Конкурска: Кыргыз болом! (№4)

(тестиер балдар үчүн аңгеме)

Айылга!

Иззат күзүндө беш жашка чыгат. Ал бакыраң көз, каратору, шок бала. Көргөндөрүнүн баарын билүүгө кызыгат. Бишкекте жашайт. Аны чоң атасы, чоң энеси, таята-таенеси, анан албетте ата-энеси – баары жакшы көрүшөт. Ал күнүгө эрте менен балдар бакчасына барат. Аны атасы же апасы алып барат бакчага. Алар ишинен бошой албай калганда чоң энеси, ал сыркоолоп калса чоң атасы коштоп барышат. Иззат аларды минтип убара кылбай, тезирээк эле чоңоюп, мектепке барсам дейт.

Быйылкы жайда ата-энеси жумушунан отпуска алып, Ысык-Көлдөгү таята-таенесине Иззатты ала бармак болушту. Алар Бөкөнбаев шаарчасынын тоосундагы Бугуту айылынан жогору, капчыгайдагы илгери Кеңеш өкмөтүнүн убагында салынган короодо жашашат. Ата-энесинен “Ал - эң кооз жер, карагай, арчалары көп. “Боз салкын” деген сонун кино тартылган жер, сен кичинеңде көп эле жолу баргансың” деп нечен укканы менен, ал жер Иззаттын эсинде жок. Кичине болчу да. Анан ошол айылга аябай баргысы келчү. Ал жер кандай болду экен деп кызыга берчү. Атасы айткандай атка минип, көлгө түшүп, балык кармаса, атаңгөрү, кандай укмуш болор эле! Досторуна мактанмак.

Акыры чыдамсыздык менен күтүп жүргөн күн да келди! Апасы Бахиана эки күн камынып, Азат атасы машинесин жууп-тазалап бүтүп, жүктөрүн салып, жолго чыгышты! Ура-а! Айылга!

Сапар башталды

Атасы машинени айдап, Иззат апасы менен арткы орундукка  отуруп, жолго чыгышты. Алар көп өтпөй шаардан чыга бергенде эле ысык басаңдап, денеси сергий түштү. Сары, кызыл гүлдүү жашыл талаалар, ийри-буйру аккан суулар, топтошкон түркүн бак-дарактар көз кубантат, баарынан да шаардагыдай көп, ызы-чуулуу машинелер, шашылган адамдар жок, тыптынч, ээн экен. Алыстагы көк-жашыл тоолордун үстүндө көпкөк асман, андагы ак кебездей буралышкан апакай булуттар Иззатты кызыктырып, чакырып жатышкандай. Булуттардын кай бири учуп бараткан кушка, дагы бири тоголок, кашык менен сузуп алып, үстү-үстүнө салган балмуздакка, же самындын көбүктөрүнө окшоп кетет. Мунун баары ата-энеси алып берген китептерден көрүп жүргөн кооз сүрөттөрдөй кызык эле. Иззат  айланага кызыга карап, зуулдап бараткан машиненин айнегине жабышып алган.

Танка

- Иззат, карачы, тиги эмне?- деп калды атасы  бир кезде жолдун боюнда көрсөтүп. Иззат ал жакты карап, жолдун четинде турган төрт дөңгөлөктүү, жыгачтан жасалган төрт бурчтук бир нерсени көрө салды. Андайды атасы карандаш менен альбомго көп тартчу, ошону эстей коюп:

- Танка!- деди тапкычтыгына кубанып. Ата-энеси аябай каткырышты. Иззат аларга таң калып калды: “Эмнеге күлүп, шылдыңдап жатышат? Тиги танкага окшоп турбайбы”.

Бир аздан кийин атасы күлкүсүн басып:

- Ал танка эмес, балам, ал деген араба. Жакшылап эстеп алгын, - деди жылмайып,- Аны менен адамдар чөп, отун жана башка жүктөрдү ташыйт, иш кылышат.

Иззат уялып калды, аны мурда көрбөсө атын кайдан билмек эле. Шаарда араба жок да.

Тоолор

Айланага кызыга карап келатып, Иззат тоо арасына кантип кирип келишкенин байкабай да калды. Ал Көлгө бараткан жолдогу Боом капчыгайы болучу. Эки жагынан былчыйта кысып калчудай тоолор  асман тирейт. Канчалык жогору караса да тоонун чокусун көрө албай койду. Баарынан да тоо бетиндеги кулап түшчүдөй калдайган чоң таштарды көргөндө ал коркуп калды. Ушундай тоолордун арасынан ажыдаарлар учуп чыгып, жалгыз көздүү дөөлөр кишилерге кол салганда, алар таштарды кулатып, жаа менен көзгө атып согушуп киришкенин чоң атасы менен чоң энеси китептерден көп окуп берип, же жомок кылып айтып беришчү. Өзү да мындайларды мультфильмдердеги көп көргөн. Ошолорду эстеп кетти. Тим эле ошол ажыдаар, дөөлөр алдыдан, капталдагы тоо арасынан мына-мына чыга калып, кол салчудай элестеп кетти. Эгер чын эле ажыдаар, дөөлөр кол салса кантишет? Атасынын кылычы же жаасы жок болсо... Иззаттын көздөрү алайып, мурдагыдай ойдолобой жоошуп, апасына ыктай унчукпай отуруп калды.

