Ырысбай Абдыраимов: ырлар

САРЫ ЧЫРМООК Табият билбей жаратып койгонбу? башка чөптөй сары чырмоок да ойгонду. Бийик өскөн чөп, даракты көралбай, же аларга түшүм, бой жактан жеталбай, көзү күйүп, бой узартканы козголду. Турса да борпоң жер, көңдө дамамат, өзүн ашкан акылдуу, бөлөктөрдү нөл санап, башкаларга тээ бийиктен карайт.

Азуулуу болбойт күнөөлүү

Жан де Лафонтен (1615-1695) ТАМСИЛОГРАФИЯ Аңтарылып кара жер, Асман кулап түшкөндөй… Айбанаттар дүйнөсү, Аябай суук кеп укту: — «Башкаларды жегендер», «Баш күнөөлүү» — аталып, «Башы кетет», — деп укту. Карышкыр угуп калчылдап, Түлкү калды түштөнбөй. Жору-кузгун жоголду, Жомок жашоо бүткөндөй.

Маймыл менен мышык

Жан де Лафонтен (1621-1695) ТАМСИЛ От үстүндө, казанда, Каштан жатты куурулуп. Маймыл карап отурду, Шилекейи чуурулуп. Аңгычакты арытан Мышык чыкты суурулуп. Маймыл айтат: — «Кел бери, Кана, кыйын экенсиң, Казандагы каштандан Эки-үчтү эңип көр».

Жокту убада кылган адам

ЭЗОП  Тамсил  Бир бечара ооруп калат. Акыбалы күндөн күнгө начарлайт, аны айыктырып алууга дарыгерлердин да көздөрү жетпейт. Ошондо ал кудайга жалынып-жалбарат: эгерде айыгып кетсе, жаратканга арнап жүз буканы курмандыкка чаларын айтат. Муну уккан жанындагы аялы сурайт: – Э ботом, сен анча буканы кайдагы акчаңа сатып аласың? Анда күйөөсү жооп бериптир: – Эй сен ойлойсуңбу, мен айыгып кетсем эле кудай-таала мен айтканды доолап келет деп?! Тамсил көрсөткөндөй, адамдар да колунан келбеген иштерди ооз жүзүндө аткарып коё беришет.

Түлкү менен арстан

ЭЗОП  Тамсил  Өмүрүндө арстанды көрбөгөн түлкү болуптур. Бир күнү ал арстанга капыл-тапыл кезигип калып, коркконунан жаны оозуна кептелиптир. Экинчи жолу да арстандын бет маңдайынан карп-күрп кезигишкен бечаранын жүрөгү «болк» дей түшөт, бирок мурунку көргөндөгүсүндөй анча коркпойт. А үчүнчү жолу кездешкен жерден арстандын алдында шердене түшөт. Ал тургай жанына жакын шыңаарлап барып сүйлөшкөнгө батынат. Тамсилди баамдасак, көрсө биз турмушта да баардык коркунучка көнүп кетет экенбиз.

Балдар үчүн тамсил

Эзоп Жапайы эчкилер жана малчы Малчы эчкилерин жайытка айдап жиберген бойдон жамбаштап жатып, малынын арасында жапайы эчкилер жүргөнүн көрөт да, кечинде баарын үңкүргө камап таштайт. Эртеси аба ырайы бурганактап турганынан малын жайытка айдоого мүмкүн болбой, эчкилерине адаттагысындай чабынды чөп берүүгө туура келет. Бирок ал өз эчкилери ачкадан кырылып калбасын үчүн гана аларга бир тутамдан шалбаа чөп салып, ал эми жапайы эчкилердин алдына чөптү кучак-кучактан кенен таштап: аларды өзүнө үйүр алдыргысы келет.

Эзоп

Бүркүт менен түлкү  Бүркүт менен түлкү достошуп, экөө достугубуз бекем болсун дешип, ынтымакта жашоо максатында коңшу да болуп алышат. Бүркүт асканын башына уя курса, түлкү да ошол асканын түбүндөгү дарактын коңулуна бачикилерин[1] тууйт. Бирок бир күнү түлкү ууга чыгып кетсе, бүркүттүн курсагы ачканда баягы дарактын коңулундагы түлкүнүн бачикилерин балапандарына көтөрүп барып, баарылап жеп алышат. Түлкү кайтып келери менен не болгонун түшүнүп, ичи сыздап кала берет. Бачиктеринен айрылган күйүтү аз келгенсип, эми эчбир өч алууга мүмкүн эместигин ойлогондо – ызасы күчөйт. […]

Эзоп

Тамсил Адам менен Гермес  Көптөгөн адамдар менен кошо чөгүп бараткан кемени көргөн бирөө: «Күнөөлүү жалгыз адам үчүн адилетсиз кудай канчалардын жанын кыят?!» деп кейип атса, тегерегиндеги жайнаган кумурскалардын бирөөсү аны чагып алат. Жалгыз кумурскага жаалданган адам бир убакта таманынын астындагы быжыраган кумурскаларды тебелеп өлтүргөнүнө кыжырланган Гермес аны таягы менен бир уруп, минткен экен: «Күнөөлүү жалгыз адам үчүн адилетсиз кудай канчалардын жанын кыйганына сен кандай жаалдансаң, кумурска деле ошол». Андыктан адам бактысыздыкка кабылганда Кудайга шек келтирбей, андан көрө өзү кетирген катасын […]