Ырлар

МИНТИП КАЛДЫҢ НЕЛИКТЕН?

Шариятты сүйлөгөн,
Шарты жок ишти сүйбөгөн.
Дартыңа даба болот деп,
Таптаза сууну үйлөгөн.
Кеңешин угуп келгенсип,
Кеп салып аркы дүйнөдөн.
Тели болгон жылкыдай,
Теспесин ала сүйрөгөн.

Байгамбар, кудай колдо деп,
Бата кылган молдосуң.
Башынан бир жан көрбөптүр,
Байкачы кантип колдосун.
Акча алмакка калп айткан,
Алдамчылык жолдосуң.
Абайладык чынында,
Ансыз жолуң болбосун.

Дооран деп алып өлүктөн,
Доосу бардай көнүккөн.
Битир жыйнап түтүнгө,
Бир калбайсың бөлүктөн.
Садагасы дагы бар,
Сакалдууну жөөлүткөн.
Чыныңды айтчы, молдоке,
Минтип калдың неликтен?
«Чалкан» №1 (211) январь, 1973-жыл.

 

САНАТТАР

Жашында адам октолот,
Жашаган сайын токтолот.
Ырыскысы кем болсо,
Жабыгып жүрүп жок болот.
Картайып өмүр өткөн соң,
Кайран жаштык козголот.
Келсе бир күн сыймыгың,
Кекенген душман дос болот.
Кетсе качып таалайың,
Кеңешчү тууган кас болот.
Бар болбосо колунда,
Маанайы элден бас болот.
Жетеси жок адамдын
Жеринен акыл аз болот.
Өкүнүч кылып өткөргөн,
Өлүмдүн боору таш болот.
Даанышмандын сөзү бар:
«Таттуулуу кантка окшогон
Сыйлашпаган туушкан –
Сырдашпаган жатка окшош».
Абдан жеткен карылык
Айгырдан бычкан атка окшош.
Эч касиетиң болбосо,
Эки сөздүү калпка окшош.
Алганы жаман азамат,
Айыкпаган дартка окшош.
Убада ишке бек жүрсө,
Дос үчүн калган антка окшош.
Колуңда болсо жетиштүү
Белчиликтүү мартка окшош.
Бергиси келсе кудурет
Берекелүү наркка окшош.
Шооласы жок кем акыл
Сокур болгон көзгө окшош.
Атадан жаман туулса
Адашып кеткен көчкө окшош.
Жакшы болчуу азамат,
Жалындай күйгөн өрткө окшош.
Далдайып бекер жүргөндөр,
Талма оорулуу неске окшош.
Эси жоктун көөдөнү
Эски чирик мешке окшош.
Санаасы болсо ар кимде
Сарылыгы жезге окшош.
Көңүл калдык суук сөз
Көкүрөктө берчке окшош.
Ачылып сырдаш болбосоң,
Сакоо менен безге окшош.
Улуктун алды эл үчүн
Жыгач уста тезге[1] окшош.
(Усталар күткөн тезге окшош)
Карылардын айтканы
Калган журтка нук болот.
Катын – эри жакпаса,
Кайнап ичи бук болот.
Келишпесе алганы,
Кем ырыска туш болот.
Бактылуу эркек-ургаачы
Бар келип көңүл куш болот.
Аялдын тили эр үчүн
Ичтен жеген курт болот.
Эрегишип, тирешип,
Эзилип кайдан журт болот.
Көңүлдөрү калышса,
Көкүрөгү муз болот.
Атадан каргыш балага –
Ачыштырар туз болот.
Өмүргө пенде тутулбайт,
Өлүмдөн качып кутулбайт.
Ажал-азап ар кимдин
Алдынан тосуп утурлайт.
Карылыктын жаманы
Алкын бузуп куркулдайт.
Жаш адамдын жаманы
Жалганчы болуп купшуңдайт.
Өткөрө акылы тереңдин