– И, эмне болду Иззат?- деп калды атасы.

– Коркуп жатам,- деди Иззат.

–Апей, эмнеден?- апасы сөзгө аралашты.

– Тиги, тиги тоолордун ичинен ажыдаар, дөөлөр чыга калат да...

–Ха-ха-ха!- атасы дагы каткырды. Апасы да күлүп, Изатты кучактап алды да:

–Коркпо, балам. Алар чыга калышса атаң кылыч менен найзасын алып чыгып, алардын башын кыя-кыя чаап салат,- деди.

– Ики, атамдын кылычы жок, кана, алары?- деди Иззат ишенбей.

– Эмнеге жок? Бар эле. Машинанын артына салып койгомун, мылтыгым да бар, көргөн жок белең?- деди атасы ишенимдүү.

Чын көрүнөт. Жана мылтыкты көргөн. Иззаттын санаасы тына түштү. Ооба, анын атасы күчтүү,  сүрөттөрдөгү баатырларга да окшош.

Ысык-Көл

- Иззат, тигине Ысык-Көл!- деди бир кезде атасы кубанычтуу. Ал ойлонуп келатып, үргүлөп кеткен болчу. Атасынын үнүнөн көзү умачтай ачылып, шашыла караса, тээ жолдун нары жагында чо-оң айнектей нерсе жерде көгөрүп жатыптыр. Үстү түптүз, мелтирейт. Чын эле ал көл болсо, анын үстүндө мультфильм, сүрөттөрдөгүдөй кемелери кана? Алар болсо жок, көрүнбөйт. Атасы аны алдап, дагы күлкү кылганы жатса керек. Ушунча да көп суу болмок беле? Аны ким, кантип ташып келсин. Иззат ишеңкиребей, унчуккан жок.

Көп өтпөй машина жээкке келип токтоп, толкундары шарпылдаган көлгө ата-энесинен кийин колун салып көргөндө гана Иззат анын Ысык-Көл экенине ишенди. Түү-ү, ушунчалык көп суу болот экен ээ, чети көрүнбөйт! Атасы көл чоң, аябай кооз деп чын айтыптыр. Анан ал капысынан эле колун суудан тартып ала коюп, мостоюп, машинени көздөй басты. Аны байкай койгон атасы:

- Ой, Иззат сага эмне болду? Кел, көлгө түшөбүз?- деди жайдары.

- Жок, түшпөйм!- Иззат бурк этти.

- Эмнеге?

Иззат сырын айтсамбы, айтпасамбы дегенсип бир азга үндөбөй турду да, атасынын жооп күтүп жатканын байкап:

- Акулалар келип, колумду тиштеп кетет,- деди аргасыз. Ал, телевизордон көргөн кинолорду, мультфильмдерди эстеп, акуланын тиштери чоң ооздору көзүнө элестеп кеткен.

Атасы бул жолу күлгөн жок. Олуттуу:

-Акулалар биздин көлдө болбойт. Алар мухиттерде-океандарда гана болушат. Көлгө коркпой эле түшө бериш керек,- деди. Иззаттын санаасы тына түштү, анткени ал атасына аябай ишенчү. Кийимдерин чечине салды да, атасынын артынан чуркап барып толкундарды шатырата кечип барып көлгө  кирип кетти. Сыртынан муздак көрүнгөн менен көлдүн ичи аябай жылуу экен. Акулалар да жок.

 “Пароход”

- Иззат, тетигини карачы, ал эмне?- деп калды атасы бир кезде көл үстүнө колун жаңдап. Иззат ал жакты карап, сүрөттөрдөн көргөнүн эстей сала сүйүнүп:

- Урр-ра, параход! Апа, карачы!- деп эки колун асманга сермегилеп кыйкырып, секирип-секирип жиберди.

Ата-энесинин дагы боору эзиле күлүшкөнүн айтпа! Иззат дагы жаңылып калганын билди. Ай, анын шашмалыгы ай, дайыма уят кылат аны. Бирок, тиги пароходго эле окшоп турбайбы. Анда эмнеге шылдыңдап жатышат?

- Ал пароход эмес, балам. Ал деген кайык. Пароход деген чоң болот, ага жүздөгөн кишилер, же ондогон машинелер батып кетет, аны анан көрсөтөмүн, бу, кайык болсо кичине, үч-төрт эле киши батат ага. Кишилер эс алышат, балык кармашат.- Атасы ага шашпай түшүндүрүп жатты. Иззат болсо көл үстүндө кайкып учкан ак чардактарды көрө сала кубанганынан кыйкырып жибере жаздады. Бирок, анткен жок. Дагы жаңылып калсачы? Бирок, ал бул жолу жаңылган эмес эле.

Ботогөз ыйлаак

Көлгө моокуму кана түшүшкөн соң, көгөргөн көл жээгиндеги кара жол менен айылга, андан ары тоо арасындагы таята-таенесине келип жетишти. Иззатка баары кызык. Ошон үчүн көзүнө көрүнгөндүн баарын кызыгып сурай берди. Атасы менен апасы да зерикпей айтып берип, көптөгөн жаңылыктарды таап, билип алды.

