Африка элдеринин жомогу: Жакшылыктын түбү жок

Фон уруусунун болмушу Тро деген антилопа менен Козо деген дарак ажырагыс достордон эле. Алар кандайча дос болуп калды дебейсиңерби?! Тро дайыма жырткыч айбандардан, же мергенчилерден качып, же жашынып кутула турган.  Узун бою менен мүйүзү аны душмандарына тез байкатып коёр эле. Бир күнү кечке качып жүрүп эси оогон антилопа демин жыйганы бир дарактын түбүнө токтоп, арыз-арманын айта баштады. — Сиңдим, —  деди козо дарагы, —  кантип сени сактап калууну билем. Кичине эле коркунуч туулса, тезинен менин бутактарымдын арасына жашына кал. Көрдүңбү, […]

Фарсы эл жомогу: Карышкыр менен кой

Карышкыр менен кой дос болду. Дегеле биринен бири ажырашпайт. Кой эч камырабай оттоп жүрө берет, жанында камкор досу бар. Эч санаасы жок, жай өткөнчө абдан семирди. Аны көргөн досунун көӊүлү бузула баштады, көрсө эле көзү жайнап, тиши кычышат. Басса-турса ою – койдо. Кантип аны жесем дейт, кандай шылтоо табыш керек деп эртели-кеч башын оорутат. Жалаӊ ошого сары санаа болуп жүрүп арыктап да кетти. Бир күнү койго айтат: — Досум, бул жерде сен жегенге жакшы чөп калбай баратат. Башка жакшыраак жерге […]

Жалкоо жөнүндө молдова эл жомогу

Бир жалкоону өзүнүн айылы өлгөнчө тажатты, тимеле тамагына тыгылган сөөктөй эле болду. Же бирөөдөн жакшылык көрбөсө, жакшы сөз укпаса, каткан нан да булардан чыкпас болду. — Мейли, — дейт, — силерсиз деле жашоом өтөөр. Силерди көрөйүн деген көзүм жок. Баарын ойлонуп, ызасына чыдабай бир түкүрүп алды да, башы ооган жакка сандалып жөнөдү. Адырдын белине көтөрүлсө, алдынан кошунасы чыгып калбаспы. — Алыска жөнөдүӊбү, коӊшум? — Башым оогон, көз көрбөгөн жакка, тууганым. — Бизди биротоло таштайын деп жатасыӊбы? — Эмне кылам, — […]

Африка элдеринин жомогу: Эки жүздүү Нги

Бети-булу уруусунун болмушу Нги-мбаба деген жарганат оозун ачса толгон тиши бар, эки канаты менен жарык дүйнөгө келди. Токойдогулар аны канаттуубу же айбанбы деп көпкө ажырата албай жүрүштү. Куу жарганат бул өзгөчөлүгү менен абдан пайдаланды. Канаттуулар той берсе Нги дайыма ал жерге да зуулдап жетип барат, анын канаты бар эмеспи. Айбандар олжосун бөлүшө баштаса Нги ошол жерде, анын оозу толгон тиштери бар эмеспи! Пайда чыкпай турган жерге ал жолобой калсын. Андайда Нги тиякка да, бул жакка да көрүнчү эмес. Токойдогулар буга […]

Португал эл жомогу: Ашкабак менен эмен жаӊгагы

Илгери бир киши болуптур. Кетип баратып ичке өсүмдүктүн сабагын көрөт. Ал жерге төшөлүп, сойлоп өсөр жана чоң-чоң ашкабактары бышып турганын байкады. Ал эми огороддун четиндеги калдайган күчтүү эмен дарагы болсо бутактарын жайып, туш тарапка керилип өсүп турганын, бирок анын үрөндөрү кипкичинекей тоголок экенин көрөт. Эмендин түбүндө отуруп ойлонду да баарынан кудуреттүү, жараткан кудайды жамандап кирди: — Мен анын ордунда болсом, — деди, — такыр башкача кылмакмын. Эмендин тобурчактары ашкабактай чоӊ болмок да, ашкабактын сабагындагы мөмөлөрүн эмендикиндей кичине кылмакмын, ошондо туура […]

Африка элдеринин жомогу: Капумбу жана айбандар

Балуба уруусунун болмушу Бир күнү капумбу бардык айбандардын ортосунда туруп алып: — Силердин араңарда мендей тамак жей алганыңар барбы? Тамак жегенден мага жеткениңер жок,  —  деп мактанды. Анда арстан тура калды: — Мени менен мелдешип көрчү! Экөө жей башташты. Көпкө чейин жешти. Аягында арстан чыдабай четке чыга келди да жеңилгенин мойнуна алды, а калумбу болсо дагы эле жеп жатат.  Леопард тура калды: — Сени мен жеңем! Бирок леопард да ага теңеле алган жок. Ким калумбудан көп жейм дегендин баарынын жолу […]

Молдова эл жомогу: Поптун акылсыз уулу

Поптун уулу болуптур. Эч нерсе үйрөнбөгөн, колунан да түк келбеген акылсыз, жалкоо экен, түгөткүр. Теректей бой берип, теменедей акыл бербептир ага. Мурдун чукулап отургандан башканы билбейт. Бир күнү үйдө нан жок калып, кызматкерлердин бири жок, баары жумуш боюнча кетишкен. Поп баласын чакырып айтат: — Уулум, айланайын! Үйдө бир кесим нан калбаптыр, туз салган идиштин да түбү көрүнөт. Мобу эки алтын теӊгени ал да базарга барып кел. Бир теӊгеге нан, экинчисине туз сатып ал. Поптун уулу акчаны алып  базарга келди. Мында […]

