Бакеева Бурулкан: Апам ары бар, аялым бери кел

АҢГЕМЕ Аял Новосибирск шаарынын темир жол вокзалынан электричкага отуруп, үч сааттан кийин түнт токойдун арасындагы кичине станциядан түшүп, жыгачтан курулган жыйырмадай үйдөн турган кыштакты көздөй эмес, токой тарапка баратты. Күүгүм кирип калган. Жайында көз жоосун алып жапжашыл, кышында калың кар баскан орус токою. Бийик жоон карагайлардын ийне жалбырактарын аппак бубак баса, сууктан зыңкыя катып көктү тирей керилген токой ичи тунжурап жымжырт. Анда-санда өткөн поезд гана кулак-мээни жеп шарактап келип өтөт да, алыстаган сайын добушу ар тарапка сиңип жок боло кайрадан […]

Олжобай Шакир: Зере – элдин эс-акылын козгогон талант

Чечкиндүү кадамга барганыңды кош колдоп кубаттайм, Зере! Албетте, мен сени таптакыр тааныбайм, бирок коомчулукка уу-дуу салган «Кыз» аттуу клибиңдин маани-маңызын ким кандай кабыл алат – ал маанилүү эмес. Эң маанилүүсү – жалаң жөө жомоктон тарбия алып калыптанган улутка авангарддык искусствонун үлгүсүн алып чыкканыңа ар кимдин эле кайраты жетмек эмес. Мындай кадамга батынган сендей жаштардын чыгармачылык экспериментине көркөм арсеналдык ой жүгүртүү жөндөмүнө жетпегендер албетте, сени талап-тытып, жеп коюуга даяр! Алардын жырткычтан айырмасы жок! Бирок мечитте намазга жыгылат ошолор… Алардан баарын күтсө […]

Каныбек Иманалиев «Кыргыздар» үчүн эл аралык 1-сыйлыкты жеңип алды

Жогорку Кеңештин «Атамекен» фракциясынын депутаты, акын жана жазуучу Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» аттуу китеби КМШ мамлекеттери арасындагы «Китеп маданияты» аттуу конкурста «Шериктештик» номинациясында биринчи орунду жеңип алды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 7-сентябрда Москвадагы эл аралык китеп жармаңкесинин алкагында өткөнүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматы таркатты. Аталган конкурсту КМШ уюмунун Мамлекеттер аралык кеңеши тарабынан басма багытындагы кызматташуу алкагында уюштурулганы маалым болду. Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» аттуу  эмгеги англис, немис, орус жана кытай тилдеринде да басылган. Анда кыргыз элинин тарыхы, көп улуттуу Кыргызстандын кооз табияты, жаратылыш байлыктары […]

Маданият – алысты жакын кылат

Кытай окумуштуусунун Кыргызстанга сапары «Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясынын ачылып иштеп жатканына эки жылга жакындап калды. Мына ушул убакыт ичинде биздин компания кытай адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн 50гө жакын китептерин кыргыз тилине которуп, жарыкка чыгарды. Кытай адабияты дегенде жарытылуу деле билбесибиз анык. Мунун өзүнүн объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Мына ушул кенемтенин ордун толтурган биздин компания болмокчу. Жакында, тактап айтсак, 7-9-сентябрда Бишкек шаарына Кытайдан Пекин педагогикалык университетинин профессору, маданият таануучу, Пекин педагогикалык университетинин маданияттагы инновация жана таратууну изилдөө институтунун директору, […]

Үмүт КУЛТАЕВА: Шакиртиме жан сырым…

(Эссе ордуна) Мен сөз кылчу жаш адам кытайлык кыргыз уланы – Дабыт Абдылбары. Табиятынан зирек, кытайлык кыргыздардын арасынан каргадай жаш өспүрүм курагында эле суурулуп чыккан Дабыт тарыхый мекени Кыргызстанга барууну мектеп окуучусу кезинен эңсеп, интернет аркылуу байланышка чыгып жүрүп, коомчулукка “Көк асаба” гезити аркылуу 2013-жылдан бери тааныш. Дабыт 2014-жылы Кытайдын Ланжоу шаарындагы Түндүк-Батыш улуттар университетинин филология факультетинде котормо жана котормо таануу бөлүмүн бүтүргөн. Өспүрүм курагынан макала жазып, улуттук тил, тарых, адабиятка кызыгып келет. Кытай, англис, түрк, фарс тилдеринде эркин сүйлөйт. […]

