Карасөз

Азгырык ойдун кээри (аңгеме)

Азирет айык (аңгеме-жомок)

Айлакердин амалы (тамсил)

Ак көйнөкчөн Көкө баатыр (аңгеме)

Балмуздак (аңгеме)

Жолго чыкпа, сур коён! (аңгеме)

Жугуштуу дарт (аңгеме)

Ичи бузук илбирс (тамсил)

Күйгүлтүк (аңгеме)

Кыйын күнгө кайыкпа (аңгеме)

Кымыйган мышык (тамсил)

Мүнөздөмө (аңгеме)

Нагыз баатыр ийилбейт (аңгеме)

Оюн кызыганда (аңгеме)

Өмүр кымбат (аңгеме)

Саты (аңгеме)

Тайлак менен Атан төө (аңгеме)

Түшүнүк кат (аңгеме)

Шуру (аңгеме)


Ырлар

САРЫ ЧЫРМООК

Табият билбей жаратып койгонбу?
башка чөптөй
сары чырмоок да ойгонду.
Бийик өскөн чөп, даракты көралбай,
же аларга түшүм, бой жактан жеталбай,
көзү күйүп, бой узартканы козголду.
Турса да борпоң жер,
көңдө дамамат,
өзүн ашкан акылдуу, бөлөктөрдү нөл санап,
башкаларга тээ бийиктен карайт.

Күн, жер, суу, таза аба, көң болбосо,
куурап каларын ойлобой,
көрүнгөнгө  догурунат.
Кылса да күн-түн далалат,
бою өспөй, кете берди, жер бойлоп…

Ал кемчилин башкадан көрүп,
Иши жүргөндү муунтууну болжоду…
Өсөр жолун үйрөтүп,
акылына акыл кошконду
“Мени көралбайт” деп ойлоду.
Ак ниеттүү саламды,
кошоматка кошкону…

Анда арылбас адат бар,
Тура албайт, башкаларга асылбай
өсүмдүк-жашылчага катылбай…
Бирок жеткен жок, баамы
Каксоо жерде тамыр жая албай,
Ошолорго оролуп өсүп атканын.

Оокат-азык берген
жүгөрүгө да көзү түз эмес;
“Кожоюндун сүйгөнү…
Ошон үчүн бийик өскөнү…
Жалаң ушуну көтөрмөлөп,
көргүсү жок өзгөнү.
Ал эмнеге менден озот?
Терек, Гүл, Чынар мойнун неге созот?»
Ушинтип, “неге, эмне үчүн?” — деген соболу менен
Жанындагынын да мээсин чагат.
Сары чырмоок менен бирге жүрүү
өзүнчө эле азап…

 

КАЙЫК

“Жаңы кайыктуу болдук” — дешип
Баары кол чабышты.
Аны айдаганга
Түгөлү менен катышты.

Жарышка чыгып жүздөйү
Орун тийбей урушту.
Билгени да билбегени
кайда бурушту…
калак талашып,
ызылдашып турушту.
Сын тагышты, суроо салып:
— Э-хе-ей, кайык айдоо  жумушпу?..

Бири айдап, күн чыгышка
кийинкиси — күн батышка
үчүнчүсү көздөп, түштүктү
дагы бири болжоп түндүктү…
Кайыктын башына үйдү түйшүктү.

Суунун толо койнунда
Кээси айлантты ордунда.
Эч ким көрбөй туура жол
кайыкка туш болбоду,
суунун сырын билген — акылы мол…

Бирөө да бералбады
туура кеңеш, туура багыт.
Кайыктын башы катып, болуп маң
сууда жүрдү аргасыздан.
Оң –солго ооп, чайпалып
алга жылбай
ордунда турду, айланып,
шамал айдаган жакка калкып.

Кайда сүзөрүн биле албай,
жыгачтары какжырап
ишке жарабай
баратат бирден ажырап.

Чыныгы калакчыга туш болбой
Кайыктын турду башы катып.
Толкун жүрүп капыстан
Аңтарып ие жаздады.

Тамсил кыйытат, муну:
Табылбаса, элибиздин
Түз максаттуу уулу
Тантырактар ишти бузат
Болушуп, түгөнбөгөн сөздүн кулу.

 

МОМУН КОЙ

Ар ким өзү билип, өзү койгондон бери
Койдун көбөйдү
түгөнбөгөн курсактуу ээси.
Баарын багууга урунуп,
эч кимисине жеткире албай,
сүт менен эт, тери, жүндү
айланып бүттү анын мээси…

Бирок алардын бирөөсү
куруп бербейт короо,
камдабайт суу, жем, чөп.
Буйрук айтып, көрсөтмө бергенден башка
какаят да,
билгени чогулуш, буйрук берет,
пайдасы жок.
Киреше, пайда алуу
мүлдө жаныбарды багуу
жагын
Коюшкан койго үйүп.

Өздөрү куру сөздөн башка
иш кылышпайт күйүгүп.
Талаптары — күчтүү
сүйлөгөндөрү сүрдүү.
Алар көрдү
таңдан кечке
айдаган жакка басар,
каяша кылбаган,
тил кайтарбаган,
момун койдун

кара жанды карч уруп, иштээрин.
Анын ордуна
Койчулар чоң жиликти тиштээрин.

Аны башкарган көп,
биякта калып, үй ээси
баш көтөртпөйт
аялы, уул-кызы…
небере-чөбүрөсү,
жадесе
алыскы жээни…
Кала берсе, көчө ойдогу
өтүп бараткандардын кээси..

Ага короочу да чоң,
каалаган жакка айдаган:
жайкысын дайым жайлоого,
күн сууктаса кыштоого,
кечкисин короого.
Анда бир тыным жок,
жанына болор огожо…

Биздин жерде
Баарыле башкаргысы келет.
Элдин тапканын алар
Туш келди чачат, төгөт.
Ойлонбойт, демек.

 

ДОБУЛБАС

Тамсил

Жаагы бир да жабылбас —
“жан“ болду го, добулбас:
“Добушум менин катуу”- деп,
башкаларга керкейет.
Өөдөгө созуп моюнун
өзүн ойлойт таланттуу,
өзгөгө керип көкүрөк.

Бапылдактан башка жок,
калдайып чыгат алдыга,
башкаларга сөз бербей,
бөлөктөн укпайт акыл, кеп.
Оюн  бирөө түшүнбөй,
мээси көңдөй болсо да,
какылдай берет, тынымсыз.
Эртели-кеч билген ойну — даңка, дүңк
дабышы болсо, жагымсыз.
Обону да татымсыз…
Илип алаар ою жок,
тантыктарды укканда
убакыт өтөт, кайрымсыз…

*     *     *

Добулбастай маңыз,
көңдөйлүгү менен иши жок,
болбосо да эч себеп
акылдуу көрүнгүсү келет.
Ыры деле баягы,
үнү деле баягы
кишини тажатат, демек….