Фарсы эл жомогу: Арстан, түлкү жана чычкан

Бир күнү арыстан кой кармап алып капчыгайдын бир далдаа жерине келип жей баштады. Койдун жартысын жеп, калганын калтырып койду. Аны көрүп калган түлкү акырын жылып жакындай баштады. Эптеп этке тойсом деп ойлоду. Арстан жатып, ойлонду: «Мен го тоюп алдым, мейли эми түлкү да жеп алсын» — деп уктамыш болуп калды. Түлкү болсо кокус ойгонуп кетпесин деп койдун ичегиси менен арстандын буттарын байлап салды. Тойгончо жеди да кетип калды. Арстан турайын деди, бирок ысык күн ичегини кургатып, катырып салыптыр, ал кыймылдай […]

Италия эл жомогу: Гандзирри көлү

Мессина жерине бир бай келиптир. Ал ушунчалык бай экен, өзүнүн канча байлыгы бар экенин да билбептир. Ал жерден Гандзирри көлүнө сейилдеп чыгат да анын сулуулугуна өтө суктанып, жактырып калат. Эми байлардын бирдемеге кызыкса  аны сатып алгысы келген жаман адаттары бар эмеспи. Сураштыра баштайт: — Бул көл кимдики? — Королдуку да, — деп жооп беришет ага. Бай түз эле королго барат. — Улуу урматтуум, көлүӊүздү мага сатпайсызбы? — Эмнеге сатпайм! – дейт король. – Баасы келишсе сатпагандачы, сатам. — Канчага баалайсыз? […]

Индия эл жомогу: Ач көздүк эмнеге алып барат

Деңизден алыс кыштакта абдан ач көз жана сараң дыйкан жашаптыр. Бир күнү ал кокос жаңгагын жегиси келип, он рупий алып базарга барып, биринчи эле дүкөнгө кирип сурап турду: — Кожоюн, кокос жаңгагың канчадан? — Төрт ан турат (ан – Индиянын майда тыйыны). — А сен үч ан турган жаңгак кайда сатыларын билбейсиңби? — Билем, кошуна дүкөндө. Сараң дыйкан ал жерден да жаңгак сатып алгысы келбеди. Мындан да арзан жаңгак издеп дагы ары жөнөдү. Ошентип бир нече саат бою базарды кыдырып, […]

Кыргыз эл жомогу: Жоомарт жана Адил

Илгери, илгери бир кылымдарда жанаша жашаган эки элде Жоомарт жана Адил деген кандар өткөн экен. Жоомарт кан калкына карамдуу, элди тегиз көргөн, тегиз жашасын деген киши болгон. Бул кан бир күндө сарайында түшкө дейре иштеп, калган убактысында элди аралап, «ач, жылаңачтар жокпу» деп жүрүп өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде талаа-түздөгүлөрдү кыдырып келатып, суу ичип аткан эшекти көрөт. Аны абайлап караса арка-башы жоор, арык, алы кетип арыган эшек экен. Жоомарт «бул эшек элге кызмат кылган, эчен жолу эмгектенген, ошондуктан ушул абалга жеткен», […]

Италия эл жомогу: Кыздын себи

Кыштын кызы Бореа-бороон ойлонуп отуруп, жашым келип калды, багымды табайын деди. Түштүктөн соккон шамал Сирокко — көӊүлүнө толду. Учуп барып тартынбастан маселени кабыргасынан койду: — Дон Сирокко, мага үйлөнгүӊ келбейби? А Сирокко эркин жашоого көнгөн. Кааласа Африкага учуп барат же деӊиз үстүн чарпый зуулдайт – аялдын эмне кереги бар ага! Ошондуктан жообу мындай болду: — Э, донна Бореа, эки жакыр бириксе капчыгы толуп бай болбойт. Менде го эч нерсе жок, сенин деле жарытылуу себиӊ бар экенинен күмөнмүн. — Кантип мен […]

Кытай эл жомогу: Коёндун куйругу

Коёндор жаңы жаратылганда узун жана барпайган кооз куйруктуу болушуптур. Алар мындай жакшы куйругу менен абдан сыймыктанып, анысын бийик көтөрө көйрөңдөнө басып, ар кимге мактанышчу экен. Ал тургай башка жаныбарлардан өзүлөрүн жогору коюп, аларды кемсинтип, келекелеген кептери менен шылдыңдашчу дешет. Бирок ушундай кылыктарынан улам алар кооз куйруктан айрылып калышыптыр. Ал окуя мындайча болуптур: Бир жолу коёндор суу жээгинде ойноп жүрүшүп, наркы жээктеги жашыл шалбааны, чөбү көйкөлгөн жерди көрүшүп, ага кантип жетүүнү билишпейт. Анткени сууда сүзө алышчу эмес. Ошентип турганда суудан картаң […]

Италия эл жомогу: Бир тоголок капуста

Так деӊиздин жээгинде эскилиги жетип кыйшайган жаман там  турган. Ал үйдө андан да карган балыкчы чал кемпири менен жашады. Алар өтө жакырчылыкта күн көрүшкөн. Абышка балык кармап келет, кемпир балык сорпо жасайт – курсактары ток, өмүр өтүп жатат. Бир күнү кечинде абышкасы он чакты макрель балыгын кармап келди. Кемпир балык сорпого казанын камдап, бир убакта балык тазалоого келгенде күңкүлдөп кирди: — Күндө эле балык, балыктан башка билбейбиз. Тажатты го тап-такыр. Капуста жегим келип, жаным чыгып  баратат. — Келесоо болбо, кемпир, […]