Корней Чуковскийдин балдар үчүн жазылган чыгармасы Эрнис Асек уулунун котормосунда

Чымын, чымын, Чыр чымын
(Муха-Цокатуха)

Чымын, чымын, Чыр чымын,
Алтын курсак тың чымын.

Жолго чыгып калыптыр,
Акча таап алыптыр.

Базарга да барыптыр,
Самоор сатып алыптыр.

«Таракандар, келгиле,
Чайдан татып кеткиле!»

Таракандар келиптир,
Чайын ичип кетиптир.

А кенелер кенебей –
Үч чыныдан ченебей,
Сүтүн кошуп ичиптир,
Кенелерге кичиктир,

Чыр чымының деген го,
Туулган күнү экен го!

Чиркейлер да зыңылдап,
Өтүк берди кыңылдап.
Өтүккө сыр катылган,
Сыдырмасы алтындан.

Чымынжанга келген дейт,
Чын ыкласын берген дейт,
Аары-апа энтеңдеп,
Балын алып келген дейт…

“Көпөлөк-сулуу кандайсыз?
Кандай татым тандайсыз?
Биздин тамак жагадыр,
Бардык татым сагадыр”.

Бир кезде эле жөкжөңдөп,
Жөргөмүш-чал бөкжөңдөп,
Чымынды бурчка сүйрөптүр,
Желесин ага үйлөптүр.
Чымынга оюм терең дейт,
Байкушка өлүм берем дейт.

“Айланайын, меймандарым, жардамга!
Жөргөмүш-чал турат мени алганга!
Мен силерди жедирдим да, ичирдим,
Силер үчүн кадикидей кичирдим.
Ажал келип калганда,
Келгилечи жардамга!”

А бирок коңуздарың-курттарың,
Мейман болгон журттарың,
Кадимкидей
жөргөмүштөн коркушуптур,
Булуң-бурчка,
тешиктерге жортушуптур.

Бирөө дагы согушууга батынбайт,
Бирөө дагы жөргөмүшкө атылбайт.

Чымын жаның бүт баарына тойду го?!
Туулган күн байкушумду сойду го?!

А чегиртке, а чегиртке сереңдеп,
Кадимкидей киши сымал элеңдеп,
Чырт, чырт чырт этип,
Канаттары
дырт, дырт, дырт этип,
Ары-бери секирди,
Бурчту көздөй бекинди.

А жөргөмүш-желмогуз
тамашалап койдубу?!
Кол-бутуна чымындын
Ак желеси сойлоду.

Жөргөмүш-чал бычак тишин катырып,
Чыр чымындын денесине матырып,
Канын соро баштады,
Катыра күчүн таштады.

Чымынбыз бакырды,
Жардам сурап чакырды.
А желмогуз шукшуңдайт,
“Жеп салам!” деп букшуңдайт.

Бир кезде эле ал-жайдан,
Кичине чиркей бир кайдан
Учуп келип калды дейт,
Колунда чырак жанды дейт.

“Кана өлтүрчү желмогуз?
Колго түшсүн ал доңуз!
Тырмагынан коркпоймун,
Кылычымды октоймун!”

Жөргөмүш-чалга жөнөдү,
Мындайга киши көнөбү?
Жини келип чынынан,
Жини келип чынынан,
Чалды уруп өттү дейт,
Башын жулуп кетти дейт.

Чымынды алып колунан,
Акырын сылап жонунан,
Терезеге жеткирди.
Мына сага өткүрдү;
Жөөлөп өттүм деп айтат,
Жөргөмүш өлдү деп айтат,
“Анда бийкеч билип ал,
Күйөөгө мага тийип ал!”

Так ошондо булуң-бурчтан бүжүрөп,
Курт-кумурска чыга келди жүжүрөп:
“Чиркейге даңк!
Чиркей баатыр!
Чиркей алп!”

Жарык чачкан курттар келип бат эле,
Жарыктарды чачып салды шарт эле,
Бардык тарап жаркырап,
Туруп калды шаң улап.

“Эй, кырк буттар келгиле!
Бизге бийлеп бергиле!”

