ЖК депутаты Эмил ТОКТОШЕВ: Олжокебиз акылынан айныган апенди эмес

Акыркы убакта коом адеп ахлакка, үрп-адатка, илим-билимге, мекенчилдикке да болуп көрбөгөндөй суусап турган кези. Бүгүнкү күндө глобалдашуу процессинде өсүп келе жаткан муунду өзүбүздүн баалуулуктар менен тарбиялабасак, сырттан келген агымдар өз кучагына тартып кетип жатканы айдан ачык. Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү, арабыздан чыгып жаткан азыркы «Дүйшөндөрүбүз» эл суусап турган учурда көптөгөн авторлор жаратып жаткан керемет чыгармаларды барктап, баалап, окуп, талдап – рухий азык издеген чөйрөгө жайылтууда. Мунун өзү коом агартуунун жаңыча жолу, жаңыча аракети. Качанкы унутта калган мыкты чыгармаларды бүгүнкү окурмандарга даңазалап турууга […]

Кантип туура чечим кабыл алыш керек: Даанышмандын өзгөчө ыкмасы

Чечим кабыл алуунун кызык ыкмасын улуту англис — көптөгөн илимий ачылыштарды, анын ичинен кислородду, көмүр кычкычкыл газын, аммиакты баш кылган 10 газды, биз ичип жүргөн газдалган сууну ачкан белгилүү окумуштуу-химик Жозеф Пристли көрсөтүптүр. 1772-жылдын күз айларында ага лорд Шелбурндан сунуш түшөт. Ал Пристлиден жылына 250 фунт акча алып, балдарына үй-бүлөлүк мугалим болуп берүүсүн жана өзүнө саясый кеңешчи болуп берүүсүн өтүнөт. Ал кезде Пристлинин үй-бүлөсү дин кызматкеринин ( жылына 100 фунт) айлыгы менен жашап жатышкан, алибетте ал сегиз баланы окутканга жетишсиз […]

Султан РАЕВ: Жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ болор саамалык

«РухЭш» сайты кыска аралыкта көзгө басар адабий сайт болуп чыга келди. Олжобайдын олжосу – адамдын рухун аруулантуу. Азыркы коммерциялашкан заманда Олжобайга окшогон адамдар гана рух «дербиш» атка конбосо… Ал деле ар кыл сайтты ачып, мээге да, жүрөккө да ныпым угут бербеген… көчөдөгү ыпыр-сыпырды жазып толтуруп салса болмок… Арийне, «РухЭш» сайты элге огожо кызмат кылып атыры… Өткөндө Калиниград шаарына барып аердеги жердештерге жолугуп калдым. Окуй турган адабият жок, тиктегенибиз да, окуганыбыз да «РухЭштеги» аңгемелер, ошол көркөм чыгармалардан көкүрөк азыгын алып турабыз […]

Белгилүү философ Үмүт Асанова прогрессчил интеллектуалдардын «Чеч-Дөбө» кеңешине мүчөлүккө кабыл алынды

Бул топтогулар негизинен ар дайым туруктуу позицияны карманган, кайсы бир саясый топко жан тартпаган жана эч бир саясый партияга мүчө болуп кирбеген, ар дайым улуттук жана адамзаттык жалпы орток баалуулукту жогору койгон инсандар курамынан турмакчы. «РухЭш» сайты прогрессчил көзкараштагы интеллектуалдардын альянсын түзүү менен бирге жыл сайын белгилүү окумуштуу жана адабиятчы Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» номанациясын жана Ишенбай Абдуразаков атындагы «Рухий эш» номанацияларын тапшырып турмакчы. Негизинен «РухЭш» сайтынын алдындагы «Чеч-Дөбө» кеңешине мүчө болгон инсандар коомдогу абийирдүү азчылык чөйрөнү калыптоодо – […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Дубалдары да таалим берген мектеп

