Кубанычбек АРКАБАЕВ: Жашоого кайтуу

(Мистикалык аңгеме) Оорукчан жаны өлүмдү көп ойлочу. Адамзаттын бирден-бир бул жандырмаксыз табышмагына эл катары эле акылы жетпегени менен, анын өзүнө жакын калганын сезсе дагы коркчу эмес. Ал өлүмдү тек гана түбөлүккө эч ойгонбостон уктап кетүү гана катары көрүп, артта чала бүткөн иштерим, төлөнбөгөн карыздарым, жетпеген максаттарым жаман сөз калбаса экен деп тилечү дагы, уулу менен кызына келечек түзүп бербей кете берүүдөн санааркачу. Бирок өлүм деген өлүм да. Ал ар бир пенденин бул дүйнөдөгү бүтпөгөн ташпиштерин күтүп жүрбөйт. Ажалы жетип, күнү […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Паспурт

АҢГЕМЕ Аппак аткан таң терезелерди каптаган бубак-муздан араң сызыла өтүп, бөлмө ичин жарыктандырды. Жумшак диванда эки баласы менен калың жууркан жамынып аял уктоодо. Жууркан ортосу кичине дөмпөйө түшүп жерде жайылып жатат. Бир калыпта чыкылдаган саат жебеси туптуура жетини көрсөтө бергенде анын ойготкучу  жан алы калбай чырылдады эле, баягы жууркан ортосундагы дөмпөк жоголо түшүп, этегинен эки бут, баш жагынан эки кол сорок эте чыгып, бир колу саатты кайсалай издеп таап, аны тып өчүрүп жууркан алдына сойлоп кирип, баягы дөмпөк кайра пайда […]

Данияр ИСАНОВ: Сары чемодан

ЭССЕ  Обончу, маркум Калмурат Рыскуловго   Жетпеди деп көксөгөн талабына, Жан досум, кейибегин абалыма. (Турар КОЖОМБЕРДИЕВ)   Анда мен “өлүм”, “жашоо”, “турмуш” деген нерсенин өзүн айра тааный албаган аңкоо бала элем. Энемдин кашында эркелеп, өмүрдүн маңызы эмне экенинен кабары жок кезимде, жетилген курак кучагын жая тосуп алды. Алигүнчө көз алдымда. Ошол жылы алгач ирет жансыз адамдын сөөгүн көрүп, денем үрккөнү эч эстен кетпейт. Сексенден өтүп чоң атам акка моюн суна, а дүйнө жайга сапар алды. Элеттен тыш, калаада көп кабаттуу үйдөн […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Гүл

ЭССЕ Кеч күздө, бойлору мени менен тең ак, көк, кызыл, сары болуп топтолуп өскөн гүлдөрүм бажырайып ачылып алышкан. Жыпар жытын аңкытышып жазда эле ачылышса болбойт беле? Антишпейт. Жыл сайын күз айы аяктап баратканда гана жер-ай-ааламга сулуулугун чачырата тартуулашат. Эми минтип, эрте жааган кар алдында калышты. Таажылары үшүй баштады. Айланчыктап жандарынан чыкпайм. Акыры аларды сууктан сактап калуунун бир жолун таап алдым: этеги жер чийген узун, көйкөлгөн көк плащымды сыртка алып чыгып, топтошкон гүлдөрүмдү чогултуп туруп плащымды “кийгизип”, топчуларын төйнөп койдум. Мурда […]

Данияр ИСАНОВ: Изденүү

ЭССЕ Агезде мен Күн менен кошо туруп, Күн менен кошо жатчумун… Күндүн мурду көрүнөр замат, өзүмдү аманат катары табыштап жатып: – Оо, Улуу Күн! Бүгүнкү күнүм кандай өтөт, өзүңө гана маалым. А мен болсо, ишке жөнөдүм. Кечке чейин мени эсен-соо сактап, Түнгө тапшыр. А Түн экөөбүз эзелтен сырдашпыз. Мени кечиргей экенсиң. Оокат деп жүрүп, сени менен сырдашканга эч убакыт табылбайт. Аман болсок, далай ирет сырдашарбыз!? – деп өзүмдү түндө жаткан деңиз жээгине калтырып коюп, жумушка ашыгам… * * * Анан […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Милийса

АҢГЕМЕ Наркул райондук НКВД ачендигинин милдетин аткара баштагандан бери мындай татаал маселеге кабылып, көп деле түйшөлө элек болучу… Ал шар жүргөн чечкиндүү мүнөзүнө, кат-сабаты жоюлгандыгына жараша иш билгилигин дагы көргөзүп, эң негизгиси — Кеңеш өкмөтүнүн көрсөтмөлөрүн туура, так аткаргандыгынан улам партия аны дагы ушундай жооптуу кызматка койгон эле. Эл душмандарына каршы күрөш курчуп турган ушул мезгилде милийса ачендиги катары ага далайларга кишен салып, ак-карасы айырмаланбаган, бирок күнөөлүү саналган көптөрдү айдап барып катаал мыйзамдын алдына чөгөлөтүп, анын кандуу кылычынын мизине такап […]