Баарыбызды улуттук сыймыкка бөлөгөн Култаеванын сыйлыгы жөнүндө сөз

Кытай Эл Республикасынын “Кытай адабиятын жайылтууга өзгөчө салым кошкондугу үчүн” мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» интеллектуалдар альянсынын мүчөсү Үмүт Баймуратовна Култаева менен маек. – Оо, Үмүт эже, сыйлыгыңыз кут болсун! Сиз ар кандай сыйлыкка татыктуу инсан экениңизди билебиз го. Биздеги айрым түркөй жетекчилерди эске албаганда, сиздин пикирлештериңиз Сиз менен сыймыктанабыз. Эми сыйлык туурасында кеңири кеп кылып бергейсиз. Себеби буга чейин бул сыйлык боюнча коомчулукта маалымат жок эле да… – Ыракмат, Олжоке. Эми бул сыйлыкка, биринчиден, кудайдын […]

Нуриз ӨМҮРБАЕВА: Бакыт мага жарашпаган көйнөктөй

БИР ЫРДЫН УЛАНДЫСЫ Турмушуңдан өзүңө алган жазаң бул — Туура чыкпайт кадамыңдын бардыгы. Азыр мени көп ойлонтот качандыр Мен жаңылткан адамдардын тагдыры. Өткөнүмдөн өчпөй турган сөз калды… Өрткө айлантты түшүнбөстөр ойнумду. Аял болуп бул дүйнөгө көз ачып, Аялдарга азап берип койдумбу?.. Өлчөп көрүп таразамда өзүмдү, Өзүм неге актап кетер сөз таппайм?! Бирде күлүп, бирде жаштап көзүмдү, Бир билгеним: ушул жолдон көп каттайм. Азгырыгы, түйшүгү көп бул жолдун, Аягына кандай күндү жазды экен? Мээримсиздик көп ыйлатты… Соорондум. Мен кылчайбай койгон жандар […]

Акыл гимнастикасы шахмат туурасында сөз

Кыргыз жөө жомокко жакын эл. Логикалык тапшырма, акыл мүшкүлүнө келгенде, баш оорутканды каалабайт. Ой жөндөмдү арттырар шахмат өнөрүнүн өрнөктүү ролуна маани бербей келебиз. А маани бергендер абыдан саналуу. Ошол саналуулардын бири бүгүнкү маектешибиз – белгилүү журналист Болотбек Жумабаевдин жакында “Шахмат залкарлары” аттуу китеби жарык көрдү. Мындай китеп ар бир үйдө турса жаман болбойт эле, бирок андай эмгектин кадырын түшүнөбүзбү?! Келечек муунду тарбилоо жаатында жалпы жумуриятыбыз менен жапатырмак киришер мезгил келип жетти көрүнөт… Прогресске багыт алган элдер жеткинчек муунду тарбиялоодо бала […]

Кумурскадай кыбыраган «РухЭш» сайты – интеллектуалдар альянсы

Аталган сайт 2016-жылдын 1-октябрь айында рухий коом агартуу багытында негизделген. Багыты ♦ Улуттук рухий-мурастар дөөлөтүн түптөө ♦ Коммуникация талабына шайкеш электрондук адабиятты өнүктүрүү ♦ Өрнөктүү чыгармалар аркылуу окурмандардын көркөм эстетикасын тарбиялоо ♦ Профессионал адабияттын салттуу жолун улантууда – адабий сын, рецензия жана адабий изилдөөлөр боюнча конкурстарды байма-бай уюштуруу ♦ Өз эне тилинде ою жетик, тили жатык келечек муунду тарбиялоо ♦ «РухЭш» сайтын интеллигенция чөйрөсүнүн диалог аянтчасына айлантуу ♦ Адабият, илим-билим, тарых багытындагы монографиялык илимий-популярдуу эмгектерди үзгүлтүксүз жарыялоо ♦ Дүйнө адабиятын […]