Эртеси таң агарары менен сыртка чыккан ал:

- Таята дөө! Үйгө дөө келди!- деп, үйгө шашыла чуркап кирди. Катуу энтигип алыптыр. Көздөрү алаңдайт. Таятасы менен таенеси кымыз ичип отурушкан. Эч нерсеге түшүнбөгөн таятасы ага таң кала карап:

- Эмне дейт, чунак бала? Кайдагы дөө?- деп, ичип жаткан кымызын дасторконго коё сала сыртка тура жөнөдү.

-  Жүрчү, биз да көрөлү ал дөөнү,- деген таенеси Иззатты колунан жетелеп сырткатчыкты.

Көрсө, эшиктин алдына алардын өркөчтүү төөлөрү келип калыптыр. Короосуна баратып, токтоп калышса керек. Арасында көздөрүн бакырайтып апакай ботосу турат. Аларды колун жаңсай көрсөтүп Иззат:

- Таята, таене мына дөө,- деди. Анын сөзүнө таятасы менен таенеси, күнөстөп отурушкан атасы менен апасы, таекеси каткырып күлүп калышты.

- Ой, чунак, бул дөө эмес, төө,- деди таятасы.

- Мен деле дөө деп атпаймынбы. Сактан таекем ошентип айтпадыбы,- деп мурчуйду Иззат.

- Бул деген төө, ал эми дөө деген башка болот.- деп, таятасы төөлөрдү көздөй басты. Коркпойт экен.

Иззат эч түшүнө албады – дөө менен төөнүн кандай айырмасы бар? Экөө окшош эле айтылып жатпайбы. Таятасы жөн эле тамашалап жатса керек.

- Таене, бу дөө тиштейби?- деди көзүн алайтып Иззат. Ал, чайнектин чоргосундай ийри мойну, чоң, тартайган буттары узун, көздөрү тостойгон төөдөн коркуп турган болучу. Аны биринчи жолу көрүп жатышы эле. Шаарда алар жок.

- Жок, балам, ал жакшы балдарды тиштебейт. Сен жакшы баласың да. Менин ботогөзүм эмессиңби. – деп жубатты жанындагы таенеси. – тигине, көрдүңбү, жанындагы ботосун? Көздөрү сеникине окшош бекен?

Иззат түшүнбөй калды: кайсыл ботону айтып жатат, таенеси. Төө менен анын баласы эле турбайбы.

- Таене, кана ал – бото. Мен көрбөй жатам...

- Тигине, энесинин жанында турбайбы, апакай болуп,- деди таенеси күлүп. Иззат дагы эле ал – бото деген немени көргөн жок. Кайда болду экен, ал? Жашынып алып ага көрүнбөй жатса керек...

- Канакей таене? Мен көрө албай жатам?

- А, шаардык чунагым. Төөнүн баласын бото дейт. Тигинде турбайбы, көздөрүн жайнатып. Аты – Ботогөз ыйлаак.

Иззат ошондо гана түшүндү. Тиги кичинекей, көздөрү бакырайып, узун кирпиктери иймейип турган төөнүн баласы турбайбы таенеси бото деп жатканы. Иззатты эмнеге ага окшоштуруп бото дейт? Ал эмнеге ыйлаак? Кызык экен. Түшүнүксүз...

Таятасы төөнүн мойнундагы жибинен алып короону көздөй жетелеп жөнөдү. Эмнегедир тооктун жөжөсүнө окшош апакай баласы энесинин артынан ээрчип жөнөдү. Мойнунда кичинекей коңгуроосу бар экен, ал баскан сайын шыңгыр-шыңгыр этет

- Таене, эмнеге баласынын мойнуна оюнчук тагып койгонсуңар?- Иззат кызыга сурады. Анткени, алар ошондой жалтырак оюнчукту үйүндө, бала бакчадагы жаңы жылдык балатыга тагыша турган.

- Оюнчук эмес, ал – коңгуроо. Жоголуп кетпесин деп байлап койгонбуз. Ал да сага окшоп ойноп кетет да, адашып калат... Анан энеси, өзү да ыйлашат да.

- Алар ыйлашабы?

- Ооба. Кишидей ыйлашат тимеле. Өзгөчө ботосу аябай ыйлайт. Ошон үчүн ботодой боздоп деп коёт кишилер.- деди таенеси. Кызык экен.- Анан ал ботогөзүбүз жоголсо сени сагынып кетпейбизби. Аны сага окшотуп, көргөндө баарыбыз сенден сагынычыбызды таркатып алабыз.

Мунун баары Иззатка кызык эле. Төөнүн ыйлаак баласын эмнеге ага  окшоштурушат? Мойну узун, тартайган төрт буттуу, жүнү бар неме кантип эле ага окшошуп калсын. Изатты эмнеге сагынышат?

