Олжобай ШАКИР: Кыргыздын кайра жаралуу доорундагы көкбөрү мааниси

«Эртегисин эстесе, Шаа колдосун деп турар. Бөрү энесин эстесе, Жал колдосун деп турар. Ата-тегин эстесе, Бай колдосун деп турар. Ынтымагын эстесе, Жар колдосун деп турар…» Ашым ЖАКЫПБЕКОВ Кайсы элдин тарыхына карабаң: мифтен, уламыштан кайгып өткөн калк жок. Мифтердин, уламыштардын негизинде улуттук философиясынын жерпайын аныкташат. Мифтерге, уламыштарга таянган тарыхый-философиянын гана тамыры тереңдеп кете берер. Башканы коюп, «Манас» эпосунда бурут деп айтылат. А түпкү маанисинде «бөрү ит» эмеспи. Ымыркай төрөлүп, денесинин бир жеринен көгөргөн так көрүнсө, көңкө кыргыздын төл сөзү бар айныксыз: […]

Айсалкын СООРОНБАЕВА: Алтын шакек

АҢГЕМЕ Кыпкызыл таш чөгөрүлгөн, граммы оор бул алтын шакекке кимдердин гана көзү түшкөн жок. Учурунда бир топ акчанын башын чапчыган шакекти ээси мындан жыйырма жыл илгери Бишкектен Алматыга товар ташып, бизнес кылып жүргөн убагында сатып алган. Көз жоосун алган көп шакектин арасынан тандап жүрүп, көзү түшкөнү ушул болгон. Сатуучу кыз да Ленинграддын таза алтыны экенин, сатып алса эч качан өкүнбөстүгүн айтып, мактап саткан. Чынында мактагандай бар экен, колунан түшүрбөй көп жыл тагынды. Анан калса жумуру аппак колуна көрк кошуп куп […]

Бурулкан БАКЕЕВА: Тентимиштер

АҢГЕМЕ Сен мени орустардын мүрзөсүнүн четинде эмнеге отурасың дейсиңби? Өүх! Бул жерде менин Якут тайгасына Жалалабатынан көп акча табам, машина алып үй салам, силерди багам деп ак тилеги, чоң үмүтү менен келип, акча таппай ажалын тапкан 21 жаштагы чырактай балам жатпайбы. Туруп алганың эмнеси, кел отуруп дем алып кетчи, сумкаң да оор экен. Мен да сага арманымды айтып буктан чыгып алайынчы. “Деревня” кыдырып товар сатып жүргөнүңү көрүп эле жүрөм. Сен мени якут деп, мен сени бурят деп, кыргыз экенибизди билишкенче […]

Уланбек АШЫРМАТОВ: Улутубуз дүйнөлүк атаандаштыкка жарамдуубу?

Дүйнөлүк жаңы илимий изилдөөлөр, «4.0 индустрия» же «цифралык индустрия»  аталган жараян, дүйнөдө укмуштуудай өнүгүү жана өзгөрүүлөргө себеп болуп жатат. Бул жараяндын натыйжасындагы технологиялык автоматташтырылуу, роботтор, жасалма акыл (artificial intelligence) биотехнология жана генетикалык индустрия; кесиптик  структурадагы түзүлүш, билим берүү, саламаттык, коопсуздук, төлөмдөрдүн ажырымы (айлык маяна), жана жумушсуздуктун көбөйүүсү сыяктуу маселелерди дисциплиналар аралык изилдөөнүн темасына айландырды. Жаңы кылымда инсандын биологиялык, психологиялык жана интеллектуалдык портрети жаңыдан белгиленер болсо, жаңы жашоонун стандарттары, мыйзамдары, этика-эстетикалык нормалары табигый мыйзам ченемдүүлүктөн улам себеп-натыйжа чынжыры ичинде  дүйнөлүк өндүрүүчү […]

Искендер Гаипкулов «РухЭшти» колдоо эстафетасын Акылбек Жапаровго өткөздү

Жогорку Кеңештин «Атамекен» фракциясынын депутаты Искендер Гаипкулов өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу «РухЭш» сайтын колдоо боюнча өз пикирин мындайча билдирди:  «Технология өнүгүп, интернет желеси бүткүл дүйнөнү курчап алган мезгилде китептерди электрондук вариантка өткөрүп, кылымдардан бери кыргызга үлгү, сабак болуп келген чыгармаларды жаш муунга жеткирүү үчүн сайт ачуу учурдун талабы десем жаңылышпайм. Бул оор жүктү көтөрүүгө, татаал жолду басууга белсенген белгилүү жазуучу Олжобай Шакир талыкпаган мээнети менен окурмандардын жан дүйнөсүнө азык тартуулап жатат. Дегеним, “РухЭш” (www.ruhesh.kg) сайтында кыргыздын таланттуу акын-жазуучуларынын чыгармаларынан тарта дүйнө адабиятына, […]

