Дилазык: Кемсинтүү жөнүндө уламыш

Чыгыштагы бир акылман окуучуларына дайыма мындай деп айтчу экен: «Адамдар үч сөз менен бири-бирин кемсинтишет. Алар мындай деши мүмкүн, сен жиндисиң, сен кулсуң, сенин талантың жок. Эгерде, сен ошондой абалга туш болсоң бир чындык эсиңде болсун: жинди киши гана башка бирөөнү жинди деп кемсинтет, кул гана башка кишини кул дейт, таланты жок адам гана башка бирөөнүн кем акылдыгы менен өзүнүн эч нерсе түшүнбөстүгүн жашыргысы келет». Эки карышкыр тууралуу уламыш Абышка небересине бир чындыкты ачып берип жатты: — Адамдын жан-дүйнөсүндө дайыма […]

Дилазык: Акылга шоола чачкан уламыштар

Эки сатуучу жөнүндө уламыш Бут кийим чыгарган фабрика базарын кеңейтүү максатында Африкага эки кызматкерин чалгынга жөнөттү. Бир жумадан кийин биринчи агент келип мындай дейт: — Ал жакта бут кийимге суроо-талап жок, дегеле бут кийим кийген адам көрүнбөйт. Экинчи агент келип мындай отчёт берет: — Ал жакта мүмкүнчүлүк аябай чоң! Бардыгы жылаң аяк жүрүшөт! Тыянак: Ишиңдин оңунан же тетири чыгышы адамдын астында турган маселеге кандай көз караш жана маанай менен карайт, ошого байланыштуу. Мышык жана чычкандар жөнүндө уламыш Чоң үйдө чычкандын […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш (4-бөлүк)

<<<<<<< 1-бөлүк <<<<<<< 2-бөлүк <<<<<<< 3-бөлүк КАЙРЫМДУУЛУК Бир бай таанышынан сурап калды: – Мени эмне үчүн сараң дешет, а менин болгон байлыгымды өлгөндөн кийин кайрымдуулук фондусуна мураска калтырарымды баары жакшы билишет? – Мен сага чочко уйга кантип арыз-муңун айтканын айтып берейин, – дейт анда таанышы, – «Адамдар дайыма сени ак көңүл дешип, сулуу көздөрүңдү макташат. Ооба, сен аларга сүт менен май бересиң, бирок мен сенден да көп берип жатпаймынбы: колбаса, сан эт, кол, эт, котлеттер жана башка тамактарды менин этимден […]

Дилазык: Карагайчылар жөнүндө уламыш

Эки карагайчы — канадалык жана норвегиялык — мелдешке чыгышты. Аларга коюлган талап боюнча: эртең мененки саат сегизден баштап, саат төрткө чейин өздөрүнө бөлүнгөн аянтчада ким карагайды көп кыйса, ошол жеңүүчү болуп таанылмак. Саат сегизде ышкырык жаңырып, ар бири өз аянтчаларында ишин баштады. Алар карагайларды биринин артына бирин кулатып жатышты. Бир убакта канадалык карагайчы, норвегиялык карагайчынын токтоп калганын укту. Бул ага жеңүүгө берилген бир мүмкүнчүлүк экенин сезген канадалык эки эселенген күч менен иштеп кирди. Он мүнөттөн кийин норвегиялык ишин улантканы угулду. […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш (2-бөлүк)

<<<<<<<<Башы (1-бөлүк) Саякатчы тоок Тооккананы айлантып согулган тосмонун кырларына катар тизилип отурушкан чабалакейлер, өздөрүн тынсыздандырган көп нерселерди сүйлөшүп жатышканы менен, ойлорунун баары көбүнчө алыскы түштүктөгү жылуу жерлер жөнүндө эле. Анткени, түндүктүн муздак шамалынын эпкини эмитен эле сезиле баштаган. Бир күнү алар учуп кетишти, бардыгы чабалекейлер жөнүндө, түштүк жөнүндө  сөз кылып жатышты. «Кийинки жылы мен өзүм түштүккө барып келем», – деди тооктордун арасынан бири. Дагы бир жыл өтүп, жазында кайтып келген чабалекейлер жайдын аягында кайрадан түштүккө камына башташты. Бир күнү эрте […]