Анын төөдөн корккону аз-аздап таркап калды. Ал эми жана өзү чаташтырып алган, таятасы башка деген дөө кандай болду экен? Ал кайда жашайт? Коркунучтуубу же жакшыбы? Бу төөнүн таята-таенесине эмне кереги бар? Аларды эмнеге багышат?

Мал

Түштө тамагын ичип бүтүп, таятасы:

- Малды карап келейин,- деп калды. Иззат аны ээрчип, сыртка кошо чыкты.

- Таята, мал деген эмне? Ал кайда?- деп кызыккан суроосун берди.

- Ээ, чунак, такыр эле шаардык болуп калган турбайсыңбы.- деп күлдү таятасы,- Мал деп жылкы, уй, койлорду айтат. Тээтигинде жайылып жүрүшпөйбү,- деп тоо тарапка колундагы камчысын жаңсады.

Чын эле ал көрсөткөн жакта “малдар” кумурскадай кичине көрүнүп,  тоонун капталында жайнап жүрүшүптүр. Мурда аларды байкабаптыр. Алар алыс жакта эмне кылып жүрүшөт? Жоголуп кетишпейби? Үйгө жакын эле ойношсо болмок да. Кантип алыска жиберип коюшту?.. Иззат аларды таятасынан сурады эле ал дагы каткыра күлүп:

- Алар ойнобой эле, оттоп жүрүшөт. Чөбү жакшы ал жактын,- деди.

- Оттоп? Ал эмне? Эмнени оттошот?..

- Түү, ата, бу балам такыр эле кыргыз болбой калган турбайбы! Мал да ачка болот, анан алар чөп жешет. Ошону оттойт деп коёт. Ушуну да билбейсиңби?..

Иззат уялып калды. Оңой эле нерсени билбей... Бирок анысы эч нерсе эмес эле.

Таятасы эшик алдында байланып турган атты чечип, ага мингенде тебетейчен башы көпкөк асмандагы булутка чейин жетип, тээ бийик тоого окшошуп калды. Иззат кызыгып, таятасындай чоң, бийик болгусу келип:

- Таята, мен да атка түшөм,- деп жиберди. Таятасы эми карс-карс күлдү:

- Ой чунак! Атка түшпөйт. Атка минет. Такыр эле шаардык болуп бүткөн турбайсыңбы, чунагым. Ата-энеңди урушпасам, сени эне тилине үйрөтүшпөгөнү үчүн,- деп атын бастырды. Анан токтоп, кайрыла калып:

- Малды айдап келгенде, кечинде атка сени “түшүрөйүн” макулбу, хи-хи... Бул сөзүңдү киши укпасын, Дөкүнүн небереси атка түшөт деп мени шылдың кылышат. Анда эле экөөбүз тең уят болобуз,- деп кыт-кыт күлүп кетип калды.

Иззат эч түшүнбөдү: эмнеге машинеге түшөт да, атка минет? А машинени минсе болобу? Эмнеге уят? Бу, тоодо кызыктар көп экен...

Мамалак

Кеч кирип калган. Короого киргизилген койлор маарап, уйлар саалып жаткан. Аңгыча эле жер дүпүрөп калды. Караса жүндөрү саксайган, уйдукундай, андан да чоң мүйүздөрү бар көп жаныбарларды короого айдап келген таекеси көрүндү. Андай коркунучтуу, уйга окшош немелерди Иззат мурда көргөн эмес. Же алар мультфильмден, сүрөттөн көргөн аюубу? Алардын эмне экенин билбей, кагаздан атасы жасап берген дилдиректи көтөрүп алып чуркап жүргөн Иззат чочуганынан үйгө карай тызылдап качып жөнөдү. Ал үйгө жакындап калганда:

- Ой, Иззат, сага эмне болду? Каякка?- деген атасынын үнү чыкты. Тамдын жанындагы олтургучта апасы экөө олтурушуптур.

- Папа, мама – аюу! Тигине!- деп, жиберди Иззат күйүгүп. Корккону билинип турду.

- Аа-а, алар аюу эмес, топоз.- деди атасы жылмая жанына жете келген Иззатты ийнинен кучактап, - коркпо, топоздор кишиге тийбейт.

- Топоз? И-ий, папа, карачы, алардын кичинекей музоолору бар экен!- Иззат дагы таң кала кетти.

- Музоо деп уйдун баласын айтат. Ал эми топоздун баласын мамалак дешет, – деп апасы сөзгө аралашты.

- Ики, мамалак деген аюунун баласы - деди Иззат ага ишенбей.

Апасы жылмайып, унчукпай калды. Атасы да эч нерсе деген жок. Алар кантип түшүндүрөрүн билбей жатышкан болучу. Алардын унчукпай калганынан Иззат меники чын окшойт деп ойлоп, өзүнүн сөз тапкычтыгына кубанып калды.

Кыргыз болом!

Иззат атасын папа, апасын мама дечү. Кечинде, баары тамак ичип жатканда таятасы Изаттын атасына:

- Балам, Иззат такыр эле кыргыз болбой баратыптыр. Шаарыңарда ошондой го, тарбиялагыла, - деп калды.

- Ооба,- деди атасы да,- биз да ошентели деп, кыргызча окуткан бакчага бергенбиз, тарбиячыларынын баары эле орусча сүйлөшөт экен...

