Видео: Ооматың түйүлгөн муштумга карабайт

КСДПчы ректордун кысымы кызып турганын Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин алдында өткөн береги видеодон баамдоого болот. Аталган окуу жайдын ректорунун өз билемдик өктөмдүгүнө акыры окуу жайдын мугалимдеринин чыдамы кетип турган кезең. Аныгы – 26-март күнү калдайган университеттин алдында ректорго каршы мугалимдердин катуу нааразычылыгы чыкты. Митинг уюшулду. Ызы-чууну акылга салып, сөз менен жайгара албаган Канат Садыков митингде мугалимдерге ызырынып, окуу жайдын алдындагы окуяны чөнтөк телефонуна тартып алып жаткан мугалимге кантип жутунуп жеталбай, артынан түшкөнүн төмөндөгү видеодон көрөрсүздөр… Ал эми митингге чогулуунун башы […]

АУДИО: Быжыны жана сүйүүнү даңктаган шотланд акыны

Акын үчүн жазган ырларын эли унутпай окуп тургандан артык сыймык барбы! Мындай урматка тирүүсүндө Шотландиянын улуу акыны деп таанылган Роберт Бернс ээ болгон. Анын кадимки быжы жөнүндөгү одасы 1802-жылдан бери жыл сайын 25-январда Шотландиянын улуттук майрамында жаңырат. 25-январь — Шотландиянын улуттук майрамы. Бул күнү кечинде шотланддар кадимки кыргыз тамагы быжыны жешет. Алардын быжысы койдун ичеги кардына, өпкө-бооруна, куйрук майына пияз жана талкан кошулуп жасалат. Бул күнү шотланддар улуу акыны Роберт Бернстин туулган күнүн да майрамдашат. 1802-жылдан бери. Шотланддар быжысын жеп, […]

АУДИО: Чыгыштын чыныгы булбулу

Апрель айында өзбек эстрадасынын негиздөөчүсү саналган Батыр Закиров 90 жашка толот. Кээ бир замандаштары «Чыгыш булбулу» деп атаган ырчы 1985-жылы 23-январда катуу оорудан көз жумган. «Араб тангосу» менен келген даңкБатыр Закиров ырчы катары Советтер Союзуна жана тыш өлкөлөргө Жаштардын жана студенттердин 1957-жылы Москвада болгон бүткүл дүйнөлүк фестивалында таанылат. Бул фестивалга 131 өлкөдөн 34 миң адам келген анда. Батыр Закиров фестивалда араб тилинде “Я захратан фи хаяли” деген ырды биринчи жолу аткарып чыгат. Кыргызча “Менин кыялымдын гүлү” деп аталган бул ыр […]

АУДИО: Ичкиликтер фольклору: Кыз кыңшылатмай, дүрө… (Аудио)

Ичкилик кыргыздарынын өлөң айтуу, “кыз кыңшылатмай” салты, дүрө жана санат ырлары бар. Бул көөнө элдик чыгармачылыктын өзгөчөлүктөрү жана географиясы. (1-бөлүктө алардын ашыглык ырлары чагылдырылган). Кыргыз адабияты боюнча 2004-жылы чыккан энциклопедиялык окуу куралында “өлөң” оозеки адабияттагы лирикалык текке кирчү жанр экени жана кыргыз улуттук фольклорунда сейрек кездешкен он бир муун өлчөмүндө чыгарылганы айтылып, Алайлык кыргыздардын өлөңүнөн бир үзүндү берилет. Ошондой эле, өлөң боордош казактардын элдик оозеки чыгармачылыкта, акындар поэзиясында, жазма адабиятында учураганы, көбүнчө тойлордо ырдалганы айтылат. Калас. Эгер көй кашка диалектолог […]

АУДИО: Түркмөндөр пайгамбарга теңеген акын

Улуу акын Махтымкули. Меккеде Мухаммед, Түркстанда Кожоакмат. Бул кош сапты эчен ирет бата берип жаткан казак туугандардан угуп, алардын өздөрү чыгарган импровизациясы деп ойлочумун. Көрсө, XII кылымда өткөн ортоазиялык улуу сопу жазылык Кожоакматты Мухаммед алейхисаламга Махтымкули Фраги да салыштырган экен. XVIII кылымда өмүр сүргөн суфий-акын Махтумкули Фраги түркмөн адабий тилинин негиздөөчүсү. Ал түркмөндөр бирдиктүү эл болуп, өз мамлекетине ээ болуусун тилеп ырдаган. Ошон үчүн атактуу түрколог Бартольд: ”… бардык түрк элдеринин ичинен түркмөндөрдө гана өзүнүн улуттук акыны бар. Ал Махтымкули” […]