Конкурска: Каниет кылган – бактылуу (№6)

ЖОМОК

Бир эмгекчил адам арпа, буудай жана жүгөрүнү көп айдады. Күзүндө абдан көп түшүм алды. Кампалары эгинге толду.

Ошол жерде бир ач көз келемиш жашачу. Ал дыйкандын кампасынын түбүнөн ийин касып, күнү-түнү ийнине эгин ташып жатты. Ташыган эгини ийинине батпай, ал тургай, өзү жатарга да орун калбай калды. Анан ийинин улагасынан эптеп орун жасап алды да, өзүн абдан бактылуу сезип, уурдап тапкан байлыгына манчыркап жашап жатты.

Бир күнү коңшу ийиндеги келемишти конокко чакырды.

- Карачы, кошунам, мен быйыл жылдагыдан көп түшүм жыйнадым...- деди мактанып. Кошунасына үстүндөгү жалтыраган кара калтардай болгон тонун да көргөзүп отурду. Коногу болсо алдына койгон жана ийини толо үйүлгөн ар түркүн данга карап, ушунча көптүгүнөн оозу ачылды.

- Оу, сен досум, буларды кантип айдап, кантип өстүрүп, кантип жыйнадың, ыя? - деп таңдана сурады.

- Жөпжөнөкөй эле,- деди тиги бай досу манчыркай отуруп,- Мына бул эле капталымда бир адамдын кампасы бар. Ошол кампанын капталына ийин салдым да, каалашымча ташып алдым... Керекпи, сага да ийин казалы... Анан каалашыңча жыйып аласың... Ха-ха-ха! Ошого да башың жетпейби?!

Бай коңшу келемиштин бул сөзү тиги кошунасына жакпай калды. Бир азга тунжурай калды да, конокко чакырып алып, басынта сүйлөгөн, арам байлыгына манчыркаган бай досун жактырбай карады.

- Жок, - деди анан ыңгайсыздана, - аңыздан жыйнап алган азыгым бар. Жазга чейин жетет...

- Ээх! - деди анда кара тондуу келемиш досу,- Бакыт деген эмне? Бакыт деген - байлык эмеспи. Байлыгың болбосо, сен экөөбүздү бүгүнкү күндө эч ким теңине албайт. Итсиӊби, битсиӊби, эсепке да алышпайт! Ошон үчүн эмитен ойлон, досум.

- Жок,- деди анда тиги коногу,- ар бир жанга байлыктан башка да керектүү нерсе бар да. Ал – каниет деген нерсе. Бакыт – байлык эмес. Бакыт – колуңдагы бар нерсеге каниет кылуу. Каниет кылбасаң – уурдап тапкан момунча байлыгың жазында чирип, көңгө айланат...

Ошентти да, бай кошунасы алдына койгон арам оокаттан ооз тийбестен, туруп кетип калды.

Комментарий калтырыңыз