Тереза эне: Дүйнөгө бир жакшылык кылам десең, үйүңө бар да, өз бүлөңдү сүй

1979-жылкы Нобель сыйлыгынын лауреаты. Анын сүйүү тууралуу акыл-насааттары алдыңызда. Үй бүлө куруу үчүн сүйүү керек,  аны сактоо үчүн чыдамдуулукту жана кечиримдүүлүктү үйрөнүү зарыл. ♦ ♦ ♦ Жашооңо ким келип кетсе да бактылуу болууга аракет жаса, өсүп-өн. ♦ ♦ ♦ Эң негизги дары – назик сүйүү жана камкордук. ♦ ♦ ♦ Сүй, сүйүү сен үчүн дем алгандай эле табийгый көрүнүш. Эч нерсе талап кылба. Эч нерсе күтпө. Эгерде келсе, ыраазы бол. Келбесе да, жол карап күтпө. ♦ ♦ ♦ Сен тууралуу […]

Дүйнөгө белгилүү инвестор Уоррен Баффеттен байлыгыңды көбөйтүүгө аралжы алты кеңеш

Биринчи эреже: акчаны эч качан жогото турган ишке салбагыла. Экинчи эреже: биринчи эрежени эч качан унутпагыла. Эгерде кереги жок буюм сатып алсаңар, жакын арада өзүңөргө керектүү буюмдарды сата баштайсыңар. Тобокелчилик – кылып жаткан ишиңерди жакшы билбегендиктен келип чыгат. Башкалар сараңданган жерден корк, башкалар коркуп жаткан жерде сараң бол. Өзгөчө жыйынтык алам десең, акчаңды өзгөчө иштерге салба. Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Өз өмүрүн сактап калуудан үч жолу баш тарткан Януш Корчак

«БАРДЫК АДАМ МЫКААЧЫ ЭМЕС!» – муну чыккынчы адамга айтып,  газдалган камерага балдар менен бирге кирген ЯНУШ КОРЧАК. Ал польшалык педагог,  жазуучу жана врач. Өз өмүрүн үч жолу сактап калуудан баш тарткан.  Биринчи жолу,  Польшаны оккупациялоо алдында «Жетимдер үйүн» согуш жана чыккынчылардын талаасына таштоодон, экинчи жолу, варшавалык геттодон качуудан баш тарткан.  Үчүнчү жолу, бардык «Балдар үйүндөгүлөр» лагерге жөнөтүлүү үчүн  поездге түшүп жатышканда, Корчактан ССтин офицери – чыккынчы сурайт: — «Король Матиушаны» сиз жазгансызбы? Мен бул китепти бала чагымда окуганмын.  Жакшы китеп.  […]

Дилазык: О Кудай, мени телевизор кылып койчу!

Баштапкы класстагы балдарды окуткан мугалим, окуучуларына: — Кудай бир кыялыңарды аткарам десе, эмнени суранат элеңер? – деген темада дилбаян жаздырды. Кечинде үйүнө келип, окуучуларынын иштерин текшерип жатып, бир дилбаянга көзү түштү. Ал аны окуп алып, ыйлап жатканда сырттан күйөөсү кирди. — Эмне болуп кетти? – деп сурады ал аялынан. — Ме, оку! – деп ага бир баланын дилбаянын сунду аялы. “О Кудай, мен сага өзгөчө бир өтүнүч менен кайрылам: мени телевизорго айлантып салчы! Мен биздин телевизордун жашоосуна суктанам. Ал биздин […]

Адем Гунеш: Өспүрүм курактагы балага урмат көрсөтө билиңиз!