Ар музыка жаңырып,
Добулбастар кагылып,
Бом-чын, бом-чын, чыпчырым,
Бийлеп жатат
Чиркей менен Чыр чымын!

Жандарында коңуз-топ,
Өтүктөрү: топ, топ, топ!

Сөөлжандар ар курттарды “тузактап”,
А кенелер бүргөлөрдү кучактап,

А мүйүздүү коңуздар,
Өтө эле бай “доңуздар”
Калпактарын ийлөөдө,
Көпөлөк менен бийлөөдө.

Тра-ха-ха, тра-ха-ха,
Таракандар: ха-ха-ха!

Алатоодой эт болуп,
Алакөлдөй чык толуп,
Баары тойдо чардашат,
Эки жашты ырдашат.

А кумурска, кумурска
Барбай койду жумушка –
Сулуусун белден тартыптыр,
Анысы колун артыптыр.

“Биз жыргайбыз, биз ырдайбыз,
Биз курттарбыз кичине!
Биз бийлейбиз, секиребиз!” –
Батпай турат, эх алардын ичине.

Өтүктөрү карсылдап,
Такалары тарсылдап,
Жалаң жыргал ой болот,
Таң атканча той болот!

Чымын, чымын, Чыр чымын,
Чырылдаган тың чымын!
Шарап куйгун кумурска,
Чымын чыкты турмушка!
2005-жылы 21-июлда которулду.

которгон Эрнис Асек уулу

Жылкычы ЖАПИЕВ: Калптар

Балдар адабияты

Таштан тарамыш кестим,
Кумдан аркан эштим.
Китти минип, мухитте сүздүм,
Акула менен жарышка түштүм.
Секирип Айга жеттим,
Айдан Марска аттап кеттим.
Марстан селкинчек тептим,
Асманга эгин септим.
Түшүмү мыкты болду,
Жылдыздардагы кампам толду.

* * *
Ысык-Көлгө кайырмак салдым,
Алтын балык кармап алдым.
Адамча сүйлөп: – Коё бер, – деди,
– Аткарамын кааласаң нени?
Балыкты кайра сууга салдым,
Үч күн өтүп, көл жээкке бардым.
Кечке күттүм, келбеди балык,
Кеттим үйгө алданып калып.

* * *
Кийизди жерге кийре кактым,
Аюуну көтөрүп чаптым.
Музга ширеңке чактым.
Ашкабактын ичинен
Ат башындай алтын таптым.
Күрөшкөндө пилди жеңген
Кумурскага орден тактым.

* * *
Азоо көпөлөктү минип алдым,
Көкөлөп учуп, тилин билип алдым.
Көк гүлдүү көйнөгүмдү алмашып,
Эки кооз канатын кийип алдым.
Чычкандарга токтобой өтүп,
Чымчыктардын тоюна бардым.
Чиркей менен чүкө атышып,
Муйтуп кетип, утулуп калдым.

* * *
Тоодо токой өрттөндү,
Ошол өрттү ким көрдү?
Алты чака суу алып,
Аюу келди майпаңдап.
Эки чака суу менен
Элик келди тайтаңдап.
Жарты тамчы суусу жок,
Күкүк жүрдү кайпаңдап.
Аары келди ызылдап,
Чычкан жүрөт тызылдап.
Сууну ташып тынымсыз,
Суур чарчаптыр кышылдап.
Бөрү менен кашкулак,
Чоң челекти колдошуп,
Баары жүрдү токойду
Өрттөн сактап, коргошуп.
Мен да чуркап келгенмин,
Кудук казып бергенмин.

* * *
Мышыкка тамга үйрөттүм,
Күчүгүмдү сүйлөттүм.
Кызыл, жашыл шарларды,
Балыктарга үйлөттүм.

* * *
Миндим Күндүн желесин,
Аштым Айдын белесин.
Ай бетине толтура
Тарттым Жердин элесин.
Айдагылар сурады:
– Кайра качан келесиң?

* * *
Желмогуздан качып экөөбүз тең,
Төштүк менен жер түбүнө түшкөнмүн мен.
Кожожашка сур эчкини кармап бергем,
Жаңыл Мырзага жолборсту байлап бергем.
Алты арстанды үстөгү деп айдап келгем.

