик архиви. Бул Сталиндик репрессия кулач жайып, эл совет бийлиги тарабынан өз жана душман болуп, эки жаатка жиктелип турган кездин бир икаясы. Окуя 1931-33-жылдары Украинанын Одесса облусундагы Ново-Троицкий районундагы Новодаровка кыштагында болгон. Бул жерде бай-манап деп сүргүнгө айдалган кыргыздардын өздүк көркөм чыгармачылык ийрими түзүлүп, ошо кездеги актуалдуу темаларды чагылдырган ондон ашуун пьеса койгон. Өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин […]

Чиркөөдөгү сүрөт же Батый менен кошо Европаны чапкан кыргыздар

Жогорудагы сүрөттө Гостин тоосунун этегиндеги монгол-татар аскерлери конушун таштап качууда. Ыйык Гостин чиркөөсүндөгү панно. Чехиянын чыгышындагы Гостин тоосунун төбөсүндө төбөсү көк тиреген чиркөө бар. Заңкайган чиркөөнүн төрүн Ыйык Мариянын мозаика-панно жана монгол-татар аскерлеринин барельеф сүрөтү кооздойт. Азиядан эчендеген миң чакырым алыстагы чиркөөгө эмне үчүн Чыңгыз хандын аскерлеринин сүрөтү түшүрүлгөн? Алар 13-кылымда Европаны чапканда, алардын катарында кыргыз урууларынан жоокерлер бар беле? Албетте, жортуулга Чынгыз хан курган империяга кирген уруулар азыр кыргыздарда бар. 6-ноябрь 2011-жыл. Гостин дөңүнүн төбөсүнөн орун алган Ыйык Гостин […]