“Балдарды башка коркунучтардан коргогон кеп эмес. Анык коркунуч – өз ата-энелери. Алар өз балдары үчүн жеткен жадаткыр экенин түшүнүшпөйт!” Жорж Бернард ШОУ Ата- энелер баарыбыз, балабыз жашоодо, турмушунда  билимдүү,  ийгиликтүү болушун каалайбыз.  Бирок,  өзүнө ишенген адам болуусу,  жашоодо ийгиликтерди багынтышы үчүн  балабыздын  «кишилиги» калыптануусуна кандай шарт түзө алдык деп ойлойбузбу? Кээ бир  адамдар  байлыгы-кызматы болгон менен айланасындагы адамдарга баркы жок. Анткени, адамга барк алып келген нерсе «ал ээ болгон нерселер эмес, «кишилиги». Кишиликтин калыптанышы үчүн бала кезден өспүрүм  курактан балага […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын насили – Дээр, наркы – Зээн

Эне тилибизде адамдын ар кандай менталдык-психологиялык, инсандык-адептик сапаттарын сыпаттаган «дээр», «зээн», «эп», «оп», «татым», «табит», «нарк», «насил» сыяктуу түшүнүктөр кездешет. Алар синоним сөздөр катары колдонулган менен ички табияты, түпкү мааниси бири-биринен кыйла айырмалуу, ошол эле учурда бири-бирин толуктап турган түгөйлөш түшүнүктөр болуп саналат. Бул бир жагынан адамдын айрым мүнөз-сапаттары табияттан тамырлап, кан менен кошо бериле тургандыгын билдирсе («Карындагы баланын кан болорун ким билет»), айрымдары тышкы таасирлердин аркасында акырындап калыптанып, жетиле тургандыгын сыпаттайт («Сүт менен кирген, сөөк менен чыгат»). Булар элибиздин […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын батасы – «Өмүрлүү бол», каргышы – «Тукумуң соол»

Бата: Курандын биринчи сүрөөсүнүн («фатиха – бет ачар») аты. Бул сүрөөдө ислам дининин негизги талаптары терең камтылгандыктан, аны «Уммул Куран – Курандын энеси – негизи» деп аташат. Алкыш, тилек. Элибиздин байыркы түшүнүгүндө бата – адамдын жаралышына себеп болгон касиеттүү сөз («Бала батадан бүтөт»). Анда жаратылыштын жашоосу менен адамдын турмушу тамырлаш, реалдуулук менен ирреалдуулук өзөктөш туюнтулат («Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көбөйөт»). Бата адам өмүрүн төрөлгөндөн тартып көзү өткөнгө чейин коштойт. Турмуштагы ар бир орчундуу, олуттуу иштин башы да, […]

Роза Отунбаева: Өлкө тагдырын бүгүнкү балдарыбызга калтырып кетебиз

  2030-жылга карата өнүгүүнүн глобалдуу күн тартиби БУУга мүчө болгон өлкөлөрдүн алдында туруктуу өнүгүүнүн 17 максатын коёт, алардын ичинде бардык чөйрөдөгү жакырчылыкты кыскартуу жана жоюу биринчи максат болуп саналат. Өткөн жыйырма жыл ичинде Кытайда кажыбаган эмгек менен жаратман ири программалардын натыйжасында жакырчылыктын кучагынан 600 миллиондон ашуун адамды сууруп чыга алышты. Партия менен өкмөт 2030-жылга чейин калган 70 миллион адамдагы жакырчылыкты жоюуну милдет катары коюуда. Дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн бири  — Бангладештин жакырчылыкка каршы талыкпай жүргүзүп жаткан күрөшү таң калтырат. Акыркы жыйырма, отуз […]

Өз убагында жебесең зыян алып келүүчү азыктар

Көпчүлүк учурларда зыяндуу азык-заттарды жебесек да, тамактангандан кийин өзүбүздү жаман сезебез. Тескерисинче, баары пайдалуу деген: алма, банан же бир чөйчөк быштактан эмне үчүн ооруп калышыбыз ыктымал? Аныгында, ар бир азык-заттын жей турган убактысы болот, эмнени качан, канча жегенди билсең баардыгы жайынча болот. Быштак Быштакты жатаарда жеген оң, ал жеген тамагыңыздын сиңишин жакшыртат. Эртең менен аны жебей койгон оң. Эгерде суук тийип бат-бат оорусаңыз – ички органдардагы илээшчек былжырды көбөйтөт, андыктан иммунитеттин начарлашына алып келет. Анткени жабышчаак суюктук азык-заттардын сиңимдүүлүгү азаят. […]