Гимназия бир караганда жупунудай көрүнүшү мүмкүн: жаркырата кооздолгон жасалга, евроремонт ж.б. көзгө урунбайт. Бирок кабинеттер биринчи кезекте иштегенге – окуучунун эң зарыл маалыматтарды эстешине, мугалимдин аларды издеп отурбай дароо колдонушуна ылайыкталган. Коридорлордо да акыл эмгегинин маданияты боюнча иштелип чыккан сонун таблицалар, эң кыска, бирок өтө нуска түзүлгөн тезис тизмелери 2-3 метр аралыктан да окулгудай жазып илинген. Б.а. мында сырттан келгендердин көзүнө жарк дей түшсүн дегидей тышкы эффект эмес, күнүмдүк сабактарда дайым керек болгон ички мазмун, максатка ылайыктуулук эске алынгандыгы байкалат. […]

Гапыр агайдан бир сабак

Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» программасынын Баткен облусунда жайылтууга арналган семинардын биринчи бөлүгүндө Кызыл-Жол орто мектебинде практикалык сабактар талкууга алынды, Гапыр агайдын шакирти, Лейлек районунун жаш мугалимдеринин лидери Жеңишбек Абдиназаров райондун, шаардын мектептеринен келген кесиптештерине сабакты кызыктуу өткөрүүнүн сырлары жөнүндө айтып берди. Семинардын коноктору – мугалимдер менен ата-энелер – Гапыр агай менен абдан мазмундуу маектешти. Семинардын экинчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова энелер мектебинин бүгүнкү күндөгү орду жөнүндө өтө таасирдүү сөз сүйлөдү, жыйын […]

Улуттун билим сапатын өстүрөр мезгил

Мыкты мугалим жөнүндө кеп кылуудан мурда «Мугалим эмнеге керек» деген притчанын мазмунуна токтоло кетсек… Күндөрдүн биринде окуучу мугалимине келет. Жөнөкөй бир соболун бергени келиптир ал: – Мен баарын окудум. Көптөгөн китептерге сүңгүп кирдим, керек болсо элге лекция өтсөмбү дейм. Мунун баарына өзүм жеттим, эч ким жардам берген жок. Андыктан айтыңызчы, мага мындан аркыга мугалим керекпи? Муну уккан мугалим жылмайды да, минтти: – Эки күндөн кийин кайра кел, жообун аласың. Окуучунун шаабайы сууп кетип баратып, мугалими эмне үчүн дароо жооп бербегени […]

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ: Студенттерге Американын ЖОЖ системасы менен карым-катнаш түзүү абдан ыңгайлуу

Жалалидин Жээнбай — Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти. Ал Дубайдагы АКШ университеттеринин үлгүсүндөгү береги жогорку окуу жайда 2014-жылдан бери математика менен статистикадан сабак берет. Ага чейин жети жыл АКШнын Монтана университетинде жана Рожерс мамлекеттик университетинде (Охлакома штаты) эмгектенген. Аалым Батыш университеттеринде адистерди даярдоонун жана мектепте математика сабагын окутуунун өзгөчөлүгү жөнүндө ой бөлүштү. Амирбек Азам уулу: Жалалидин, адегенде АКШ жана Кыргызстандын жогорку билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөр жөнүндө айтып берсеңиз? Жалалидин Жээнбай: АКШнын билим берүү системасы жөнүндө […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Уильям Рамзай жана инерттик газдар

Сэр Уильям Рамзай – өзү кесиби боюнча физик жана химик. Уильям Рамзай жөнүндө Нобель Комитетинин тыянагы: “Атмосферадагы ар түрдүү инерттик газдарды ачып, алардын мезгилдик системадагы ордуларын аныктагандыгын таануу үчүн». Уильям Рамзай 1852-жылдын 2-октябрында Шотландиянын Глазго шаарында туулган. Анын атасы инженер жана бизнесмен Уильям Рамзай жана энеси Катерина Робертсон. Таятасы Эдинбургда белгилүү врач жана ошол кезде абдан популярдуу деп эсептелген химия окуу китебинин автору болгон. Рамзай бала кезинен катуу деп эсептелинген пуритандык үй-бүлөдө чоңойгондуктан, адегенде дин кызматчысы болууну чечет. Бирок күтүүсүз […]