Роза Отунбаева Кыймылдагы Кыргызстан, “Мекендештер” форуму туурасында…

Кыргыз Республикасынын  экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгелери» Эл аралык коомдук Фондунун негиздөөчүсү 8-августта жалпы улуттук төртүнчү «Мекендештер» Форуму өтмөкчү.  Бул иш чара 2012-жылдан баштап  ар бир эки жылда  үзгүлтүксүз  өтүп келе жатат.  Үчүнчу форумду 2016-жылы Ош шаарында өткөрдүк, ага 24 өлкөдөгү кыргыз диаспораларынан 27 уюмга бириккен 500дөн ашуун өкүлдөр катышкан. Биз ошондо Ош областынын Кара-Суу районундагы ташты кайрадан иштетүүчү “Кыргыз травертин” заводунда болгон элек. Завод 1,7 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестицияга мекендешибиз К. Акаев тарабынан 2015-жылы курулуп, ишке киргизилген. Бул жерде […]

Интеллекти арттыруунун ыкмалары

“Көп эле нерсени билебиз, бирок түшүнгөнүбүз аз”— деген фразаны көп эле угабыз. Чындыгында эле, көпчүлүк учурларда  окуу процесси бири-бири менен байланышы аз фактылардын топтомун жаттап алуу менен чектелет. Мындай система алган билимди практика жүзүндө колдонууга дайым эле жардам бере албайт. Ал эми алган билимди жашоодо колдоно билүү чоң интеллектин белгиси. Жазылган нерсенин уңгусуна сүңгүп кирүү, жөн эле эске тутуп алуудан көп эсе маанилүү.  Бүгүн биз тексти, дегеле бардык маалыматтарды түшүнүүнүн айрым ыкмалары менен тааныштырууну чечтик. 1. Маңызын таба билгиле Илимпоздордун […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Айланайын, айылдыктарым!

Ишке жарады. Бада кайтарган атты күлүккө кошуп чапкандай боломбу деп сарсанаа болуп баргам. Токмоктун командасына түшүп калганда токмок жебесек экен деп 3:0 менен токмоктоп салдык. Айылда мал кайтарып, Нарындын суугуна кайыгып жүргөн балдар да. Булардын машыгуусу малдын богун чыгарып, анан чөп салып, сугаруу менен өтөт. Жашыл кийимди кийип эле “Бол-эй-болдун” (волейбол) аянтына тизилип чыгып калышса, кадимки спортсмендерге окшоп калышты. Мен болсо өзүмчө кубанып жүрөм. Менин ортончу балам менен тең балдар. Бири Доотай деген айылдын алдыңкы комбайнеринин небереси. “Нива” деген комбайнында […]

Олжобай ШАКИР: Кыргыздын кайра жаралуу доорундагы көкбөрү мааниси (2-макала)

1-макала ушул шилтемеде>>>>>>>>> Бир эле кыргызда эмес, дүйнө жүзүндө эл энчисине айланып кеткен мурастар канча, маселен: «элдик ыр», «элдик күү» болуп. А түпкүлүгүндө ал мурастарды жалпы эл жараткан эмес, тек эл ичинен чыккан бүрөө-жарымдын гана авторлук чыгармасы кийин элдик болуп аталып калганы… Ошол элдик ыр, элдик күүлөрдү шаңшытып оркестрге салсаң да элдик бойдон кала берет түбөлүк. Көкбөрү тарыхы да ошол сыңары элдик дөөлөт-мурас, элдик өнөр катары эл энчиси бойдон жашай берет. Тек, ага жаратмандык мээнетин жумшаган эр-азаматтар чыкпаса, көкбөрүнүн бүгүнкү […]