Иззат өзүн кыргызмын дечү, атасы ошентип айт деген. Анан эмнеге булар аны кыргыз эмес деп жатышат? Ал, чоңдордун түшүнүксүздүгүн жактырбай, ичинен таарынып жатты.

- Жок, балам, кеп баланын кайда барып, кимдер менен жүргөнүндө эмес, үйгө байланыштуу болот. Карачы, келинчегиң экөөң тең өз эне тилиңерде так сүйлөбөйт экенсиңер, орусча сөздөрдү аралаштырып. Силерди көргөн бала да ошентет,- деди таятасы,- мына, папа-мама деп үйрөтүпсүңөр. Эмне, ата-апа деген жаман сөзбү? Илгертен келаткан эле эң сонун сөзүбүз. Бүгүндөн баштап силерди ошентип айтсын. Үйрөткүлө.- деп, Иззатка карады,- чунагым, бүгүндөн баштап ата-апа дегин, макулбу.

- Папа-мама дегеним эле жакшы. Алар азыр карыган жок да.- деген Иззаттын сөзүнө баары бырс күлүштү. Эмнеге күлүшөт, мамасы ошентип айт деген да...

- Ата-апа деген жашка карабайт. Эгер антип айтпасаң кыргыз болбой каласың. Ата-бабалардын сөзүн сыйлаш керек. Жакшы, акылдуу балдар ошентет.- деди таятасы.

- Иззатым-ботогөзүм жакшы бала, ошентип айтасың ээ?- деп, таенеси башынан сылаганда Иззат жок дей албады. Ал, таятасын да, айрыкча таенесин аябай жакшы көрчү. Алардын тилин албай коюп, уятка калтырбаш керек да. Жакшы балдар ошентет дебедиби. Иззат макулдугун билдире башын ийкегилеп:

- Таята, эмне, кыргыздар кыйынбы?- деп дагы баарын жылмайтты.

- Ооба, ата-бабаларыбыз элин-жерин тээ, илгертен бери калмак, кытай деген көп душмандарынан коргоп келген баатыр эл болушкан. Алар болбогондо азыркы кереметтүү, кооз жерибиз болмок эмес. Сен ошолордун тукуму – кыргызсың...

Бул сөздөр Иззатка аябай жагып калды. Анын дайыма баатыр, баарын жеңген күчтүү болгусу келчү.

- Кыргыз болуш үчүн ата-апа десем эле жетеби?- деп ал, таятасынан кызыга сурады.

- Жок, дагы ак калпак кийишиң керек, кыргыздын комузу, боз үйү, “Манасы” бар...

- Калпакты, комузду билем. Манас деген эмне?

Таятасы Иззаттын ата-энесин дагы жактыра бербей карап:

- Карачы, Манас баатырыбызды да билбейт турбайбы, катыгүн!- деп, катуу өкүнүп алды.- Манас деген кыргыз элин бириктирип, душмандардан коргогон баатыр болгон.

Иззат көңүлү чөгө түшкөн таятасын ыраазы кылыш үчүн шашыла:

- Таята, мен мындан кийин дайыма ата-апа дейм, мага калпак, комуз бергиле. Бүгүнтөн баштап кыргыз боломун.- деп жиберди.

Баары күлүп, кубанып калышты:

- Азамат!

- Бали!

- Иззат эми Манастай кыргыздын баатыры болот!- дешип, мактап жатышты.- Анан мектепке барганда сөзсүз тартиптүү болуп, жакшы окуш керек.

«Душман»

Эртеси Иззат үйдүн чатырында, короодо чыркылдап жүргөн чымчыктарды көргөндө, бир окуя эсине кылт эте түштү.

Бу, башы-жону кара, калганы коюу күрөң чымчыктарды балдар “душман” деп коюшчу. Өңү серт, үнү да чарылдап ачуу, жагымсыз. Көптүгүн айтпа! Шаардабы, айыл-талаадабы, бардык жерде жабалактап, топтошуп жүргөнү жүргөн. Дайыма бири-бири менен, же өзгөлөр болсун талашып-тытышып жүрөт. Алар тууралуу чоң энеси “мурда бул чымчыктар жок болушчу, он-он беш жыл мурда Афганистанда согуш чыкканда качып келишкен. Бизге, Баткенге да келишпедиби, сакалчан “душмандар”. Ошон үчүн ал чымчыктарды эл душман дешет” деп айтып берген. Аябай жырткыч экен айтымына караганда. “Душмандарды” айрыкча балдар жек көрүшөт. Көргөн эле жерден таш менен уруп калышат. Баары жаз алды менен күтүп, жакшы көрүшкөн чабалакей, кара чыйырчыктар эмнеге жоголду? Алардын жумурткаларын, чыгарган балапандарын дал ушул “душмандар” жеп алганынан дейт. Алар ушундай таш боор, мыкаачы  дешет.