* * *
Келгиле, балдар, келгиле,
Бир кызыкты көргүлө:
Улак менен карышкыр
Чана сүйрөп алыптыр.
Муз аянтка конькичен
Музоо, аюу барыптыр.
Бий жарышта бардыгын
Кирпи утуп салыптыр.
Жалгыз коньки байланып,
Төө жыгылып калыптыр.

* * *
Көп балыктар токойдо
Терип жүрөт бүлдүркөн.
Мышык минип корозду,
Көргөндөрдөрдү күлдүргөн.

Эки короо бөрүнү
Эчки жүрөт кайтарып.
Эликтер кууйт мергенди,
Эминесин айталык!

Кол ойнотуп, күү чертет
Тыйын чычкан комузда.
Чимирилет ийиктей
Бийге түшүп коңуз да.

Ат баратат теминип,
Минип алып адамды,
Үлүл чагат тынбастан,
Шакылдатып бадамды.

Пилдер конуп бутакка,
Кубулжута сайрашты.
Көп эшектер дөңгөчтү
Арабадай айдашты.

Күкүк басат жумуртка,
Козголбостон ордунан.
Түшүмбү же өңүмбү?
Түшүнө албай олтурам…

* * *
Кой койчуларды кайтарып жүрөт,
Иттер сайрап, торгойлор үрөт.
Турна жип ийрип,
Чычкан тор түйөт.
Көл алоолоп күйөт,
Куйругу жок түлкүнү көрүп,
Кумурска карс-карс күлөт.

Балдарга «баш катырма»

Амал менен окусаң, жыл мезгилин табасың
Кардан тонду жамынып,
Ызгаар жортуп жорголойт.
Шыргалаң суу чорголойт.

Жадырап тийип күн нуру,
Ала шалбырт кез келет.
Заматта бүрдөйт тал-терек.

Жалбырттаган жалынсыз,
Аптабы кактайт өрттөбөй.
Йемен деген өлкөдөй.

Кырманга кызыл дан толуп,
Үйүлөт саман-топону.
Зор береке ошобу?

Айдаганда дейт экен
Мышыкты – мыш,
Итти – чык,
Карганы – кыш,
Төөнү – оч,
Уйду – өш,
Эчкини – чек,
Эшекти – хы,
Жылкыны – чу,
Койду – кош,
Тоокту – ток.

Сөздүк ыр
Байыркы мезгил – алмустак,
Бал татыган – балмуздак.
Семичкенин кабыгы – бөчөк.
Сайманын бир аты – көчөт.
Куштун тырмагы – текөөр,
Конокко эт тарткыч – бөкөөл.
Өтүктүн такасы – өкчө,
Тоо этеги – бөксө.
Кымыз ачыткан идиш – сабаа,
Манжалардын арасы – салаа.
Ууртунан жылмаюу – мыйык,
Тил албас кежир – кыйык.
Шаардын бир аты – калаа,
Жалган доомат – жалаа.
Электин алкагы – карскан,
Балканын чоңу – барскан.
Эни кыска – тайкы,
Ээрдей белес – кайкы.
Кумар кануу – моокум,
Таң шооласы – шоокум.

Баш тамгасын өзүң тап
Суюк болсо …уу
Ысытса …уу
Чурулдаса …уу
Кол чабылса …уу
Учса …уу
Көтөрсө …уу
(суу, буу, чуу, дуу, куу, туу)

Айтып берем жөө жомок
Баш тамгасын койсоңор,
Айры өркөчтүү …өө болот.
Тазалабай меш жакса,
Кернейине …өө толот.
Карышкыр түспөл кичине,
Анын аты …өө болот.
Атчан киши эгерде,
Аттан түшсө …өө болот.
Баарын туура тапсаңар,
Айтып берем жөө жомок.
(төө, көө, чөө, жөө)

Ысмайыл КАДЫРОВ

Бөбөктөр дүйнөсүндө жашаган эки автордун чыгармасы

Каныбек ЖУНУШЕВ
Балдар адабияты

АРЧА
Акылым жетпей башкага…
Жылмайык бийик аскада
Таңгалам десең, таң калам
Илинип турган арчага.