Еврейлердин уламыштары

КЕЛЕСООЛОР Сактоочу жерге түшүп, пенделерин кабыл алчу күн келди. Ар ким өз көйгөйү менен келип жатты: Сокурлар: — Раввим[1], биздин көзүбүз көрбөй жатат, — дешти. Сактоочу алардын чекесинен сылаганда сокурлардын көздөрү ачылып жатты. Дудук менен дүлөйлөр келишти — алар угуп, сүйлөп калышты. Бүкүрлөр келишти — алар да түзөлүштү. Бир гана келесоолор келесоо боюнча калышты. Себеби алар: — Раввим, мага жардам кылчы, мен келесоомун… — деп моюндарына алышкан жок. КҮЗГҮ Бир жолу окуучусу раввиден сурады: – Устатым, айтыңызчы, эмне үчүн кедей […]

Жашоого мамиле жөнүндө уламыш

Бир адам бейишке чыгыптыр. Айланасын караса жүздөрүнөн күлкү ойногон, бактылуу адамдар күлүп-жайнап, ойноп-жыргап жүрүшөт. Тегерегинде кадимкидей эле жашоо өз нугу менен жүрүп жаткансыйт. Ар жак, бер жакты карап, ары-бери басып сейилдеди. Жактырды. Анан архангелге кайрылды: — Тозок кандай экенин көрсө болобу? Бир эле шыкаалатып койбойсузбу! — Мейли, жүрү көргөзөйүн. Тозокко келишти. Караса, бул жерде деле жашоо кадимкидей өтүп жатыптыр, бейиш менен айырмасы деле билинбейт. Болгону, жашоолоруна  нааразы болуп, бири-бирин жактырбаган адамдар жүрүшөт. Аларга бул жер жакпаганы көрүнүп турат. Ал архангелден […]

Жашоо маңызы жөнүндө уламыштар

МЫК ЖӨНҮНДӨ Чыгыш уламышы Бул окуялар мурда эле айтылса керек эле. Бирок алар өтө кызыктуу! Ошондуктан кайталагандан келме бузулбаган… Илгери-илгери өзүн-өзү кармай албаган, ачуусу чукул жигит жашаптыр. Бир жолу ага атасы бир баштык мык берди. “Ачууңду тыя албай, бирөөгө жаман сөз айткан сайын бир мыкты короодогу устунга кагып тур”, — деди ал. Биринчи күнү устунга кагылган мыктардын саны ондоп саналды. Кийинки жумада жигит жинин тыйып, устунга кагылган мыктардын санын бир топ азайтканга жетишти. Жигит сезимдерин башкаруу, мык каккандан да оңой […]

Накыл менен бийлик тиреши

Акылман Мум жөнүндө Александр Бэллдин притчасы Падышаларга өмүрүндө кеңешчи болгусу келбеген акылы даркан Мумдан сурашкан экен: – Зулумдукка, катачылыкка белчесинен малынган өкүмдарлар эмнеге акылмандардын кеңешин угушпайт? – Кээси өзүн баарынан акылдуу эсептеп, кеп-келеңге муктаж эмесмин деген үчүн эч кимдин кеңешине кулак какпайт. Кээси акылман кеңешчинин кеп-келеңин эшкенге кудуретсиз. Кээси кеңештүү кепке келишкени менен, кеңешти кантип керектешти билбейт. Андайлар кеңешти угат да, өзүн өзү ашкан акылмандай көрсөтөт. Ошон үчүн акылмандар бийликтен оолак жашайт, – деген экен Мум. Айырмасы эмнеде Сопулардын притчасы […]