Олжобай ШАКИР: Атам Шакирдин архивден табылган ырлары

Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакталып келген атам Эгембердиев Шакирдин кол жазмалары кокусунан колума тийип калды. Атамдын чыгармалары Илимдер академиясында сакталып келгени эч оюмда жок эле. Бирок совет мезгилинде атамдын бирин-экин ырлары «Чалкан» журналына жана райондук, облустук гезиттерге чыгып жүргөнүнөн кабарым бар болчу. Айрымдарын республикалык китепканалардын архивинен таап, алардын бири – молдолорго каршы «Минтип калдык неликтен» аттуу 1973-жылы»Чалкан» журналына чыккан ырын «РухЭшке» да жарыялаган элем… Ал эми УИАнын кол жазмалар фондунда сакталып турган ырларын мындан бир аз күн мурду […]

ЖК депутаты Эмил ТОКТОШЕВ: Олжокебиз акылынан айныган апенди эмес

Акыркы убакта коом адеп ахлакка, үрп-адатка, илим-билимге, мекенчилдикке да болуп көрбөгөндөй суусап турган кези. Бүгүнкү күндө глобалдашуу процессинде өсүп келе жаткан муунду өзүбүздүн баалуулуктар менен тарбиялабасак, сырттан келген агымдар өз кучагына тартып кетип жатканы айдан ачык. Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү, арабыздан чыгып жаткан азыркы «Дүйшөндөрүбүз» эл суусап турган учурда көптөгөн авторлор жаратып жаткан керемет чыгармаларды барктап, баалап, окуп, талдап – рухий азык издеген чөйрөгө жайылтууда. Мунун өзү коом агартуунун жаңыча жолу, жаңыча аракети. Качанкы унутта калган мыкты чыгармаларды бүгүнкү окурмандарга даңазалап турууга […]

Кантип туура чечим кабыл алыш керек: Даанышмандын өзгөчө ыкмасы

Чечим кабыл алуунун кызык ыкмасын улуту англис — көптөгөн илимий ачылыштарды, анын ичинен кислородду, көмүр кычкычкыл газын, аммиакты баш кылган 10 газды, биз ичип жүргөн газдалган сууну ачкан белгилүү окумуштуу-химик Жозеф Пристли көрсөтүптүр. 1772-жылдын күз айларында ага лорд Шелбурндан сунуш түшөт. Ал Пристлиден жылына 250 фунт акча алып, балдарына үй-бүлөлүк мугалим болуп берүүсүн жана өзүнө саясый кеңешчи болуп берүүсүн өтүнөт. Ал кезде Пристлинин үй-бүлөсү дин кызматкеринин ( жылына 100 фунт) айлыгы менен жашап жатышкан, алибетте ал сегиз баланы окутканга жетишсиз […]

Султан РАЕВ: Жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ болор саамалык

«РухЭш» сайты кыска аралыкта көзгө басар адабий сайт болуп чыга келди. Олжобайдын олжосу – адамдын рухун аруулантуу. Азыркы коммерциялашкан заманда Олжобайга окшогон адамдар гана рух «дербиш» атка конбосо… Ал деле ар кыл сайтты ачып, мээге да, жүрөккө да ныпым угут бербеген… көчөдөгү ыпыр-сыпырды жазып толтуруп салса болмок… Арийне, «РухЭш» сайты элге огожо кызмат кылып атыры… Өткөндө Калиниград шаарына барып аердеги жердештерге жолугуп калдым. Окуй турган адабият жок, тиктегенибиз да, окуганыбыз да «РухЭштеги» аңгемелер, ошол көркөм чыгармалардан көкүрөк азыгын алып турабыз […]

Белгилүү философ Үмүт Асанова прогрессчил интеллектуалдардын «Чеч-Дөбө» кеңешине мүчөлүккө кабыл алынды

