Италия эл жомогу: Бир тоголок капуста

Так деӊиздин жээгинде эскилиги жетип кыйшайган жаман там  турган. Ал үйдө андан да карган балыкчы чал кемпири менен жашады. Алар өтө жакырчылыкта күн көрүшкөн. Абышка балык кармап келет, кемпир балык сорпо жасайт – курсактары ток, өмүр өтүп жатат. Бир күнү кечинде абышкасы он чакты макрель балыгын кармап келди. Кемпир балык сорпого казанын камдап, бир убакта балык тазалоого келгенде күңкүлдөп кирди: — Күндө эле балык, балыктан башка билбейбиз. Тажатты го тап-такыр. Капуста жегим келип, жаным чыгып  баратат. — Келесоо болбо, кемпир, […]

Еврей эл жомогу: Баланын акылы

Адамдар Сулайман падышанын кеменгерлигин, анын жаш баланын да акылын колдоно билгенин азыркыга чейин айтып жүрүшөт. Бул мындайча болуптур: Илгери бир базарда эки соодагер жанаша иштешчү. Алардын дүкөнүнүн ортосун бир гана тактай тосмо бөлүп турчу. Бири жыпар жыттуу чөптөрдү сатса, экинчиси зыгыр май сатчу. Бир жолу базар жабылар алдында жыпар чөп саткан соодагер тактайдын тешигинен кошунасын шыкаалап, анын алтын динарларды санай баштаганын көрөт. Тыйындардын канча экенине кызыккан неме кошунасы менен кошо санап, анын жүз алтымыш беш алтын тыйыны бар экенин билет. […]

Италия эл жомогу: Флорионун сыры

Бул окуя  атагы алыска кеткен Флоренция шаарында болгон. Анан кайсы шаарда болмок эле дейсиӊ? Сөз деген укмуштуудай айкелдер жөнүндө болгону жатпайбы. Так ошол Флоренцияда улуу скульптор – жаратуучулар, архитектор жана сүрөтчүлөрдүн өнөрү менен дүйнөгө атагы чыккан эмеспи. Эми ушул атактуу Флоренцияда жаш скульптор Флорио жашаган. Анын колундагы кескичинен жасалган мрамор статуялары же колодон куюлган айкелдерине аябай эле жакшы акча төлөшчү, ошондо да ал байкуш кайырчыдан да ашпаган  кедей бойдон калды. Анын аты да белгисиз эле. Бирок анын устаты мастер Фабианонун […]

Кыргыз эл жомогу: Сыйкырдуу сака

Илгери-илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт. Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат. Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын карышкыр кырып кетиптир. Үйүнө баргандан коркуп, бала бир үңкүргө түнөйт. Курсагы ач, ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албайт. Ошондо сакасын колуна […]

Тарбиялык мааниси бар аңгемелер

Конфеттер Лизага өзү окуган 1-классы аябай жакчу. Ал бирге окуган классташтарын жана мугалимин жакшы көрчү. Ошентсе да, аны мектепке баруудан кетенчиктетип турган бир себеп бар эле. Ал себеп, аны менен бир партада олтурган Коля Солнцев болчу. Дайыма мектептен келгенден кийин, Лиза өз сумкасынан бир кочуш конфеттин бошогон кагаздарын тапчу. Ал бул кагаздарды Коля салып жатканын даана эле билчү, анкени бир жолу аны бир ууч кагаздарды салып жаткан жеринен кармап алган. Лиза ага экинчи мындай кылбай жүр деп эскерткенине карабай, ал […]

Догдуркүл Кендирбаева: Ынтымак болбосо — ырыс жок

АҢГЕМЕ Асан, Зебо, Сабира, Антон, Ынтымак, жана Рахматулло өтө ынтымактуу достордон эле. Алар айылда коңшу жашашат. Мектепте бирге окушуп, бирге ойношчу, бири-бирине мейманга да келип турушчу. Жайкы каникул аяктап, кайра мектепке келүүчү күндөр да башталды. Достор сагынычын таратып, бири-бирине жаңылыктарын божурап жатышты. Эртеси Зебо мектептеги досторуна короодогу жүзүмдөн ала барайын деп бакчага кирсе, жүзүмдөрү соолуп, жалбырактары алсыз бүрүшүп турган экен. Зебо бакчаны кыдырып, алмалардын да соолуп турганын көрдү. Анан жүгүргөн бойдон досу Сабиранын үйүнө келсе анын да алма-өрүгү, гүлдөрү соолуй […]

Кыргыз эл жомогу: Үч кыз

Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү менен алек болот. Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт. Карагат калың өскөн жерге келишип, а дегенде кызыгып жешет. Бир аздан кийин тиштери камалып, карагат жегилери келбей калат. Анан баштыктарына тере баштайт. Толоюн деп калганда шагылга улам бири төгүп алып, кайра терип отурат, кыздар кеч киргенин байкабай калышат. Күн батканын акыры […]

Добулбас (тамсил)

