Валентина Осееванын балдар үчүн жазган аңгемелери

Валентина Овсеевнанын мектепке чейинки жана башталгыч мектептин окуучуларына арналган таалим берүүчү кыска аңгемелерин сунуштайбыз… Көк жалбырактар Катянын эки жашыл карандашы бар эле. Ал эми Ленада бирөө да жок болчу. Анан Лена Катядан бир карандашын сурабайбы: — Жашыл карандашыңды берип турчу. Катя ага минтип жооп берди: — Мамамдан уруксат сурап келейин, анан берейин, макулбу. Эртеси күнү алар мектептен жолугушту. — Мамаң уруксат бердиби?— деп сурады Лена. — Мамам го уруксат берди, агамдан сурабай калыптырмын,— дейт Катя үшкүрүнүп. — Мейли анда, агаңдан […]

Тарбиялык мааниси бар аңгемелер

Конфеттер Лизага өзү окуган 1-классы аябай жакчу. Ал бирге окуган классташтарын жана мугалимин жакшы көрчү. Ошентсе да, аны мектепке баруудан кетенчиктетип турган бир себеп бар эле. Ал себеп, аны менен бир партада олтурган Коля Солнцев болчу. Дайыма мектептен келгенден кийин, Лиза өз сумкасынан бир кочуш конфеттин бошогон кагаздарын тапчу. Ал бул кагаздарды Коля салып жатканын даана эле билчү, анкени бир жолу аны бир ууч кагаздарды салып жаткан жеринен кармап алган. Лиза ага экинчи мындай кылбай жүр деп эскерткенине карабай, ал […]

Догдуркүл Кендирбаева: Ынтымак болбосо — ырыс жок

АҢГЕМЕ Асан, Зебо, Сабира, Антон, Ынтымак, жана Рахматулло өтө ынтымактуу достордон эле. Алар айылда коңшу жашашат. Мектепте бирге окушуп, бирге ойношчу, бири-бирине мейманга да келип турушчу. Жайкы каникул аяктап, кайра мектепке келүүчү күндөр да башталды. Достор сагынычын таратып, бири-бирине жаңылыктарын божурап жатышты. Эртеси Зебо мектептеги досторуна короодогу жүзүмдөн ала барайын деп бакчага кирсе, жүзүмдөрү соолуп, жалбырактары алсыз бүрүшүп турган экен. Зебо бакчаны кыдырып, алмалардын да соолуп турганын көрдү. Анан жүгүргөн бойдон досу Сабиранын үйүнө келсе анын да алма-өрүгү, гүлдөрү соолуй […]

Догдуркүл Кендирбаева: Жаратылыш эненин балдары эмнеге ыза болушту

Ошол кезде акактай тунук, акылдуу эрке кызы Суу менен жашыл кымкап жамынган уулу, көркөмдүү Токой Жаратылыш энесине арызданышты. Жаратылыш Эне балдарын көңүл бөлүп укту. Шыңгыр үндүү эрке Суу сулуу: – Жаратылыш эне, мен досторума таарындым. Мен алар менен ойнобойм жана дос болбойм. Менин кебетемди караңыз, тунарып көзүмдөгү нур кетти. Сиз билесиз го, мен кандай тунук элем. – Чын эле кызым, эмнеге окшоп калгансың? Мен дагы сени араң тааныдым. Шашылбай түшүндүрчү, айланайын! Сени бул абалга кимдер алып келди? — деди… – Жаратылыш […]

Аалы Токомбаев: Акылмандын жообу

(Болмуштан) Хандын ооруганы жылдан ашып кеткен эле. Эч кандай табып анын оорусуна дары таба албады. Хан башкы вазиринин акылы менен, бүтүн элдеги билгич, акылман табыптарды жыйнап келгиле деп тапшырды. Кулак угуп, бут жеткен жердеги билгичтердин бардыгын жыйнады да, хан бардыгына бир гана суроо берди: — Бул оорунун дарысы барбы? Акылман билгичтер бир кишидей гана: — Бул оорунун дарысы жок, — деп жооп беришти. Хан каарына алды да, булардын ичинен кырк бир кишини иргеп алып: — Оорунун аягы эмне менен бүтөт? […]

