Жусупова Риза: «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести (өспүрүмдөр конкурсуна)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна №6 дилбаян Айтматовдой мугалим боло электир… Мезгил жана мораль, абийирдүүлүк жана амалкөйлүк, инсандык жана көрпенделик… Эзели эскирбес бул түшүнүктөр жайында ой өкчөп, акыл калчабай калган маал кулак угуп, көз көргөн бул өтмүштүн мүлдө тарыхында боло элек болсо керек. Менимче мезгил өзү негиздүү менен негизсиздин көбүн айырмалап, кайсынысы кыярбас чындык да, кайсынысы кызылдай калп экендигин аныктоо кыйын болуп турган чакта Айтматовду окуунун зарылдыгын күн тартибине койду окшойт. Ч.Айтматовдун мен өзгөчө сүйүп окуган чыгармасы «Деңиз бойлой жорткон […]

Алмазбек уулу Бексултан: Жамийланын образы (өспүрүмдөр конкурсуна)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна №5 дилбаян Жамийланын образына жана бул сөзүнө токтолгум келет: “Бирок мен айыптуу белем?.. Сенде да айып жок… ” Кыялымда аны менен сүйлөшөм: – Жамийла, эгерде сен алтындай болгон чоң апаңды аяп, кадырман карыя чоң атаңдын куудай болгон сакалын сыйлап, ушунчалык сага жакын чолпондой жанган кайниң Сейитти аяп, алардын намысын ойлоп, айылдагы бирге турган элден айбыгып Садык менен түбөлүккө жашап калганыңда бактысыз болуп калат белең?.. Себеби ал сени эч качан бактылуу кыла албайт эле. Сен ошону […]

Байышбекова Айданек: “Тоолор кулаганда” романы (өспүрүмдөр конкурсуна)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы”  №4 дилбаян  Кыргыз элибиздин бактысына жаралган, жүрөк канын сыя кылып кагаз бетине түшүргөн чыгармалары ааламга кулач жайып, элибиздин атын дүйнө элине тааныткан, окурмандардын сүйүүсүнө ээ болуп, эл ичинде урматка бөлөнгөн, тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып, артында өлбөс-өчпөс изин бадырайта калтырган атактуу улуу жазуучу — Чыңгыз Төрөкулович Айтматов атабызды кимдер гана билишпейт. Дүйнөнү өзүнүн калеми менен багынткан залкар жазуучубуздун калеминен жаралган көркөм чыгармалар элдин калың катмарына сиңип, кыргыз элинин адабиятына да, руханий маданиятына да көөнөргүс салым […]

Орозобекова Гүлнара: «Биринчи мугалим» повести (Өспүрүмдөр конкурсуна)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» №3 дилбаян Арийне, алтынды дат баспаган сымал таланттуу адамдардын кѳзү ѳтсѳ да, эртедир-кечтир ѳзүнүн татыктуу баасын алат, артында калган урпактары, эли-журту эстейт, эскерет, даңазалайт. Өнѳрлүү ѳлбѳйт деген сѳз бекеринен айтылбайт тура. Кыргыз адабиятында албан эмгек жараткан, баалуу адабий мурас калтырган, кылымдын жазуучусу Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине ѳткѳрүлүп жаткан иш-чаралар буга далил. Калдайган калың журту, артында калган урпактар жазуучунун арбагына таазим этип, эл-жерге ѳтѳгѳн ак эмгектин, эң оболу ѳнѳрдүн улуулугун даңазалап, жаштардын акыл-оюна «артына из калтырып, […]

Махамадсабирова Жаркынай: Танабай жана Гүлсарат (өспүрүмдөр конкурсуна)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна №1 дилбаян Ч. Айтматовдун “Гүлсарат” повести Чын айтамын, балким жалган туюлар, Чыңгыз десем ыр өзүнөн куюлар. Окшоштурам мен Чыңгызды тоолорго, Оркойгон тоо улам көзгө урунар – деген экен бир акын. Чындыгында Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин улуу жазуучусу, залкар таланттын ээси болуп эсептелет. Анын кайсы чыгармасы жөнүндө айтпайлы ар дайым анын улуулугу далилденип турат. Кыргыз эли байыртадан эле колуна жылкы тукумун асырап келет. Ар бир кыргыз баласы ат үстүндө камчы ойнотуп жылкы менен тагдыры туташ болгон. […]

