Эшек менен карышкыр талашкан акыйкат

ТАМСИЛ Бир күнү эшек менен карышкыр чөптүн түсүн талашып айтышып калышат. Эшек чөптүн түсү сары десе, карышкыр жашыл дейт. Экөө бир топ талашып, чечише албай, акыры аң падышасы арстанга келишет. Сот башталат. Ар кайсысы өз далилдерин көрсөтүп, өз пикирлерин айтышат. Соттун өкүмү чыгар кезде бардыгы калыс чечим күтөт. А арстан болсо, алардын үмүтүн суу сепкендей өчүрүп, карышкырды бир айга абакка жаап, эшекти бошотуп жиберет. Карышкыр таң калып: — Мырзам! Чөптүн түсү жашыл эмес беле? — деп сурайт. Арстан: — Албетте! […]

Жакыпбек Абдылдаевдин балдар үчүн жазган ырларынан

КЕЧИКПЕЙ БАР КОНОККО Көңүлү шат ыр ырдап, Келе жаткан кыбырап. Ташбакага коёнек Салам айтып бурулат: — Аппак кылып жакасын, Кийип көйнөк тазасын. Айтчы, Таке, таң атпай Кайда бара жатасың? — Тигил көчө тарапта Чакырды эле курдашым, Кечки сыйлуу тамакка. — Анда неге жөнөдүң, Азыр жаңы таң атса? — Жүрсөм сени эстүү деп, Сүйлөтөсүң сөздү көп. Мен жеткиче үйүнө Күн да батып, кеч кирет. ӨТКҮН Булут алыс түртүлүп, Көктө турат күн тийип. Ошол булут күн бетин Жаап калса үңкүйүп, Күн мындайды […]

Тибет эл жомогу: Куу түлкү кубулганда

Бир жолу куу түлкү тоокканага кирип, тоок көтөрүп чыгып келатып боёк куюлган тепшиге түшүп кетет. Мурдунун карасынан бөлөгү бүт башка өңгө кубулган ал эртеси алдынан жолуккан жаныбардын баары анын алдына жүгүнүп таазим эте баштаганын байкап, алгач таңгалат, анан мунун чоо-жайын түшүнүп, ичинен кымыңдайт. Көрсө, өзү түшүп кеткен боёк тибетте ыйык эсептелген бирюза ташынын ачык жашыл өңүндө экен. Мындан улам ушундай түскө кубулган түлкүнү да башка жаныбарлар ыйык санап жатышыптыр да. — Мен баардык жан-жаныбарлардын ханышасы Цзасамын! Мен асман императорунун буйругу […]

Украин эл жомогу: Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш

Балдар мага жакын жана ыңгайлуу отуруп, көңүл коё тыңшагыла. Мен силерге азыр төрт эже-сиңдилүү жыл мезгилдери жөнүндө кызыктуу жомокту, алардын кантип бизге кезектешип келип калганы тууралуу болумушту айтып берем. Баардыгыбыз эле каардуу кыштын артынан назик мүнөз жаз, анын артынан жайдары жай, анан акырында дайыма кабагы карыш түшүп жүрсө да берешен мүнөз күз келерин билебиз. Эмне үчүн алар дайыма ушинтип ээрчишип жүрүшөт? Кантип ар кандай мүнөздүү алар мындай тартипке келишти экен? Алгачкы кездерде алар ынтымактуу, тартиптүү болгон эмес дешет. Алардын ар […]

Эфиоп эл жомогу: Жети арстан жана бир бука

Жети арстан жана бир бука достошушуптур. Мунун урматына арстандар той берип, ага жаңы досун чакырышыптыр. Арстандар ортого этти тоодой үйүп коюшуп, коногун сыйлап, өздөрү да той шаанисин көркүнө чыгарып, чүйгүн эттен тойгончо жеп отурушту. Бука өмүрүндө эт жеп көрбөсө да, аны көргөндө кузгусу келгени менен досторуна сыр алдырбай эттен жемиш болуп отурду. Ал тойдун акырында үй ээлеринин меймандостугуна алкышын айтып, ачка бойдон кеткенче шашты. Мындан соң жаңы досторун сыйлаш үчүн бука арстандарды конокко чакырды. Жети арстан белгиленген күнү буканыкына келишип, […]

Чак түштө чырак кармап элди акыйкатка ээрчиткен сокур дербиш

УЛАМЫШ Кайсы бир заманда, кайсы бир жерде, кайсы бир элде жашоодон акыйкат издеп өмүр кечирген сокур дербиш болгон экен. Ал жашаган дооруна таарынып,  адилеттик издеп, чак түштө колуна чырак кармап, элди артынан ээрчитип, узак сапарга чыгып кеткен боюнча кайра артка кайткан эмес  дешет. Ал мындайча болуптур. Ошол элдин баатыр жана акыйкат падышасынын ичер суусу, жутар абасы түгөнүп, о дүйнөгө сапар алат экен. Карапайым калк  адилет падышасынан айрылганына мүӊкүрөп карайлап турганда, анын ордуна элге күйгөн болуп бир айлакер, куйту  жана алдамчы […]

Тибет эл жомогу: Арстан оозун ачканда

Пурбу деген бир кедей бар эле. Ал тоодон отун алып, аны элге сатып оокат кылчу. Таң атпай туруп, арпа ундан жабылган көмөч нандан белине экини түйүп, ашыга басып, күндүн мурду көрүнө электе токой четине жеткен соң гана кимдир бирөө таштан чегип жасаган арстан эстеликтин жанына отуруп өзөк жалгачу. Мунун себеби: бул үйдөй чоң таш арстан анын көзүнө дайыма абдан арык жана арбайып ачка көрүнгөндүктөн боору ооручу да, жеген нанынан анын оозунун кычыгына бир-эки сындырымдан салып койчуу. Токойдон отун алып чыгып […]