Кай убак көрсөң жапжашыл
Канчада жашы билинбейт.
— Туура миң жыл жашадым
Туулган күнүм бүгүн дейт.

БЫШЫРСА БОЛБОЙБУ!
«Мээге чай кайнатпа»
Дей берет агам Асанбай.
Борщ бышырса болбойбу,
Баштын ичи казандай…

КАРГА
Сагызгандай шакылдаган
Сабатым жок окуган.
Бирок мендей дыйкан жок
Кечке жерди чокуган.

ЖАРАТЫЛЫШ
«Ай жарык-ай, Ай жарык!»
Бакалар чардайт шаңданып.
Жаратылыш жаркырайт,
Жандууга өзү таң калып.
Сулайман РЫСБАЕВ
Бир түйүнчөк акча
Балдар үчүн аңгеме

Эртең менен болчу. Талант мектепке келаткан. Автобус аялдамадан жаңы эле жөнөп кетти. Талант андан өтүп, жолдун өйүзүндөгү мектепти көздөй басмак.

Ал алдыга баса берип, жол жээгинде жаткан муштумдай түйүнчөктү көрдү. Анын ичин ачса — бир тутам акча! Санагы жете турган эмес. Ушунча акчаны көрүп Таланттын жүрөгү шуу дей түштү. Аны өзү бирөөдөн уурдап алгансып коркуп кетти.

Кокус ээси келип: «Сен муну кайдан уурдап алдың ыя?» деп кекиртегинен ала тургансып, алиги акчалар колунан түшүп кете жаздады. «Эмне кылуу керек?»

Аңгыча өзүнөн чоң балдар арттан жете келишти. А алар көрүшсө акчаларды колунан алып коёру бышык эмеспи. Ошон үчүн аларды коюнуна сала коюп, мектебин көздөй басты. Бирок баарынан кызыгы — бул акчалар кимдики? Аны кимге көрсөтөт? Акча таап алганын кимге айтат? 50 сом, 100 сом болсо го мейли эле. А ал мынча акчаны каякка катат? Мынча акчанын ага эмне кереги бар?

Ал айласы кетип, колу-буту титиреп, алдыга баса албай туруп калды. «Атама барайын, айтайын, балким, ал акчаларды ээсине таап берер».

Талант ошентти да, үйүнө тез эле жетип барды. Акчаны бергенде атасы:

— Муну сен уурдап алдыңбы? — деп өңү бузула түштү.

— Жок, ата, жолдон таап алдым, — деди Талант.

— Качан?

— Азыр эле.

— Каерден?

— Аялдамадан, жолдун жээгинен.

— Чын элеби?

— Ооба…

Атасы терезеге келип бир ирет эшикти карады да, уулуна жакын келип, моюнунан кучактады. Анан бетинен бир ирет өптү да, кулагына минтип шыбырады:

— Сенин бул акчаны таап алганыңды бирөө көрдүбү?

— Жок, ата, эч ким көргөн жок.

— Чынбы?

— Чын.

Таланттын колу-буту титирегени басыла элек болчу. Ал дагы эле коркуп турган.

— Анда сен бул жөнүндө эч кимге айтпагын. Уктуңбу? Мен азыр эле шаарга барам дагы, сага кышкы пальто, жылуу өтүк, велосипед, чана, коньки сатып келип берем. Уктуңбу? — Бул сөздөрдү айтып атып атасы да колдору титиреп, энтигип турду. — Уктуңбу дейм, Талант, мени түшүндүңбү?!

Ал уулун дагы бир ирет кучактап өпкөндө, алынбай үксүйгөн сакалы бети-башын сайгылап, оозунан бозонун жыты бурулдап турду.

— Уктуңбу? — деди атасы бир ирет. Көптөн бери иштебей, жумушу жок, акча таап келалбай үйдө жаткан атасы ага керектүү нерселериңди алып берем дегенде Талант кубанып кетти.