Өлгөнчө пейли бузулбайт.
Жамандыкка баралбайт,
Жакшы адамдар зилинде.
Адал кармап оокат кыл,
Аманат жандын тирүүндө.
Калар бир күн алтын баш
Казылган көрдүн түбүндө.
Жаркырап доор сүрүп өт,
Жаштыгыңдын күнүндө.
Жер кучактап ким калбайт,
Жети күндүн биринде.
Ойлонуп көрчү өлүмдү,
Оозуңа илбе төгүндү.
Узун-кыска бөлүнүп,
Кимде-ким билет өмүрдү.
Жамагым кандай сындоого,
Жалган деп айтпас кебимди.
Жан деген чиркин аманат,
Жаманга бурба пейлиңди.
Тагдыры жетсе кокустан,
Тайдырып кетет эбиңди.
Түнөрүтүп жоготот
Тирүүчүлүк зээриңди.
Өзгөчө душман тутпагын,
Өнүп-өскөн элиңди.
Дүнүйөгө түбөлүк
Ким деген жүрөт жалганга
Бай, падыша болсоң да,
Өтөрүсүң арманда.
Карыган соң адамзат,
Кайра келбейт дарманга.
Кайгысыз адам карыбайт,
Калп айткан адам жарыбайт.
Касиети качарда
Кадырлашың тааныбайт.
Убайымсыз карыбайт,
Ууру кылган жарыбайт.
Ургандын тойсо курсагы,
Урукташын тааныбайт.
Алчыланган кунандан,
Аркасы бийик ат жакшы.
Акыл кошпос туугандан,
Айыл кошчу жат жакшы.
Сертелөөнгөн кунандан,
Сээри[2] бийик ат жакшы.
Сээрлешкен туугандан,
Сен-мен дешкен жат жакшы.
Чынар түптөн козголсо,
Чырпыгың өспөйт тал кайтып.
Чындап ажал бир келсе,
Чыкмагы кыйын жан кайтып.
Тайса дөөлөт колуңдан,
Куруу кыйын мал кайтып.
Бөөдө кайгы адамды
Муңдуу кылат шалдайтып.
Акыл-эстен айрылтат,
Эсел кылат далдайтып.
Алтымыштан ашкан жаш,
Жигит болбойт чал кайтып.
Жарык жүздүү азамат,
Жакшы каккан такадай.
Карыганда ким болсо,
Күбүргөлүү бакадай[3].
Кара көңүл дем кыял,
Тим жүргөнү канадай.
Акыл тапкан бир тууган,
Ага да болсо атадай.
Коймолжун жүргөн азамат,
Коргошун куйган сакадай.
Келиндердин жакшысы,
Кездеменин жибиндей.
Боруму түзүк муңайым,
Булгарынын ийимдей (ийиндей).
Сымырайып жүргөнү,
Сыр-сыпаты билинбей.
Кыз баланын жакшысы,
Көзү тунук айнектей.
Жаңыны кийсе жарашат,
Жашыл моюн өрдөктөй.
Тартип менен жүргөнү,
Таза жууган көйнөктөй.
Жетпей жүрөт нечени
Күкүк менен Зейнептей.
Жаркырап басып жүргөнү,
Жакут менен берметтей.
Азаматтын жакшысы,
Ат башында кашкадай.
Айткан сөзү эң жумшак,
Ак ийлеген тасмадай.
Кайда болсо белгилүү,
Кап алдында тактадай.
Жигиттигин байкасаң,
Жибек менен пахтадай.
Орундуу болсо сөздөрү,
Номур койгон акчадай.
Басырап жүргөн азамат
Майрык буттуу төөгө окшош.
Атка минип жүрсө да,
Ар боруму жөөгө окшош.
Кара борчо түгөнгүр,
Казандагы көөгө окшош.
Ал өңдөгөн азамат,
Айтсаң дагы тил албайт.
Атайы адам өңдөнүп,
Ар жайыңды биле албайт.
Темтеңдеген кургурлар,
Теңи менен жүрө албайт.