«РухЭш» сайтынын «Мыкты Эне» номинациясы менен сыйланган окурмандарыбыздан фоторепортаж

Дилазык: Ааламды кармап турган негизги жети мыйзам бар

Турмушуңду оңой албадыңбы? Демек, ааламдын жети мыйзамын бузуп жатасың. Ал жетөөнү билбегениң – жоопкерчиликтен куткарбайт. Билип алсаң, ката кетирбей, гармонияда бактылуу жашооңо жардамы тиет. Боштук мыйзамы Эгерде жаңы туфли алам десең, эскисин ыргыт. Эгер киймиңди жаңыртам десең, кийим салган шкафыңды тазала. Өз эркиң менен эски көз караштарыңдан арыл. Жаңы нерсе, эскиден арылганда гана келет. Идишиңди бошотпосоң, жаңы бышкан тамакты куя албайсың. Айлануу мыйзамы Бир нерсе алуу үчүн өзүңө тиешелүү бир нерсени бергенге даяр бол. Чачылсаң жыйналасың, төгүлсөң толосуң. Кыялдануу мыйзамы […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Пьер жана Мария Кюрилер & Радиация кубулуштары

1903-жылкы физика боюнча Нобель сыйлыгынын тең жарымын Анри Беккерель, ал эми экинчи жарымын жубайлар Пьер Кюри менен Мария Склодовская-Кюрилер алышкан. Биз азыр кеп кыла турган каармандарыбыз, жубайлар болгондуктан, алардын өмүр баяндарын, илимий иштерин чогуу-аралаш эле баяндоону туура көрдүк. Окурманга деле бул сунуш ыңгайлуу болот деген ойдобуз.  Нобель Комитетинин токтому боюнча лауреаттарга сыйлык: “Профессор Анри Беккерель ачкан радиация кубулушун биргелеш изилдеп, илимге көрсөткөн эң баалуу кызматтарын таануу максатында”, — деген пикир менен ыйгарылган. Алгач, Пьер Кюри жөнүндө сөз кылалы. Окумуштуу 1859-жылдын […]

Бекташ Шамшиев: Англис адабиятынын кыскача тарыхы

Биз өз казаныбызда гана кайнаган улут болуп калдык. Ашкере. Ашкере улутчул, ашкере билермандар арбыдык. Жер планетасында кыргыздан улуу, кыргыздан кыйын улут жоктон бетер кыргыз тарыхын жазгандар арбып-дарбып аткан кезең. Адабиятчыларыбыз да тарыхка чала-чарпыт сүңгүп кетишти. Жазуучулар тарыхый темадагы китептерди атаандашып жазып аткандагыбыз… Улуу устатыбыз Салижан Жигитовдун «кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде» деген таамай сөзү канчалык таасирдүү болгону менен, таасирдин тамыры кыргыз интеллигенциясын ойлондурган жок. Кайрале өткөнгө кылчактап, ордунда токтоп туру. Көздүн желкеге бүткөндөгүсү ушул окшобойбу… Албетте, тарыхтын сабагын алууга тийишпиз. Ошол […]

Сараңбай досторума ода

(Азил-чыны аралаш) Досторум көп сараңбай, кысталышта карызга сокур тыйын алалбайм. Бак-бак сүйлөр Садыкка[1] баштап ишти кеңештим. Башкалардай айнытып, баш чайкады дебесмин. «Бали, – деди – Олжоке! Кылчактаба деги эч бир…» Кызып достун кебине, кыйынчылык тартуудан, кылчактаган эмесмин. … эмесмин-эй, эмесмин, … саясатчы эмесмин. … эмесмин-ай, эмесмин, … эх депутат эмесмин… … эмнесине теңештим… Калың эле капчыгы, Каныбекке[2] кеңештим. Салт сыйлаган ал досум сараңданды дебесмин. «Ула», – деди – ишиңди» –, улуу ишке себепчим. Жардам берер болгондо, жалкоолонгон эмесмин. … эмесмин-эй, […]