— Уктум, ата — деди ал, — уктум. Эч кимге айтпайм.

— Анда билинбей сабагыңа бар. Бирөөгө билгизип койбогун.

— Макул, ата!

* * *

Экинчи сабакка жаңы эле киришкенде дүкөнчү аял класска кирип келди. Ыйлап алыптыр, ыйлап атып көзү шишип бүтүптүр.

— Айланып кетейин күчүктөрүм, акча көрдүңөрбү? Мен кургур дүкөндүн бүт акчасын азыр эле жоготуп жибердим. Автобуска отура электе бар эле. Айланайындарым, силер баарыңар эле бөжүрөп мектепке келатпадыңар беле. Айланып кетейиндер!..

Сөзүн айтып бүтпөй, буркурап ыйлап жиберди. Дүкөнчү эжени балдардын баары эле тааныйт. Ал Райкан эже эмеспи. Жакшы эже го.

Балдардан сөз күтүп ал унчукпай калды. Балдар, мугалим эжей баары «ким тапты болду экен» дегенсип, бирин-бири карап калышты.

— Акчаңызды мен таап алдым, Райкан эже, — деди тура калып Талант, — мен таап алдым.

Райкан эже чуркап келип, Талантты мойнунан кучактап, өпкүлөп жиберди. Кудум эртең мененки атасы кучактап, өпкүлөгөндөй…

— Чын элеби? — деди ал ый аралаш.

— Чын эле, үйгө алып барып, атама берип, анан, анан…мектепке келгем. Азыр эле…, ишене бериңиз.

— Атаң үйдөбү?

— Үйдө го…

Райкан эжеси Талантты бооруна кысып-кысып алды. Андан жыпар жыттуу атырдын жыты келип турду. Талант Райкан эжени аяп кетти.

— Жүрүңүз, үйгө баралы, — деди ал.

Үйгө келатышты… А үйдө эмне болгонун ким билсин? Атасы кайда болду экен? Акчаны эмне кылды экен? Ал жана эле атасына «эч кимге айтпайм» деп убада бербеди беле. Эми эмне болот?

Талант дагы калтырап чыкты.

Балдар адабияты: Сөз оюндар

Сөз – адамдын ички сезимин бере билүүсү. Кээде бир эле сөз көп мааниге ээ болсо, кээде көп маани бир эле сөз менен айтылат. Бир эле тамгасын өзгөртүүдөн башка мааниге өткөн сөздөр да көп. Канчалык көп сөз билсең, эне тилдин ички сырларын ошончолук тереңирээк туясың.

АНАГРАММА

Адегенде табышмакталган сөздү таап, андан кийин ал сөздөгү айрым тамгалардын ордун алмаштыруудан жаңы сөз алынуучу сөз оюн.

Жолборс түстүү бир өңдү,
Жакшы ойлонсоң табасың.
Тамгаларын которсоң,
Бир идишти аласың. (Чаар — Чара)

 

Качыратып кар басып,
Кыш мезгилде киесиң.
Алмаштырсаң тамгасын,
Өкүнүчтү билесиң.  (Өтүк — Өкүт)

 

Келиндер чачка тагынган,
Кооздуктун атын билип жүр.
Ортоңку эки тамганын,
Орундарын алмашсаң
Көлөмдүү жыгач идиштир. (Чачпак — Чапчак)

 

Эмне деп атайт уй, койдун,
Көкүрөк жак капталын.
Таап тетири окусаң,
Аласың ыштын башка атын. (Өөк — Көө)

ЛОГОГРИФ

Адегенде табышмакталган сөздү таап, андан кийин ага мүчө уланса же кемитилсе, же кошумча тамга кыстарылса жаңы сөз келип чыгуучу сөз оюн.