Притча: Адилеттүү падыша

Мыйзамдары өтө катаал, а падышасы абыдан калыс жана чынчыл бир өлкө болуптур. Мыйзамда кылмыштын кайсы бир түрү – эл алдында камчы менен сабаган жазаны колдонуу экен. Бир күнү так ошондой жазага падышанын өз энеси кабылат. Эл ичинде ар кандай уу-дуу кеп учат. Бири айтат: «Падышабыз энесин абыдан урматтачу эле, андыктан өз энесин жазалатууга жол бербейт». Бири айтат: «Падышабыз кара кылды как жарган калыс го, эми да мыйзамга каршы иш кылуусу эч мүмкүн эмес». Мыйзам аткарылчу күн да келет, падышанын энесин […]

Бери кара: Акылдуу падыша жөнүндө притча

Өткөн бир заманда өтө акылман, өтө такыба падыша жашаган экен. Ал өз кара жанын багууга да казынадан бир тыйын албагандыктан – күнүмдүк тирилиги үчүн ыйык китептеги насыяттарды көчүрүп жазып, ошону сатып оокатын кылчу экен. Бир күнү илимпоз кечил падышанын босогосунан аттайт. Падыша тексттен баш көтөрө албай көчүрүп отурган болот. Далайга чейин жазуу менен алек падышаны кечил да эч үндөбөстөн тиктеп отурат. Акыры сөзгө кезек келгенде кечил унчугат: – Улуу урматтуу, сиз көчүрүп отурган тексттен бир ката кетип калды, – дейт […]

Падыша менен көсөм жөнүндө притча

Падыша көсөмгө кайрылып сураган экен: – Өлкөнүн күч-кубатын канткенде өстүрөм? Тиги айтат: – Акылмандардын тажрыйбасына, билимине таян. Көсөм андан аркы кебине кыстырма кылар кезде, падыша шашып чыгып кетет. Кансарайына келип эле өлкө боюнча аттуу-баштуу акылдуунун барын дароо жыйнатат. Баарын сый-урматка марытат. Акылмандар да өлкөнүн күч-кубат алышына шарапаттарын тийгизишет. Бирок чейрек кылымдан кийин эле падыша эсине келсе, өлкөдө элдин саны кескин кыскарып: жалаң эле кары-картаңдар калып, жаш муун калбаптыр. А кары-картаңдарды билесиңер, аларда ал-күч аз эмеспи. Падыша анан баягы көсөмдү таптырып, […]

Тилемчилик: Падыша менен акылман жөнүндө притча

Бир курдай улуу падыша акылманга кезигип калат. Сүйлөшө келгенде, акылмандын кеменгерлигине, такыбалыгына таң берет. – Ыраакым этсеңиз, сизге белек ыроолоюн, – деген падышанын тартуусуна акылман көнбөйт: – Менин азыгым – дарактын мөмөсү; ичээрим – тоонун мөңкүп аккан суусу; дарактын кабыгы – салынып жатар төшөнчүм; а тоодогу үңкүрлөр – шамал, жамгырда калтырбас калканычым. Сенден болобу, башкадан болобу – мага белектин не кереги бар? Падыша жалбарат: — Көңүлүмдү курсант кылып алып коюң белекти. Жүрү, чогуу барып төрүмдө бол, кансарайымды көрүп, сага ыроологон […]

Бийлик жөнүндө притча

Бул шумдуктуу притчаны капысынан таап алдым. Автору – Погудина Татьяна. Кудум биз жашаган бүгүнкү турмуштун өзү. Арийне, Конституциябызда эл – бийликтин башаты го, бирок андай эмес экен. А тарифтер, реформалар, коррупция жөнүндө айткандан тил тешилет, жазгандан калем жешилет. А бул притча байыртан эскирбей келет. Кылымдарды карытып, 600 жылдан ашуун эскирбептир. А биз санариптик технология доорунда жашап атырыбыз. Балапан жумуртканын ичинен чыгарын оозубуздан шилекей чачыраганча талашабыз. Кайсы президент жакшы, кайсы президент жаман болгонун талашканыбызды койбойбуз… Притча болсо минтип башталат: жаштар уу-дуу […]