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

«РухЭш» сайты республикалык мектеп окуучулары арасында дилбаян жазуу боюнча чыгармачылык конкурс жарыялайт. Конкурстун максаты – өспүрүмдөрдүн көркөм ой толгоо жөндөмүн арттырып, жеткинчек муунду өз эне тилибизде тили жатык, ою жетик дилбаян жазууга шыктандыруу. Конкурстун шарты: Бул конкурска 8-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары республиканын баардык аймактары боюнча катыша алышат. Дилбаяндын негизги темасы: «Айтматовдун мен окуган чыгармасы». Конкурска жөнөтүлгөн дилбаяндарды кабыл алуу – конкурс жарыяланган күндөн баштап, 2019-жылдын 10-майына чейин жүргүзүлөт жана бул конкурс жыл сайын салттуу түрдө улантылат. Өзүнүн чыгармачылык жөндөмүн […]

Сынакка: Кайыңдынын кайыңдары (Менин айылым)

№12 Мен жашаган айыл Баткен облусунун Баткен районунун Кайыңды айылы. Кайыңды район аймагындагы тоолуу айылдардын бири болгондуктан, жайкысын бош убактыбыз дээрлик жайлоодо өтөт. Жыл сайын чоң атам менен чоң энеме кол кабыш кылуу үчүн Чаар-Таш жайлоосуна чыгабыз. Жайлоонун Бел деген ашуусуна жеткенде бир кереметке жеткендей ар бир бараткан адам эс ала түшөт. Анткени бул жерден биздин Кайыңды айылы алаканга салгандай көрүнөт. Касиеттүү Дары-Булак шаркыратмасы агып түшкөн жерден биздин жайлоолордун этеги бүтүп, айыл башталат. Ар кандай жарааттарга, түрдүү ооруга даба болгон […]

Сынакка: Мен келечекте кинорежиссер болгум келет

№11 Улам чоңойгон сайын ар бир өспүрүм болочогу тууралуу кыялданып дагы, кооптонуп дагы ойлоно баштайт экен. Мен кичинекей кезимден эле китептерди, жомокторду окуганга абдан кызыкчумун. Жомоктордун түрдүү каармандары менен чоңойдум. Менин китепке болгон кызыгуумду байкаган атам залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 8 томдугун сатып берди. Мен анда жетинчи классты аяктаган учурум эле. Жайы бою каникулда Айтматовдун көп чыгармаларын окуп чыктым. Каармандардын кубанычына кубанып, кайгысына ыйлаган күндөрүм болду. Айрыкча күйөөсүнөн, үч баласынан, келининен айрылып жалгыз бой калган Толгонайдын тагдыры абдан кейитти. Абдан […]

Сынакка: Биздин айыл кулпунай менен кыпкызыл алмалардын мекени

№10 Менин атым Чыңгыз. Төрт бир тууганмын. Азыр Бишкектеги №5-гимназиянын 5-классында окуйм. Атам Данияр тогуз бир туугандын эң кенжеси анан эң боюу узуну. Атам дагы эки чоң атам, апчем борбор калаабыз Бишкекте жашайбыз. Калган беш чоң атамдар кичи мекенибиз Талас районунун Көк-Токой айылында турушат. Көк токой айылы Талас шаарынан эки аялдама арыраак жайгашкан. «Токоюм бойлоп баратсам, Суктантып мени караткан Көрөм деп келген адамдын Кеткиси да келбейт Таластан» — деп ырдаган Шекербек Шеркулов атабыз дал ушул биздин айылдан болорун атам айтып […]