Шатырата санасаң,
Бирдиктеги бир сан.
“Н” тамгасын уласаң,
Баалуу асыл металл. (Алты, Алтын)

 

Үч тамгадан аты бар,
Ушул айды ким сүйбөйт.
Башына “саа” уласа,
Анда желге үлпүлдөйт. (Май, Саамай)

 

Адегенде ойлогун,
Жадыраган жаз айын.
“лык” мүчөсүн уласаң,
Кетирет колдун майын. (Май, Майлык)

 

Адегенде таап ал,
Бирдиктин бир санын.
Баш тамгасыз окусаң,
Алоологон от-жалын.  (Төрт, өрт)

 

Топ эмес, бирок жели көп,
Айыл эмес, бирок эли көп.
Бир үндүүдөн өзгөргөн,
Бул өзү деги кандай сөз. (Шар, Шаар)

 

Толук жазылып турса,
Ичине кирип жат.
Баш тамгасыз айтылса,
Жыты аңкыган зат.
Аяккы эки арибин окусаң,
Көңүлүң болот шат.   (Чатыр, Атыр, Ыр)

 МЕТАГРАММА

Адегенде табышмакталган сөздү таап, андан кийин ал сөздөгү бир тамганы башка тамгага алмаштыруудан сөздүн мааниси өзгөргөн оюн ыр.

“К” тамга менен башталса,
Кишинин болот жашы.
“Т” тамга менен башталса,
Турган үйүңдүн аты. (Курак, Турак)

 

“Л” тамга менен бүтсө,
Күндө баскан жериң.
“Н” тамга менен бүтсө,
Карай бер тоонун белин. (Жол, Жон)

 

Соңку тамга “т” болсо,
Айыл жери элестейт.
“Т” ордуна “к” койсо,
Ун, талканга керектейт.  (Элет, Элек)

 

Төртүнчү арип “т” болсо,
Көз уялткан нерсе.
“Т” ордуна “б” койсо,
Дарактагы сөйкө. (Жалтырак, Жалбырак)

 

Баш тамгасы “Ү” болсо,
Жашоочу жайың.
“Ү” ордуна “У” койсо,
Короодогу малың. (Үй, Уй)

 

Баш тамгасы “Б” болсо,
Оюнкараак наристе.
Экинчиси “у” болсо,
Нерсе кебез таризде. (Бала, Була)

 

Бир тамгасы “и” болсо,
Кадимки эле каалга.
“И” ордуна “е” койгун,
Унаа керек маалда. (Эшик, Эшек)

 

Акыркысы “р” болсо,
Андан малга жем берет.
“р” ордуна “л” койсо,
Адамзатка дем берет.
“н” болсо сөз чебери,
Элге-журтка эң керек. (Акыр, Акыл, Акын)

 

Төрт тамгадан турган сөз,
Эне тилде көп болот.
Төрттүн “ө”сүн өзгөртсө,
Торт деп балдар жеп коет.  (Төрт, Торт)

 

Татуулукту билдирген,
Жети тамга ушул сөз
Бабалардын таалими.
Бир тамгасын өзгөртсө,
Адамга айтчу жүүнү бош,
Алат башка маанини.  (Ынтымак, Ынтырак)

 

Үчүнчүсү “ч” болсо,
Мөмөлүү дарак.
“л” ордуна “к” койсо,
Өтө баалуу кагаз.  (Алча, Акча)

ШАРАДА

Ар бири өз алдынча сөздү түшүндүргөн эки сөздү бириктирип окуганда негизги табышмакталган сөз алынуучу оюн ыр.

Ойлоп туруп бир түстү,
Ичинде бар аласы.
Итке айтылчу бир сөздү,
Ага улап койсоңор,
Бир кайберен баласы.  (Чаар- чык)

 

Биринчиси бел боо,
Экинчиси түс.
Кураштырып окусаң,
Бир жакшы буюм
Жасаган уз.    (Кур-ак)

 

Таап туруп бир түстү,
Таш көмүргө жарактуу.
Улап койсоң бел боону,
Тоок сымал канаттуу.  (Кара-кур)

 

Кулак байлап сууну бурууда,
Колдонулчу кыртыш атына.
Сорпо атын улап койсоңор,
Кушка айланат кичик, татына.  (Чым-чык)

 

Ичкенин бир атына,
Кошуп жазсаң бир түстү.
Бир буюмду окуйсуң,
Асемдеп тарап чач күтчү. (Тар-ак)
Ысмайыл КАДЫРОВ