Падыша менен көсөм жөнүндө притча

Падыша көсөмгө кайрылып сураган экен: – Өлкөнүн күч-кубатын канткенде өстүрөм? Тиги айтат: – Акылмандардын тажрыйбасына, билимине таян. Көсөм андан аркы кебине кыстырма кылар кезде, падыша шашып чыгып кетет. Кансарайына келип эле өлкө боюнча аттуу-баштуу акылдуунун барын дароо жыйнатат. Баарын сый-урматка марытат. Акылмандар да өлкөнүн күч-кубат алышына шарапаттарын тийгизишет. Бирок чейрек кылымдан кийин эле падыша эсине келсе, өлкөдө элдин саны кескин кыскарып: жалаң эле кары-картаңдар калып, жаш муун калбаптыр. А кары-картаңдарды билесиңер, аларда ал-күч аз эмеспи. Падыша анан баягы көсөмдү таптырып, […]

Тилемчилик: Падыша менен акылман жөнүндө притча

Бир курдай улуу падыша акылманга кезигип калат. Сүйлөшө келгенде, акылмандын кеменгерлигине, такыбалыгына таң берет. – Ыраакым этсеңиз, сизге белек ыроолоюн, – деген падышанын тартуусуна акылман көнбөйт: – Менин азыгым – дарактын мөмөсү; ичээрим – тоонун мөңкүп аккан суусу; дарактын кабыгы – салынып жатар төшөнчүм; а тоодогу үңкүрлөр – шамал, жамгырда калтырбас калканычым. Сенден болобу, башкадан болобу – мага белектин не кереги бар? Падыша жалбарат: — Көңүлүмдү курсант кылып алып коюң белекти. Жүрү, чогуу барып төрүмдө бол, кансарайымды көрүп, сага ыроологон […]

Бийлик жөнүндө притча

Бул шумдуктуу притчаны капысынан таап алдым. Автору – Погудина Татьяна. Кудум биз жашаган бүгүнкү турмуштун өзү. Арийне, Конституциябызда эл – бийликтин башаты го, бирок андай эмес экен. А тарифтер, реформалар, коррупция жөнүндө айткандан тил тешилет, жазгандан калем жешилет. А бул притча байыртан эскирбей келет. Кылымдарды карытып, 600 жылдан ашуун эскирбептир. А биз санариптик технология доорунда жашап атырыбыз. Балапан жумуртканын ичинен чыгарын оозубуздан шилекей чачыраганча талашабыз. Кайсы президент жакшы, кайсы президент жаман болгонун талашканыбызды койбойбуз… Притча болсо минтип башталат: жаштар уу-дуу […]

Мурдунан алысты көрбөгөн падыша жөнүндө притча

«Философтор башкармайын мамлекет башынан балээ кетпейт». (Платон) Өз өлкөсүндө тең салмактуулукту орното албаган падыша болуптур. Ачарчылыктан кары-картаңдар менен балдардын кырылганы токтобойт. Карыларды тоюндурса – балдар, балдарды тоюндурса – карылар кырыла берет. Карылар бир кезде бийлик тагына келүүгө өбөк-жөлөк болгон үчүн алардын алдында падыша өзүн карыздармын деп эсептечү экен. Өлкөнүн жерпайын чогуу түптөшкөндөр ошол кары-картаңдар болгон дешет. Ал эми бешиктен бели чыгалек балдарчы, арийне, алар өлкөнүн келечеги го. Балдардын шыбагасын кары-картаңдарга, карылардыкын балдарга ооштурайын дейт, бирок же тигиниси, же мунусу өз […]

Дилазык: Кайнене менен келин жөнүндө притча

Байыркы Кытайда турмушка чыккан кыз күйөөсүнүн үйүндө кайненеси менен чогуу жашачу экен. Бир жолу мындай окуя болот. Бир кыз үйлөнүү тоюнан кийин кайненесинин жемелей бергенине чыдабай, андан кутулууну чечет. Атасынын чөп дары сатып соода кылган досу бар эле. Ага барат да, мындай дейт: — Кайненем менен мындан ары жашай албайм. Ал мени жинди кылат. Жардам бербесеңиз болбойт, мен сизге жакшы төлөп берем. — Мен эмне кыла алам? — Мага уу чөп сатыңыз. Кайненемди ууландырып балээден арылбасам болчудай эмес. Ары ойлоп, […]