Бул топтогулар негизинен ар дайым туруктуу позицияны карманган, кайсы бир саясый топко жан тартпаган жана эч бир саясый партияга мүчө болуп кирбеген, ар дайым улуттук жана адамзаттык жалпы орток баалуулукту жогору койгон инсандар курамынан турмакчы. «РухЭш» сайты прогрессчил көзкараштагы интеллектуалдардын альянсын түзүү менен бирге жыл сайын белгилүү окумуштуу жана адабиятчы Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» номанациясын жана Ишенбай Абдуразаков атындагы «Рухий эш» номанацияларын тапшырып турмакчы. Негизинен «РухЭш» сайтынын алдындагы «Чеч-Дөбө» кеңешине мүчө болгон инсандар коомдогу абийирдүү азчылык чөйрөнү калыптоодо – […]

Олжобай ШАКИР: Тамырымды зыркыраткан Жерге-Тал (2-макала)

<<<<<<<<<<<<<<1-макала «Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат» дейт кыргыз. 1-макаламда Жерге-Талда жашаган боордоштордун күнүмдүк турмушун учкай чагылдырууга аракет кылдым. Ошол күнүмдүк турмушунун аркасы менен өзүнүн улут катары жоюлуп баратканын туйбаган боордоштордун бүгүнкү акыбалын жаап-жашырып кеп кылбай коюу мүмкүн эмес. Так ошол жаап-жашыруу жолу менен алардын улут катары жок болуп кетүүсүнө өзүбүз себепкер болуп жүрбөйлү мүмкүн?.. (Окурман сага айтам, Жоке, калганын өзүңүз туярсыз). Андыктан авторитардык өлкөнүн курамында жашаган жергеталдык кыргыздардын тагдырына канткенде реалдуу көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүз бар? Агер Тажикстанда жашаган этностук кыргыздарга […]

Олжобай ШАКИР: Тамырымды зыркыраткан Жерге-Тал (1-макала)

Өткөн жылдын этегинде «Унутта калган өрөөндүн муңун» жаздык эле. Андагысы Ак-Шыйракка болгон сапарыбыз болучу. Бул мерте Жерге-Талга аттандык. Жерге-Тал сапарыбызды деле «Унутта калган өрөөндүн муңу» десек куп жарашмак, бирок «Тамырымды зыркыраткан Жерге-Тал» деп атадым бул сапарыбызды. Экөө тең үндөшүп туру. Сапарыбыздын жөнү ошондой болду, азиз окурман… Негедир уюштуруу иштерибиз башынан шыр кеткени менен арты тоскоолдукка учурады. Ал тоскоолдукка Тажикстандын чегарасы менен бажы тосотунан кабылдык. Кыргызстандан жүктөнүп бараткан 1,5 тоннага чукул китеп-белектерибиз Тажикстандын бажыгерлери үчүн бомба көрүндү белем, аргабызды түгөтүп түшүргүлө […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Дубалдары да таалим берген мектеп

Гимназия бир караганда жупунудай көрүнүшү мүмкүн: жаркырата кооздолгон жасалга, евроремонт ж.б. көзгө урунбайт. Бирок кабинеттер биринчи кезекте иштегенге – окуучунун эң зарыл маалыматтарды эстешине, мугалимдин аларды издеп отурбай дароо колдонушуна ылайыкталган. Коридорлордо да акыл эмгегинин маданияты боюнча иштелип чыккан сонун таблицалар, эң кыска, бирок өтө нуска түзүлгөн тезис тизмелери 2-3 метр аралыктан да окулгудай жазып илинген. Б.а. мында сырттан келгендердин көзүнө жарк дей түшсүн дегидей тышкы эффект эмес, күнүмдүк сабактарда дайым керек болгон ички мазмун, максатка ылайыктуулук эске алынгандыгы байкалат. […]

Гапыр агайдан бир сабак

Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» программасынын Баткен облусунда жайылтууга арналган семинардын биринчи бөлүгүндө Кызыл-Жол орто мектебинде практикалык сабактар талкууга алынды, Гапыр агайдын шакирти, Лейлек районунун жаш мугалимдеринин лидери Жеңишбек Абдиназаров райондун, шаардын мектептеринен келген кесиптештерине сабакты кызыктуу өткөрүүнүн сырлары жөнүндө айтып берди. Семинардын коноктору – мугалимдер менен ата-энелер – Гапыр агай менен абдан мазмундуу маектешти. Семинардын экинчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова энелер мектебинин бүгүнкү күндөгү орду жөнүндө өтө таасирдүү сөз сүйлөдү, жыйын […]