Касымалы Баялинов: Чабалекей менен жылан

АҢГЕМЕ Эски тамдын үстүнө келип, эки чабалекей уя жасоого балчык ташышты. Балчыгын катар-катар кылып тизмекчи болушту. Бирок балчык токтогон жок, жылбышып туруп алды. Ошондуктан, чабалекейлер балчыкты топонго, жүнгө, кылга аралаштырып алып келишти. Аны балдардын таштан жыйган жүгүндөй кылып биринин үстүнө бирин эп кыйыштырып, тизе баштады. Балчык мурункусундай жылбышпай, желимдей болуп жабыша берди. Уя бир нече күндөн кийин чөйчөккө окшоп, даяр болду. Сырты быдыр ала тартып, аралашкан кыл, жүндөрү самсаалап чыгып турат. Эки чабалекейдин бирөө күн-түн дебей уясында жатты. Экинчиси ага […]

Мустай Карим: Биздин бүлөнүн кубанычы (уландысы)

<<<<<<<<<<<<<Башы БАТИНКЕНИН БИРӨӨСҮ АГЫП КЕТКЕНИ… Бизди ойготуп албайын деп апам акырын турду. Эшикти ачып, сыртка чыкты. Мен анын адымын угуп, көздөрүмдү ачтым. Сырт жарык. Карындашым түшүндө жылмайып, али уктап жатыптыр. Жаздыгында чачтары жайылат. Таянем көрүнбөйт. Ал эбак турса керек. Батинкелер ордунда экен. Мен карындашымды ойготтум: – Оксана, тур. Күн чыкты! Ал муштуму менен мурдун сүртүп, ойгонор эмес. Кулагына эңкейип шыбырадым: – Батинкелерибиздин турганын, кийгиле деп. Оксана-а, тур! Ал көздөрүн ачып, секирип турду. Экөөбүз жүз чайкоого шаштык. Тайенем эбак уй саап, […]

Шүкүрбек Бейшеналиев: Тоодогу тооруш

АҢГЕМЕ Көккө тирешкен Улуу Тоонун койнундагы жумушчулардын шаарчасы. Ал төбөсүнөн асманга, теребелинен тоого курчалып… заңгыраган үйдүн ичиндеги ар кай жерге аземделип коюлган асыл буюмдар сыяктуу. Бөлөк шаарларда көчөлөр болсо, мунуку — аянтчалар. Шаарчанын борбору кууш капчыгайдагы асканы тепкилеп аккан шар суунун боюндагы № 1 аянт. Өзөндөн өйдө карай чокмороктошуп үйүлгөн дөбө, секи, адыр, белес, чоку, ашуулар — алп тоонун тулкусу. Ошолордун ар биринин жайпак, жантык боорлорунда эки-үч кабат таш үйлөр… Алардын ар кайсынысы баланчанчы, түкүнчөнчү аянт делинет. Кырк жетинчи аянт […]

Сулайман Рысбаев: Алтын баш (жомок)

Илгери-илгери бир абышка-кемпирдин картайганда көргөн жалгыз эркек уулу болуптур. Ошол уулу төрөлөрдө кайдан-жайдан экени белгисиз Албарсты кемпир келет да, толгоо тартып жаткан аялга: — Сен аман-эсен эркек бала төрөйсүң, — дейт, — ал балаң чоңойгондо чени жок тентек чыгып, эл караган бетиңерди жер каратат. Мындай баланын кереги жок десең, азыртан баш тарт, мен аны азыр эле думуктуруп жок кыламын. Куу баш өткөнчө туяк болсун десең өз азабың өзүңдө, — дейт. Абышка-кемпир Албарсты кемпирге жалынып-жалбарып, «Куу баш Курбанаалы» дегенче, тентек болсо […]

