Бексултан Жакиев: Гомер xx кылымдын Саякбайы боло алабы?

Кыргыз эли өзүнүн жашоо тагдырында Александр Македонскийдин, хунндардын, араб, татар-монголдордун жортуулдары сыяктуу тарыхый зор окуяларды да, сандаган майда кагылыштарды да башынан тынымсыз кечирди. Өзү менен өзү чабышып, бытырап да, бириккен да учурлары болду. Бизге жеткен азыноолак маалыматтарга караганда кыргыздар мурдагы эранын экинчи кылымынан баштап, Ыраакы Чыгыш менен Энесайдан тарта Алтай, Тянь-Шань, Памир, Урал тоолоруна чейинки ой-кырларда өөдө-төмөн оошуп жүрүп, акыры азыркы Кыргызстанды жердеп калган. Батыш менен Чыгышты, элдер менен элдерди, тилдер менен тилдерди, диндер менен диндерди бир жарым миң жыл […]

Олжобай Шакир: Кыргыздар мени сотко берсин

Кыргызга сырткы душмандын кереги жок. Эзелтен кыргызды кыргыз ичинен иритип, ичинен чиритип келсе, азыркы кыргыздар элин маңкурт кылып жатат. Болгондо да билим булагы аркылуу. Оболу, китепти билим булагы деп эсептеп келсек, дал ошол булак башында отургандар кимдер дээрсиз?.. Аларбы – алар: доктор, академик наамына марыгандар! Болгондо да Кыргыз Республикасынын президентинин карамагындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда отургандар; КР Билим берүү жана илим министрлиги; Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту; Кыргыз билим берүү академиясы жана китеп өндүрүшү менен […]

Нуралы Капаров: Салижаным жетпей турат…

Жыйындарда трибунага тура калып, бакылдап радиодон, экрандан, китептин барагынан, гезиттин оромунан чыга калып, кызылдай отко айланып, кыпкызыл чокко айланып, тоң моюн кыргызымды көргөнүндө топону тоско айланып, жакшыны жалындатып, жаманды тороймун деп кыйшайган кыргызымды кыйшайтпай оңоймун деп, бакырып барга айланып, баш чайкап жокко айланып, өмүрүн өз элине сайып коюп, өзү үчүн өмүр сааты бошко айланып, өңгөгө бапыраңдап, өзүнө сараң эле, кыргыздын бактысына жаралган бир кыйышпас агам эле. Өчөйгөн кыргыз көрсө өрттөнүп, күйүп дагы, муңканып муңун айтып, муштумун түйүп дагы, үлпүлдөп жаткандардын […]

Олжобай Шакир: Байларды кээде жаман көрөбүз, кээде жакшы көрөбүз…

Өмүрүмдө «чү» деп баштаган ишти «тү» деп таштаган учурларым көп эле болду. Көп эле нерседен көңүл кайтты, көңүл сууду, бирок мен көңүл кайтпай турган ыракаттуу эрмек таап алгамын өзүмө. Аным рухий ыракаттуу, эш туткан эрмек – «РухЭш». Ал менин өз жан-тенимден жаралган медеримдей болуп калды бүгүн. Ооба, асыраган балаңды медер туткандай эле, мээнетиң корогон иш медериң эмей эмине. Мурда жарым-жартылап бүтө турган болуп калган аңгеме, повесттеримди медер тутуп келсем, азыр аларга өгөй атадай мамиле кылып келаткандай сезем өзүмдү. Албетте, алар […]

Ишен Жакыпбеков: Бильярд боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын столдорун кыргызга ишенип тапшырышты