Жаагы бир да жабылбас — “жан“ болду го, добулбас: “Добушум менин катуу”- деп, башкаларга керкейет. Өөдөгө созуп моюнун өзүн ойлойт таланттуу, өзгөгө керип көкүрөк. Бапылдактан башка жок, калдайып чыгат алдыга, башкаларга сөз бербей, бөлөктөн укпайт акыл, кеп. Оюн  бирөө түшүнбөй, мээси көңдөй болсо да, какылдай берет, тынымсыз. Эртели-кеч билген ойну — даңка, дүңк дабышы болсо, жагымсыз. Обону да татымсыз… Илип алаар ою жок, тантыктарды укканда убакыт өтөт, кайрымсыз… *     *     * Добулбастай маңыз, көңдөйлүгү менен иши жок, болбосо да эч […]

Илим жаңылыгы: Кумурскалар душмандын баш сөөгүн чогултат

Организмдин картаюсун токтотуучу дары. Душманынын баш сөөгүн чогулткан сары кумурскалар. Ионн кыймылдаткыч менен иштеген жаратылышка зыянсыз аэроплан. 200 миллион жыл мурда доор сүргөн дөө динозаврдын сөөгү табылды. Дененин картаюсун токтотуучу дары табылды. Киши улгайганда сөөк (скелет) булчуңдары травмадан соң айыгуу жөндөмүн жоготот. АКШдагы Питтсбург университетинин (University of Pittsburgh) окумуштуулары булчуңдар картайгандан улам айыгуу жөндөмүн жоготуусуна Клото (Klotho) деп аталган “узак жашоонун протеининин (белогу)” активдүүлүгүнүн төмөндөөсү себепчи болорун аныкташты. Америкалык окумуштуулар бул эксперимент үчүн Klotho гени мутация болгон чычкандарды пайдаланышкан жана […]

Белорусь эл жомогу: Жоголгон сөз

Иван алыскы бир кыштактан аял алды. Үйлөнүү той болуп, аз жашаштыбы, көп жашаштыбы бир күнү аялы Параска Иванды кандайдыр жумуш менен апасына жиберди. Кайненеси аны жакшы тосуп алды. Алдына куурулган картошка, туздалган козу карын, балык кошулган пирог койду. Андан соң өмүрүндө эч качан жеп көрбөгөн кычкыл десе кычкыл, таттуу десе таттуу, суюк да эмес, коюу да эмес, ысык же муздак эмес, бирок абдан даамдуу тамак берди эле, Иванга абдан жакты. Үч табакты ары-бери кайсап, төртүнчүсүн сурагандан уялып, кайненесинен сурап турду: […]

Касымалиева Самара: Айтматовдун чыгармалары мени мугалим болууга шыктандырды (Өспүрүмдөр конкурсуна)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна №2 дилбаян Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Кыргыз эли ар дайым Чыңгыз Айтматовдой уулу менен сыймыктанат. Анын кайсы гана чыгармасын окубайлы окуган адамды кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. Ар бир чыгармасында адам жашоосундагы эң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып, «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу» экендигин айтып турат. Ч. Айтматовдун көп эле чыгармасын окуп чыктым. Алардын ичинен «Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар», «Биринчи мугалим» чыгармалары өзгөчө жагат. Себеби […]

Ата-энелерге кулак кагыш: Балдарга Жаңы жылга белек — Акылдуу китеп

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомлук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте жаңы жылдын алдында  «Балдарга Жаңы жылга белек — Акылдуу КИТЕП» акциясын баштайт. Иш-чаранын максаты – коомчулуктун көңүлүн окуу маданиятын алга жылдырууга буруу, балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн  калыптандырууда китептин баалуулугун  көрсөтүү. Иш чара  жаңы жылга чейин республиканын бардык аймактарында өтөт. Аталган акцияны  5-декабрь күнү КР Жогорку Кенешинин депутаты Аида Касымалиева  Ош шаарындагы  №37 «Байчечекей» балдар бакчасында  жана ушул эле күнү №17 мектеп гимназиясында балдарга китеп окуп берүү […]

Константин Ушинский: Аарылар жана чымын

ЖОМОК Кеч күздө мемиреп, жазда да чанда болчу чайыттай ачык, жылуу күндөрдүн бири эле: абада үлп эткен жел, асманда томуктай булут жок, күн куурап бара жаткан чөптөр менен коштошкусу келгенсип, жер бетин тунук нурга бөлөп турду. Жылуулукка жана жарыкка умтулган сары түктүү аарылар чөптөн чөпкө учуп-конуп жатышты. Ооба, бул убакта чөп катып, ширеси жогун аарылар билишет, алар бал чогултуу үчүн эмес, жөн гана көңүл ачып, канаттарын жазып эс алып жатышкан. — Өлгөнү жатып, көңүл ачкандын балакетин аласыңарбы,— деди аларга чөптүн […]

Догдуркүл Кендирбаева: Жаратылыш эненин балдары эмнеге ыза болушту

Ошол кезде акактай тунук, акылдуу эрке кызы Суу менен жашыл кымкап жамынган уулу, көркөмдүү Токой Жаратылыш энесине арызданышты. Жаратылыш Эне балдарын көңүл бөлүп укту. Шыңгыр үндүү эрке Суу сулуу: – Жаратылыш эне, мен досторума таарындым. Мен алар менен ойнобойм жана дос болбойм. Менин кебетемди караңыз, тунарып көзүмдөгү нур кетти. Сиз билесиз го, мен кандай тунук элем. – Чын эле кызым, эмнеге окшоп калгансың? Мен дагы сени араң тааныдым. Шашылбай түшүндүрчү, айланайын! Сени бул абалга кимдер алып келди? — деди… – Жаратылыш […]