Мустай КАРИМ: Биздин бүлөнүн кубанычы

Өз кезегинде башкыр элинин улуу акыны, драматург-жазуучусу Мустай Каримдин «Ай тутулган түндө» аттуу пьесасы кыргыздын улуттук театрынын репертуарынан узак жылдар бою түшпөй келгени белгилүү. Трагедия негизинде жазылган пьесада кыргыз сахна өнөрүнүн аттуу-баштуу корифейлеринин чыгармачылык горизонту кең ачылып, аталган спектакль кыргыздын төл тилинен жаралган улуу көркөм-дөөлөт шекилинде кабыл алынган. Театр өнөрүнүн далай мууну чыгармачылык жактан такшалып, ал эми театр сүйүүчүлөрүнүн да далай мууну «Ай тутулган түндө» аттуу спектаклдин таалим-тарбиясы менен бойсунуп жетилген элек. Кыргыздын театр өнөрүнүн алтын доорунда баарыбыздын жадыбызда сакталып […]

Чак түштө чырак кармап элди акыйкатка ээрчиткен сокур дербиш

УЛАМЫШ Кайсы бир заманда, кайсы бир жерде, кайсы бир элде жашоодон акыйкат издеп өмүр кечирген сокур дербиш болгон экен. Ал жашаган дооруна таарынып,  адилеттик издеп, чак түштө колуна чырак кармап, элди артынан ээрчитип, узак сапарга чыгып кеткен боюнча кайра артка кайткан эмес  дешет. Ал мындайча болуптур. Ошол элдин баатыр жана акыйкат падышасынын ичер суусу, жутар абасы түгөнүп, о дүйнөгө сапар алат экен. Карапайым калк  адилет падышасынан айрылганына мүӊкүрөп карайлап турганда, анын ордуна элге күйгөн болуп бир айлакер, куйту  жана алдамчы […]

Михаил ЗОЩЕНКО: Жагымсыз окуя

АҢГЕМЕ Петя анча деле кичинекей бала эмес болчу. Ал төрт жашка чыкты. Бирок апасы аны таптакыр эле кичинекей деп ойлочу. Ал аны өзү кашык менен тамактандырып, колунан жетелеп сейилдетип, эртең менен кийимин кийгизчү. Бир жолу Петя ойгонуп, төшөгүндө жаткан. Апасы келип аны кийинте баштады. Кийинтип бүтүп керебеттин жанына тургузуп койгон. Аңгыча эле Петя капыстан жыгылып кетти. Апасы аны жөн эле шоктонуп жатат деп ойлоп, тургузуп койду. Ал кайра кулап түштү. Апасы таң кала түшүп кайра тургузду эле, Петя кайрадан жыгылды. […]

Михаил Зощенко: Башкаларга караганда акылдуурак мышык

Бир кожойке иштери менен алыс кетип, ашканасында мышыгын бекиткен боюнча унутуп коюптур. Мышыктын эмчектен чыга элек чиедей үч мый-мыйы бар болучу. Камакта калган байкуш мышыктын курсагы ачып, желининен сүт чыкпай калды. Ал жегидей бир нерсе издеп, ары-бери шимшилеп көрдү. Бирок ашканада эч нерсе жок болуп чыкты. Мышык андан ары узун коридорго чыкты. Ал жактан да тумшугуна илине турган нерсе таппады. Бир бөлмөнүн тушуна келгенде эшиктин ары жагындагы тамактын жагымдуу жытын сезе койду. Эми мышык эшикти тырмалап ача баштады. Ал бөлмөдө […]

Михаил Зощенконун балдар үчүн жазган аңгемелеринен

Акылдуу жаныбарлар *   *   * Пилдер менен маймылдар аябай акылдуу болот дешет. Бирок башка жаныбарлар деле келесоо эмес. Мына, карагылачы, мен кандай акылдуу жаныбарларды көргөнүмдү айтып берейин.   Акылдуу каз Бир каз короодо сейилде жүрүп бир сындырым каткан нан таап алды. Ал нанды тумшугу менен чокулап, майдалап жегенге аракеттенди. Бирок нан ушунчалык кургап калган экен, каз аны майдалай албай катуу убара чекти. Бүкүлү жутуп жибергенге батынган жок, балким андай кылса каз ден-соолугуна зыян кылмак. Казга жардам кылып, нанды майдалап берүүнү […]