Улуттук сыймыгыбызды жаратар инсандар арабызда эле жүрү. Тек биз аларды даңазалай албайт экенбиз, өз убагында кадырбап барктай албайт экенбиз. Демейде элдин үрөй-үшүн алган кабарларды куштай сызып учурган журналисттерибиз, жакшы кабарды жамы журтка жайылтууга келгенде ташбакадай кыбыр экенин ушул мерте да көрдүк. Жалгыз гана “Азаттыктын” кабарчылары учкай маалымдаганы болбосо, жакында Россияда болуп өткөн Ишен Жакыпбековдун жаратмандык ийгилиги тууралуу тележурналистикадагы кесиптештерибизге, болгондо да жетекчилерине чейин кулак кагыш кылдык, бирок бири да ордунан былк этип койбогону таңгалтырат. Сөзүбүз куру болбосун үчүн биз аларга […]

Кыргыз тилдин душманы кыргыз

Айына бир жолудан “РухЭш” сайты жана “Сармерден” ресторанынын өнөктөштүгү менен уюштурулган маңдай-тескей баарлашуубуздун бүгүнкү меймандары: белгилүү теледиктор Айнура Кабатай кызы, адабиятчы Гүлзада Станалиева, манасчы Рысбай Исаков менен болгон сөз маданияты жөнүндө сөз кылдык… Олжобай Шакир: Сөз учугун кыздарга узатайын десем, бу жерде жөн манасчы эмес, жаттама да манасчы эмес, төкмө манасчыбыз отургандыктан – сөздү ушул үкам баштап берсе дейм… Рысбай Исаков: Эми сөз жөнүндө, тил жөнүндө кеп козгой турган болсок, “Манас” сыяктуу эле аркырап, түгөнбөй турган нерсеге кезигебиз. Өзгөчө көйгөйлөр […]

Ата-энелерге кулак кагыш: Балдарга Жаңы жылга белек — Акылдуу китеп

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомлук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте жаңы жылдын алдында  «Балдарга Жаңы жылга белек — Акылдуу КИТЕП» акциясын баштайт. Иш-чаранын максаты – коомчулуктун көңүлүн окуу маданиятын алга жылдырууга буруу, балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн  калыптандырууда китептин баалуулугун  көрсөтүү. Иш чара  жаңы жылга чейин республиканын бардык аймактарында өтөт. Аталган акцияны  5-декабрь күнү КР Жогорку Кенешинин депутаты Аида Касымалиева  Ош шаарындагы  №37 «Байчечекей» балдар бакчасында  жана ушул эле күнү №17 мектеп гимназиясында балдарга китеп окуп берүү […]

Бейшебай Усубалиев: Өрт (шедевр)

АҢГЕМЕ Ташматтын алты бөлмөлүү заңгыраган үйү жалбырттап күйүп жатты. Ташмат, өрт жаңы башталганда, эч кимге билгизбей өзүм эле өчүрүп салайый деп ойлогон. Ал ичинен улам-улам кайталап жатты: «Эч ким көрбөсө экен…» Бирок өрт деген өрт да — улам барган сайын алоолоп күчөй берди. Өрт күчөй берди, жалындап күчөй берди, алоолоп күчөй берди. Ташматтын элдин баары суктанган үйү өрттөнүн жатты. Ал өзүн эми өрттүн алдында алсыз сезе баштады. Жан айласы кетип, ары-бери чуркап: — Итирейген энеңди урайын, сен ушуну кылмаксың, көзүңө […]

Бахтияр Шаматов: Бизде улуттук аң-сезим алигиче артта (3-маек)

– Бул жерден сиз менен талаша турган кайчы пикирим бар, байке!   — Албетте, тактык талаштан жаралат эмеспи, менин айткандарымдын кайсынысына макул эмессиң, айта бер, кулак сенде, Олжоке.. — Орус тили деп атпайсызбы, мен буга каршы деле эмесмин, анын таасирин танбайм, бирок азыркы заманда биздин балдарыбыз орус тилин гана эмес, дүйнөлүк башка тилдерди деле үйрөнүп, дүйнөлүк прогресске интеграцияланышы керек деп эсептейм. Ошондуктан бир эле орус тилине байланганыбыз туура эмес ко, кандай дейсиз? — Бул кебиңде жан бар, муну мен талаша […]