Иззат ал сөздөрдү чоң энесинен, өзү теңдүү балдардан укканы менен “душмандарды” жаман көрчү эмес. Кантип эле, балдар адатынча апыртып жатышса керек деп койчу, ишенбей. Анткени, алардын жырткычтыгын өз көзү менен көрбөгөн соң, эмнеге жаман көрөт? Анын үстүнө ал башка балдарчылап рогатка атканды, бирөөгө жамандык кылганды жаман көрөт. Алтургай, баары эле жектеп, атып-кубалай берген байкуш чымчыктарга боору ачый турган. Эптеп согуштан качып келишсе, анан бу жерде да кордук көрүшсө, аларды аябай кантет. Бирок, бир күнү...

Иззат короо шыпырып жаткан.

- Ай! Ок, өлүгүңдү гана көрөйүн десе! Алып кетти! А-ай, ташта-а!..- деген чоң энесинин ачуу кыйкырыгынан караса тооккана жактан бир “душман” пыр-р этип учуп чыкты. Алдында агарган бир нерсе салпылдайт. Жакшылап караса, эки күндөй эле мурда жаңы гана жумурткадан чыгып, телчиге баштаган тооктун бир жөжөсүн тырмагына мыкчып алыптыр. Ал байкуш аянычтуу чыйпылдап,  жулунат. Кайдан. Карылуу душман коё бербеди. Алсыз балапанды аяган жок. Учту, кетти!

- Тү-ү, өлүгүңдү көрөйүн жырткыч! Байкуш жөжөнү көтөрүп кетпедиби! Эми жейт, аны!- деп, күйпөлөңдөгөн чоң энеси баласын алдырган тоокко кошулуп, чымчыктын артынан чуркай чыйпылыктап кала берди. Ал экөөнө тең Иззаттын боору ооруп кетти. Анан кантет? “Душмандын” мыкаачы, күтүүсүз бул кылыгын карап тургандан башка колунан эч нерсе келген жок. “Душман” – чын эле жырткыч турбайбы! Аны жек көрүүдөн башка чоң энеси менен тоок-энеге эч жардам бере албады. Мындай кордукка чыдоого болбойт!

Ошол эле жерден Иззат дароо чоң атасына барып окуяны айтып берди да элесепетинин жарык камерасынан рогатка жасатып алып, “душмандардын” артынан түшкөн. Ушул күндөн тартып ал – душман чымчыктарга кинолордогу күчтүү Шварценеггер менен Сталлонедей талкалагыч согушун баштаган болчу.

Ал бу жолу, тоого ошол рогаткасын ала келбегенине катуу өкүндү. Аны жасатканга элесепеттин ыразыңкесин күн бою издеп да, эч жерден таппай койду.

Көпөлөк

-Иззат, кел, көпөлөк кармайбыз!- деп калды Рысбек. Ал, жетиде, биринчи классты бүтүрдү. Таекесинин баласы.

-Эмнеге?- деп таң калды Иззат. Ал, ойкуп-кайкып учкан, кооз көпөлөктөрдү жакшы көрчү.

-Кармап алып, анын канатын бутубузга сүртсөк күлүк болобуз. Анан тушоо тойлордо чуркап, биринчи келип, акча, байге алабыз. Акчасына балмуздактан көп алып жейбиз...

Бул сөздөр Иззатка кызык көрүндү. Көпөлөктүн канатын сүйкөп койсо эле күлүк болуп кетеби? Өзүнүн тушоо тойдо алдыда зуулдап чуркап келатканы, кишилердин чуулдап кол чапкандары, мактагандары, анан көп балмуздак жегени элестеп, шилекейин жутуп алды. Бирок, көпөлөктөрдү аяп кетти. Алар кооз, аарылардай чакпайт. Апасына барып Рысбектин айтканын айтып, мен да барып көпөлөктүн артынан кууп кармайын десе апасы:

-Кой, тийбе. Көпөлөктөр гүлдөн гүлгө конуп, аларды көбөйтөт. Антпесе гүлдөр жок калат, анан сен мага эмнени белек кыласың?- деди,- Көпөлөктүн канатын сүйкөгөндөн күлүк болуп кетпейт.

Апасы калп айтпайт, анан бу тоо-талааларда гүл жок калса кооз болбой калбайбы. Майрамдарда апасына гүлдү кайдан табат?

Рысбектин улам бир көпөлөктүн артынан кууп, чуркап жүргөнүн көрүп Иззат:

-Жок, мен көпөлөк кармабаймын, алар жок калса гүлдөр да жок калат,- деди ордунан жылбастан. Ал, Рысбек да көпөлөктөргө жетпей калса экен деп ичинен тилеп жатты.

Кызык...

Ошентип, Иззат эртеден-кечке чейин ар нерсе менен алпурушуп жүрө берчү. Айрыкча коңгуроолуу Ботокөз экөө дайыма ээрчишип, аябай ынак болуп кетишти. Анын инген деген энеси да аларга жолтоо болбой калды. Топоздун мамалактары да качпай, Изатты жакшы таанып калышты. Ага баары кызык, жаңы эле. Эчкинин улактары менен да таштан ташка секиришип, кубалашып ойношот. Тегеректеги көрүп-билбегендери көп экен.