Көөдөнүндө жок болсо,
Көргөн күнү не болот.
Баркың болсо бек сүйлө,
Бактың болсо кеп сүйлө.
Жолоочудай койкоңдоп,
Токтолбойсуң ит дүйнө.
Адамзаттын колуна
Кирет экен бүт дүйнө.
Азамат болсоң ак сүйлө,
Акылман болсоң шарт сүйлө.
Даанышман болсоң так сүйлө,
Такалбай сөздү бат сүйлө.
Пайда болсо үйүңдө,
Мактангансып сүйүнбө.
Залал болсо үйүңдө,
Чабылгансып күйүнбө.
Сабыр кылып ойлонсоң,
Залалы болбойт түбүндө.
Сүйгөнгө бала – чыраксың,
Сүйлөшсөң катын – ынаксың.
Келбегисин алганда,
Кесирдүү таалай ырааксың.
Денсоолук болсо жаныңда,
Аткарылат муратың.
Бала деген артыңда,
Кала турган мурасың.
Сөөм менен сайгандай,
Сөздүн айттым ырасын.
Ата-энеге азар берем деп,
Акылыңдан жеңилбе.
Багып жүрүп пайдасын,
Эч көрбөдүм дедирбе.
Издесең акыл табылбайт,
Чекиликке берилбе.
Ургандын бири экен деп,
Ушагы болот элиңде.
Канча айтсам да кебелбейт,
Кан казына тапкандай.
Кызыл тилим мында сен,
Дөшү менен барскандай.
Токтому жок азамат,
Элин жоо чапкандай.
Тил албаса балдарың,
Тим жүргөнү шашкандай.
Адилетсиз улуктар,
Ажисинен ашкандай.
Дүнүйөкор адамдар,
Жеке дөөлөт тапкандай.
Чырмаса саат бир күнү,
Бутунан капкан чапкандай.
Азамат эрге бак консо,
Азуусу курч арстандай.
Акыл деп айткан жакшы сөз,
Ак кагазга жазгандай.
Суктанса чанда жетет ко,
Суу түбүндө кундузга.
Адамдын жетпейт эсеби,
Асмандагы жылдызга.
Айтып жүргөн макал ыр,
Ылайык келген кыргызга.
Кары, жаш дебей ыраазы
Азыркы турган турмушка.
Аргымак элем арыдым,
Азамат элем карыдым.
Ар кайсы иштин жөндөрүн,
Акылга салып тааныдым.
Күлүк элем арыдым,
Күлүстөн элем арыдым.
Көрүнгөн түрлүү иштерди.
Көңүлүм менен тааныдым.
Күч-кубат, дарман кетти деп,
Көңүлдө болуп наалыдым.
Баягы бала кезеңде,
Акун элем мен дагы.
«Баракелде сага!» деп,
Айтып жүргөн эл дагы.
Бар калат экен шол кезде,
Балалык күткөн жел жагы.
Эл чогулуп олтурса,
Ээ, айтуучу элең Амантай.
Адамзаат уулунан,
Акуну чыгат ар кандай.
Айтканы кызык эмеспи.
Асмандан жамгыр жаагандай.
Белендеп турат акылы,
Бээ ийгизип саагандай.
Ойлонуп айткан сөздөрү,
Оозунан шекер тамгандай.
Баркын билсе мындайда,
Орундуу фонар жангандай.
Кызык түрлүү сөздөр бар,
Кымбаттуу элим кыргызда.
Ар ким айтып жүргөндөй,
Артта калсын бир нуска.
Жаттап алган азамат,
Оолуккансып күүлөнсүн.
Окуп алып жазуудан,
Ушу менен үйрөнсүн.

[1] Тез — жыгач усталардын колдоно турган аспаптары деген мааниде.

[2] Сээри – аттын өркөчү.

[3] Күбүргөлүү бакадай – араң жылып жүрө турган бака.

Бул ырдын табылышынын тарыхы бул жерде.