Олжобай Шакир: Кыргыз бийлигиндегилердин саясый диапазону

«Биздеги саясый күрөштөрдүн логикасы улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын беттебейт». Алым Токтомушев Барабан же сурнайды адам баласы эмне үчүн атамзамандан бери колдонуп келет? Бул эки аспаптын тең ичи көңдөй, ичине кебез тыгып сал, сурнайдан да, барабандан да үн чыкпайт. Анын сыңары – биздеги аткаминерлер. Алар да эмнеге кызматка жеткенден кийин эле көңдөйчөсүнө кебез тыгылган музыкалык аспаптай үн чыгарбас, чындыкты оозанбас болуп тынышат? Жер каймактаган замандан бери барабан, сурнай аспаптарынын үнү жаңырганда адам каны дүргүп, мээнин иштөө жөндөмү начарлап, эмоциялык сезимдер гана башкарып, […]

Унсуралмаали Кайкавус: Кабуснаме (Акылмандыктын кенчи)

(Толук ысымы Унсуралмаали Кайкавус ибн Искандар ибн Кабус ибн Вушмир ибн Зияр) Миң жылдан ашуун убакыт мурда жазылган жана түркүн тилдерде жүздөгөн жолу басылып чыккан бул китеп бүгүн да өтө баалуу. «Кабуснаме» мазмуну боюнча философиялык-дидактикалык жана турмуштук-социалдык чыгарма. «Аалым болуу жеңил, Адам болуу кыйын», деп айтылат «Кабуснамеде». Билим, эмгек, сабырдуулук, адептүүлүк жана жеке кызыкчылык-сабатсыздыкка, жеңил ойлуулукка, адепсиздикке жана жашоонун түркүн азгырыктарына каршы коюлат. Жакшы менен жамандын ортосундагы түбөлүктүү күрөш бүгүн дагы уланууда. Кайкавустун осуятын Амирбек Азам уулу (Усманов) өтө чеберчилик […]

Гүлзада Станалиева: «Ак кемеге» Франкфурт мектеби аркылуу саресеп

«Ак кеме» повести – салттуу баалуулуктардын, тээ атамзамандан бери түптөлүп келген элдик философиянын тамыры небак үзүлгөн, татаал тарыхый кырдаал-шартка дуушар болгон ХХ кылымдагы «кичинекей адамдын» жан дүйнө чаңырыгы. Ч.Айтматовдун чыгармачылык эволюциясында ХХ кылымдагы жалпы адамзаттык көйгөйлөрдүн түйүнүн көркөм-философиялык иликтөөгө багыт алуу дал ушул «Ак кеме» повестинен башталат десек болот. Себеби, бул повестте коюлган проблема, көркөм-философиялык чечмелөөгө алынган ХХ кылымдын нравалык-этикалык катастрофасы, руханий дүйнө кептелген кризистик оор абал жазуучунун кийинки чыгармаларында улам тереңдетилип улантылып олтурат. Алсак, жазуучу «Кылым карытар бир күн», […]

Абдыкерим Муратов: Бүгүнкү аңгемелер жөнүндө адабий сын

Соңку жыйырма-жыйырма беш жылда кыргыз адабиятында өзүнүн китебин өзү чыгарган авторлордун гана жазгандары анча-мынча окурмандарга жеткени болбосо дээрлик жазуучуларга мамлекеттик камкордук көрүлбөй, кимдин эмне болуп жатканы менен эч кимдин иши болбой калган. Анан эле акыркы бир аз жыл кээ бир жазып жүргөндөр демөөрчүлөрдүн эсебинен, же туугандарынан насыя алып бирин-серин китептерин чыгара баштады. Бул китептердин көбүнө кирген аңгемелер да советтик доордо жазылгандар, көптөн бери сандыкта сакталып келгендер, демек аларды азыркы адабият катары кароого да толук мүмкүн эмес. Ошондой авторлордун кээ бирлеринин […]