Дилазык: Аял менен эркектин жаралышы

ПРИТЧА Кудай аял менен эркекти жаратып, экөөн бир бөлмөгө жайгаштырды. Аял менен эркектин күчү бирдей болгондуктан күрөшкөн сайын жыйынтык барабар менен аяктачу. Бир күнү эркек: “Кудай менен сүйлөшүүм керек. Аял менен күрөшө берип аны жеңе албай чарчадым”, – деп ойлоду. Асманга көтөрүлүп, Кудайдын алдына барды: — Оо Кудай, сенден башка эч ким эркекке жардам бере албайт. Сенин колуңдан баары келет, керек болсо асмандагы жылдыздарды жаркыратып күйгүзө аласың. Суранарым, мага күчүмө күч кошо көр. Кандай болсо да аялды жеңүүм керек. Дайыма […]

Дилазык: Өмүрлүк жар тандоо

ПРИТЧА Жаш жигит өмүрлүк жар тандоодо абдан кыйналат. Биринин келбети, биринин дене түзүлүшү туура келбей, бирөөсү арык, семиз… Бир күнү ага сыйкырчы жолугуп, көйгөйүн чечип берүүнү убада кылды. — Мына сага ширеңке, кайсы кыз болсо да жанына барганда сындырып ийсең, кыз акырындык менен сен каалагандай келбетке айланат, — деди. Достору, туугандары жигиттин бир кыз менен жолугушуп жүргөнүн байкашты. Ал эми кыз күндөн күнгө сулуу болуп чыга келди. Ошентип экөө үйлөнүшөт. Бир жылдан кийин сулуу кыздын келбети начарлап баратканын бардыгы байкашат. […]

Дилазык: Бактылуу бүлө

ПРИТЧА Жаш жигит акылманга келип кеңеш сурады. — Сиздин билимдүүлүгүңүздүн сыры эмнеде? Сиз бактылуусуз. Сизди сыйлагандар көп, өз жашоосун жакшыртууну каалгандар сизге кайрылышат. Мен көп окуйм. Бирок кыйынчылыктар жармаша берет. Жооп берээрден мурун акылман бир жылмайып, аялын чакырды: — Сүйүктүүм, конок келди, таттуулардан жасаганга камыр көптүрүп койчу. Аялы ашканга бет алды. Бир аздан кийин бөлмөгө келип: -Сүйүктүүм, камыр даяр, — деди. Анда акылман: — Эми камырга бал, жаңгак жана кургатылган жемиштерден кош. Аялы: — Үйлөнүү тоюбузда жасайбыз деген азыктарданбы? — […]

Дилазык: Уурдалган махабат

ПРИТЧА Кечилден сурашты: — Сиз үй-бүлө жана сүйүү тууралуу көп нерселерди айтып келесиз. Эркек-аял никеде же эркин сүйүүдө жашаганында кандай айырма бар? Кечил мындай деп жооп берди: — Нике – бул Кудай тараптан адамдар ортосундагы сүйүүнүн көбөйүшү үчүн жаралат. Бирок тилекке каршы, адамдар муну кыянаттык менен пайдаланышат. Мисалы, сиздин унааңыз бар дейли. Ал сизге кубаныч жана ыракат тартуулайт. Эгер аны уурдап алсаңыз, уурдаганыңыз үчүн жазасын тартасыз. Никеден тышкаркы сүйүү да уурдалган болуп саналат. Байлык  Илгери-илгери бир адам болгон экен. Анын […]