Украин эл жомогу: Ийне-жиптин иши

Бир жолу чыгырык жип менен ийне: – Тигүү ишинде ким негизги?- деп талашып кетишиптир. Чыгырык жип мындай дептир: – Кийим тигилип жатканда менсиз кездемелер бирикпейт, андыктан тигүү ишинде эң негизги каражат менмин! Ийне дагы өзүнүкүн бергиси келбей: – Менин учтуулугум жана курчтугумсуз сен кантип кездемелерди тешип өтүп, аларды бириктирип, кандай кылып тикмек элең, мени сайып тартканда сен артымдан ээрчип чубаласың, ошон үчүн мен негизгимин, – деп тигүүдөгү өз кызматын мактаптыр. – Учтуу болсоң эмне экен! Ал менин ийкемдүүлүгүм менен узундугумдун […]

Юкагир[1] эл жомогу: Ак аюуну кашайткан – кара мурду

Кышкы тундрада ак аюу келе жатса эч байкабайсың. Тимеле ак кар менен бир болуп калат. Бирок бул качан гана анын кара мурду көрүнбөгөндө ушундай. Ушул кара мурдунун айынан көп эле олжолорунан кур калып жүрөт ал. Буга өзү күнөөлүү. Анткени бир кезде анын мурду да териси сыяктуу ак болуптур. Ал кезде ак аюу нерпалар менен морждорго байкалбай бара алганы аз келгенсип, адамдан да коркчу эмес экен. Үй ээси мергендер мындай жылаары менен айылдарга түшүп барып, аялдарды чочутуп, балдарды коркутуп, эт-аштарды көтөрүп […]

Дагыстан эл жомогу: Үч дос

Укканыбызга караганда жаңгактын кабыгы, бир тоголок катыган талкан жана чымын дос болуптур. Бир күнү алар саякатка чыгып, бир топ жол жүрүшкөн соң алдыларынан аккан суу чыгат. Аркы өйүзгө өткөндөн башка арга жок эле, андыктан эки досуна караганда жүрөктүүрөк жаңгак кабыгы: — Өзүм биринчи өтөйүн! – деп сууга секирери менен катуу агым аны аласалдыра алып жөнөйт. Досун куткарыш үчүн катыган талкан артынан секиргенде дароо эле эзилип, түшкөн жери агара түшкөнү болбосо, дайынсыз кетет. Ал эми үчүнчү дос – чымын наркы өйүзгө […]

Мексика эл жомогу: Сылык коёнек

Бар экен, жок экен: бир абдан сылык коёнек болуптур. Ал бир жолу дыйкандын чарбагынан капустага чоң тоюп чыгып келатса, тоокканага кире албай томсоруп ачка келаткан түлкү кубалайт. Чуу койо чуркап, буйт бере качып, ач түлкүнүн азуусунан кутулуп, аңгыча алдындагы чоочун ийинди көрүп кире качары менен тарбиялуу неменин корккону калып, чоочун жайга уруксатсыз киргени үчүн уятынан ийиле калып, абдан сылык түрдө кечирим сурап жиберет: — Саламатсызбы, ак көңүл ийин! Уруксатсыз киргеним үчүн кечирим сурайм. Бул жоругум үчүн абдан уялып турам! Бул […]

Кыргыз эл жомогу: Жез кемпир

Илгери-илгери эки кыздуу жесир аял болгон экен. Күндөн күнгө оокаты начарлап, бир күнү аял бир кызын оң колуна, бир кызын сол колуна жетелеп, оокат издеп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир алачыкка туш келишет. Киришсе, төрдө бир териге оронгон кемпир жатат. Аял ал-абалын түшүндүрүп: —  Багар көрөрүбүз, барар жерибиз жок, бир жүргөн жанбыз. Түнөп кетүүтө уруксат берер бекенсиз,- дейт. —  Менин эле үйүмдө жүрө бергиле,- дейт кемпир. Ошондон кийин алар кемпирдин үйүндө жашап калышат. Кемпир керээли кечке тери жамынып жата […]

Эфиоп эл жомогу: Акылдуу балапан

Карыган карга өз балапанына акыл айтып атты: – Уулум, адамдардан этиет болгун. Алар коркунучтуу. – А адам деген ким өзү? – Анын тоголок башын кыл баскан, канаттын ордунда арбайган эки колу бар, буттары айры. Ал абдан куу. Эгер адам эңкейсе, демек ал жерден таш алып сени чабат. Мындайда ойлонуп турбай уча качып кутул. – Ата, адам ташты чөнтөгүнө же коюнуна катып алышы мүмкүн. Анын куулуктарын билип болбойт. Ошон үчүн аны көргөндө эле уча качыш керек. Андан жамандыктан башканы күтүп болбойт. […]

Калмак эл жомогу: Куу молдо

Бир калмактын энеси өлөт. Ал гелюнгдан (калмактардын будда молдосу) апасын түз эле бейишке жөнөткүдөй сыйынуу ырын ырдап берүүсүн өтүнөт. Гелюнг жардамчы баласын ээрчитип калмактын үйүнө жөнөйт. Ал ушул ирээт да жакшы иштеп табыш үчүн куулукка бармай болот. Бул үчүн жолдо келатып талаадан чычкан кармап, жардамчысына берет да, качан сыйынуу ырын ырдап бүтүп калганында аны үй ичине коё берүүнү буюрат. Капысынан пайда болгон чычканды көргөн калмак апасынын жаны катары кабыл алып, гелюнгга ыраазы болуп, жакшы төлөп берет. Ушинтип сүйлөшкөн экөө калмактын […]