Сынакка: Мен уста болууну каалайм

№ 9 “РухЭш” сайтына абдан ыраазымын: өспүрүмдөр арасында чыгармачылык конкурс жарыяланып турганына. Апам дайыма эскертет: «Балам улук болсоң, чынчыл бол. Сабакты көп окуп, билимиңди өркүндөтүп, көп нерсени жатка билгендей бол. Эки жүздүү болбогун, денеңди, кийимиңди таза тут. Ар бир айтылган маселеге ойлонуп жооп бергин. Адамдар менен сөз талашпастан, сүйлөр учурду күт. Сөз кезеги келгенде чечен, чебер тил менен сүйлөгүн», — дейт. “Илим кушу өзү конбойт колуңа, Түшүп бербейт жатып алсаң торуңа. Эмгек керек, окуш керек талыкпай, Мына ошондо гүл төшөлөт […]

Сынакка: Мени компьютердик программалоо кызыктырат

№8 Ким болгум келет? Мен Сексенова Бегайым Бейшалиевна Ысык-Көл областынын Каракол шаарынын тургунумун. Азыркы убакытта №3 гимназия мектебинде 9 “Г” классында окуйм. Мектепти буткөндөн кийин биз өзүбүздүн жашообуздагы эң маанилүү кадам жасайбыз. Айрымдары турмуш куруп, өз бактыларын үй бүлө күтүү менен түзгүлөрү келсе, айрымдары каалаган же каалабаган окуу жайларга тапшырып студенттик жашоого кадам ташташат. Ошондуктан мен азыртадан эле ойлоно баштадым. Негизинен келечектеги кесибибиз акча табуу үчүн гана эмес, өзүбүздүн көңүлүбүзгө да жагуусу эсепке алынышы б.а., кызыктуу болушу шарт. Мен өзүм […]

Сынакка: Ата-бабалардан калган Ак-Дөбө

Менин айылым «Асманда жылдыз, жерде кыргыз болсун» демекчи, мен кыргыз болуп калганыма сыймыктанам жана даңктанам. Ошол бейиши жыттанган, аскасы асман тиреген, чер токойлуу, мөлтүр булактуу, кенге бай мекеним Кыргызстандын Жалал-Абад областынын аттын кашкасындай таанымал Аксы районунун Кербен шаарынан үч чакырым аралыкта жайгашкан Ак-Дөбө айылы менин киндик каным тамган ыйык туулган айылым. «Тарыхы болбой эл болбойт» деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени жети атаңдын жашаган жеринин тарыхын билбесең Ч.Айтматов атабыз жазгандай маңкурттан айырмаң жок болсо керек. Ата-бабаларыбыз айтуусу боюнча Ак-Дөбө айылынын тарыхы […]

Сынакка: Айылыбыздагы Ак-Дөбөнүн тарыхы

Менин айылым №6 Мен кичинемден эле айылымдын Ак-Дөбө деп аталаарын билчүмүн. Бирок эмне себептен андай аталганын билүү оюма да келбептир. Бир күнү эжейбиз Айганыш: «Балдар, силер билесиңерби, айылыбыз эмне себептен Ак-Дөбө деп аталып калган?» — деди. Ошол убактан баштап себебин билүүгө кызыктым. Айылдагы улуулардан, тарыхчы Нурманбет агайыбыздан сурамжыладым. Көрсө, мурда атайылап курдурган кароол дөбөлөр болгон экен. Ошондой дөбөлөрдүн бири биздин айылда болуптур. Ал тургай ал дөбө биздин үйүбүздүн жанында турат. Кыш мезгилинде мен ал дөбөгө досторум менен жылгаяк тээп ойносом, […]

Сынакка: Менин шаарымдын тарыхы

Менин аты-жөнүм Турдалиев Нурэлес. Мен Кыргызстандын атуулумун. Мен он үч жаштамын. Кыргызстандын өнүккөн мамлекеттерден болушун каалаймын жана өнүгүшүнө өз салымымды кошкум келет. Ал үчүн ар бир адам өз элин, жерин сүйүшү керек. Менин сүйүктүү шаарым Жалал-Абад. Ар бир жердин аталышынын өз тарыхы бар. Илгери Жалал-Абад шаары жайгашкан жер ээн талаа болгон дешет. Эл үчүн жанын үрөгөн Мурзакул болуш калк кыдырып кетип баратып, бак-дарактарды отургузуп, гүлдөрдү эгип жүргөн баба дыйканды көрүп калат. Анын аты Жалал экендигин билет. Ачылып турган гүлдү, жетилип […]