Конкурска: Килем (№5)

(Балдар үчүн аңгеме)

Бир адам базарга барды да, коозунан тандап килем алып кайтты. Ал килем өзүнүн кооздугуна мактанчу эле да. Үйгө келгенче: «Мен эми мындан ары сыз кампада жыйылып жатпай, адамдын сыйлуу конок үйүндө дубалда илинип турам. Элдин баары мага суктантып карашат» деп кыялданып баратты.

Бирок адам аны дубалына илбеди. Бөлмөнүн күндө отуруп жүргөн жерине төшөп койду. Адамдын мунусуна килем абдан нааразы болду. Үйдөгүлөр тебелеп басышып, анын сулуулугу менен түк да жумушу болбоду. Баарынан да тентек балдардын ары-бери чуркап, оонап тепселегени жанына батты.

Бир күнү күн ысыкта адам килемди эшикке алып чыгып, күнгө жайып койду. Ошондон пайдаланып, килем үйдөгүлөргө көрүнбөй кырдын артына качып кетти. Кечинде үйдөгүлөр аны таппай калышты. «Бирөө уурдап кеткен экен» -дешип, аябай кейип калышты. А тиги килем болсо, алардан кутулганына сүйүнүп, ээн-эркин талаада жатты.

Бирок анын кубанычы көпкө созулбады. Түндө талаада түнөп калган уйлар баягы кооз килемди көрүштү да, баары чогулуп килемдин үстүнө келип жатышты. Жөн эле жата берсе жакшы болбойбу. Ары-бери басып тебелешип, ал турмак, кечке көккө тойгон немелер жампалап кирди.

Килем тебелеп-тепселеген уйлардан кутулбасын билип, ичинен күйүп, ызага батып, ыйлап жатып таң атырды.

http://www.ruhesh.org/2020/02/14/baldar-adabiyaty-boyuncha-zha-y-konkurs/

Комментарий калтырыңыз