Эл башчы жөнүндө притча

Падыша бир курдай көптү көргөн аксакал кеңешчисинен сураптыр дейт: – Төрөлөрүбүздүн ичинен өлкөбүздүн өзүнчө бөлүнүп калган аймагын кимге башкартсак? Бул милдетке дайындалган адам өз милдетин кынтыксыз аткарган чынчыл болсо дейм. Кеңешчи ойлонуп отуруп, падышанын каарынан жалтанбаган аскер адамынын ысымын атайт. – Бу эмне деген кеңешиң?! – дейт кабагына кар жааган падыша, – ал менин душманым экенин билесиң го?! – Уулуу урматтуу, Сиз «ким менин душманым» деп сураганыңыз жок, «өз милдетин кынтыксыз аткарар чынчыл адам» ким экенин гана сурадыңыз, – деген […]

Притча: Караңгы эл дөөгүрсүгөн падышага татыктуу

Качандыр бир заманда эки дос узак сапарга чыгыптыр. Арып-азып өтө узак жолду басып өтүшөт. Акыры чарчагандан дүпүйгөн эски дарактын түбүндө эс алмак болушат. Колдо болгон жол азыктарын тең бөлүшүп жеп, кобурашып отурат. Бири экинчисинен сурайт: – Агер падыша болуп калсаң, не кылат элең? – Агер мен падыша болуп калсамбы?.. Өз өлкөмдө темирдей тартип орнотмокмун. Баардык жайда адилеттик өкүм сүрмөк… Элим эмнени кааласа, баарын аткармакмын! А сенчи?.. – Мен падыша болуп калсамбы?.. Эл сөрөйдүн баарын чөгөлөтмөкмүн. Анык көргүлүктү көрсөтүп, жондорунан кайыш […]

Атеист жөнүндө притча

Миң жыл мурда бир боз улан чыгат. Атеист болсомбу дейт. Анткени ошол заманда Мойше деген атеист жөнүндө уу-дуу кептер жайылып кетет. Мойше дегени кандай диний көсөм менен талашпасын, баарынын жаактарын жап кылчу дешет. Боз улан ошол атеистти таап, анын шакирти болууну эңсейт. Ак эткенден так этип Мойшени издейт. Көрүнгөндөн сураштырат. Таппайт. Көп жыл өтөт, акыры сураштырып жүрүп, баягы шумдук атеист жашаган үнкүрдүн жайын билет. Үңкүрдү да таап барат. Сырттагы дабышты уккан кары кишинин үнү угулат дирилдеген: – Караңгыда бу ким […]

Дилазык: Булганган уя

Бир көгүчкөн дайым эле уясын алмаштырып турчу экен. Жагымсыз, ачуу жыт ал үчүн чыдагыс эле. Бир күнү ал абдан акылдуу, улгайган, тажрыйбалуу көгүчкөнгө даттанып кирди. Муну уккан акылдуу көгүчкөн башын чайкап мындай деди: — Дайыма уяны алмаштыруу менен эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Сага тоскоол болуп жаткан жыт уядан эмес, өзүңдөн чыгып жатат, – дептир. Тазалык үчүн сыйлык Бир жолу күйөөсү жумуш боюнча алыска кеткен. А анын аялы абдан таза эле, үй ичин, эмеректерди жалтыратып, керек болсо бурчтагы ылайдан жасалган түкүргүчтү […]

Абхаз легендасы: «Кыздын көз жашы»

Орусчадан оодарган Амирбек АЗАМ уулу Сиз Рица көлүнө бараткан жолдогу шаркыратманы байкадыңызбы? Алдагы шаркыратма эчендеген жылдардан бери агат жана миң жыл бою ага берет. Бул жөнөкөй шаркыратма эмес, суусу да өзгөчө: муздак, кыздын көз жашындай тунук. Бир тамчы көз жаш менен шамал да ойнойт, күн да ойнойт, бирок аны кургатышпайт. Бул тамчы жаш, кыздын көз жашы, ал ысык жана түгөнбөйт. Илгери, илгери, качандыр бир мезгилде, бул жерде не жол, не абхаздардын Бзыбь кыштагы, не шаркыратма болгон эмес. Жападан жалгыз там […]

Мусулман дөөлөтү: Берешен адам

Сопулардын притча-жомокторунан Бухарада байманасы ашынган берешен адам болуптур. Ал рухий тепкичтердин эң жогорку баскычына жеткендиктен ага Аалам Улугу деген даража айгарылат. Анын үйүнө күн сайын каттагандардын аягы үзүлбөптүр, анткени келгендин көбүн алтынга карк кылган берешендиги артып турчу экен. Түрдүү адамдардын ичинен жетим-жесир, оорукчандарды кабыл алчу күндү атайы белгилеп, алардын муктаждыгына жараша сооп ишин үзбөптүр. Бирок Аалам Улугунун берешендигин чектеген бир шарт бар экен: агер кимде-ким анын босогосун аттаган учурда бир ооз кеп оозанган болсо, ташжалак кайтчу дешет. Тек ооз ачпас […]

Тарбия жөнүндө притча: Жакшы мектеп издөө

Ата-эне баласын окууга бермек болуп, жакшы мектеп издеп башташат. Акыры бул озуйпа үйдүн эң аксакалдуу карыясынын мойнуна илинет. Чоң ата бир мектепти көрүп, ошол мектептин короосуна кирет да, танапис маалын күтөт. Мектептен чыккан окуучулар менен сүйлөшкүсү келет. Балдар танаписке чыкканда эски чапанчан кары кишини көрүп, аны тегеректеп ойноп калышат. Ал тургай мурундарын чүйрүп: – Могу чалды карасаң, күлкүлүү экен, – деп кээси бирине бири жарыяласа, кээси: – Бу чал эмне издеп келди? – деп өздөрүнчө шыбыраша баштайт. Башка бейбаш балдар […]