Бир күнү эле кечке жакын атчан-жөө кишилер үйгө келе башташты. Алардын эмнеге келгенин Иззат кайдан билсин. Сакалчан, калпакчан, жай болсо да калың кийинип алган тумакчан, өтүкчөн  кишилер бакылдашып, тамашалашып үйгө кирип жатышты. Алар таятасы сымал малчылар болчу. Шаардан кыз-күйөө балам келиптир, базарлыгынан ооз тийип койгула деп таятасы аларды мейманга чакырган болчу.

Меймандар кымыз, чайдан ичип, жай сүйлөшүп, бирде каткыра күлүп олтурушту. Иззат кирип-чыгып, өзүнчө алектенип жүргөн. Бир маалда андан төрдөгү сакал-мурутчан киши сурап калды:

- Ой, сен кимдин баласы болосуң?

Өткөндө таятасы ага үйрөтүп койгон эле, кишилер сураса ушинтип айт деп.

-Дөкүнүн,- деди токтолбостон.

Баары дуу эте мактап жиберишти:

-Оо, азамат турбайбы!

-Таятасынын баласы тура!

-Эр тайын тартат деген ушу...

Анан эле төрдөгү жанагыл киши дагы сурап калды:

- Азамат, айтчы балам, чоңойгондо ким болосуң?

-Кыргыз болом! Манас болом!

Дагы баары каткырып калышты.

- Оп-бали!

- Баракелде!

Алар эмнегедир шылдыңдап жатышкандай. Эмнеге? Баягүнү таятам мени ошентип мактабады беле? Эми кайра каткырышат... деги чоң кишилер кызык, өзүлөрү ошентип айтышат, анан кайра туруп шылдыңдашат. Дайыма чын сүйлөп жүргүн дебеди беле чоң атасы.

Иззат аларды жактырбай тултуюп сыртка чыгып кеттти. Баары бир ал кыргыз болот!

Бата

Караңгы кирип калган. Иззат бул жерге келгенден бери ата-энеси менен түнөп жүргөн бөлмөдө таекелеринин балдарына кошулуп алып телевизор көрүп олтурган. Атасы кирип келип:

-Жүрү, таятаң сени чакырып жатат,- деп аны ээрчитип жөнөдү. Жанагы меймандар отурган бөлмөнүн кире беришинен атасы ийнине сүлгү илип, колго суу куясың, чоң кишилерден бата алгын,- деп калды.

-Албайм, кереги жок,- деп кыйыктанды Иззат. Ал батанын эмне экенин билчү эмес. Болбогон бир буюм болсо керек, аны берип коюп дагы шылдыңдашабы деп шекшинди ал. Атасы болбой эле бөлмөгө жетелеп кирди.

- Оо, жанагы азамат балабыз келген турбайбы!

-Кыргыз болот экен, Манас болот экен...

-Жакшы бала экен го...- дешти көпчүлүк.

- Небереме ак батаңарды берип койгула. Бата менен эр көгөрөт дейт, батаңар тийсин,- деди таятасы,- кана, Иззат, аяш аталарыңдын колуна суу куюп жиберчи.

Аяш ата, бата дегени эмнеси? Иззат не кыларын билбей буйдала түштү эле, жанындагы атасы чайнек, табакты кошо кармашып кишилердин колуна сууну чубурта куюшуп кирди.

- Рахмат балам, өмүрлүү бол!..

-Чо-оң жигит бол!

- Кыргыз болот деген ушу!..

- Тилегиңе жет!

- Аз-замат!...- дешип ар бири мактап, ыраазычылыгын билдирип жатышты. Мындай мактоо сөздөрдү күтпөгөн Иззаттын мурдунун үстү тердеп, өзүн чынында эле чоңоюп калгандай, жакшы иш кылганына маашыркап, мактана түштү. Бата деген жакшы турбайбы!

Андан да кызыгы: табак тартылып, эт жеп жатышканда меймандардын улам бири:

- Ой, жанагы суу куйган жигитти чакырып койгулачы! Кел, баатыр! Азамат турбайсыңбы!..- дешип, Иззат келгенде ага колундагы сөөктүү, чоң эттерин-устукандарын берип, мактап жатышты. Ошол кечте балдардын баарынан эң көп устукан алган Иззат болду. Албетте, ага мактанып калды.

Аны байкаган таятасы:

- Мына, балам, элге кызмат кылсаң ушинтип бата да, устукандарды да көп аласың. Кыргыз болуу бата алгандан башталат.- деп койду сырдуу да, сыймыктуу да. Чын эле ошондой экен!

Алкыш

Таенеси экөө сыртта олтурушкан. Алдына жер төшөк салып алып, таенеси жип ийрип жаткан. Аңгыча эле ал:

-Иззат, тур, тура кой, тээтиги энеңе жардамдашып, колундагы баштыгын көтөрүшүп үйүнө жеткизип келе кал,- деп калды.

Төмөнүрөөктө кошуна кемпир келаткан, жогорку үйдө жашайт. Араң басып, чарчап келатыптыр. Иззат көңүлдөнбөй турду эле таенеси:

-Бол эми, сага батасын берет. Кыргыз болом дебедиң беле,- деп шаштырды. Ал чын болчу, Иззат сөзүнө турмакка эле макул болду.