Людмила Молдалиева: Я — кыргызка (продолжение)

<<<<< 1 часть Наш путь домой Прочитав мой короткий рассказ о нашем  приезде в Кыргызстан, многие читатели  попросили написать об этом больше, так как моя история показалась им интересной. Я с удовольствием это сделаю, мне самой захотелось об этом рассказать, потому что, спустя шестьдесят лет, оглядываясь назад, я вдруг поняла, что стремление этих маленьких девочек жить на своей Родине, заслуживает  большего внимания.  Поскольку мои родители были люди несвободные в своих действиях, им было необходимо разрешение соответствующих органов и только получив […]

Депрессияга кабылгың келбесе жаңгак же

Жаңгак кишинин депрессия болуу ыктымалдыгын азайтат. Байыркы кишилер үчүн ит сырдана дос катары болгон. Cууну зыяндуу бактериядан тазалоонун жаңы жолу. Дүйнөдөгү бардык атомдук реакторлорду көзөмөлдөчү детектор курулат. Жаңгак жегендер арасында депрессияга кабылгандар жаңгак[1] жебегендерге салыштырганда 26% төмөн, ал эми жаңгактын бөлөк түрлөрүн жегендер арасында бул көрсөткүч 8% төмөн болорун Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин окумуштуулары өткөргөн эпидемиологиялык изилдөө көрсөттү. Буга чейинки көптөгөн изилдөөлөр Жер ортолук деңизи диетасын карманган адамдарда депрессия болуу ыктымалдыгы бир кыйла төмөн экенин айгинелеген. Мунун жаңгак жегенге канчалык тиешеси […]

Асылбек Жоодонбеков: Күкүк ата, күкүк энелер – улуттун коркунучу

Кайнимдин сунушу менен бул жолу Жалал-Абаддан Ошко маршрутка менен кете турган болдук. Ал бизди автовокзалга жеткирип, маршрутканын  коопсуз жана ыңгайлуу экендигин баса белгиледи. Чындыгында эле токтоп турган он чакты бусиктин көбү  жаңы моделдеги, мыкты авто-унаалар экен. 120 сомду кассага төлөп, чек кыркып бергендиги да кубандырды. Шофер байке биздин таң калганыбызды, кызыкканыбызды байкап, маршруткасын ийне-жибине чейин мактады. Анысы мактагандай эле бар.  Менин боюмдун узун экенин көрүп: – Кел, кир, үкөм отур, бутуң алдыңкы отургучка тийип калса акчаңды кайра берем, – деп […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын шаары – Үй-бүлө

Үй-бүлөнү, адатта, никеге жана туугандык байланышка негизденип, мүчөлөрү бирге жашоого жана бири-бирине күйүмдүү мамиле жасоого ынтызар коомдук чакан топчо катары билишет. Ал эми элибиз «Үй-бүлө – капкалуу шаар» деп аныктап келген. Мында үй-бүлөнүн жашоо мыйзамы, тирлик турмушу, рухий дөөлөтү ж. б. жактары элестүү чагылып турат. Үй-бүлө турмушун шаар жашоосуна салыштырууда аша чапкандык жок. Шаар – дайын-дареги тарых тереңинде жаткан, турмушу сан түркүн окуяны ичине каткан, татаал инфраструктуралуу, там-тарагы тозгон сайын тургундары жаңырып, жаш-курагы озгон сайын жан-дүйнөсү жашарып турган ырдуу да, […]

Людмила Молдалиева: Я — Кыргызка

Написать об этом меня подтолкнула рубрика «Наши за рубежом» на сайте АКИпресс,  в которой  с большой гордостью печатаются достижения и восхищения наших бывших и настоящих соотечественников  обучающихся и работающих за рубежом. Недавно была опубликована статья молодого врача, уроженца Иссык-Куля, который пишет о том, как он посадил своего педагога за взятки, уехал по российской программе работать врачом в Сибирь и получил там полмиллиона рублей подъемных.  С ним вместе уехали еще девять врачей. Там у них все сложилось прекрасно: высокая зарплата, квартира, […]