Талант тагдыры: Чыңгыз менен Керез

Сөз өнөрүнүн устаты, улуттун сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун байбичеси Керез эжеге бир жолуксам, айтылуу жазуучуга айтылуу кыздардын бири болгон даңазалуу аялзатын өз көзүм менен көрүп жазсам деп дегдеп жүргөм. Мына эми журт атасынын амандыгын тилеп, элинин атын чыгарган сейрек жаралуучу адам экенине ыраазы болуп, акыркы мүнөтүнө чейин жаман айтпай, бешенеге жазганына ынанып, жалкы өмүр сүрүп келаткан бул байбиче мага умай энедей таза, ыйыктай сезилип алдымда отурду… “Чын өмүрдү Чыңгыз менен өткөрдүм, ал сүйүүмдү Чыңгыз дагы жазалбас…” Ушундай тема коюлган эскерүүмдү […]

Талант менен ширелишкен сулуулук

“Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче, сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз” Акын Жолон МАМЫТОВ Маркум Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө сөз болгондо айчырайлуу сахна жылдызынын табигый сулуулугу, сырткы өң-түс келбетине жуурулушкан таланты, ички дүйнөсү баладай таза ишенчээктиги, адамгерчилиги, анан да Акмөөрдүн элесин берген аккуунун тарегдияга жык толгон аялдык тагдыры армандуу айтылат. «Сулуулук дүйнөнү сактайт» деген улуу сөз бар го. Анда сулууну ким сактайт? — деп эскерген эле улуу акын Жолон Мамытов: «Жуурулушса талант менен сулуулук, Сезимдерге уялады жылуулук. Дал ошондон гүлүн ачып тазалык, Байкалбастан бүрүн ачты улуулук. […]

Кубаныч АРКАБАЕВ: Карт жылкычы

АҢГЕМЕ Тоо торгоюнун тили каткандыктан  же жакадагы короз сыяктуу жарчысы болбогондуктан кеч күздүн тунжураган бейкут таңы  тоо башынан кылайып атканда бала кезден берки көнүмүшү менен ойгонуп кетти карт жылкычы. Караңгыда кийимдерин кайсалай таап кийинип, сыртка чыгып баратып: — Тур байбиче, балдарды ойгот, аттарды алып келишсин. Чай кайнатып бер, ичип алып бастырышсын, – деди өзүнүн шарпасынан улам ойгонуп оодарыла берген кемпирине. Мунун баарын аткарарына шеги жок болсо дагы буйрук берип көнгөн адаты менен жана атайылап эле уктап жаткан балдары ойгонсун үчүн […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Гүл-Гүл эжей

АҢГЕМЕ Кыйла жыл мурун. Тээ илгери десем деле болчудай. Чоң апалардын анан мугалим эжейлердин эң сулуусу биздин гана кыштакта жашайт деп жыйынтык чыгаргам… Чоң апалардан — менин чоң апам, жүзүндө калдары бар. Эжейлерден 2-“г” класска сабак берген Гүл-Гүл аттуу эжеке. Ал кыштагыбыздын дал ортосундагы  муздай жалтыраган чатырчасы бар үйдө жашачу. * * * Күз мезгили ортолоп, суук боло баштаган. Ал күнү атам жумушуна кеткен бойдон келбей калды. Түн кирип, уктаар маалыбыз жакындаганда апам мага: – Сен дагы жылуулап кийин, – […]

Ылганган ырлар («Жаш акындар жыйнагынан» 2-бөлүк)

1-бөлүк ушул шилтемеде Улукбек Омокеев — 1988-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында туулган. 2011-жылы Ош мамлекеттик Университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Учурда Ош МУда студенттик “Нур” газетасынын редактору, Журналистика кафедрасында, “Билим” лицейинде мугалим. Ж.Мамытовдун мааракесине арналган сынакта баш байге (2013), “Калемгер” адабий клубу өткөргөн “Бир ырдын сынагы” конкурсунда 3-орундун (2014) жеңүүчүсү деп табылган. “Жаз жыты”, “Кеч күздөгү сулуулар”, «Ата-сүйүү! ыр жыйнактарынын автору, “Жигер” чыгармачыл мектебинин түзүүчүсү, бир нече публицистикалык, көркөм-публицистикалык макалалардын автору. Турат экен көтөрүп Булак жактан сокмо жолдо […]

Ылганган ырлар («Жаш акындар жыйнагынан» 1-бөлүк)

2016-жылы «Бийиктик» басмасы (азыркы аталышы — «Улуу тоолор» басмасы) тарабынан жарыкка чыккан «Жаш акындар жыйнагына» көз жүгүртүп отуруп, адабият астанасын аттаган сүрмөтоп жаш калемгерлердин көркөмдүк талапка жооп берер ырларын тандап, «РухЭш» сайтынын окурмандарынын сынына коюуну эп көрдүк. «Ылганган ырлар» топтомубузга тандалып алынган төмөндөгү авторлорду окурмандарга тааныштырууда — айрымдарынын сүрөтүн табууга мүмкүн болгон жок… Ал эми «Ылганган ырлар» топтомубузга чыгармасы кирбей калган жаш калемгерлер биздин тандообузга капа болбоңуздар… Учур адабиятында сын жанры солгун болуп тургандыгын эске алып, сын жазбасак да, эч […]

«Улуу тоолор» китеп борборунан издегениңди тап!

Урматтуу китеп күйөрмандары, эгер кыргыз тилиндеги кызыктуу адабияттарды таппай жүргөн болсоңуз «Улуу тоолор» басмасынын китеп дүкөнүнө телефон чалыңыздар. Керектүү китептерди 0772 347 028 жана 0705 347 028 номуруна чалып таап алсаңыздар болот!