Чуркап жетип, кошуна кемпирдин колунан баштыгын ала койду.

-Ой, азамат, сен Иззатсыңбы?- деп таң калып алды. Качан алар ээрчишип таенесине жетишкенде:

-Ой, Гүкү, сенин неберең чоңоюп, адам болуп калган турбайбы, жүк көтөргөнгө жарап. Белим бекчейип калды эле... Өркөнүң өссүн балам, өмүрлүү бол...- деп, Иззатты көпкө мактап, батасын берди.- Ушундай элпек, кичипейил бол. Улууларды урматтап жүрсөң тилегиңе жетесиң.

Иззат мактоолорго жыргап, таенесине мактана карады. Таенеси да жадырай күлүп, башынан жумшак сылап:

-Көрдүңбү, жардам берген жакшы бекен?- деп, кулагына шыбырап, аябай сүйүнүп жатты.

Эми Иззат мындан кийин абышка-кемпирлерге сөзсүз жардам берип жүрөм деп өзүнө-өзү убада берди.

Балык

Иззат адатынча ойноп жүрдү. Үйдөн он кадамдай жерден ичке суу агып өтчү. Андан нары-бери, таштан-ташка секирип ойногонду Иззат жакшы көрчү. Бүгүн да секирип жүрүп чарчап, шылдырап аккан тунук сууну карап олтуруп, кичинекей, чемичкенин данына окшогон балыкты көрө койду! Ооба, балык! Ал, жону жашыл-күрөң, боору ак-жылтыр, тостойгон тегерек көздүү балык суунун жай аккан жеринде канат-куйругун акырын кыймылдатып, сүзүп жүрдү. Колун сууга салып, Иззат кармап алайын деди эле балык ойт берип, качып кетти. Дагы кармайын дегенде тиги дагы карматпады. Иззат аны кармап алайын деп аябай кызыгып кеткен экен, буттары тизесине чейин суу болуп, көйнөгүнүн жеңи, көкүрөгүнө чейин суу болду. Бир кезде жанынан үн чыкканда караса, атасы туруптур. Ал:

-Ой, Иззат эмне эле болуп жатасың, жанатан бери чакырып жатсам да карабайсың? Эмне кызыкты көрө койдуң?- деп кызыга сурады.

-Балык. Сууда балык бар экен, ата. Сонун, сулуу... аны кармагым келип жатат.

-Балык? Кана,кана?..- деген атасы сууга үңүлүп, Иззат көрсөткөн жактан кенедей балыкты көрө койду,- Ооба. Чын эле балык экен. Кооз. Аны эмне кыласың, кармап алып?..

-Банкага салып, үйгө алып барып багам.

-А-а, ал аябай кичинекей, баласы турбайбы. Шаардан чоңунан, коозунан алып бербейимби. Аквариумга салып койсоң элдин баары кызыгып, көзгө да жакшы көрүнөт...

-Ата, мен ал балыкты жакшылап багып, чоңойтом. Анан көлгө алып барып коё беребиз. Анан мен кинодогу дельфиндей аны менен дос болуп аламын...

-Жакшы, анда ошентели,- деген атасы үйдөн айнек банка таап келип, сууга колун салып туруп кочуштап эле балыкты кармап алды. Бирди гана эмес экөөнү. Бирөө жалгыз эрикпесин деди. Чын эле жалгыз балык эригет да...

Иззат балык салынган банканы телевизордун жанына, үстөлгө коюп койду. Тунук сууда балыктар кооз да, чоңураак да көрүнүп калды. Аларды тиктеп олтурганды жакшы көрөт. Андай балыктар эч кимде жок, анын үстүнө аларды атасы экөө, тоодогу суудан өздөрү кармап алышпадыбы! Аларды шаарга да ала кетип, досторуна көрсөтөт. Мектепке да ала барып, атасы менен кантип кармап алганын, тоодогу кызыктуу күндөрүн айтып берет. Албетте, баары кызыгышат. Быйыл мектепке, нөлүнчү класска барасың деп жатышпайбы ата-энеси. Ал жакшы окуйт, балыктарын да жакшылап багып, аларды чоңойтот...

Ошентип, биринен бири кызык тоодогу күндөр да тез эле өтүп кетти. Кызыктуу болгону үчүн күндөр тез өтөт турбайбы. Иззат өзү үчүн көп жаңылыктарды ачты. Аларды алигичекти Айдар чоң атасы менен Гүлжамал чоң энесине, досторуна айтып түгөтө албай жүрөт. Аны баары тең “кыргызча сүйлөп, кичипейил, тилалчаак жакшы бала болуптур, ак калпагын дайыма киет, мектепте тартиптүү, мыкты окуйт” деп мактап жатышат. Комузчулар кружогуна барып, комуз черткенди да үйрөнө баштады. Иззат болсо эми айылга, тоого жылыга барып турамын, ошондо тез кыргыз боломун деп өзүнө-өзү бекем убада берди. Кыргыз болуу жакшы турбайбы!..

http://www.ruhesh.org/2020/02/14/baldar-adabiyaty-boyuncha-zha-y-konkurs/

Комментарий калтырыңыз