Дилазык: Жамгыр менен күн

ПРИТЧА Бир аялдын эки уулу болуптур. Улуусу кол чатыр сатса, кичүүсү кездемелерди боёкко салчу экен. Эгер күн чайыттай ачык болсо кол чатыр сатып алган кардарлар жок үчүн улуу уулунун иши токтоп калчу дешет. Эгер жамгыр жааса кичүү уулунун кездемелери кургабай турган болот. Ал эми энесинин жашоосу кайгылуу жана үмүтсүз эле. Бир күнү ал акылман адамды жолуктуруп, акыл насаат алды. Ошондон кийин ал аял күн жааса улуу уулунун,  күн ачылса кичүү уулунун жүрүп жаткан ишине кубана баштады. Жашоодо жакшы нерселерге көңүл […]

Дилазык: Ачуу пияз

ПРИТЧА Балдарым менен бирге болууга менде дайыма убакыт болгон жок. Жумуш, карьера, өздүк жашоо. Бирок менин балдарым шоколаддан тартып компьютерге чейин эч нерседен кем болушпады. Балдарымдын кемчиликтерине көз жумуп койгондуктан алар менин мээримим жетишпей жатканын кечирип коюшчу. Ошентип таттуу балалык бат эле өтүп, балдардын татаал өспүрүм курагы келди. Бирин-бири күнөөлөмөй күчөдү. Мен ушунчалык жаман ачылыш жасаптырмын: балдарым мээримсиз чоңоюшту. Алардын чоңоюп жатканын эске албаганым аз келгенсип, жакшы менен жаманды ажыратууну да үйрөтпөптүрмүн. Бир күнү кезектеги пикир келишпестиктен улам ашканада пияз […]

Дилазык: Мага сүйүү тартуулачы, апаке!

ПРИТЧА Бүгүн алар чогуу даярданып жатышты. Бул алардын күнү болчу. Жоопкерчиликтүү жана таң калыштуу күн эле. Кереметке айланган күн эле. Дал ошолор үчүн бүгүн Дүйнөнүн Күзгүсү ачык болчу. Акылдуусу жана акылсызы, жашы да, карысы, жакшысы менен жаманы, бардыгы алардын көзүн ачты. Бир гана бүгүн, алар өздөрүнө ата-эне табуусу керек. — Мөөнөт бүттү, силердин чечимиңерди угууга даярмын, сен биринчи, Лучик, — деген периштенин үнү чыкты. — О, мен тээтиги жаш жубайларды тандайм. Алар бири-бирин абдан сүйүшөт. Мени да ошончолук жакшы көрүү […]

Дилазык: Үй-бүлө бактысы

ПРИТЧА Менин үй-бүлөмө арналат. Эне деген эмне? Бул күндүн биринчи нуру, биринчи дем алууң, биринчи кармаган адамың, биринчи уккан сөзүң, биринчи көз карашың, биринчи жылмаюуң. Эне – бул колдору менен дүйнөнү тааныткан адамың. Ата деген эмне? Ата – бул биринчи устатың, биринчи бел курчооң, биринчи сабагың, чын дилден биринчи сүйлөшүүң, биринчи коргооң, биринчи аскаң жана таянычың. Ата – бул биринчи чебиң. Ага-ини деген эмне? Агаң – биринчи жардамчың, оюндагы биринчи өнөктөшүң, биринчи сынчы, биринчи дос. Ага – экинчи канатың. Эже […]

Дилазык: Аталар эмне тууралуу унутат

ПРИТЧА Уулум, мени ук, мен сени менен сен уктап калганда сүйлөшөм. Сен кичинекей колдоруңду жазданып, чекеңден тер жалтырап, чачтарың нымдалышып уктап жатканда бөлмөңө акырын баш бактым. Азыр эле бир нече мүнөт мурун китепканада кагаздарды окуп отуруп, капысынан өкүнүч пайда болду. Азыр жаныңда отуруп сенин алдыңда өзүмдүн күнөөмдү сезип жатам. Уулум, бугүн сага ачууланганым тууралуу ойлонуп жатам. Мектепке жөнөр алдында бет жуубастан жөн гана сүлгүгө аарчынып жатканың үчүн катуу уруштум. Бут кийимиңди тазалабай койгонуң үчүн сөгүп да салдым. Полго бир нерсени […]